Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 14:36

1917: Бирөөлөргө – Улуу Феврал ыңкылабы, кай бирлерге – тек гана төңкөрүш


Знаменская аянтындагы жыйын. Петроград. Феврал, 1917-ж.

Мындан жүз жыл мурда 8-мартта (эски жылнаама боюнча 23-февралда) Орусияда падышалык режимди биротоло ойрон кылган залкар ыңкылап окуялары башталган. Бул окуяларды жетектөөгө ал кездеги болшевиктердин түз тиешеси болбогондуктан, алар анын тарыхый маанисин бөксөртүүгө далаалат кылган.

Ыңкылап – эл сыймыктанчу улуу окуя

Жалпы Евразиянын саясий картасын кайрадан түзүүгө багыт ачкан Орусиядагы Феврал ыңкылабы саясий башкаруу системасы катары өзүн актай албай калган жана жарым-жартылай реформалоого да көңүлү жар бербеген падышалык жеке бийликти (“самодержавие”) шыпырып түшүрдү. Анын ордуна көп партиялуу республикалык түзүлүштү орнотуу далаалаты башталды.

Бул ыңкылапты маркисттик-лениндик тарыхнаамада “буржуазиялык-демократиялык ыңкылап” катары баалашчу. Анын саясий-философиялык деңгээли ошол жылдын күзүндө Орусияда марксчы-ленинчилер тарабынан жүзөгө ашырылган пролетардык ыңкылаптан бир тепкич төмөнүрөөк каралган.

Бул – кийинчерээк СССРде үстөмдүк кылган көз караш.

Ал эми падышалык бийликти чектелген конституциялык монархиялык система катары кайра өзгөртүү аркылуу сактап калгысы келгендер (конституциячыл монархисттер) үчүн 1917-жылдын Феврал ыңкылабы – империяны тизелеткен жана коом үчүн эч кереги жок, зыяндуу төңкөрүш катары кабыл алынган.

Орусиядагы либерал-демократиялык баалуулуктарды жана көп партиялуу кырдаалда жумуриятты калыптандырууну эңсеген жана ал үчүн күрөшкөн кеңири саясий топтор жана партиялар үчүн бул Феврал окуялары – эл сыймыктанчу нагыз демократиялык ыңкылап катары кабыл алынган.

Алардын оюнча, атуулдардын жалпы макулдугуна ылайык өлкөнү демократиялык жумурият катары калыптандыруу жүрүмүн болшевиктер менен солчу социалист-революционерлер 1917-жылдагы Өктөбүр төңкөрүшү аркылуу таш-талкан кылышты. Өктөбүр төңкөрүшүнөн көп узабай, жер-жерлерде жумушчу, дыйкан жана жокерлер ке-ештеринин курамын өз пайдасына өзгөртүп, болшевиктер солчул эсерлерди да сүрүп чыгарышып, Орусияда жалгыз болшевиктик партиянын жеке басар диктатурасын орнотушкан, деп санашчу либерал-демократтар.

Элдик кыймыл 8-мартта башталган

1917-жылы феврал айында Орусияда жумушчулардын согушка каршы жана жеке бийликти кулатуу урааны айтылган ар кандай социалдык чыгуулары орун алган, бирок алардын массалык деңгээли төмөн болгондуктан, ички иштер министри “кырдаал көзөмөл астында” деп ишендирген соң, падыша Николай Экинчи 22-февралда (7-мартта) Петрограддан Могилёв шаарындагы ордосуна жөнөп кетти.

Орусияда Февралдагы согушка каршы чыгуулар аялдардын эл аралык күнүнө карата 23-февралда (григорийлик жылнаама боюнча 8-мартта) жаңы күч менен чыкты. “Жумушчу аялдын күнүнө” карата Торшилов токуу фабрикасынын, “Эски Парвиайнен” ок-дары чыгаруу ишканасынын жумушчу аялдары иш таштап, Выборгская канал бою аркылуу Петрограддын борборун көздөй жөнөштү. Күтүлүп жаткан митингге катышуу үчүн шаардын борборуна самсыган демонстранттарга башка ишканалардын иш таштоо баштаган эркек жумушчулары да кошула берди. Алар Казан собору аталган чиркөөнү көздөй агылышты.

Ошол күнү иш таштап, ар кыл демонстрацияларга катышкандардын саны болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, жалпысынан 128 миң киши иш таштаган. Жумушчулар демократиячыл ураандарды чакырышты. Алар “Жоголсун согуш!”, “Жоголсун жеке бийлик!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүшкөн. Адистердин кийинки иликтөөлөрүндө, ал кезде Питерде ун, нан деле салыштырмалуу жетиштүү болгон. Бирок жумушчулар жашаган аймактарда тизме кагазы (карточка) менен нан азыраак таркатылып, нан таркатчу жайларда куйругу узун кезектер пайда болуп, карапайым калайыкта нан каатчылыгы кыйла сезилген; андан тышкары, солчул уюмдар “өлкөдөгү нан таңкыстыгы” тууралуу күбүр-шыбыр кептерди улам күчтөп таркатышкан; ошондуктан “Нан бер!” деген ураан жазылган плакаттар да Питердеги демонстрациялар маалында арбын болгон.

Шаардын чордонунда улам котолоп көбөйгөн жумушчулар менен полиция жана казак-орус аскерлери (арасында дондук казактардын Биринчи, Төртүнчү, Он Төртүнчү полктору, Кексголм полкунун ооруктагы батальону ж.б.) кагылышууга барган.

Кийинки, 24-февралда (9-мартта) иш таштоо ого бетер күчөп, ага Петрограддагы 224 ишкананын 214 миңден ашуун жумушчусу катышкан. Ошол күнү чак түштө шаар башчысы шаардын борборун карай котологон калайыкка полиция ээ боло албай калганын Петроград аскердик чөлкөмүнүн жетекчиси, генерал С.С.Хабаловго маалымдаган соң, калайыктын кыймылын чектөө үчүн аскер күчтөрү көбүрөөк чакырылган. Шаардын Знаменская аянтында казак орустар тобу демонстранттарды таркатууга мойну жар бербей, аларга досторчо көз кысканы маалым.

25-февралда (10-мартта) шаардагы 421 ишкананын 305 миңдей жумушчусу иш таштаган. Невск проспектинде котолоп жыйылган калайык “Жоголсун падыша!”, “Жашасын жалпы элдик социалисттик республика!”, “Жоголсун өкмөт!”, “Нан, тынчтык, эркиндик!”, ж.у.с. ураандарды көтөрүшкөн. Бул ар кыл социалдык катмарлардан куралган он миңдеген кишилер катышкан жана бири-бирине удаалаш өткөн демонстрациялар падышалык бийлик өкүлдөрүнүн үрөйүн учурган. Дондук казактардын Биринчи полкуна таандык казак-орус жоокерлеринин тобу демонстранттарды колдоого алып, полициячыларга каршы ок аткан учур катталган. Айрым кагылышууларда эки тараптан – полиция жагынан жана жумушчулардан - набыт кеткендер болгон.

Дал ушул күнү кечинде падыша Николай Экинчи борбор шаардагы тополоңдор тууралуу кабардар кылынган жана ал Петроград аскердик чөлкөмүнүн жетекчиси, генерал Сергей Семёнович Хабаловго (1858—1924) борбор шаарда дүрбөлөңгө тез арада чек коюуга буйрук кылган.

Күзөт бөлүмүнүн кызматкери түнгө маал 150дөй уюштуруучуну камакка алган, бирок кырдаал колдон чыгып кеткен болчу.

26-февралда (11-мартта) калайыктын массалык чыгуулары атышуулар менен коштолгон. Бир гана Знаменская аянтында лейб-гвардиялык (тандалма) Волын полкунун ротасы демонстранттарга каршы ок чыгарып, бери дегенде 40 киши өлүп, 40тайы жаракат алган.

306 миңден ашуун жумушчу иш таштап, ал түгүл бир катар ишканаларды басып алышкан жана шаардын кээ бир көчөлөрүндө баррикада куруп киришкен. Кээ бир полиция бекеттери басып алынып, ойрон кылынган. Демонстратн жумушчуларга ар кыл социалдык топко таандык шаар тургундары колдоо көрсөтүшүп, демонстранттардын арасында жарадар болгондорго тез жардам көрсөтүү топтору түзүлгөн.

Аскерлердин ичинде да жиктелүү күч алган. Маселен, лейб-гвардиялык Павлов полкунун запастагы батальонунун 4-ротасынын жоокерлери демонстранттар тарабына өтүп, полициячыларга жна өз офицерлерине каршы ок чыгарышкан. Алардын козголоңун Преображенск полкунун күчү менен басышкан, бирок бир канча жоокер курал-жарагы менен качып кеткен. Кощголоңчу жоокерлердин 19у гана демилгечи катары камакка алынган.

Айласы куруган бийлик төбөлдөрү кечкурун Министрлер Кеңешинин Төрагасы, князь Н.Д.Голицын жетектеген отурумда Петроград шаарын “камалоо абалында” деп жарыялоо тууралуу чечим кылышкан, бирок бул чечим калайыкка жеткен эмес. Өкмөттүк чечим камтылган баракчаларды нааразы болгон калайык өкүлдөрү дубалдардан сыйрып кетип турушкан.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Михаил Родзянконун (1859–1924) ошол күнү кечиндеги борбордо кырдаал курчугандыгы тууралуу телеграммасын падыша Николай Экинчи ишенбестик менен кабыл алган жана “бул семиз Родзянко мага кайрадан эле ар кандай жөнү жок сөзүн жазып жибериптир” («опять этот толстяк Родзянко пишет мне всякий вздор»), - деп айткан.

Демонстранттарды кыргынга учураткан окуялар Мамлекеттик Думада курч талкууланат ко деп чочулап, Министрлер Кеңешинин Төрагасы Н.Д.Голицын Мамлекеттик Дума менен Мамлекеттик Кеңештин ишмердигине апрелге чейин тыныгуу жарыялоо тууралуу чечимге келет. Бул тууралуу ал Николай Экинчиге кабарлаган соң, падышалык жарлык үчүн даяр бланкка алиги текстти жаздыртып, Мамлекеттик Думанын жетекчиси М.В.Родзянкого, эртеси таңга маал – Думанын башка мүчөлөрүнө маалымдайт.

Родзянко ошол эле күнү кечинде падышага кайра телеграмма жөнөтүп, аны Мамдуманын ишине бөгөт коюу тууралуу жарлыкты кайра чакырып алууга жана жоопкерчиликтүү министрлик курамын түзүүгө үндөйт. Эгерде ыңкылаптык маанай калайыктан армияга өтчү болсо, анда Орусия да, аны менен кошо бийликтеги сулале (династия) да ойрон болот деп эскертет. Бирок падыша анын телеграммасын көңүлгө да алган эмес. Айтмакчы, өз телеграммасынын көчүрмөсүн Родзянко Орусиянын аскер жетекчилерине да жөнөткөн.

Аскер демекчи, падышалык режимди сактоо үчүн маанилүү өбөк катары Петроградда топтоштурулган 160 миң жоокердин көпчүлүгү “тандалма” делген аскер бөлүктөрүндө кармалган менен, ал кезде согушка тез арада даярдоо үчүн үйрөнчүк акыбалында турган. Аларда аскердик тартип жана мурдагы тандалма гвардиялардын салты жокко эсе болгон. 20 миң жоокерге эсептелген барактарда бир нече эсе көп жоокерлер тыгылып, демек, адамча жашабастан, жакырлыктын белгиси сезилген кырдаалда тиричилиги өткөн. Аларга кесипкөй офицер жетишсиз болгондуктан, революциячыл ураандар менен келген үгүтчүлөр үчүн бул жоокерлер ыңкылап тарапка өтүүгө даяр топтор болчу. Дал ушундай топтор петрограддык аскерлердин басымдуу бөлүгүн түзгөндүгү ыңкылапчылар үчүн оңтой түзүп берген болчу.

27-февралда (12-мартта) Петроград куралдуу көтөрүлүштүн алоо отунда калды.

Алгачкылардан болуп аскер жетекчилигине каршы козголгондордун баштоочуларынын бири - Тимофей Иванович Кирпичников (1892-жылы туулган — болжол менен 1917-жылдын соңунда же 1918-жылдын башында монархиячылардын колунан набыт кеткен) деген ага унтер-офицер болгон.

Орус жоокери, ага унтер-офицер Тимофей Кирпичников. Март, 1917-ж.
Орус жоокери, ага унтер-офицер Тимофей Кирпичников. Март, 1917-ж.

Ал Волын полкунун запастагы батальонунун үйрөнчүктөр тобунун башчысы болгон. Ага баш ийген 600дөй жоокер 27-февралга караган түнү өз командири Кирпичниковдун “демонстранттарды атпастан, окту алардын башынан өйдө кайытып атуу” тууралуу көрсөтмөсүн алган. Дал ошол түнү Кирпичников 1-ротанын фелдфебели кызматына киришкен.

Ал өз жоокерлерин жогортодон алынган буйрукка ылайык таңкы саат 6:00да эмес, андан бир саат эртерээк казармада тизген жана аларды жумушчуларга каршы ок атпоого үндөгөн.

“Аталар, апалар, эже-карындаштар, ага-инилер, келинчектер нан сурап жатышат. Анан биз аларга сокку урушубуз керекпи? Силер көчөдө төгүлгөн канды көргөн жоксуңарбы?” – деп кайрылган Кирпичниковго жоокерлери макул болушкан: “Өлүм болсо өлүмү келсин, бирок өз элибизге каршы ок атпайбыз!”

Саат 6:00да келген штабс-капитан И.С.Лашкевичти Кирпичниковдун козголоң чыгарган жоокерлери атып өлтүрүшкөн.

Көтөрүлүшчү жоокерлерге улам жаңы аскер топторунун өкүлдөрү кошула башташты. Алардын арасында Волын полкунун, Сапёрдук полктун, Преображенск полкунун жана башка аскер бөлүктөрүнүн батальондорунун жоокерлери бар эле. Петроград гарнизонунун көпчүлүк бөлүгү, ошентип, көтөрүлүшчүлөр тарабынан өтүштү.

(Бул ыңкылап жеңген соң, бийликке келген Убактылуу өкмөт Кирпичниковду “падышалык түзүлүшкө каршы тайманбай курал кезеген биринчи жоокер” катары өзгөчө кадырлап, ага подпрапорщик аскер чинин берген. Генерал Корнилов бул жоокерге кызыл тасмадагы 4-даражадагы Георгий Чырымы орденин өз колу менен тапшырган. Кирпичников Волын полкунун атынан Петроград Кеңешинин курамына да шайланган. Убактылуу өкмөттү колдоого алган. Кийинчерээк ал болшевиктердин ыңкылабына каршы чыгып, акыры “актар” ээлеп турган Донду көздөй качкан жана монархиячыл полковник Кутеповдун буйругуна ылайык аттырып салынган).

Ошентип, 27-февралда (12-мартта) эртең менен көтөрүлүшчү жоокерлер иш таштаган жумушчуларга кошулуп кеткен. Литейный проспектиндеги Чөлкөмдүк сот (Окружной суд) кеңсеси өрттөлгөн. Андан соң эл оозунда “Шпалерка” деп аталган тергөө абагына кол салышып, андан тышкары Литовск ак сарайы (Литовский замок) деп аталган түрмөнү, “Кресты” деп аталган ири түрмөнү басып алышып, абактагыларды боштондукка чыгарышкан. Бул түрмөдөн ошол күнү бошотулган саясий абактагылардын арасында айтылуу революционерлер жана меншевиктер Борис Осипович Богданов (1884, Одесса — 1960, Москва) менен Марк Исаевич Бройдо (1877, Свенцяны, Вилен губерниясы — 1937, Лондон) мырзалар да болгон.

Көтөрүлүшчүлөргө каршы жиберилген аскер топтору калайыкка каршы ок атпастан, кайра аларга кошулуп кетип жатты. Маселен, Литейный (Александровск) көпүрөсүндө калайыкты пулемёт менен тороп турган Москва полкунун 4-ротасы толкуган элге кошулуп кеткен.

30 миңдей киши кылкылдап турган Финляндия темир жол бекетинин алдындагы аянтта тынымсыз митингдер өткөн.

27-февралда (12-мартта) саат 14:00кө карата миңдеген жоокерлер жана жумушчулар Орусиянын Мамлекеттик Думасынын кеңсеси болгон Таврия сарайын (Таврический дворец) ээлеп алышты.

Бул имаратка келүүгө үлгүргөн Мамдуманын депутаттары эки оттун ортосунда калышты. Бир жагынан, алардын колунда Мамдуманы таркатуу тууралуу падыша Николай Экинчинин жарлыгы жана болжолдуу жазалоочулардын чабуулу күтүп турса, экинчи жагынан, имараттын короосунда ыңкылапчыл жумушчулар менне жоокерлер шыкалып турушкан.

Оңчул партиялардын өкүлдөрүнөн башка депутаттар “жекече жыйналыш” деп аталган жыйынды уюштурууга макул болущту. Алар Аксакалдар кеңешине Мамдуманын мүчөлөрүнүн Убактылуу комитетин шайлоого тапшырма берди.

27-февралда (12-мартта) Аксакалдар кеңеши “Мамлекеттик думанын Убактылуу Комитети” (“Борбор шаарда тартипти калыптандыруу жана кишилер жана мекемелер менен карым-катнаш жүргүзүү үчүн Мамлекеттик думанын мүчөлөрүнүн комитети”) деп аталган бийлик органын түздү. Анын төрагалыгына буга чейин IV чакырылыштагы Мамлекеттик думанын төрагасы болуп келген октябрчы М.В.Родзянко шайланды. Бул көп партиялуу комитетке меншевиктерден Н.С.Чхеидзе, “эмгекчилдерден” (“трудовик”) А.Ф.Керенский да кирген.

Александр Фёдорович Керенский (1881, Симбирск – 1971, Нью-Йорк, АКШ) IV чакырылыштагы Мамлекеттик думанын оппозициячыл маанайын кескин билдирген мүчөлөрүнөн болгон.

Александр Керенский.
Александр Керенский.

Ал 1916-жылы 13-декабрда падышалык режимди ошол жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн катышуучуларын жана тынч калайыкты айоосуз жазалагандыгы үчүн сынга алган. Ал эми 16-декабрда (жаңы жылнаама боюнча 29-декабрда) Мамдуманын трибунасында чыгып сүйлөп, падышалык жеке бийликти кулатууга ачык чакырык айткан. (Мындан улам каныша Александра Фёдоровна “Керенскийди дарга асуу керек” деп айткан дешет).

“Эмгекчил” Александр Керенский 1917-жылы 14-февралда (жаңы жылнаама боюнча 27-февралда) Мамдумада чыгып сүйлөгөн сөзүндө: “Азыркы тапта орус элинин тарыхый милдети – эмнеси болсо да орто кылымдык режимди дароо ойрон кылуу милдети”, - деп мурдагы чакырыгын тастыктаган. 27-февралда (12-мартта) Аксакалдар кеңешинде чыгып сүйлөп, А.Ф.Керенский Мамдуманы таркатуу тууралуу падышалык жарлыкка баш ийбөө керек деген оюн айткан.

Аксакалдар кеңеши түзгөн “Мамлекеттик думанын Убактылуу Комитети” деген жаңы орган, ошентип, эч кандай падышалык буйрукка негизденбестен уюштурулган башкаруу түзүлүшү болуп калды.

Кадеттердин башчыларынын бири, саясатчы жана тарыхчы Павел Николаевич Милюков (1859, Москва ‑1943, Экс-ле-Бен, Франция) кийинчерээк эскергендей, Мамлекеттик думанын жигердүү мүчөлөрүнүн саясий окуяларга дал ушундайча кийлигишүүсү көчөдөгү толкундоолорго катышып жаткандарга саясий борборду түзүп берди жана элдик кыймылды туу жана ураан менен камсыз кылды. Акыры бул көтөрүлүш эски режимди жана падышалык сулалени ойрон кылган революцияга айланды. (Караңыз: Милюков П. Н. Война и вторая революция. Пять дней революции (27 февраля — 3 марта) // Страна гибнет сегодня. Воспоминания о Февральской революции 1917 г. / Составление, послесловие, примечания С. М. Исхакова. ‑ М.: Книга, 1991).

Албетте, падышалык режимди кулатуу идеясы XIX кылымдын 20-жылдарынан бери эле Орусиянын залкар ойчулдары жана революциячылары тарабынан байма-бай көтөрүлүп келгендигин, демек, ураан катары мурдатан эле жашагандыгын Милюковдун пикирине оңдоо катары кыстара кетүү абзел.

Ушул эле Тавриялык аксарайда меншевиктердин демилгеси менен 27-февралда (12-мартта) түштөн кийин дагы бир чогулуш болуп, анда 1905-жылы уюшулгандагыдай Жумушчу депутаттардын Кеңешин дароо уюштурууга киришүү сунушу айтылган. Бул жыйынга Борбордук Аскердик Өнөржай Комитетинин (Центральный Военно-Промышленный комитет) жумушчу тобунан да мүчөлөр катышкан. Социалисттик идеяларды колдогон бул жыйын Жумушчу депутаттардын Петроград Кеңешинин Убактылуу Аткаруу Комитетин негиздеди. Бул комитетке меншевиктер К.А.Гвоздев, Б.О.Богданов, (Борбордук Аскердик Өнөржай Комитетинин жумушчу тобунун жетекчилери), Н. С. Чхеидзе, М. И. Скобелев (Мамдумадагы меншевиктик фракциянын өкүлдөрү), ж.б. кирген.

РСДРП БК Бюросу ошол эле күнү “Орусиянын бардык атуулдарына” деген манифест жарыялап, анда Убактылуу ыңкылапчыл өкмөт түзүү, демократиялык республиканы негиздөө, 8 сааттык иш күнүн киргизүү, помещиктердин жер мүлкүн конфискациялоо, империалисттик согушка чекит коюу сыяктуу жакынкы милдеттер камтылган.

Кечкурун Таврия аксарайында Жумушчу депутаттардын Петроград кеңешинин Аткаруу комитети шайланды. (Эки күндөн кийин ал Жумушчу жана солдат депутаттардын Петроград кеңешинин Аткаруу комитети деп атала баштады). Ыңкылапчы жумушчулардын жана жоокерлердин ишмердигин багыттаган бул элдик бийлик органына ал учурда меншевиктер менен социалист-революционерлер (эсерлер) жетекчилик кылышты, анткени болшевиктердин сөзү өтүмдүү лидерлери чет өлкөлөрдө, сүргүндө, абакта же башка чет жактарда жүрүшкөн.

27-февралда (12-мартта) саат 16:00 чамасында падышалык өкмөттүн мүчөлөрү Мариинск аксарайында өздөрүнүн эң акыркы отурумуна чогулган. Анда Могилёв шаарында кала берип жаткан падыша Николай Экинчиге бул өкмөттү таркатуу тууралуу тегерамма жиберүү чечимин кабыл алган. Бул отурумда кабыл алынган А.Д.Протопоповду ички иштер министри кызматынан алуу тууралуу чечим элдик кыймылга каршы анча-мынча расмий аракетке ого бетер баш-аламандыкты киргизген.

Падыша Николай Экинчи болсо кандайдыр-бир чараларды сунуштоону маалкатып жатты. Бул кырдаалда өкмөт мүчөлөрү өздөрү эле таркап кетишти.

Ошол 27-февралда (12-мартта) кечкурун Жумушчу депутаттардын Петроград кеңешинин Аткаруу комитети шаардагы бардык ишканаларга жана аскер бөлүктөрүнө баракчалар таркатып, өздөрүнүн депутаттарын саат 19:00га карата Таврия аксарайына жөнөтүүгө чакырды. Кечки саат 21:00де Жумушчу депутаттардын Петроград кеңешинин алгачкы отуруму башталды. Ал отурумга меншевик Н.С.Чхеидзе төрагалык кылды, анын орун басарлары – “эмгекчи” А.Ф.Керенский жана меншевик М.И.Скобелев болду. Үчөө тең Мамдуманын депутаттары болчу.

Ал эми Мамлекеттик думанын Убактылуу Комитети болсо, социал-демократтар менен социалисттер негиздеген Жумушчу депутаттардын Петроград кеңешинин Аткаруу комитети бийликти өзүнө толук ыйгарып алат деп чочулап, 28-февралга (13-мартка) караган түнү Орусиядагы бийликти өз колуна алгандыгын жарыя кылды.

28-февралда (13-мартта) Мамлекеттик думанын Убактылуу Комитети генерал Л.Г.Корниловду Петроград чөлкөмүнүн аскер башчысы кызматына дайындады.

28-февралда (13-мартта) эки башка бийлик органы өз алдынча аракет кылып жатканы менен, алардын алгачкы максаты бирдей болду – мүмкүн болушунча тез арада падышалык бийликтин тарабындагы аскер күчтөрүн бейтарап кылуу же өз катарына кошуу зарыл эле.

Жумушчулар менен жоокерлер бул күнү эртең менен Биржевый жана Тучков көпүрөсүндөгү кароолду жок кылып, Васильев аралына кирди. Мындагы 180-жөө аскер полку, Финлянд полку, 2-Балтия флотунун жана “Аврора” согуш кемесинин деңизчилери көтөрүлүшчүлөргө кошулду.

Түшкө маал Петропавловск чеби алынды. Анын гарнизону ыңкылапчылар тарабынан өтүп кетти. Чептеги артиллерия да көтөрүлүшчүлөрдүн карамагында калды. Эки күн мурда камакка алынган Павлов полкунун ооруктук батальонунун жоокерлери бүт боштондукка чыгарылды.

Түштөн кийин Кышкы сарай да ыңкылапчылардын колуна өттү. Өкмөттүк аскерлер ыңкылап тарабын жактап калды. Жалпысынан, бул күнү Петроградда 394 миң жумушчу, 127 миң жоокер ыңкылапты коргоп чыгышты. Падышалык бийликти коргоо аракетинде болгон борбор шаардык полициянын болгону 3,5 миң кызматкери бар эле. Алар көтөрүлүшчү жоокерлердин каршысында деңиз тамчысындай эле болуп калды.

Калайыкка ыңкылап тууралуу маалымдоо.

Мамлекеттик думанын Убактылуу Комитетинин башчысы Родзянко 28-февралда (13-мартта) эртең менен Мамдуманын депутаты А.А.Бубликовго Унаа байланыш министрлигин көзөмөлдөөнү тапшырды. Бубликов болсо пдышалык унаа байланыш министри Войновский-Кригерди камакка алып, өзү болсо ушул күнү саат 13:50дө бүткүл Орусиянын темир жол бекеттерине шашылыш телеграмма жөнөттү.

Мында “Темир жолчулар! Мамлекеттик турмуштун бардык тармактарында бүлгүнчүлүккө кептеген эски бийлик алсыз болуп чыкты. Мамлекеттик Думанын Комитети жаңы бийлик орнотуу милдетин өз колуна алды. Сиздерге Атажурттун атынан кайрылып жатам: эми Ата Мекенди сактап калуу сиздерге багыныңкы. Поюздардын каттамдары эки эселенген кубат менен үзгүлтүксүз камсыз кылынууга тийиш...”

Учу-кыйыры кеңирсиген Орусия империясынын алыскы булуң-бурчтарындагы темир жол бекеттерине чейин жиберилген бул телеграмма падышалык өкмөт кулатылгандыгы жөнүндөгү алгачкы кабар болуп калды. Бирок темир жол бекеттеринен алыс аймактарда падышалык режим кулатылгандыгы жөнүндөгү жаңылык ошол жылдын апрел айында гана маалым болгон.

Мамдуманын Убактылуу Комитети бардык темир жол бекеттеринин башчыларына Петроградды көздөй жол тарткан аскер поюздарынын бардыгын бул Убактылуу Комитеттин атайын уруксатысыз өз бекеттеринен чыгарбоо буйругун жиберди.

Могилёв шаарынан чыгып, 28-февралда (13-мартта) саат 13:00тө Оршага араң жеткен падыша Николай Экинчиге Мамдуманын айрым монархиячыл депутаттарынын Министрлер кабинетин кызматтан кетирип, эл ишенген кишини убактылуу өкмөт башчылыкка коюп, дароо жаңы өкмөт куроо сунушун билдирген телеграммасын тапшырышкан.

Падышага берилген аскер бөлүктөрү улам суюла берип, алар ыңкылапчы аскерлер менен ачыктан ачык согушууга батынышкан эмес.

1(жаңы жылаама боюнча 14)-мартта Улуу Британия менен Франция Мамдуманын Убактылуу Комитетин расмий тааныган.

Бул күнү Кронштадттагы аскер-деңиз базасында көтөрүлүш чыгып, деңизчилер Кронштадттын аскер губернатору, адмирал Роберт Виренди өлтүрүп салышты.

Ушул күнү Жумушчу депутаттардын Петроград Кеңеши жоокерлердин талабына ылайык Жумушчу жана жоокер депутаттардын Петроград Кеңеши болуп кайра түзүлгөн.

1(14)-мартта түштөн кийин Москва шаары да толук ыңкылапчылардын колуна өткөн.

Арабөк калган падыша.

Ал эми падыша Николай Экинчи түшкөн поюз Царское Село аймагына жиреп өтө албай калып, ал унаасын бурдуруп, Псков шаарына 1(14)-мартта кечкурун келүүгө аргасыз болгон. Псков шаарында Түндүк фронттун штабы жайгашкан эле.

падыша Николай Экинчи уулу Алексей менен бирге тизилген аскерди кыдырууда.
падыша Николай Экинчи уулу Алексей менен бирге тизилген аскерди кыдырууда.

1915-жылдан бери Жогорку башкы командачылыктын штабынын жетекчиси болуп жаткан, демек, иш жүзүндө жалпы армияны көзөмөлдөөдө падышадан кийинки эле орунда турган генерал Михаил Васильевич Алексеев (1857, Вязьма — 1918, Екатеринодар) кырдаалдын өзгөчө оорлошконун Псков шаарындагы падышага өз телеграммасында билдирип, аны жаңы өкмөт куроо үчүн убактылуу өкмөт башчы дайындоого чакырган:

“Азыркы шартта дүрбөлөңдүү кырдаалды күч колдонуу менен басуу ‑ коркунучтуу жана Орусияны да, армияны да ойрон кылууга алып келет. Азырынча Мамлекеттик Дума болжолдуу тартипти киргизүүгө далаалат кылып жатат, бирок Сиздин Императордук Улуу Урматыңыздын атынан жалпы бейпилдикке жагымдуу шарт жаратчу иш-аракет жасалбай турган болсо, анда эртең эле бийлик ашынган элементтердин колуна өтөт жана Орусия революциянын бардык алааматтарына кириптер болот. Сизден өтүнүч кылам, Улуу Урматтуум, Орусияны дана сулалени (династияны) сактап калуу мүдөөсүндө Орусия ишеним арта турган кишини өкмөт башчылыгына дайындаңыз жана ага кабинет куроо тапшырмасын бериңиз. Азыркы тапта бул – аман сактап калуунун жападан-жалгыз аргасы”).

Падыша Николай Экинчи болушунча кежирленип жатты. Ал өзүнүн эч ким чектегис жеке бийлигин чектелүү монархиялык бийликке төмөндөтүүгө көөндөнгөн жок. Ал өкмөттүн убактылуу башчысы боло турган киши кээ бир гана министрлерди дайындашы керек, калганын мен өзүм аныкташым зарыл, деген оюн билдирди.

Түнкү саат 22:20да падышага генерал Алексеев кол койгон манифест долбоору телеграмма аркылуу келди. Анда Мамдуманын башчысы, ошол кезде Мамдуманын Убактылуу Комитетинин жетекчиси, монархист Родзянкого Убактылуу өкмөттү куроо иши тапшырылышы керек деген чечим камтылган.

Падыша Николай Экинчи дагы көпкө чейин макулдук бербей жатып, акыры бул долбоорго кол коюуга көндү. Демек, мунун негизинде эми Петроградга ыңкылапчыларды жазалоо үчүн жөнөтүлгөн аскерлерди чукул арада токтотуп, кайра согуш майданына кайтаруу керек эле.

2(15)-мартка караган түнкү саат 01:00де Псковдо турган падыша Николай Экинчинин атынан генерал Иванов жетектеген аскерлердин Петроградга карай жүрүшүн токтотууга жол ачкан телеграмм жөнөтүлгөн.

Ошентип, Петрограддагы ыңкылапчыларды куралдуу жазалоо аргасына, бөйдө кыргынга бөгөт коюлган.

Ал эми падышанын жеке бийликти реформалоо аркылуу сактап калуу ниетинде болгон Родзянкону болочокку өкмөттү куроо максатында бийликке сунуштаганы – узап кеткен поюзду артынан кубалагандай өтө кеч чечим болуп калды. Анткени 1(14)-мартта кечкурун эле Мамдуманын Убактылуу Комитетинин мүчөлөрү болочокку убактылуу өкмөттү түзүү жана анын башчылыгына князь Георгий Евгеньевич Львов (1861, Дрезден — 1925, Париж) мырзаны сунуштоо тууралуу алдын-ала келишип алышкан.

Рюриковичтердин урпагынан, тектүүлөрдөн болгон Георгий Львов мурда конституциялык монархияны жактаган, кийинчерээк чордондук либералдык нуктагы Прогрессчилер партиясына өткөн жана базар экономикасына негизделген укуктук мамлекетти калыптандырууну максат кылган. 1913-жылы Москва шаардык думасы князь Львовду шаардык коомдук башкаруу бийлигинин аткаруу органынын башчылыгына – шаар башчылыгына (“городская голова”) шайлаган, бирок падышалык өкмөттүн ал кездеги ички иштер министри аны бул кызматка бекитпей койгон.

Эми Мамдуманын Убактылуу Комитети өз чечимине Жумушчу жана жоокер депутаттардын Петроград кеңешин ынандыруусу керек болду.

1-марттан 2-мартка (14-марттан 15-мартка) караган түнү Таврия аксарайында Мамдуманын Убактылуу Комитетинин, кадеттик партиянын Борбордук Комитетинин, Прогрессивдүү блок деп аталган саясий топтун, ошондой эле, Жумушчу жана жоокер депутаттардын Петроград кеңешинин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү бир нече саат бою Орусиянын жакынкы болочоктогу өкмөтү тууралуу талкуулашты. Тараптар акыры убактылуу өкмөттүн курамын аныктоону Мамдуманын Убактылуу Комитетине тапшырууну чечкен.

Сүйлөшүүлөр маалында жактырылган программада саясий жана диний маселелер боюнча камалгандардын бардыгына дароо мунапыс жарыяланаары, сөз жана басма сөз эркиндиги, жыйындарга чогулуу эркиндиги камсыз кылынаары, буга чейинки тек-жайга, диний ишенимге жана этностук тегине ылайык чектөөлөрдүн бардыгы жокко чыгарылаары, полициянын ордуна элдик милиция түзүлөөрү, жалпы жана тикелей шайлоо аркылуу Негиздөөчү жыйналышты (Учредительное собрание) чакыруу үчүн дароо камылгаларды башталаары жана башка олуттуу маселелер тууралуу чечим чагылдырылган.

Бул Негиздөөчү жыйналыш өлкөнүн болочокку мамлекеттик башкаруу жолун жана Башмыйзамын (Конституциясын) бекитмек болчу.

Мында ыңкылапчыл кыймылга катышкан жоокерлерди куралсыздандырбоо жана алардын Петроградда кала беришин камсыз кылуу тууралуу да макулдашылган.

Ыктыярдуу келип чыккан кош бийликтин бир канаты – Петроград Кеңеши берки Мамдуманын Убактылуу Комитети менен макулдашып отурбастан, Петроград гарнизону боюнча өзүнүн №1 буйругун чыгарып, аны 2(15)-мартта таңга маал басылган “Жумушчу жана Жоокер депутаттардын Петроград Кеңешинин Кабарлары” («Извѣстія Петроградскаго Совѣта Рабочихъ и Солдатскихъ Депутатовъ») гезитинин санына жарыялаган. Бул буйрукка ылайык, Петроград гарнизону толугу менен Петроград Кеңешине бай ийүүгө милдеттендирилген. Анын аскер бөлүктөрү мурдагыдай офицерлерге эмес, өздөрү шайлаган комитеттерге жана Петроград Кеңешине баш ийүүгө тийиш болгон.

