Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНДА УКУК ТАРТИБИ КАТААЛ БОЛГОН


Кытай жазма булактарында Кыргыз өлкөсүндө укуктук тартип катуу сакталгандыгы кабарланат. Мамлекеттик маанилүү тапшырмалар аткарылбай, же курулай чуру-чуу, бүлүк салгандарга катуу чара көрүлгөн.

Мамлекеттин өз алдынча өрчүп, өнүгүшү жана коңшулары тарабынан таанылып кадыр-барк алышы ириде өлкө ичиндеги темирдей тартип менен укук маселесинин сакталышына байланыштуу. Дүйнөлүк тарых тажрыйбасы көрсөткөндөй өлкө ичинде тартип сакталып, мыйзам келиштирилмейинче жана укук маселеси корголмоюнча мамлекетте ырашкерчилик да болбойт, аны жакынкы коңшулары да таназарына албайт.

Кыргыз каганатынын орто кылымдагы кубаттуу мамлекеттер арасына кирип, ошол убактагы Чыгыш дүйнөсүнүн күчтүү өлкөлөрүнөн болгон – Кытай, Тибет, Бактрия, Түрк жана Уйгур каганттары менен мамилеге келиши, кыргыздардын ички биримдигинен жана дөөлөт куруу салт шаанисинен кабар берет. Кытай авторлорунун кабарлоосуна ылайык, Кыргыз каганатынын мыйзамдары айрыкча катаал болгон. Согуш алдында чуу чыгарган, элчилик милдетти аткарбаган, өкүмдарга жаңылыш кеңеш берген жана уурулук жасаган адамдардын башы алынган.

Жазма булак маалыматы көрсөткөндөй, Кыргыз каганатында төрт багыттуу укуктук мыйзам иштелип чыккандыгы маалым болот. Биринчи багыттагы мыйзам маселеси, мамлекеттин ички бейпилдигин коргоого арналган. “Самарканддан саман учту” – деп жалган сүйлөп калк арасында куру бекер чуу чыгаргандар менен чыр дегенде чыналган күйдүргүлөргө каршы мамлекет чечкиндүү чара көргөн. Экинчи маселе, Кыргыз каганаты тышкы байланышка айрыкча маани берип, жакынкы коңшулары менен жакын мамиле кура билгендигине байланыштуу. Кыргыз өкүмдарлары тышкы дипломатиянын аркасы менен Борбордук Азиядагы кубаттуу мамлекеттер арасына кошулууга мүмкүндүк алган. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Кыргыз каганаты ошол убактагы көчмөн талаанын саясатына аралашкан жана ага таасир тийгизе алган бирден-бир түндүк өлкөсү болгон. Үчүнчү маселе, өкүмдардын жеке адамдык касиети менен ага ыйгарылган бийликти колдонуу дарамети жана башкаруучунун жанындагы кеңешчилердин адистик деңгээлине байланыштуу. Дал ошол көрсөткүчтөр ийкемдүү жүзөгө ашырылган күндө барып, мамлекеттин кубаты артат жана анда жашаган адамдардын мартабасы көтөрүлөт. Кыргыз каганатындагы өкүмдарга жарамсыз кеңеш берген адамдардын өлүм жазасына тарылышы, мамлекетте ыраттуу саясат жүргүзүлбөгөндүгүнөн кабар берет. Төртүнчү багыт болсо – ууру, кескилик, же азыркыча айтканда коррупция маселесин кучагына алат. Кыргыз каганатында ууру-кескилерге каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлгөн. Башка элдин өкүлү кыргыздардын малын уурдап кыянатчылык жасаса ал кармалып кулга айландырылган. Ал эми кыргыздар арасынан чыккан ууру болсо, анын башы алынган. Кесилген баш чынжырга тагылып ал уурунун атасынын мойнуна асылган. Мындай адам абийир жазасын өмүрүнүн акырына чейин көтөрүп жүргөн.
XS
SM
MD
LG