Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:38

Кыргыздын кушчу уруусунан чыккан даңазалуу бий жана баатыр Кубат мырза XVIII кылымда жашаган. Анын шарттуу 220 жылдык мааракеси Кыргызстандын түштүгүндө Жалал-Абат облусуна караштуу Масы кыштагында өттү.

Баба арбагына багышталган жыйын

2017-жылдын 11-ноябрында (жетинин айынын 11инде) Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Ноокен районунун борбору Масы кыштагында Кубат бийдин 220 жылдык шарттуу мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын жана башка маданий чаралар өткөрүлдү.

Жыйынды уюштуруучулардын бири Абдыракман Исаков жана журналист Эсенбай Нурушев бул мааракелик чараларды уюштурууда өлкөнүн мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаковдун салымы да чоң болгонун белгилешти.

Жыйында сүйлөгөндөр кушчу уруусунан чыккан Кубат бий теги жагынан жалпы кыргыздын беги жана баатыры болгонун, ал Жуңгар хандыгынын баскынчылыгына каршы күрөш жүргүзгөн жана Фергана менен Кашкар өрөөндөрүндө кыргыз элинин биримдигин чыңдаган залкар мамлекеттик ишмер болгонун баса белгилешти.

Кубат бийдин доорун иликтөөдө кыргызстандык синолог Галина Павловна Супруненко, тарыхчылар Токторбек Өмүрбеков, Ташманбет Кененсариев, Кыяс Молдокасымов, санжыра изилдөөчүлөр Сапарбек Закиров, Сабыр Аттокуров, Рыскул Жолдошов, Темиркул Асанов, Кушубек Качибеков, ж.б. кыйла салым кошкон.

Кубат бийдин бейнеси Фергана, Памир, Алай, Теңир-Тоону байырлаган ар кыл кыргыз урууларынын санжыраларында мыкты чагылдырылган. Маселен, кытайлык кыргыз санжырачылары Үсөйүн ажы, Төлөк Төрөкан бул чыгаан бий жана баатыр тууралуу кыйла маалымат берет. Залкар манасчы Жусуп Мамайдын (1918-2014) энеси Бурул теги жагынан Кубат бийдин урпагы болгондугу да айтылып келет.

(Бурул эне кыргыздын черик уруусуна таандык сарча уругунан Сатылган дегендин кызы болгонун залкар манасчынын урпагы Тургунаалы Турсунаалы Мамай мага өз катында билдирди; дегиңкиси, Бурул эненин Кубат бийдин тикелей урпагынан болгонбу, балким, жээндеринен болгонбу, - муну тактоо маселеси дагы эле күн тартибинде турат.

Бизде сөзсүз эле залкардын урпагы катары өзүн же башка инсанды көрсөтүү далалаты кээде бурмалоого жол ачууда. А.Акаевди “султандын тукуму болчу” деп көшөкөрлөнө макала жазгандар да эсибизде).

Кубат бий жана анын доору тууралуу

Кашкар, Жаркен кыргыздарындагы XVIII к. кырдаал

XVIII кылымдын башынан тартып сопулардын кара тоолук (кашкардык) кожолорунун тарыкатынын жолбашчысы Даниял кожо Чыгыш Теңир-Тоо менен Ак-Тоонун кыйла бөлүгүн Жуңгар ханынын вассалы катары көзү өткөнчө башкарып турган. Жуңгар ханы Галдан-Цэрэн анын балдарын Жаркент, Кашкар, Ак-Суу жана Турпан шаарларынын улуктары кылып дайындайт. Бирок иш жүзүндө калааларда бийликти алар жүргүзгөн эмес. Коңтайшы кожолорду көбүнчө ордодо өзүнө жакын кармачу.

Кезинде Чыгыш Памирди (бул чөлкөмдү кытайлык кыргыздар “Ак-Тоо” дешет) бийлеген ак тоолуктардын жолбашчысы Абак бийдин урпактары Бурхан ад-Дин менен Хан-кожо да бийликке умтулуп турду. Жуңгар хандары буларды дагы хан сарайынан алыска чыгарган эмес. Диний мүнөздөгү ысхакийа жана ышкийа сопулук агымдарынын (тарыкаттарынын) экөө тең кыргыздардан жардам алууга ниеттенишип, алар менен аскердик байланышты чыңдоого аракеттенишкен.

Исхакийа сопучулук жамаатын XVII кылымдын башында Махдум-и Аззам кожонун (1542-жылы өлгөн) кенже уулу Ысхак кожо (1613-жылы өлгөн) негиздеген. Ысхакийа жамааты Ысхак кожонун агасы негиздеген Ышкийа жамааты менен теңтайлашып турган. Ысхакийа жамаатынын өкүлдөрүн «кара такыялуулар» же «кара тоолуктар» деп да аташчу.

Ал эми ышкийа сопучулук жамааты Махдум-и Аззам кожонун уулу Мухаммед Эмин кожо тарабынан уюшулган. Бул жамаат тарабындагыларды «ак тоолуктар» же «ак такыялуулар» деп аташчу. Жамааттардын Чыгыш Теңир-Тоо менен Чыгыш Памирдеги саясий бийликти эээлеп алуу үчүн жүргүзгөн өз ара күрөшү узакка созулуп, жергиликтүү уйгур, кыргыз, казак элдерин азапка салып, алсыратып турду. Ич ара ыйкы-тыйкы, жөнү жок атаандашып эрегишүү ойрот, манчжур баскынчыларына каршы жергиликтүү калайыктын бирдиктүү күрөшүн уюштурууга олуттуу кедерги болду.

1754-жылы Чыгыш Теңир-Тоодогу кара-тоолук кожолордун жол башчысы Жусуп кожо (Йусуф) айрым кыргыз урууларынын колдоосуна таянып, коңтайшыга баш ийүүдөн баш тартат. Жуңгар хандыгына каршы күрөштө ал ферганалык жана илелик кыргыздарга атайын кат жиберип, жардам сураган. Көп өтпөй Амир-Мырза баштаган кыргыз колу Куча шаары аркылуу Хотанга жете келип, мындагы ойроттордун абалын ого бетер оорлотту.

Ал эми Анжиян, Ферганадан жардамга келген ири кыргыз кошуунуна кушчу уруусунун улугу Кубат-Мырза (Кубат бий) Калча бий уулу колбашчылык кылган.

Жуңгарларга каршы биргелешкен жортуулда Жусуп кожо көз жумган соң, кыргыз бийлери анын балдарын колдобой, өз бетинче күрөштү улантышып, Кашкар, Жаркент ж.б. шаарларга кожоюндук кылышат. Жусуп кожонун мураскорлору менен болгон бийлик үчүн чатакта кыргыздар жеңип чыгышкан.

1750-жылдардын ортосуна карата мурдагы Жуңгар хандыгынын чыгыш жерин Кытайга биротоло караткан цин-манчжур төбөлдөрү кара тоолук жана ак тоолук (чыгыш памирлик) кожолордун ырбаган чыр-чатагын кылдат пайдаланып, ыркы бузулган эки топту бири-бирине каршы тукуруп турду.

Кыргыз-ойрот күрөшүнүн акыркы мезгили. Кыргыздар жана казактар. XVIII кылымдын орто ченинде теңир-тоолук жана анжиян-ферганалык кыргыздар менен казактардын жүздөрүнүн көз каранды эместик үчүн чечкиндүү күрөшү күчөгөн. Айрыкча Амурсана менен Даваци коңтайшынын Лама-Доржиге (Эрдэни-Лама-Батур; коңтайшы, 1749-1753) каршы биргелешкен күрөшүнүн учурунда, кийин Даваци менен Амурсананын өз ара бийлик талашкан чатактарынын тушунда Орто жүз казагынын султаны Абылай (1711—1781) Жуңгар хандыгынын саясий турмушуна аралашып турду.

Кыргыз урууларынын ойрот-калмак баскынчыларына каршы баатырдык күрөштөрү элдик эпос, дастандарда («Манас», «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза» ж.б.) чагылдырылып, санжыралык уламыш катары эл оозунда айтылып калган.

XVIII кылымдын 50-жылдарында ойрот урууларынын ордосунда ырк бузулуп, коңтайшы менен ордодогу таасирдүү нойондордун ынтымагы ыдырап, Жуңгар хандыгы алсырап калган эле. Көптөн бери Жуңгар мамлекетин басып алууну көксөп келген Цин-манчжур сулалесинин империясы үчүн өтө оңтойлуу кырдаал түзүлгөн.

1750-жылдардын аяк ченинде манчжурлар Жуңгар хандыгына жана Чыгыш Теңир-Тоо менен Тарим ойдуңунун башка аймактарына чечкиндүү жортуулдарды уюштуруп турду. Ойротторго каршы согушта Цин төбөлдөрү кыргыз, казактарды өз тарабына тартып, алардын колдоосуна ээ болууга нечен ирет аракет жасашат. Аларды Жуңгар төбөлдөрүнө каршы тукуруу менен манчжурлар жеңишти жеңилдетүүнү эңсешкен. Алар дипломатиялык айла-амалдарды да колдонгон.

Кийинчерээк, манчжурлардын өздөрүнө каршы күрөш башталганда кыргыздар Батыш Борбор Азия жана Чыгыш Теңир-Тоо элдеринин сабында каармандык менен кармашты. Ошол доордо эрдик көрсөткөн инсандар – Ички Теңир-Тоодон чыккан Мамаке Чыйбыт уулу жана Шопок Үркүнчү уулу болгон. Алар Чыгыш Теңир-Тоодогу жана Чыгыш Памирдеги манчжур аскерлерине каршы уруштарга катышып, эрдик көрсөтүшкөн. Алардын эрдиги “Мамаке-Шопок” баатырлык дастанында жана санжыралык аңыздарда чагылдырылган.

Жуңгар хандыгы 1758-жылга карата Цин аскерлери тарабынан биротоло талкаланат. Цин-манчжур баскынчылары ошол согушта мыкаачылык көрсөтүп, 1 миллионго жакын ойротту кары-жашына карабай аёосуз кырып салышкан.

Душмандын колунан кырылган ойроттордун эптеп качып кутулуп аман калгандары (20%) туш тарапка тарады. Батыш Борбор Азияга, Орусиянын ээлигине кире качкан калмактардын ичинен айрымдары Ферганадан, Батыш Теңир-Тоодон орун-очок алышат.

Ферганадагы XVIII к. саясий абал. Миң сулалеси негиздеген Кокон хандыгы жана түштүк кыргыздар

XVIII кылымда кыргыз эли зор аймакты ээлеп турган. Кыргыздардын ээлиги чыгышта Кашкардын түзөң бөлүгүнөн тартып, батышта Фергана өрөөнүндө Кожентке жана Жизакка чейин, түндүктө Талас, Чүй, Иле өрөөндөрүнөн түштүккө карай Памир, Алайга чейин созулуп жатчу. Кыргыз уруулары али бирдиктүү мамлекетке бириге албай, ири чөлкөмдө саясий жактан бытыранды бойдон кала бергенине карабастан, аларды «кыргыз» деген улуттук жалпылык айырмалап турчу, ошондуктан коңшулар да аларды уруусунан эмес, «кыргыз» улуттук атынан айырмалашчу (калмактарга удаа эле, манчжурлар да кыргыздарды «бурут» деп жалпылап аташкан).

Бирдиктүү бийлиги жок кыргыздар байырлаган ар башка жерлерге коңшу мамлекеттер ар дайым көз артып, анын бөлүгүн басып алууга умтулушкан. Андыктан XVIII кылымдын экинчи жарымында кыргыз элине жаңы душмандар менен жоолашууга туура келди.

Ошол кезде кыргыздардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп, Кыргызстанда өз таасирин орнотууга умтулган Цин-манчжур империясына каршы Тарим өрөөнүндөгү күрөшкө жана күчтөнө баштаган ферганалык чакан мамлекет - Кокон хандыгындагы саясий окуяларга кыргыздар жигердүү катышат.

Айрыкча ферганалык, алайлык, анжиян-аксылык жана теңир-тоолук кыргыздар көчмөн өзбектердин миң уруусу жана ферганалык кыпчактар менен бирдикте Кокондун тарыхында олуттуу рол ойногон.

Борбор Азиядагы ири мусулмандык мамлекеттердин бири болгон Кокон хандыгы XVIII кылымда түзүлөт. Оболу XVIII кылымдын башында Бухара эмиратынан Фергана чөлкөмү бөлүнүп кетет да, бул чөлкөмдө өз бетинче бийлик жүргүзгөн бир нече бектик пайда болот.

1710-жылы көчмөн өзбектердин миң уруусунан чыккан Шахрух бий кожолордон – сунний сопулук агымдардын өкүлдөрүнөн Фергананын бир бурчундагы бийликти тартып алып, хандардын жаңы сулалесин – Кокон хандыгын түптөй баштайт.

Полот хан (Молдо Исак Асан уулу)
Полот хан (Молдо Исак Асан уулу)

Кокон шаары өзү чеп-калаа түрүндө алгач Шахрухтун уулу Абд-ар-Рахим бийдин тушунда (1722-1734) түптөлөт. Көчмөн өзбектердин Миң сулалесинин өкүлдөрү борбору Кокон шаарында болгон хандыкты 1876-жылга чейин, т.а. хандык падышалык Орусиянын баскынчылары тарабынан биротоло жоюлганга чейин башкарып турган (Кокон хандыгынын эгемендиги үчүн акыркы кубаттуу көтөрүлүштү ферганалык кыргыз Молдо Исак Асан уулу - айтылуу «Полот хан» жетектегендиги – өзүнчө чоң сөз).

Ферганалык кыргыздар менен кыпчактардын көчмөн өзбектер менен теңтайлашуусу жана өз ара кызматташтыгы XVIII кылымда эле башталган. Кыргыздар менен кыпчактар бүтүндөй Ферганадагы жана көчмөн өзбектердин Миң сулалесинин ордо сарайындагы саясий окуяларга жигердүү катышып, ал түгүл кээде хандык тактынын тагдырын чечишкен.

Фергана чөлкөмүнүн Бухара хандыгынын карамагынан биротоло бөлүнүп чыгышы Кокон беги (ханы) Эрдене (Ирдана) бийдин (1751-1770) ишмердиги менен байланыштуу.

Кубат бийдин эгемен саясаты

1754-жылы, Бухара эмири Мухаммед-Рахим, Кокон эгеси Эрдене бий жана кыргыздын кушчу уруусунун улугу Кубат бий (Кубат мырза) Калча бий уулу тең укуктуу тектүү шериктер катары Оро-Төбөгө чогуу жортуул уюштурушкан. Ошондо Оро-Төбөнүн акими Фазыл бийге жан тарткан гиссарлык бек Мухаммед Эмин бий айла-амал колдонуп, алардын ортосуна от жагат. Айлакер бектин көксөгөн максаты ишке ашып, көп өтпөй шериктер бири-биринен кол үзүп, туш-тарапка тарап кетишти. Ошол кезде кушчу уруусунун журту Анжияндын айланасында башка кыргыз уруулары менен эриш-аркак кеңири өрөөндү камтып турган.

Эрдене бий менен мамилени үзгөн соң, Кубат бий Калча бий уулу өз алдынча элдин улугу, мырзалардын чыгааны катарында Чыгыш Памирде жана Чыгыш Теңир-Тоодо ак-тоолук кожолор тарабында Кашкардагы саясий окуяларга катышты.

Кубат бий бул аймакта башка да кыргыз урууларынын башын бириктирип бийлеп турган. Ошондуктан Кубат бий Калча бий уулу XVIII кылымдын ортосу - экинчи жарымындагы кыргыз уруу жолбашчыларынын эң атактуусу, көптү билген көрөгөчү, акылманы, коңшу элдерге аттын кашкасындай таанымал, кадырман мырзасы саналат.

Ал жалпы кыргыз калкынын келечеги үчүн кам көргөн. Кубат бий Кокон, Бухара, Кашкар акимдерине эч качан баш ийген эмес, аларга тең ата катары өз элине өз бетинче сурак жүргүзчү, коңшу өлкөлөр менен өз алдынча карым-катнаш жүргүзчү.

“Мажму ат-таварих” (Сайпидин Аксыкенти; XVI кылым) эмгегиндеги маалыматка караганда, Куу уулдун алты баласынын бири – Кушчу болгон. (Куу уулдун балдары – Басыз, Кушчу, Мундуз, Чоң багыш, Саруу, Сунжек кытай...

“Сиюй чжи” (“Батыштагы жерлердин сыпатталышы”) деп аталган жана 1763-70-жж. жазылган ханзуча кол жазмада кыргыздын тогуз-уул (то-го-со-хэ) түштүк бутагына (канатына) кыпчак, каратегин, багыш, адыгине, бөрү, найман, жору, төөлөс кирет; ал эми түндүк бутагына: саяк, сарыбагыш, кытай, кушчу, саруу, моңолдор, солто, ават, мундуз, басыз, черик кирет деп баяндалган. (Г.П.Супруненконун котормосу. // МИКК. – Б., 2003. – Т. 2. – Б. 81).

Маркум санжыра иликтөөчү, профессор Сапарбек Закировдун маалыматы боюнча (Кыргыз санжырасы, 1996, 238-бет), кушчу уруусунун ичинен жанкушчу уругунан чыккан Кубат бий бир мезгилде бүт кыргызды бийлеп, кыргыз атынан сүйлөп турган. (С.Закиров ушул эле жерде таластык кушчулардын ичинен Итим уулу Бүргө баатырды да эскере кетет).

Т.Кененсариев, Т.Өмүрбеков сыяктуу айрым азыркы кыргыз тарыхчылары Кубат бий көчмөн өзбек бийи Абд ал-Карим бий менен кошо Кокондун тең ата өкүмдары болгонун жазып келишет. (Т.Кененсариев, Т.Өмүрбековдун макаласы: Кыргызстандын тарыхы: 3 томдук. – Т. 2. – Б., 2016. – Б. 187). Алар Кубат бий кыргыздын сол канатынын кушчу уруусунан чыккан жана анын кыштоосу азыркы Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Ноокен районунун Сакалды жергесинде жайгашкан деп белгилешет (Ошондо эле. - 188-б.).

“Тарих-и Рахим-хани” (“Бухара ханы Рахим хандын тарыхы”) деген булакта Кубат бий “кыргыздардын падышасы” катары сыпатталган. Кубат бий Кытай манчжур мамлекетине өз атынан элчи жиберген. Мухаммад Садык Кашкаринин “Тазкира-йи азизан” эмгегинин маалыматына караганда, Кубат бий 1741-45-жж. жана андан кийинки жуңгарларга каршы күрөштө эрдик көрсөтүп, “бахадур бий” титулун алган. (Т.Кененсариев, Т.Өмүрбековдун макаласы: Кыргызстандын тарыхы: 3 томдук. – Т. 2. - 188-б.)

Санжыра иликтөөчү Кушубек (Кушан) Качибековдун маалыматына караганда, Кубат бий Калча бий уулу 1710-жылдардын тегерегинде Чыгыш Фергананын тоолуу аймагында, ал түгүл Алайдын Кичи-Дара айылында туулуп, болжол менен 1770-жылдары өлгөн (Караңыз: Кубат бий (Хан Кубатбек): Тарыхый, адабий даректүү жыйнак / Жыйнап, басмага даярдаган Кушубек Качибеков (Кушан). – Бишкек: Мега Формат, 2017. – 92 бет. – ISBN номуру жок. – Б. 3-12).

Кубат бийдин өлтүрүлгөн мезгилин тактоого көз каранды эмес үчүнчү тараптын булагы, тактап айтканда, ханзу тилиндеги тарыхый булактар олуттуу көмөк кылаарын баса белгилейбиз.

Айтылуу кыргызстандык синолог, кыргыз таануу жаатындагы устатыбыз, Галина Павловна Супруненко “Пиндин чжунгээр фанлюэ” (“Жуңгариянын тынчытылышынын баяны”) деп аталган жана Бээжинде 1772-74-жж. жарыяланган эмгектин айрым бөлүктөрүн орусчага которгону маалым.

Бул “Пиндин чжунгээр фанлюэ” (“Жуңгариянын тынчытылышынын баяны”) эмгегинин “Чжэнбянь” (“Негизги баяндоо бөлүмү”) деген бөлүмүнүн 58-бабында 1758-жылдын, 7-айына таандык окуялар айтылганда мындайча саптар бар:

“Былтыр (б.а. 1757-жылы. – ТЧ) жазында бурут беги Хугуа Г.П.(Супруненко аны “Кубат” деп оңдойт), - бул бек Кашкардын төбөлү болчу жана кол астында миң түтүн (“үй-бүлө”) бар эле, - Хоцзичжань (Кожо-Жахан) буруттардын чоңбагыш жана кыпчак урууларын тоноп салганына байланыштуу, ага шектенип мамиле кылды да, өзүнө букара болгондорду жетектеп, кайрадан буруттарга кайтып кетти. Борониду (б.а. Кожо Жахандын бир тууганы Бурхан ад-Дин. – Т.Ч.) уруш баштоодон коркуп, анын артынан куугун жиберген жок”. (Караңыз: МИКК. – 2003. – Т. 2. – Б. 98).

Мындагы көңүл бөлчү жагдайлардын бири – Кашкардын беги болгон Кубат бийдин Чыгыш Теңир-Тоодогу чоң багыш жана кыпчак сыяктуу башка кыргыз урууларына болушкандыгы жана анын өзүнүн теги бул кытайлык булакта “бурут” (“кыргыз”) катары жалпы улуттук аталыш менен айырмаланып белгиленгендиги.

Г.П.Супруненко “Дай цин личао шилу” (“Улуу Цин сулалесинин бардык өкүмдарларынын башкаруу мезгилинин хроникасы”) деп аталган XVIII к. тарыхы боюнча булактын үзүндүлөрүн да орусчага которгон.

Бул эмгектин 676-бабында 1762-жылдын 12-айындагы окуялар да камтылат.

17а барактын котормосунан үзүндү:

Андан ары императордук жарлыкта айтылат.

“Юн Гуй кабарлаганга караганда, кокондук Эрдене бек өз элчисин кат менен жөнөтүп, ал катта мурдагы жана учурдагы иштер камтылган экен. Маселен, буруттардын кушчу уруусунан Куват – мурда Кашкардын акими болчу. Андан соң ал Эрдене тарабынан өлтүрүлгөн...

Дагы бир жагдайды алсак, мисалы, Ош – буруттардын байыркы жери. Эрдене болсо аны (Ошту. – Т.Ч.) өзүнүкү кылып алуу үчүн шылтоо издеп жатат...”

(Мындагы көңүлгө алчу жагдайлар: Оштун айланасы кыргыздар тарабынан көзөмөлгө алынгандыгы жана кытайлык тарыхчы тарабынан Оштун “байыртадан эле кыргыздардын жери болгон” деген көз караш айтылгандыгы. - ТЧ). (Караңыз: МИКК. – 2003. – Т. 2. – Б. 162-163).

Жыйынтыктасак, Кубат бий – XVIII кылымдын ортосунда кыргыз мамлекетин түзүүгө далалат кылган залкар саясатчы болгон. Ал, кытайлык “Дай цин личао шилу” (“Улуу Цин сулалесинин бардык өкүмдарларынын башкаруу мезгилинин хроникасы”) булагынан ачыкталгандай, 1762-жылы же андан саал мурдараак кокон беги Эрдене тарабынан өлтүрүлгөн. (Акчал Атагуловдун жазышынча, Кубат бий 1762-жылы кокон беги тарабынан уу берип өлтүрүлгөн). Демек, Кубат бийдин 1762-жылдан кийин да жашагандыгы тууралуу айрым санжыралык маалыматтар чындыкка коошпойт.

Кубат бийдин сөөгү кайсы жерде коюлгандыгы белгисиз (кытайлык кыргыздар аны Улуу-Чатта коюлган дешсе, ферганалык кыргыздар Алайда же башка жайда коюлган деп жоромолдошот).

Кубат бий тууралуу маалымат Кыргызстандын заманбап окуу китептеринде да байма-бай чагылдырылып келет. (Караңыз: Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстан тарыхы: IX – XVIII кк.: Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 7-класстары үчүн окуу китеби. – 3-басылыш. – Б., 2017. – 192 б. – Жооптуу ред. Т.Кененсариев, М.Иманкулов. – Б. 155, 163, 167-169).

Кубат бийдин урпагы Абдыракман Исаков.
Кубат бийдин урпагы Абдыракман Исаков.

XVIII кылымдын экинчи жарымында кокондуктар менен өз алдынча карым-катнаш жүргүзүп, эл башында туруп, даңкы далайга кеткен кыргыз төбөлдөрүнүн бири, кыргыздын адигине уруусунан чыккан Ажы бий улуу замандашы жана үзөңгүлөшү Кубат бийдин эгемендик саясатын анан ары уланткан.

Кубат бий тууралуу заманбап Кыргызстандын ар кыл жамаагаттык жана илимий-жамаагаттык китептеринде жана энциклопедияларында, ошондой эле көркөм чыгармаларында арбын маалымат камтылууда.

Бирок, адистер калыс белгилегендей, анын доору тууралуу кыргыз санжыраларынан тышкары кытай (ханзу), орток чагатай түрк, фарсы жана башка тилдердеги булактарды мындан ары да калыс жана ар тараптуу изилдөө парызы дагы эле моюнда турат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG