Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Энесай кыргыз каганаты. Ажо жана Ынал. Ажэ жана Ажы.


Тамга-Таштагы аска сүрөттөрүнөн. Кара-Тоо. Баткен району, Баткен облусу. 16.04.2016.

Азыркы кыргыз адабиятында "Энесай кыргыздарынын мамлекет башчысы “ажо” деп аталган" деген пикир арбын кезигет. Чын эле ушундайбы? Чыгыш таануучу Рысбек Алимов кыргызда “ажо” деген титул болгон эмес деген илимий пикирди тастыктайт. Андай болсо, “аже” сөзүнүнсөзүнүн төркүнү каякта?

Жакында электрондук дарегиме абдан кызыктуу кат келди. Аны Түркиянын Измир шаарында жайгашкан Катиб Челеби атындагы университетте иштеген теги кыргыз окумуштуу Рысбек Алимов мырза жолдогон экен.

Анын катын толук талдоо үчүн башка да бир нече китепти окууга туура келди. Акыры, анын оюна муюп, ушул чакан пикиримди ортого салууну чечтим.

“Ажо” эмес – “ынал”

Заманбап көркөм жана илимий адабиятта "Энесай Кыргыз каганатынын өкүмдарын (каганын) "Ажо" деп аташчу", - деген пикир көп учурайт.

Рысбек Алимов мырза “А-жо” термини (бул термин 阿 (ā) жана 熱 (rè) деген эки башка иероглифтик белгиден турат) Кытайдын Тан сулалесинин доору чагылдырылган расмий жылнаамалардын ичинен үч гана тарых китебинде учурагандыгын белгилейт.

Маселен, бул сөз Сун сулалеси доорунда Йүе Ши жазган “Тай пиң хуан йу чи” (“[976-983-жылдардагы] Тай пиң доорунун жалпы (универсалдык) географиясы”, Taiping Huanyu Ji; 976–984-жж.) деген тарыхый географиялык маалымат камтылган чыгармада үч жолу, Сун сулалеси доорунда авторлор тобу тарабынан жазылган “Шин таң шу” (“Таң сулалесинин жаңы тарыхы”, Xin Tang Shu; 1060-ж.) тарых китебинде он беш жолу жана Сыма Гуан жазган “Цзы чжи тун цзянь” (“Башкарууда көмөк кылуучу жана бардыгын камтыган күзгү”, Zi Zhi Tong Jian; 1084-ж.) китебинде эки ирет учурайт.

Бул термин тууралуу көптөгөн кыргыз калемгерлери эч кандай далилсиз эле жоромолдор жазып келишет. Көбүнесе, алар бул сөз кыргыздын “ажо” деген титулун билдирген деп түкшүмөлдөшөт.

Ал түгүл 1990-жылдарда ал кездеги президент Аскар Акаевди “биздин ажобуз” деп атап жиберген калемгерлер да болгон.

Айрым окумуштуулар буга чейин эле ханзу иероглифи менен берилген кош белгини “а-жо” катары окуу туура эмес деп белгилешкен. Алардын айрымдары бул сөз "эдиз" сөзүнүн кытайча иероглиф аркылуу берилиши болсо керек деп да жоромол кылышкан.

Жаш кыргыз илимпозу, чыгыш таануучу Рысбек Алимовдун пикиринде, бул "а-жо" деген сөз Кытайдын Тан сулалеси доорундагы жазмаларда учурайт жана бул сөздү "ынал" деп гана окуу туура болоор эле.

Бул термин кыргыздар Уйгур каганатына убактылуу көз каранды болуп калган учурда, б.а. убактылуу гана, сырт жактан кыргыздарга таңууланган. Ошондой убактылуу доор Билге каган (Ay täŋridä ülüg bulmïš alp qutluγ uluγ bilge qaγan; 795–805) Уйгур каганатын бийлеп турган мезгилге гана тийешелүү,деп санайт Рысбек Алимов.

(Караңыз: Alimov, Rysbek. On The Yenisei Kirghiz Title Ā-RÈ // Acta Orientalia Academiae Scientiarum Hungaricae. ‑ Akadémiai Kiadó, Budapest. ‑ Volume 69 (3), (2016). ‑ P. 265-283. – URL: http://www.akademiai.com/toc/062/69/3 )

Албетте, Рысбек Алимов мырза калыс белгилегендей, “а-жо” терминин “ынал” катары окуу тууралуу сунушту алгач орус чыгыш таануучусу жана кыргыз таануучу Сергей Евгеньевич Яхонтов (1926-жылы 13-декабрда Ленинградда туулган) илим чөйрөсүнө киргизген жана аны айрым чыгыш таануучулар колдоого алган.

Жыйынтыктасак, С.Е.Яхонтов сунуштаган жана Р.Алимов тастыктаган илимий пикирди кабыл алчу болсок, анда ханзу жылнаамаларындагы "а-же" сөзүн "ынал" титулу деп гана окуу зарыл.

Энесай Кыргыз каганатынын мамлекет башчысы “каган” деген гана титулга ээ болгон (711-жылга караган кышта баатырларга курман болгон кыргыз өкүмдары Барсбек да “каган” титулуна ээ болгону тарыхта маалым). Ал эми Энесайдагы бул каганат Уйгур каганатына убактылуу көз каранды болгон учурда Уйгур каганатынын каганы текеберлик менен кыргыз өкүмдарынын даражасын төмөндөтүп, “ынал” деп атагандыгын айта алабыз.

Албетте, сырт жактан, б.а. уйгур каганы тарабынан таңууланган “ынал” сөзүнө макул болбостон, кыргыз каганы мамлекеттик толук эгемендик үчүн күрөшүн үзгүлтүксүз уланткан. 820-840-жылдардагы Ички Азиядагы узакка созулган согуш акыры Орхондогу Уйгур каганатын ойрон кылуу жана Түштүк Сибирде, Ички Азияда жана Борбордук Азиянын чыгышында Улуу Кыргыз каганатын түптөө менен аяктаган. Бул улуу доорду академик В.В.Бартольд “Кыргыздын улуу дөөлөтү” (“Кыргызское великодержавие”) деп атаса, археолог Ю.С.Худяков “кыргыздын орто кылымдардагы тарыхындагы жылдызга кол сермеген саат” (звездный час”) катары сыпаттаган.

“Аже” эмес” – “ажы”

Жогорудагы “ынал” термини тууралуу корутундудан улам, кыргыз тилиндеги бир ылакап сөздү кайрадан териштире кетүү ылайык болуп турат.

XX кылымда арбын колдонулган ылакап сөздөрдүн бири – “кой дээр кожо жок, ай дээр аже жок" сөзү.

Мындагы "аже" термининин, демек, Тан сулалесинин мезгилине таандык "а-жо" (阿 熱) деген ханзулук транскрипциялык кош иероглиф белгисине эч кандай тийешеси жок. Себеби бул кош иероглиф таптакыр “а-жо” деп окулбашы керек болгон соң, “ажо” сөзү “биздин фольклордо сакталган” деп далилдеш үчүн эле жасалма түрдө, б.а. курулай эле бул сөздүн “кулагын чоюунун”, “А+Ж+?” сөзүндөгү акыркы үндүү тыбышты “е” тыбышына оңдоп бурмалоонун эч кажети жок.

Андай болсо, “аже” деген сөздү фольклордук мурасты иликтеген адабиятта туура эмес түшүндүрүп жатабызбы?

Эгерде “А+Ж+?” терминин эптеп “ажо” сөзүнө жакындаштырыш үчүн үчүнчү тыбышты бурмалап жазып алган болсок, анда бул сөздүн нагыз түрүн, туура түрүн таба алабызбы?

Биздин оюбузча, бул ылакап сөздү теңир-тоолук, памирдик жана ферганалык кыргыздардын исламга кирген дооруна гана байланыштырып: "Кой!" дээр кожо жок, // "Ай!" дээр ажы жок", - деп оңдоп окусак тарыхый чындыкка төп келээр эле.

"Ажы" сөзү да, "кожо" сөзү да Теңир-Тоо, Каракорум, Памир, Фергананы байырлаган мусулман кыргыздардын адабий тилинде жана фольклордук мурасында арбын колдонулуп келет.

“Аже” сөзү болсо, пикирибизде, алиги "Кой!" дээр кожо жок, // "Ай!" дээр ажы жок" деген ылакап кептин бурмаланган бир вариантында гана кезигет. Мындан ары бул ылакаптагы талкууланган талаш-тартыштуу сөздү “ажы” деп гана колдонуу ылайык деп санайбыз.

Ажылар менен кожолор качантан бери кыргыздарда кадырлуу болгон?

Кыргыз элинин X кылымдан тартып бир нече баскычта исламга кирген теңир-тоолук, памирдик жана ферганалык бөлүгү орто кылымдарда ар кыл сопулук (суфийлик) агымдардын жетекчилеринин - кожолордун жана Мекеге ажыга барып келген мартабалуу кишилердин сөзүн муюп уккан.

Кожолор менен ажылар советтик атеисттик коомдун дооруна чейинки заманда чынында да кадыр-барктуу саналган.

Кара-тоолук (Чыгыш теңир-тоолук, кызыл-суулук) жана ак-тоолук (чыгыш памирдик) кыргыздар ышкиййа жана ысхакийаа деген сопулук тарыкаттардын кожолорун, Жааңгир кожо сыяктуу инсандарды колдогон же алардын саясий багытына каршы күрөшкөн кезең тарыхта дурус эле катталган.

Азыркы тапта Кыргызстандагы, КМШдагы жана Кытайдагы такыба мусулман кыргыздардын ичинде кожолорго карата ар кыл мамиле байкалат (алардын сопулук агымдары коммунисттик доордо дээрлик ойрон болгон).

Ал эми Мекеге ажыга барып, зыярат кылып келгендерге карата өзгөчө урмат кылган мамиле, - Мекеге баргандан кийин деле жосунсуз жорук кылган айрым пенделерге байланыштуу бирин-экин чектен тыш мисалды эске албаганда, - жалпысынан, дагы эле мусулман кыргыз коому үчүн күчүндө кала берүүдө.

Айтмакчы, Түштүк Сибирдеги Энесай кыргыздары, Монголиядагы (Кыргыз-Нордогу ж.б.) кыргыздар, Жунгариядагы Тарбагатай кыргыздары жана Манчжуриядагы Фу-йү кыргыздары Улуу жибек жолу аркылуу мусулмандар менен тарыхый-маданий алака жүргүзгөндүгү, бирок ислам динине кирбегендиги тарыхыбызда белгилүү.

Демек, "Кой!" дээр кожо жок, // "Ай!" дээр ажы жок" деген ылакап сөздүн маңызы калайык муюп пикирин уккандай эч бир беделдүү инсаны, айдыңы жок учурду, кайсы бир топтогу ар ким оозун карабай оттоп сүйлөгөн жана ар кыл тартипсиздикке жол койгон, руханий жакырчылыкка кептелген анархиялык турумду сыпаттоо менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG