Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Кубат бий: Улуттун улуу баатыры: Сүрөт баян

Кыргыздын кушчу уруусунан чыккан даңазалуу бий жана баатыр Кубат мырза XVIII кылымда жашаган. Анын шарттуу 220 жылдык мааракеси Кыргызстандын түштүгүндө Жалал-Абат облусуна караштуу Масы кыштагында өттү.

2017-жылдын 11-ноябрында (жетинин айынын 11инде) Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Ноокен районунун борбору Масы кыштагында кыргыздын кушчу уруусунан чыккан даңазалуу бий жана баатыр Кубат бийдин 220 жылдык шарттуу мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын жана башка маданий чаралар өткөрүлдү.
Жыйынды уюштуруучулардын бири Кубат бийдин урпагы Абдыракман Исаков жана журналист Эсенбай Нурушев бул мааракелик чараларды уюштурууда мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаковдун салымы да чоң болгонун белгилешти.
Жыйында сүйлөгөндөр кушчу уруусунан чыккан Кубат бий Калча уулу теги жагынан жалпы кыргыздын беги жана баатыры болгонун, ал Жуңгар хандыгынын баскынчылыгына каршы күрөш жүргүзгөн жана Фергана менен Кашкар өрөөндөрүндө кыргыз элинин биримдигин чыңдаган залкар мамлекеттик ишмер болгонун баса белгилешти.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG