Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:32

ГАРДИЗИ ЖАЗГАН КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИ


Орто кылымдагы кыргыздардын мекени туурасында ар кандай маалыматтар айтылганы белгилүү. Анткен менен 11-к. аалымы Гардизинин кыргыз жергеси туурасында жазган кабары тактыгы жана көркөмдүүлүгү менен айырмаланат.

XI к. аалымы Абу Саид Гардизинин “Зайн ал-ахбар” чыгармасында кыргыздарга барчу жол кең кесири баяндалат. Гардизинин айтымында, “Кыргыздарга алып барчу жол тогузгуз өлкөсүнөн башталат. Чинанджкеттен Хасанга, Хасандан Нухбекке, андан ары Кемиз Артка бир-эки айлык жол жайкалган шалбаа аралап, андан кийинки беш күндүк жол чөлдү аралап кетет. Кемизден Манбеклуга чейин эки күнчөлүк жол тоолорду аралай өтүп, андан ары токой, талаа башталып, тунук булактар менен аң улоо жайы Манбек-лу тоосунда орун алган. Манбек-лудан кийин Көгмен башталат. Жол бою жайыттар, туптунук булактар жана толгон токой кайберен-кийиктер менен коштоло жүрүп, Көгменге чейинки төрт күнчөлүк жол мына ушундай ажайып аралай уланат. Тоосу бийик, анда дарек көп, жолу тар. Көгменден турагына чейин жети күнчүлүк жол; багыт алган сапар малаа жана шалбаа аркылуу өтүп, жолго ажайып булактар кездешет; чытырман токойдон душмандар ал жакка бара алышпайт, кыргыз турагына чейинки жол кадимки эле чер токойдой. Мында, өлкөнүн ыңгайлуу жана ашкан ажайып төрүндө Кыргыз хаканын согуш ордосу жайгашкан. Бул жерге алып барчу үч жол бар. Андан башка өтмөктөр бийик тоолор жана чытырман токой менен курчалган. Үч жолдун бири, түштүктү карай тогузгуздарга, башка жол – батыштагы халлух жана кимактарга, үчүнчүсү – талаага, үч айлык алыстыкта жайгашкан чоң уруу фуриге алып барат, - деп жазган XI к. аалымы Абу Саид Гардизи.

Илимпоздордун белгилөөсүнө ылайык Гардизинин кыргыз мекени туурасындагы маалыматы VIII-IX кк. даректерге таянып жазылып, Кыргыз каганаты ээлеген аймак, кадимки Улуу Жибек жолунун түркүн таралыштары эсептелген – “кыргыз жолу” “талаа жолу” жана “нефрит жолунун” тоомунда жайгашкан. Түндүктү карай кетчү негизги багыт Турфандан башталып – Монгол Алтайы аркылуу Танну-Ола же Манбек-луга жетип, андан Саян же Көгмен тоосу аркылуу өткөн. Айрым окумуштуулардын жазма даректерде кездешкен “Кемиз-артты” тарбагатай кырка тоосунун түштүк тарабына жайгаштырышы ишеним туудурбайт. Эгер “Кемиз-арт” Тарбагатай кырка тоосунун түштүк тарабында орун алса, анда кербен багыты Дзосотын-Элисун чөлүн батыш тарабынан айланып, ашыкча жолду басып калышмак. Гардизинин “Зайн ал Ахбарында” белгиленгендей кыргыздарга кетчү жол “беш күн чөл аркылуу өткөн”. Ошондуктан Кыргыз каганатына багыт алган кербенчилер, саякатчылар жана Орто Азия өлкөлөрүн, Тибет элчилери Жунгариянын чыгыш тарабынан өткөн жолду пайдаланышы чындыкка жакындай сезилет.

Демек, Кыргыз каганаты ээлеген аймак Түштүк Сибириядагы Минусин өрөөнүндө орун алып, мында кыргыздар чарбасын чыңдап, Борбордук Азиядагы орошон окуяларга катышып турушкан.
XS
SM
MD
LG