Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Жусуп Мамайдын дастанда калган өмүрү


Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын жарнагындагы сүрөт. Нарын ш. 29.5.2015.
Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын жарнагындагы сүрөт. Нарын ш. 29.5.2015.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай (1918-2014) көөнөрбөс мурас калтырган ары дастанчы, ары санжырачы, ары агартуучу, ары коомдук ишмер, ары элдик дипломат болчу. Кулжа (июн) айынын 1инде анын дүйнөдөн өткөнүнө бир жыл болот.

Манас таануучулардын Нарындагы шеринеси

Үстүбүздөгү, 2015-жылдын бугу (май) айынын 29-30унда Кыргызстандын Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде жана башка жайларда Жусуп Мамай атабыздын залкар мурасын изилдөөгө арналган Экинчи эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын жана анын элесин эскерүүгө арналган башка маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Ага кыргызстандык окумуштуулардан тышкары Кытай Эл Республикасынан жоон топ манас таануучу адистер, айдыңдар келип катышты.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов ачты.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов ачты.

С.Нааматов атындагы НарынМУдагы бул илимий-тажрыйбалык жыйын жана башка эскерүү иш-чаралары залкар манасчы Жусуп Мамайдын дүйнөдөн өткөн күнүнүн бир жылдыгынын алдында уюштурулгандыгы да символдук мааниге ээ.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов ачты. Жыйын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин куттук сөзү окулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фондуна бул жыйындын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын өкүлдөрү, Нарын облусунун, Ат-Башы жана Нарын райондорунун акимчиликтери (Ат-Башы акими Жакыпбек Субакожоев), “Диалог Евразия” коомдук фонду, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи, М.Өмүракунов атындагы фонд, “Кыргыз Тарых Коому” бирикмеси, Нарын мамлекеттик университетинин ректораты, К.Мамбеталиева атындагы облустук этнографиялык музей, “Черик Ата” коому, Казыбек жана Ак-Талаа айылдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Ажыбек Ыбышов, Эмил Өмүракунов, Кубан Абылов, Мирбек Султангазы уулу Темиров, Султан Кандыбаев, Сыдык Иманалиев, Гүлжамал Эсеналиева, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Абдалиева ж.б. атуулдар ар кыл көмөк көрсөтүштү.

Экинчи эл аралык илимий жыйында манас таануу көйгөйлөрү ар тараптуу талкууланды. Жыйында кыргыз дастандарын башка тилдерге которуу маселелери да козголду. Маселен, КЭРдеги Ак-Чийден келген композитор Мамбетжума Мамбетакун мырза "Манас" дастанын кыргызчадан башка тилге которууда манасчылар айткан кубаттуу, жеңил музыкалык ыргак да, динамика да сезилгендей болсо жакшы болоор эле деп айтты.

Бээжинден келген профессор Адыл Жуматурду.
Бээжинден келген профессор Адыл Жуматурду.

Бээжинден келген профессор Адыл Жуматурду да котормону түп нуска текстке төп жүзөгө ашыруу керектигин белгилеп, айрым кызыктуу мисалдар келтирди. Ал башка да кытайлык кыргыз дастанчылардын эмгектерин айтып өттү.

Жалал-Абат шаарындагы университеттерден келген илимпоздордун сунушуна ылайык, Жусуп Мамайдын мурасына арналган Үчүнчү эл аралык илимий жыйын келээрки (2016-) жылы кулжа (июн) айында Жалал-Абатта өткөрүлө турган болду.

Данакер коомдук ишмер жана Кыргыз Баатыры

Маркум Жусуп Мамай (1918-2014; башка маалыматта 1916-жылы туулгандыгы айтылат) манасчы гана эмес, кыргыз маданиятын жана тарыхын терең иликтөөгө чакырган, азыркы Жуңго (Кытай Эл Республикасы, КЭР) менен эгемен Кыргыз Республикасынын өз ара алакаларын чыңдоого жекече салым кошкон данакер коомдук ишмер да болгон. Ал КЭРдин ичинде да этностор аралык маданий карым-катнашты бекемдөөгө салым кошкон.