Ошентип 2(15)-мартта эртең менен негизги бийлик Жумушчу жана жоокер депутаттардын Петроград Кеңешине өткөн, расмий бийлик болсо сөз жүзүндө Мамдуманын Убактылуу Комитетине тийген.

Мамдуманын Убактылуу Комитетинин башчысы Родзянко эми падышага жиберген телеграммасында аны мамлекетти сактап калуу үчүн ыктыяры менен тактыдан баш тартууга үндөгөн. Негизги аскер башчылар да падышанын тактыдан баш тартуусу зарыл деген пикирлерин билдиришкен.

Ошол күнү болжол менен саат 15:00те падыша Николай тактыдан баш тартаарын, ордуна өз уулун калтыргысы келгенин айткан.

Ал эми кечинде Петрограддан ага айрым Мамдуманын депутаттары Гучков менен Шульгин Псковго келгенде, саат 23:40та падыша Николай Экинчи аларга Тактыдан баш тартуу тууралуу Акт деген расмий кагазды тапшырган. Анда өз ордуна уулу эмес, бир тууганы Михаилдин тактыга отураары тууралуу айтылган. Дагы бир жарлыгында ал өкмөттү кызматтан толук курамы менен кетирип, князь Г.Е.Львовду Министрлер Кеңешинин төрагасы катары дайындоо жөнүндө буйрук кылган, бирок ага чейин эле, бир нече саат мурда, ыңкылапчылар өздөрүнүн Убактылуу өкмөтүн бекитип алышкан болчу.

Ошентип, падыша Николай Экинчи өзүнөн өзү убараланып, монархиячылар суранган иш-аракетке мойну жар болбой жаткан чакта, 2(15)-мартта Мамдуманын Убактылуу Комитети князь Г.Е.Львовду алгачкы жолу түзүлүп жаткан Убактылуу Өкмөттүн министр-төрагасы жана ички иштер министри кылып дайындаган. Ыңкылапчылар өздөрү ушундайча чечкиндүү кадамга барган соң, аларга эми Николай Экинчинин эч кандай жарлыгы керек эмес болчу.

Николай Экинчинин тактыдан баш тартышынан бир сутка өтө элегинде Михаил Экинчи катары каралууга тийиш болгон Михаил Александрович өзү да тактыдан баш тартуу жөнүндө чечимин жарыялады. Монархиячылардын айрымдары (П.Н.Милюков ж.б.) аны “тактыдан баш тартпаңыз” деп үндөшсө, башкалары (М.В.Родзянко ж.б.) Орусиянын бейпилдиги үчүн Убактылуу Өкмөткө бөгөт болбостон, жолдон четке чыга берүүгө үндөшкөн.

Анын үстүнө, Михаил Экинчи үчүн тактыга келүүсүндөгү талаш-тартыштуу бир жагдай бар болчу. Падыша Пётр Үчүнчүнүн уулу Павел Биринчи (Павел Петрович; 1754 — 1801) 1796-жылы бийликке келген жана 1797-жылы 5(16)-апрелде), Кызыл жумуртка майрамынын алгачкы күнү таажы тагынуу салтанаты маалында өзүнүн “Тактыны мурастоо Актысын” жарыялаган. Андагы шарттардын бири – болочокку такты мураскору сөзсүз түрдө монархка теңата болгон үй-бүлөнүн өкүлүнө үйлөнүүсү тууралуу шарт эле.

Ал эми князь Михаил Александрович болсо өз агасы Падыша Николай Экинчинин тыюусуна карабастан, 1912-жылы 17(30)-октябрда Австро-Венгриянын борбору Вена шаарында жайгашкан сербдердин православ чиркөөсүндө өзүнүн сүйүктүүсү Наталья менен теңсиз никеге турган.

Наталья Сергеевна Шереметьевская (1915-жылдан кийин - графиня Брасова, князь айымы Брасова; 1880, Перово — 1952, Париж) ажарлуу жана өтүмдүү айым болгон. Ал Михаилге чейин эле эки жолу никеде болгон жана эки ирет тең өз демилгеси менен ажырашкан. Павел Биринчинин “Актына” ылайык бул айымга үйлөнгөн монарх тукуму падышанын мураскорлугуна татыксыз болуп калмак.

Бул никеге ачууланып, Николай Экинчи өз инисин бардык кызматтарынан алган жана Орусияга кайтып келүүгө тыйуу салган.

Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда гана Михаил улуу агасынын уруксаты менен мекенине кайтып, Орусиянын армиясында кызмат өтөй баштаган. Михаил менен Натальянын уулу Георгийге Николай Экинчи 1915-жылы Брасовдук граф титулун берген (бул титул улуу княздын Орёл губерниясындагы Брасов деген ээлигинин аталышына негизденген). Бирок Георгий болочокто тактыга мураскор боло алмак эмес. Анын энеси Натальяга “Брасова” тегаты эч кандай даража-чини жок эле ыйгарылган болчу.

Тактыга отуруунун Пётр Биринчи негиздеген салты боюнча абсолюттук жеке бийлик ээси мураскорун өз каалашынча тандай алмак, ал эми Павел Биринчинин чектөөсү болсо Николай Экинчиге теңата үй-бүлөдөн чыкпаган аял менен никелешкен өз инисине тактыны өткөрүп берүүгө эч мүмкүнчүлүк бермек эмес.

Ошондуктан, бир суткага жетпеген убакытка падышалык бийликте турган Михаил Экинчи үчүн деле бул кызматы мыйзамсыз болчу. Падыша Николай Экинчинин Михаилди тактыга мураскор кылуу тууралуу жарлыгынын өзү да мыйзамсыз эле.

Совет доорундагы тарыхнаамада бул жагдайга анчейин көңүл бөлүнгөн эмес, анткени падышалык режимдин өзү пролетариат үчүн жексур түзүлүш, кулатылууга тийиш болгон эскичил түзүлүш саналган.

Михаил Экинчи тактыдан тез арада баш тартуучу үчүн шашылган дагы бир жагдай – эгерде ал тырышып тактыда кала бергиси келсе, анда бүткүл өлкө боюнчп атуулдук тирешүү жана ич ара согуш чыгып кетиши ыктымал болчу.

Ошентип, 1917-жылы 3(16)-мартта түштөн кийин, Львов жана Родзянко менен көзмө-көз сүйлөшкөн соң, Михаил Экинчи өзүнүн тактыдан баш тартуусу тууралуу чечими камтылган “Михаилдин Манифести” деген документке кол койду (бул расмий манифест эртеси күнү, 4(17)-мартта “Убактылуу Өкмөттүн Кабарчысы” - «Вестник Временного правительства» басылмасында Николай Экинчинин тактыдан баш тартуу жөнүндөгү Акты менен чогуу жарык көрдү). Бул документте Михаил Экинчи Орусиянын бардык атуулдарын Убактылуу Өкмөткө баш ийүүгө чакырган. Эгерде жалпы калайык Негиздөөчү жыйналышка өкүлдөр шайласа жана бул Негиздөөчү жыйналыш мамлекеттик түзүлүштүн болочокку шекилин түзүп, өзүн жогорку бийликке чакырса, ошондо гана мындай бийликти кабыл ала тургандыгын Михаил Экинчи билдирген.