Жусуп Мамайдын өмүр бою жүргүзгөн чыгармачыл ишмердиги, манасчылык өнөрүн сактап, урпактарга андан ары өнүктүргөн иш-аракети Кытайда гана эмес, Ала-Тоодо да жогору бааланып келди.

2014-жылдын бугу (май) айынын 30унда, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, улуу «Манас» эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн манасчы Жусуп Мамайга «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

Профессорлор Макелек Өмүрбай, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун тастыктагандай, Кыргыз Эл Баатыры (Ала-Тоодогу “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы калайыкта ушундайча айтылат эмеспи) наамын залкар манасчы атабызга бугу (май) айынын 30унда кечкурун айтышкан.

Менин билишимче, бул наамды ыйгаруу чечими Ак Үйдө 2012-жылдан тартып эле даяр болгон, бирок мамлекет башчынын Жусуп Мамай атабыз байырлап келген Ак-Чий шаарына болжолдуу сапары коопсуздук жана башка себептерден улам КЭР бийлиги тарабынан улам кечеңдетиле берип, акыры наам берүү тууралуу тийешелүү жарлык былтыр бугу айынын 30унда чыгып отурат.

Ошентип, Жусуп Мамай чет өлкөлүк кыргыздардын ичинен алгачкы жолу бул эң жогорку наамга татыган инсан болуп калды.

Көөнө тарыхтын жарчысы

Жусуп Мамайдын чыгармаларында кыргыз тарыхынын байыркы жана орто кылымдардагы доорлорунун урунттуу учурлары элибиздин орток тарыхынын бөлүгү катары арбын чагылдырылган. Себеби Жусуп Мамай бабалардын Борбордук жана Ички Азиядагы, ошондой эле аларга жамаатташ Түштүк Сибирдеги көөнө тарыхын кастарлап үйрөнгөн инсан эле.

Жусуп Мамай Ак-Чийде (архивден).
Жусуп Мамай Ак-Чийде (архивден).

Тээ 1980-жылдары Кыргызстандын расмий бийликтери жана расмий тарыхчылары Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын “азыркы теңир-тоолук кыргыздарга эч тийешеси жок тарых” деп “жерип” турган чакта, Жусуп Мамай Энесай өрөөнүн кыргыздын тарыхый бешиги катары даңазалаган.

“Уламадан уласак,

Улуулардан сурасак,

Мурунку өткөн чактарда,

Батыш, түндүк жактарда,

Энесай деген жер болгон,

Жери сонун кең болгон...”

2014-жыл эгемен Кыргыз жумуриятында “мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы” катары белгиленди. Азыр - көөнө тарыхка карата жаңыча аңдоо жасоо зарыл болуп турган чак. Тээ Совет мезгилиндегидей «Кыргыз мамлекеттүүлүгү Орусиядагы Өктөбүр ыңкылабынын гана туундусу болгон» деген эски тарых барактарын четке каккан мурдагы мамиле биротоло четке кагылышы керек болгон азыркы чакта, бизге маркум Жусуп Мамайдын тарыхка карата астейдил мамилесин иликтөө өзгөчө алгылыктуу.

Ушундай орчун маалда кыргыздардын байыркы доордогу жана орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына Жусуп Мамай дастандардын тили менен сересеп салып, жалпы кыргыздын тарых таанымын өнүктүрүүгө салым кошкон.

Соңку тарыхый маалыматтар Жусуп Мамай байырлаган Чыгыш Теңир-Тоонун өзүн да байыркы хун доорундагы кыргыздардын атажурту катары кароо керектигин тастыктоодо.

Доор сыноолорун жеңе алган манасчы

XX кылымдын ичинде мурдагы Советтер Биримдигинде да, “маданий ыңкылапты” баштан кечирген коммунисттик Кытайда да “Манас” дастанына жана бул мурасты аздектеп сактагандарга каршы иш-аракеттер болбой койгон жок.

СССРде, маселен, “Манас” дастанын иликтеген Тазабек Саманчин, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов сыяктуу залкар илимпоздор сталиндик абакка да кесилишкен (Т. Байжиев абакта кайтыш болгон).

Жусуп Мамай атабыз да 1965-1975-жылдар арасында Кытайдагы “маданий ыңкылап” делчү доордо өз атажуртунда кыйла ыдык көрүп, ал түгүл сүргүндө болгон.

Эми болсо “Манас” дастаны ЮНЕСКО тарабынан жалпы адамзаттын заттык эмес, руханий маданиятынын баа жеткис казынасынын берметтеринин бири катары таанылган чак.

Менимче, маркум Жусуп Мамай атабыздын өмүрүндөгү эң бактылуу учурларынын бири - бул Теңир-Тоонун чыгышы менен батышы түгөл “Манас” дастанын эркин даңазалап турган азыркы мезгил болду го. Кулжа (июнь) айынын 1инде көз жумган соңку мүнөттөрүнө чейин ал манасчылык өнөрүнүн Кыргызстанда да, Кытайда да даңазаланып жатканына ыраазы болуп турду десек болоор.

Жусуп Мамай атабыз, “маданий ыңкылап” маалындагы кодулоолорду эсепке албаганда, Кытай Эл Республикасында эң кадыр-барктуу инсан катары сый-урматка арзыган бараандуу кыргыз эле. Ал 1 миллиард 300 миллиондон ашуун калк саны бар ханзу мамлекетинде 200 миңдей кыргыздын үнүн билдирип, өз чыгармачыл ишмердиги менен кыргыз маданиятын даңазалаган. 2012-жылы февралда Жусуп Мамай КЭРдин “Тоо гүлү” аттуу сыйлыгына экинчи ирет татыганда, ага бул кадыр-барктуу сыйлыкты бул жолу “өмүр бою сиңирген эмгеги үчүн” деген аныктама менен тапшырышкан. (Бул тууралуу кытайлык боордошубуз Бектур Илияс “Азаттык” аркылуу калың журтка маалым кылган).

“Манастын” сегизилтик варианты деген эмне?

Кыргыз басма сөз каражаттарында Жусуп Мамайдын варианты тууралуу айрым так эмес маалыматтар берилип жүрөт. Кээлери Жусуп Мамай 18 урпак тууралуу айткан десе, кээлери “сегиз урпак” дегенди “сегиз том” деп жаза беришет.

Иш жүзүндө, жарыкка чыгарганда канча томго бөлүп сыйдырылбасын, Жусуп Мамай өз дастандык вариантын сегизилтик катары мурастады:

1. Манас,

2. Семетей,

3. Сейтек,

4. Кененим,

5. Сейит,

6. Асылбача-Бекбача (Сейиттен калган эгиз уулдар – Асылбача менен Бекбача жөнүндөгү дастан),

7. Сомбилек (Бекбачанын уулу жөнүндөгү дастан),

8. Чигитей.

Эгерде Манастын атасы кан Жакыптын окуялары да аздыр-көптүр баяндалаарын эске алсак, анда кан Жакыптан тартып тогуз муун ушул дастандык вариантта чагылдырылып жатат. Бирок дастандын башы “Манас” экенин эске алсак, анда Жусуп Мамайдын дастандык варианты сегиз муундун окуясы аркылуу жалпы кыргыз элинин эки миң жылдан ашуун тарыхый баскычтарын өзүнө камтыган чыгарма экенин көрөбүз.

«Mанас» эпосунун Жусуп Мамайдын айтымындагы варианты Кытайда 1984-жылдан 1995-жылга чейинки аралыкта 18 томдук болуп (№ 32 форматта) кытайлык кыргыздардын арап жазуусу менен басмадан чыгарылган.

2004-жылы болсо ушул айтым кошумчалары менен жыйнакталып, чоң № 16 форматта кыргыздын арап жазуусунда “Шинжаң эл басмасы” тарабынан эки томдук шекилинде кайрадан басылды. Ушул чыгарылыш бир кыйла оңдоолор менен бир томдукка сыйдырылып, 2012-жылы Кытайда кайра басылган. Бул сегизилтик 2014-жылы сегиз том болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жарыкка чыкты. Мында ар бир муундун өкүлүнүн баяны ар башка томго сыйдырылган.

Сегиз муундун өмүрү, эгерде ар бир муунга чейрек кылым берсек, болжол менен 200 жылды гана камтышы мүмкүн. Ал эми дастандагы окуялар Ыраакы Чыгыш, Ички Азия, Тибет, Сибир, Борбордук Азия, Эдил, Ортоңку Чыгыш сыяктуу ири мейкиндикте чачыраган тарыхый алакалары байма-бай жүргөн элдер менен кыргыз элинин эки миң жылдык карым-катнашын чагылдырат. Мында ислам дининен тышкары бутпарас (буддизм), христиан жана башка диний ишенимдерге байланыштуу маалыматтар да чагылдырылат. Демек, Манастын жана анын урпактарынын прототиптерин жыйырма кылымдын ичиндеги узун тарыхтан издей алабыз.

Жусуп Мамайдын башка дастандары

Жусуп Мамайдын варианты боюнча бул негизги дастандан – сегизилтик “Манастан” сырткары «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк», “Ажыбек баатыр” сыяктуу дастандар да Кытайда кыргыз тилинде кагазга түшүрүлүп, кыйласы жарыкка чыкты.

Анын ичинен Жусуп Мамайдын “Ажыбек” дастаны Кыргызстанда кирил жазмасында жарыяланды (Бишкек, 2012). Бул дастанды жарыялоодо шакиртибиз Ажыбек Ыбышов демөөрчүлүк кылган.

Жусуп Мамай “Толтой” дастанын да жазган. ОшМУнун тарых факультетинин деканы С.Смадияров таасын белгилегендей, мында жедигер уруусунан чыккан эр Толтой оң каарман катары сүрөттөлөт.

Жусуп Мамай кыргыз санжырасын да мыкты үйрөнгөн. Бул жаатта да анын мурасы айрыкча иликтөөгө арзыйт.

Жусуп Мамайдын Ала-Тоо кыргыздарына тааныла башташы

Жусуп Мамайдын Кытайдагы кыргыздардын чыгаан дастанчысы жана “Манас” айтуучусу экендиги тууралуу кабар Кыргызстанга 1980-жылдардын ичинде толугураак жете баштады десек болот.

Анын айрым чыгармалары Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна конокко барып кеткен сейрек айдыңдардын көмөгү менен Кыргызстанга жеткен. Алардын арасында маркум акын Жолон Мамытов, тилчи мугалим Муса Жаныбек уулу Мамбеталиев (азыркы Казыбек айылынан), ж.б. бар эле. Муса Жаныбек уулу Кытайдан 1987-жылы ала келген Жусуп Мамайдын вариантындагы “Семетей” дастанынын жарыкка чыккан китебинин негизинде чакан үзүндүсүн ушул саптардын ээси 1988-жылы январда Нарын облусундагы гезитке кирил жазмасында жарыялаган эле.

Жазуучу Кеңеш Жусупов агай болсо Жусуп Мамайдын дастанчылыгы тууралуу бай маалыматты “Ала-Тоо” журналына жана көп томдуу “Кыргыздар” жыйнагына жарыялаган. “Кыргызстан маданияты”, “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Асаба” сыяктуу басылмалар да Жусуп Мамай тууралуу ар кыл кабарларды жарыялашкан.

Ала-Тоого кеминде үч ирет келип кетти...

Жусуп Мамай атабыз айтылуу “Кайра куруулар” доорунда Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы Чыңгыз Айтматовдун чакыруусу менен Кыргызстанга алгачкы жолу конокко келген.

Аны 1989-жылы бугу (май) айында Жети-Суунун чыгыш өңүрүндөгү Кытай-СССР чек арасынан (азыркы казак-кытай чек арасынан) тосуп алып, Казакстан аркылуу Кыргызстанга алып келген белгилүү инсандарыбыздын арасында жазуучу, публицист, “Ала Тоо” журналынын баш редактору Кеңеш Жусупов жана жазуучу Өскөн Даникеев болду.

Жусуп Мамай ошол кездеги жазуучулардын кан Бакайы Түгөлбай Сыдыкбек уулу менен да жолугуп, баарлашкан. Түгөлбай Сыдыкбек уулу менен Жусуп Мамай 1989-жылдын кулжа (июн) айынын 3үндө Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкеңсесиндеги башкы жыйын залда өткөн Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына сый конок катары катышкан.

Кийинчерээк, Кыргызстан эгемендикке жеткен соң, 1992-жылы да Жусуп Мамай Кыргызстанга келип кеткен.

1995-жылы кыргыздар гана эмес, мүлдө дүйнө жүзү ЮНЕСКОнун колдоосу астында “Манас” дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесин белгилеген чакта Жусуп Мамай атабыз да Кыргызстанга келип, кадырлуу конок болуп кеткен. Ал залкар жазуучу Ч.Айтматов менен да кезигип, баарлашкан.

Эстутум жана саякат.

2014-жылы теке (июль) айында кыргызстандык этнограф илимпоздор Жусуп Мамайдын Кытайдагы мурасын изилдөө маселелерин да камтыган илимий саякатты жүзөгө ашырышты. Алар Кытай Эл Республикасындагы Чыгыш Теңир-Тоо оодандарындагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу шаар-кыштактарды кыдырышты.

Кыргызстандын Президенттик аппаратына караштуу "Мурас" фонду жана Шинжаңдагы "Манас" илимий изилдөө борбору биргелешип уюштурган бул илимий сапар маалында ала-тоолук илимпоздор Артыш, Кашкар шаарларында, Улуу-Чат ооданында, Ак-Чий ооданында (Какшаал өрөөнү), Ыдыраң, Опол кыштагында, ошондой эле Памирдин чыгыш этегиндеги (Ак-Тоодогу) Бостон-Терек, ж.б. айылдарда болушуп, кытайлык кыргыз санжырачылары, манасчылары, дастанчылары, өлөңчүлөрү, Жусуп Мамайдын мурасын иликтеген илимпоздор, калайык жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүштү.

Илимий сапарга катышкандар (анын ичинде ушул саптардын ээсинен тышкары А.Турдуева, С.Алымкулова, А.Бикбулатова, Г.Абдалиева айымдар) маркум Жусуп Мамайдын 2014-жылдын теке айынын (июлдун) 10унда Ак-Чийде өткөрүлгөн кыркылыгына катышты. Биз кытайлык кыргыз боордошторго Жусуп Мамайдын мурасы Кыргызстандын ар кыл илимий институттарында терең иликтенип келгендигин, өлкөдө Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган улам жаңы кандидаттык жана доктордук диссертациялар четинен корголуп жаткандыгын, ж.б. иш-чаралар тууралуу айтып бердик. Чогулган калайык ала-тоолук боордошторго ыраазылыгын билдирди.

Кыргызстандык жана кытайлык биргелешкен илимий топтун өкүлдөрү Жусуп Мамайдын Ак-Чий ооданына караштуу Кара-Булак айылындагы үй музейин (ажайыпканасын) зыярат кылышты жана Күркүрөө суусунун жээгиндеги залкар манасчынын бейитине барып куран окутушту.

Ошол эле 2014-жылдын жай мезгилинде кыргызстандык этнограф адистер – манас таануучу Ч.Субакожоева, ошондой эле тарых илимдеринин кандидаттары О.Э.Капалбаев менен Н.Момунбаева КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда болушуп, кытайлык кыргыздардын этнографиясына байланыштуу иликтөө жүргүзүшүп, андан сырткары, Жусуп Мамайдын кытайлык кыргыздардын маданиятына тийгизген зор таасирине күбө болуп келишти. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жоон топ профессорлору менен студенттери да 2013-2014-жылдары КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда фольклор таануу жаатында изилдөө жүргүзүштү.

Кытайлык кыргыз боордоштордун сабагы

КЭРдеги ар бир кыргыз ооданында “Манас” урааны чакырылып, хан Манаска арналган мыкты айкелдер тургузулуп жатканын, жер-суу аттарын ар кыл уламыштар аркылуу да “Манас” дастанынын кейипкерлери менен байланыштырышканын көрдүк.

Бизде болсо кээ бир айылдарда сугатчылардын бригадирине чейин көчө атына ысымдары берилип, бирок Манас жана манасчылар менен байланыштуу эскермелер көпчүлүк айыл-кыштактарда сейрек учурайт. Маселен, Саякбайдын аты Тоңдо гана көчө аты болуп, Ат-Башыда же Лейлекте кыштактарда көчө аталышы катары берилбеши керекпи? Нарын шаарындагы борбордук аянтты Тыныбек манасчы аянты, же Кошой, Жусуп Мамай аянты деп атоого неге болбосун?

Советтик Кремлге кошомат кылып жүрүп Кыргызстанды же анын облусун же районун далай жылдар бийлеген мурдагы кээ бир партиялык-советтик төбөлдөрдүн ысымдарынын ордуна шаар-кыштак көчөлөрүнө же аянттарга залкар манасчылардын же Барсбек, Мухаммед Кыргыз, Тайлак Баатыр, Үмөтаалы Ормон уулу, Балбай Баатыр, Осмон датка, Полот хан, Мөкүш хан, Канаат хан, Рахманкул хан сыяктуу бабалардын жана Курманжан даткадай энелердин, совет кыргыз мамлекетин түптөгөн Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу аталардын, Эшенаалы Арабай уулу, Касым Тыныстанов, Осмонаалы Сыдыков (Кыдык уулу) сыяктуу илимпоздордун,ж.б. ысымдарын (алардын төрөлгөн жерине карабай) ар кыл шаар-кыштактардын көчөлөрүнө ыйгарууга неге болбосун?

Дастанда калган өмүр

Теңир-Тоонун чыгышында да, батышында да, Алай, Памир, Алтайда да, Фергана, Тарим өрөөнүндө, Хэйлуңжаңдагы Фу-Йү үйөзүндө да, кыргыз урпагы байырлаган башка аймактарда да маркум Жусуп Мамайдын көөнөргүс мурасы терең изилдене берээринде шек жок.

Өзгөчө алганда, Кыргызстанда жана Кытайда манасчы жана дастанчы Жусуп Мамайдын көп кырлуу мурасын узак мөөнөттүк илимий-чыгармачыл долбоорлор аркылуу биргелешип изилдөө ишин улантуу – заман талабы.

Дастандарды бизге сактап берген Жусуп Мамай атабыздын өзү эми дастанга айланды. Ошондуктан “Жусуп Мамайдын өмүрү дастанда калды” деп айтууга толук акыбыз бар. Жусуп Мамай атабыз көзү өтсө да руху, залкар чыгармачыл мурасы менен ар дайым арабызда кала бермекчи.

Жусуп Мамайдын мурасы тууралуу жаңы китептин мукабасы. 25.5.2015.
Жусуп Мамайдын мурасы тууралуу жаңы китептин мукабасы. 25.5.2015.

Айрым иликтөөлөр:

Субакожоева Ч. Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. – 216 б. – ISBN 978-9967-04-633-7.

Жусуп Мамай (1918-2014): Дастанда калган өмүр: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасы тууралуу илимий баяндамалардын ж-а макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б.; “Мурас” фонду. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 232+iv б., сүрөт. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN – 978-9967-12-486-8.

Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2014. – 272 + xii б., сүрөт. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN - 978-9967-12-394-6.

Ысак кызы, Токтобүбү; Жуматурду уулу, Адыл. Залкар манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий ред. Г.Абдалиева. - Бишкек, 2014. – 328 б. – “Мурас” фонду; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы. - ISBN 978-9967-12-401-1.

XS
SM
MD
LG