Демек, ал өзүнүн манифестинде жеке бийликти калыбына келтирүү ыктымалдыгын четке каккан эмес. (Михаил Экинчи 1917-жылы июлда шайлоо укугунан ажыратылган. Ал Гатчинада турганда Убактылуу өкмөт аны үй камагына алган учурлар да болгон. Совет өкмөтү оболу аны өз жайына коюп, өлкөдө кадыресе атуул катары жашай ала турганын тастыктаган. 1918-жылы январда чакырылган Негиздөөчү жыйналыш Орусияны республика деп расмий жарыялаган. Ал эми 1918-жылы март айында Михаил Александрович болшевиктер тарабынан Гатчинада камакка алынып, андан соң Перм губерниясына сүргүнгө айдалган. Ошол эле жылы 13-июнга караган түнү Михаил Романовду чекисттер конок үйдөн уурдап кетип, токойго алып барып тындым кылышкан).

1917-жылы 4(17)-мартта Убактылуу Өкмөттүн төрагасы, князь Г.Е.Львов кеңирсиген Орусиянын бардык аскердик жана жайкын бийлик өкүлдөрүнө телеграмма жөнөтүп, мурдагы падышалык акттардын негизинде мамлекеттеги жогорку бийлик Убактылуу Өкмөткө өткөрүлгөндүгүн расмий маалымдаган.

Дал ушул күндөн тартып Орусиядагы бийлик алмашуу толугу менен аяктаган. Падышалык режимдин ордуна эми болочокку Негиздөөчү жыйналышты камсыз кыла турган жаңы бийлик органы келген.

1917-жылы 9(22)-мартта Бийлик кылуучу Сенаттын й-департаментинин толук курамы чогулган отурумда Убактылуу Өкмөт ант кармаган. Бул – Убактылуу Өкмөттүн бийлигинин укуктук жактан биротоло тастыкталышы болгон.

IV чакырылыштагы Мамлекеттик дума, иш жүзүндө, Феврал ыңкылабынын жеңишинен кийин өлүү органга айланган. Ал биротоло 1917-жылдын октябрында жоюлган.

Кош бийликтин бир канаты ‑ Жумушчу жана жоокер депутаттардын Петроград Кеңеши 1917-жылы 5(18)-мартта мурдагы падышанын бүткүл үй-бүлөсүн камакка алуу, мүлкүн мамлекетке тартып алуу жана өздөрүн атуулдук укуктардан ажыратуу тууралуу токтом чыгарган. Убактылуу Өкмөт да Петроград Кеңешинин чечимине каршы чыга албай, 7(20)-мартта мурдагы падыша Николайды жана анын жубайын эркинен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.

Могилёв шаарынан Царское Селого сүргүнгө айдалаарында, 8(21)-мартта, Николай Романов аскерлерге акыркы буйругун чыгарып, аскерлердин “Убактылуу Өкмөткө баш ийүүсүн” осуят кылган. Жумушчу жана жоокер депутаттардын Петроград Кеңешинин кысымы менен Убактылуу Өкмөт бул буйрукту жарыялоодон баш тарткан. Ошол эле күнү анын жубайы камакка алынган. Эртеси күнү, 9(22)-мартта мурдагы падыша Цасркое Селодогу сүргүн жайына карапайым гана “полковник Романов” катары жеткирилген.

(1918-жылы 16-июлдан 17сине караган түнү уралдык болшевиктер Екатеринбургда Ипатьев үйүнүн жертөлөсүндө мурдагы падышаны жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн жана аларды коштоп келген кызматкерлерин атып өлтүрүшкөн. 1991- жана 2007-жылдары алардын сөөктөрү шаардын сыртына жашыруун көмүлгөн жеринен табылган. Пост-советтик Орусияда алардын өлүмү менен байланыштуу тергөө иштери соңку ирет 2015-жылы сентябрда кайра жандандырылганы маалым).

Адабиятта бул ыңкылапты “кансыз өттү” деп баалагандар болгону менен, иш жүзүндө Петрограддын өзүндө эле 300дөй киши набыт болуп, 1200дөй киши жаракат алган. Балтия флотунда 100дөй офицер өлтүрүлгөн.

Убактылуу Өкмөт, аталышынан көрүнгөндөй эле, негиздөөчү жыйналышка чейин гана бийлик тизгинин өзүнө алууша тийиш болгон бийлик органы эле. Анын алгачкы төрагасы князь Г.Е.Львов 1917-жылдын июлуна чейин гана мамлекет башчысы болду. Андан соң, болшевиктер бийликтен сүрүп чыкканга чейин, бул жетекчи кызматты айтылуу А.Ф.Керенский аркалаган.

Айтмакчы, Мамдуманын депутаты А.Ф.Керенский Феврал ыңкылабы маалында бир эле учурда Мамдуманын Убактылуу Комитетине жана ал негиздеген Убактылуу Өкмөткө (юстиция министри катары) кирген жана Жумушчу жана жоокер депутаттрадын Петроград Кеңешинин алгачкы курамына да мүчө болуп, анын төрагасынын жолдошу (“товарищ”, б.а. орун басары) болгон. Өткөн декабрда жана февралдын башында эле Мамдуманын трибунасын пайдаланып, падышалык бийликти кулатуу керек деген оюн таасын билдирген бул инсан Феврал ыңкылабы күндөрү өзгөчө популярдуу болгон. Ал жарым-жартылай аскердик кийимди (френч) кийүү салтын да баштап берген (мындай жарым аскердик кийимди Сталин, Мао Цзэдун, Ким Ир Сен сыяктуу коммунист лидерлер да жактырышкан. Бул сыяктуу кийимдер алардын коом алдында карапайым жана “элдик көсөм” катары чыгып жатам деп маашырлануусуна өбөлгө болсо керек). Тийешелүү деңгээлде Керенский сыяктуу кишилер кош бийликке ич-ара данакер болуп, алардын өз ара тирешүүсүн басаңдатуу үчүн бири-бирине жеңилдикке баруусуна кыйла огожо болушкан.

Убактылуу Өкмөттүн негизги курамы өлкөдө парламентаризмге негизделген либералдык коомдук түзүлүштү жана Антанта менен согуштук өнөктөштүктү ырааттуу улантууну жактаган. Ал эми ага теңтайлаш чыккан Петроград Кеңеши болсо карапайым элдин тикелей бийлигин камсыз кылууну көздөгөн. Бул саясий жактан бири-бирине коошпогон эки башка агымдын тымызын жана ачык атаандашуусу жана тирешүүсү болшевиктердин лидерлеринин өлкөгө чет мамлекеттеги бозгунчулуктан кайтышы, сүргүндөн жана абактардан улам көбүрөөк бошотулушу менен ого бетер курчуган.

Кандай болсо да, Убактылуу Өкмөттүн бийликти расмий алышынан соң, орусиялыктардын басымдуу көпчүлүгү падышалык режимди ойрон болду деп санап калышкан.

Евразиянын эң ири аймагындагы мурдагы падышалык империянын мейкиндигин эми орусиялык ар кыл багыттардагы реформаторлор жана аларга каршы чыккан күчтөр улам жаңы сыноолорго кириптер кылышты.

Феврал ыңкылабынын эпкини жалпы дүйнө жүзүндөгү саясий картага да олуттуу бурулуш алып келди. 1917-жылы 1(14)-сентябрда Орусиянын Убактылуу Өкмөтү өлкөнү Орусия Республикасы деп жарыялаган токтомду кабыл алган. Ошентип, Негиздөөчү жыйналышка чейин эле өлкөгө республикалык башкаруу ыкмасы таңууланган.

Андан улам жана болшевиктер менен солчул эсерлердин ноябрда (эски жылнаама боюнча октябрда) бийликти басып алганынан соң, 1917-жылы 6-декабрда Финляндия өзүнүн Орусиядан көз каранды эместигин жарыялады.

1918-жылы Австро-Венгрия империясы Биринчи Австрия Республикасы, Венгр Эл Республикасы сыяктуу бир нече эгемен мамлекетке чачырап кетти.

1917-жылы Владимир Ленинге каржылык жана башка көмөк көрсөтүп, Финляндияга чейин коопсуз (экстерриториялык) темир жол вагонуна салып жеткирип берген кайзердик Германия империясы өзү да 1918-жылдын 4‑9-ноябрындагы ыңкылаптын жеңиши менен тарых чаңында калып, Веймар Республикасына (1919—1933) орун бошотту.

Ыңкылаптын саамалыктары жана тарых

Советтик адабиятта дүйнө жүзүндөгү XX кылымдагы көптөгөн бурулуш окуяларды көбүнесе болшевиктик Өктөбүр ыңкылабы менен байланыштыруу далаалаты жасалып келген. Иш жүзүндө 1917-жылы февралда (мартта) Орусияда падышалык режимдин кулатылышы жана көп партиялуулукка негизделген демократиялык республика түзүү далаалаты дүйнө жүзүндөгү коомдор тарабынан прагматикалык нук катары басымдуураак кабыл алынган.

Феврал ыңкылабынан соң социалисттик чөйрөлөр тарабынан коомчулукка “товарищ” сөзү массалык түрдө таңууланган. Бул термин орус сөз кампасына түрк-кыпчак тилиндеги “тавар” жана “эш” сөздөрүнөн (“тавар-эш” - бирдей товар саткан жана бири-бирине эш, үзөңгүлөш болгон соодагерлер маанисин берген) келип чыккан. Бул термин кыпчактардын тилин жана башка коомдук таасирин көбүрөөк өздөштүргөн казак-орустарда кеңири колдонулган. Айымдарга карата “товарка” термини колдонулганы маалым.

XIX к. ‑ XX кылымдын башында бул “товарищ” сөзү орусиялык социалисттер тарабынан гана эмес, анархисттер жана либералдар тарабынан да жигердүү колдонулуп, мурдатан орусиялык ак сөөктөр колдонуп келген иерархиялык тепкич чагылдырылган “таксыр” сыяктуу кайрылууларга салыштырмалуу таптакыр демократиячыл мүнөзү менен айырмаланган.

Феврал ыңкылабы орусиялык коомго кызыл желекти да таңуулаган. Албетте, элдик кыймылдардын символу катары кызыл желек дүйнөнүн көп мамлекеттеринде байыртадан бери колдонулгандыгы, 1871-жылы Париж коммунасы да бул түстөгү байракты колдонгону маалым. Бирок Орусияда бул түстөгү желекти болшевиктер гана эмес, социалисттер менен социал-демократтардын кеңири катмары, айрым анархисттер да колдонгонун калыстык үчүн айта кетүү абзел.

Албетте, Феврал ыңкылабынын “жыланды чала өлтүргөндөй” натыйжасы коомдогу ар кыл катмарлардын сарсанаасын гана пайда кылбастан, өз пайдасына жетүү үчүн жигердүүлүгүн да курчуткан.

Мурдагы жана заманбап тарыхнаамага келсек...

1936‑39-жылдардагы сталиндик репрессиялар маалында Феврал ыңкылабынын чыныгы тарыхый орду да “жазалоого дуушарланды” десек болот. Маселен, Петроград Кеңеши менен Убактылуу Өкмөттүн иштиктүү кызматташкан учурлары да арбын болгондугу, алардын консенсусунун негизинде бир катар социалдык-саясий маселелер орток чечилгендиги, ыңкылаптагы либерал-демократтар менен меншевиктердин жетекчилеринин багыттоочу ролу тууралуу сталинист-болшевиктерге жакпаган маалыматтарды советтик тарыхнаамадан табуу кыйын болгон. “Буржуазиялык-демократиялык баалуулуктарды жактаган” деген советтик тарыхнаамадагы жарлыктын айынан Феврал ыңкылабын жетектеген далай орусиялык залкар ойчулдар менен мамлекеттик ишмерлердин ысымдары көлөкөдө калтырылган же алардын ишмердиги айоосуз сынга алынган.

Анын үстүнө Ленин менен Сталиндин жеке керт башына сыйынуу доорунда бул эки ишмер тең чет жакада калган Феврал ыңкылабы анчейин кеңири даңазаланбашы керек болчу. Бул ыңкылап тек гана Улуу Өктөбүр социалисттик ыңкылабына карай жолдогу коштонду эпизод сыяктуу каралган.

1938-жылдан 1953-жылга чейин 67 тилде жалпысынан 42,8 миллиондуу нуска менен чыккан жана Сталин түздөн-түз редакциялап, кошумчалаган “ВКП(б)нын тарыхынын кыскача баяны” («Краткий курс истории ВКП (б)») окуу китеби Феврал ыңкылабынын тарыхын бир жактуу чагылдыруудагы башкы “Дамокл кылычы” болуп калган. Мында ар дайым ак, адилет караны, адилетсиздикти жеңет, коом ырааттуу түрдө формациялык тепкичтер аркылуу коммунизмдин дүйнөлүк жеңишине карай өсө берет деп каралган. Албетте, анын авторлору 1991-жылы алар кыялданган коммунисттик түзүлүш ички “ылаңдан” улам ойрон болоорун, пост-советтик Орусия Федерациясындагы коом кайрадан Феврал ыңкылабы көтөрүп чыккан баалуулуктарды – көп партиялуулукту, либералдуулукту, базар экономикасын калыптандырып кирээрин түшүндө да элестете алышмак эмес.

Ал эми Өктөбүр ыңкылабын ырааттуу жүзөгө ашырыла баштаган бүткүл орусиялык демократиячыл реформаларга бөгөт болуп калган төңкөрүш катары баалагандар үчүн Феврал ыңкылабынын көп партиялуу демократиячыл коомду куруу жолундагы тарыхый ролун өзгөчө бийик көтөрүү далаалаты мүнөздүү.

Кыргыз тарыхчылары эми бул жагдайларды эч канда цензурачыл кысым жок кырдаалда жаңыча иликтей башташты.

Кыргыз Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын былтыркы декабрдагы чечимине ылайык, 2017-жылы 9-мартта эртең менен Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйынканасында, Феврал ыңкылабынын 100 жылдыгына арналган илимий кереге кеңеш (тегерек үстөл баарлашуусу) өткөрүлдү. Ага илимпоздордон тышкары коомдук ишмерлер, публицисттер жана журналисттер катышты.

Албетте, ар кыл саясий жана философиялык көз караштарды туткан алатоолук тарыхчылар бул ыңкылап тууралуу бирдиктүү көз карашта болбой тургандыгы анык. Мунун өзү дурус нерсе: бир кылым илгерки окуяга таандык кээ бир маанилүү фактылар дагы эле архивдерден казылып чыгарыла элек эмеспи. Илимий-методологиялык усулдар да ар кыл. Айрымдар күнү бүгүнкүгө чейин советтик марксисттик көз карашта кала берсе, башкалары ар башка философиялык-методологиялык мектептерге жиктелип кетишкен. Демек, окурмандарга бир гана түшүнүктү таңуулабастан, ой-пикирлердин мозаикасын сунуштоо – бүгүнкү тарыхнаамадагы жетишкендигибиз. (Кереге кеңештин материалдары үстүбүздөгү жылы жарык көрмөкчү).

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG