Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:19

MАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ: «ЖУСУП МАМАЙДЫН «МАНАСЫ» - КЫРГЫЗ АКЫЛЫНЫН ТҮЙҮНЧӨГҮ»


Кытайдагы кыргыздардын тарыхы, маданияты, адабияты, “Манас” дастанын изилдеп келаткан белгилүү окумуштуу Макелек Өмүрбай “Азаттык” үналгысына келип кеңири маек куруп берген. Аны менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев аңгемелешти.

-Оболу Макелек аба, биздин “Азаттыкка” куш келипсиз. Менин биринчи суроом, учурдагы Кытайдагы биздин боордошторубуздун адабияты, көркөм өнөрү, алардын бүгүнкү жашоо турмушу жөнүндө кыскача айтып кетсеңиз. Менин билишимче, сиздерде көптөгөн гезит, журналдар чыгат аларга да токтоло кетсеңиз.

-Эми бул кайсы жерде болбосун биз өзүбүздү тааныштыруу, үгүттөөгө мажбурбуз. Ошо себептен бизде “Жуңго” деп коёбуз. Кытайдагы кыргыздардын абалы жөнүндө дайыма бул жакка келген сайын кеңири айтып келебиз. Биз, Жуңгодогу кыргыздар, ошол жерди өзүнүн Мекени, өзүнүн жери, өзүнүн ата-бабасы менен отурукташып калган кыргыздар, илгертеден бери кээ бир түшүнүктөрдө бул жактагы Үркүндөн же болбосо башка жактан качып барган деген түшүнүктөр бар экен.

Бир канча жылдардан бери мен айтып келе жатам, биздин Кызылсуу кыргыз автоном областында дагы башка СУАРдын түндүк-түштүгүндө мекендеп келе жаткан кыргыздар илгертен бери Амурдагы кыргыздар, Тяншандагы кыргыздар ошолордун тутуму боюнча келе жатат. Айтар элек, бизде Кытайда кыргыздар негизинен СУАРдын Кызылсуу кыргыз автоном областында жашайт. 170 миң жан бар. Ошонун 80% көбү Кызылсуу кыргыз автоном областынын Актоо оданында, Улуучатта, Артыш шаарында жашайт. Андан бөлөк дагы Түндүк Шинжаң деп коёбуз. Түндүк Шинжаңдын Текес оданы, Моңгулкөрө андан кийин Аксуу аймагындагы Оңсуу, Үчтурпан андан бөлөк Кашкардагы Кума, Каргалык, Ташкоргон деген жерлерде кыргыздар улуттук өзүнүн бийлигин жүргүзө турган айылдан жогору областтарга чейинки орундарда жашап келе жатат.
Өзүнүн эне тили менен, өзүнүн жазуусу менен ушул күнгө чейин агартуусун, басма сөз иштерин өнүктүрүп келди. Бул жагынан Жуңго өкмөтү көп жылдардан бери көп камкордук жасап, биздин тил жазуубузду, үрп-адатыбызды, салт-санаабызды өнүктүрүү боюнча жакшы саясаттарды түзүп бергендиктен келип жатат деп ойлойм.

Бизде ушул күнгө чейин беш басма сөз орду бар. Аны биринчи чоң басма сөзү окуулуктарды, Шинжаң агартуу басмасынын кыргыз окууларын түзүү редакциясы, андан бөлөк Кызылсуу кыргыз басмасы, андан кийин Шинжаң саламаттыкты сактоо деген басмалардан китептер чыгат. Азыр ар жыл орто эсеп менен айтсак, Кытайдагы кыргыздарда ошол төрт, беш басма орундан жыйырма, отуздан китеп чыгып жатат. Бул баш жагы “Манас” эпосу анын түрдүү айтымдары, андан кийин сөздүктөр кыргызча-кытайча сөздүк. Чоң көлөмдөгү сөздүктөр чыкты. Дагы сөздүктөрдү түзүүгө камданып жатабыз.

Мындан бөлөк Кытайдагы кыргыздардын өзүнүн акын-жазуучуларынын чыгармалары такай, кайсыл убакта тапшырса, ошол кезде мамлекеттик каржылоо менен чыгып келе жатат. Мындан бөлөк дагы эки чоң журнал бар. СУАР даражалуу. Бул Кызылсуу кыргыз автоном областыкы эмес. Автоном район даражалуу деп коёбуз. Ошондо мен өзүм иштеп келе жатам. “Тил жана котормо” деген журнал. Бул жыйырма жылдан ашуун 90 саны чыкты. Кыргыздын тилин жана котормочулугун изилдеп келе жаткан журнал. Кыргызстандагы кыргыз окумуштууларынын тил боюнча жазылган макалалары дагы такай жарыяланып келе жатат.

СУАР даражасында “Шинжаң кыргыз адабияты” деген журнал бар. Бул журнал эки айда бир чыгат. “Кош айлык” журнал деген бар. Мунун көлөмү да жогору. Жуңгодогу кыргыздардын чыгармалары дегеле дүйнөдөгү чыгаан адабий чыгармалар, Кыргызстандагы акын-жазуучулардын жазгандарын тааныштыруу жагындагы эмгектер жарыяланып келет.

Андан бөлөк Кызылсуу кыргыз автоном областында “Кызылсуу” деген гезит бар. Бул күндө жаңылыктарды жарыялап турат. Агартуу жагынан “Кызылсуу агартуусу” деген журнал бар. “Кызылсуу адабияты” деген журнал бар. Бул журнал азыркы күнгө чейин күчтүү чыгып келе жаткан журналдардын бири. Акын-жазуучулардын чыгармаларынан бөлөк адабий сын, өзүбүздүн элдик чыгармалардагы мурастар болуп адабият таануу боюнча макалалар күчтүү чыгып келе жаткан журналдын бири болуп саналат.

-Эми дагы бир суроо берейин. Мына биздин өзүбүздүн боордошторубуздун ары жагында биздин илимде фую деп коёт. Кытайдагы Ички Монголия тарапта жашаган биздин кыргыз боордоштор тууралуу. Алар менен карым-катыш илимий алака-бериш же байланыштар барбы? Ушулар боюнча да маалымат айта кетсеңиз.

-Эми биз Хийлуңжан деп коёбуз. Хийлуңжанды биз өлкө деп атайбыз. Хийлуңжан деген жерде фуи деген оданы бар. Фуи оданы ичинде Ужазы деген кыштак “Беш үй-бүлө” кыштак деген боюнча келе жатат. Булар 18-кылымдарда, 17-кылымдарда ошондо өтүп барган Жунгардык кыргыздар - мурдакы Энесайдан, Алтайда калган кыргыздардын бир бөлүгү. Алар аз санда болчу. Кийин көбөйүп миңге чейин жеткен.

Алар 60-жылдарга чейин өз тилинде сүйлөп, тилин сактап келишкен экен. Мен өзүм барганым жок, бирок бизде профессор Ху Жан Хуа деген ошол киши көп жолу барып текшерди. Кыргызстандык окумуштуулардан Кадыралы Коңкобаев дагы иликтеп келди. Аларды алгачкылардан болуп иликтеген Ху Жан Хуа профессордун эмгектери абдан зор. Энесай кыргыздарынын тили менен тектеш байланышта деген корутундуну чыгарды. Ошол тыянакка ынанабыз. Фуи кыргыздары жөнүндөгү маалымат ошолордон тарап келе жатат.

-Макелек ага, “башкасын коюп Манасты айт” дегендей мына, кытайлык боордошторубуздун “Манас” эпосунун варианттары абдан кенендиги, байлыгы менен өзгөчөлөнөт, экинчиден, Манастын урук-тукуму, ата-жотосуна чейин кенен чечмеленет. Мына ушул жагынан алганда, биздин туугандарыбыздын чоң маданият эрдиги деп атасак болот. Улуу манасчы Жусуп Мамайдын айтымындагы негизинен кагазга түшүрүлгөн тексти толугу менен китеп шекилинде чыгардыңыздар. Мына ушул иш дагы кандай улантылып жатабы? “Манас” эпосун изилдөө жагы сиздерде өзгөчө көңүл бурулат. Бул жагында кандай иштер жасалып жатат?

- Эми бул Жуңго кыргыздарындагы “Манас” эпосу толугу менен насип болгон экен. Жусуп Мамайдын оозу менен кагаз бетине түшүрүлүп калды. Биз залкар манасчы Жусуп Мамай деп коёбуз. Эми ал өзүнчө эле атак-даңкын көтөрүп алган нерсе эмес. Ал кишинин “Манасын” мен изилдеп отуруп, кийинки бир ойго келдим. Аны жалгыз эле адабий чыгарма катарында түшүнсөк анда биз ошондой бир үстүртөн түшүнөт экенбиз.

Мен мындай деген тема коюп жатам. “Жусуп Мамайдын “Манасы” - кыргыз акылынын түйүнчөгү” деп. Эми биз ошол кыргыз акылынын түйүнчөгүн ар бирибиз өзүбүздүн дареметибизге жараша канчалык чече алабыз, анда эмне бар деп. Мен жакында бир изилдөөгө тартылып келе жатам эки жылдан бери. Жусуп Мамайдын айтымындагы “Манастын сөздөрүнөн үзүндү” дегенди алып чыктым. Жакында жарык көрөт. Бул Манас Жусуп Мамайдын айтымында 61 жаш жашаганда 161 жолу сүйлөгөн экен. Бир ооз сүйлөсө дагы Манас. Ошондо Манас жалгыз эле эл башы, баатыр болуп калбай Манас - эң биринчи акылман. Акылы менен журт алган. Көсөмдүгү менен деген сөз ошол.

Азыркы баа бере турган нерсе - анын баатырдык руху бул жакта эмес, азыркы биздин турмушубуздагы Манастын акылы, бизге калтырып кеткен акылы жагынан чечмелесек, бул биздин табылгабыз бир кыйла кеңири болот экен деп ойлодум. Ошол Манастын өзүнүн сүйлөгөн сөздөрүн, эпостун мазмуну же болбосо эпосто калтырган кыргыз акылын бул жакка эле коюп, Манастын өзүнүн берген кеңештери, ошол сүйлөгөн сөздөрүндө кадыресе өзүнүн ушул акылмандардын өзүнүн айланасына чогулта алгандыгы жетиштүү болуп турат. Менин изилдөөмдө 22 тема боюнча Манастын сүйлөгөн сөздөрү келтирилген. Алды менен кол башчы, анан эл башчысы катарында сүйлөгөн сөздөрүнөн бөлөк дагы өзүнчө кишичилиги, журүм-турумдун кандайлыгы, адамдык сапаттын кандайлыгы, эл менен чогуу жашоо, башка элдер менен байланыш, ымала түзүүнүн принциптерин койгон. Төрт сап менен ошолорду айтууга болот экен. Мен аны акылыма куюп алып жүрөм. Бул төрт сап мындай экен:


“Үйдө жатса - эл бакмак,


Чаап келсе жоо алмак,


Баатырлыктын белгиси.


Капкайда барып, эл чапмак,


Кагышып жүрүп мал тапмак,


Карөзгөйлүктүн белгиси”.

Мына ушул принцип ушул Манастын ошол кездеги өзүнүн бийлигинин чоң программасы катары жүргөн экен. “Үйдө жатса - эл бакмак” деген кеп тынчтык кезинде элди өнүктүрүү, байытуу, элдин турмушун ошол “кемпирлер куйрук карабай турган, келиндер табак жалабай турган” ар бир үйдүн босогосунда май агып турган турмушка жеткирүү Манастын мурасы экен.

Андан кийин өзүнчө барып кагышып жүрүп, элди чаба турган кагылыштан ошентип мал таба турган бул карөзгөйлүк дейт. Жаман сөз менен айткан убактысында ал өтө пастык, жаман жорук деп түшүнгөн инсан. Манастын ушундай өзүнчө ою, мээси, дүйнөдө жашоонун принциптери болгон. Ошондуктан ал Манас атка конуп, ички жети канды, сырткы жети канды бириктирип, он төрт кандын башын кошуп, ошол кезде кыргызга бир тамшанып кала турган айкөл турмушту таап бергендин өзү эле жалгыз эле жоону жеңип, жоону алып коюп эле эмес мээ менен, акыл менен адамдардын башын кошуу жагы дагы Манастын идеясы, руху, өзүнүн сөздөрүнөн чыгат экен.

Анын айланасындагы Бакай, Акбалта, Кошой, Каныкей, Алмамбеттердин акылмандуулугу. Аларды чакырып келген ошол Манас өзү акыл берип эле калбай, кыргызга акыл чогулткан акылмандарды өзүнүн жанына тарткан чоң касиети бүгүнкү жашоо турмушубузга чейин үлгү боло турган жакшы жумуш экен деп ойлоймун.

Эми Жусуп Мамайдын өзүнүн айткан Манасы анын көлөмү жагынан же болбосо 223 миң сап көлөмдө сегиз урпакты айтып берген өзгөчөлүгү бар. Андан бөлөк Манас эпосунун ичинде кыргыздын акылы, ою, салт-санаасы, каадасы, жалпы эле адамзат кантип киши болуу, ушул кишилик сапатты кандай көтөрүү боюнча өтө чоң билимдер Жусуп Мамайдын айтымында түйүнчөк катары түйүлүп келе жаткан экен. Эми “Манасты” изилдейбиз, анын ичине киребиз дейбиз. Анын формасын, анын көлөмүн же болбосо канчалык айтып калганына мактанбай ошонун ичинде адамзатка, атап айтканда, кыргыздын өзүнүн акылы, инсандын бүткүл акылына чамгарагы, андан кийин үзөнгүсү тең келип, үзөнгүлөш басып жүргөнүн далилдей турган бир кубанычтуу иш болуп жатат.

Жусуп Мамай аксакалдын 90 жылдыгы өттү. Кыргызстанга келип 90 жылдыгы боюнча сөз козгодум. Кыргызстанда жылуу кабыл алып, ушул кыргыз мамлекетинин эң чоң сыйлыгын тапшыруу үчүн азыр маданият министри Султан Раев Үрүмчүдө жүрөт. Ошого окшош жумуштар, көңүл жылытар иштер болуп жатат. Эми чогулуп, “Манас” эпосун изилдеп, аны адабият деп башка жерге илип коюп, текчеге коюп алып, китебибиз чыкты деп корсон болбой, ошонун ичинде бизге берген берекени издесек олжо ошонун ичинде деп ойлойм.

- Ошол сиздер баштап жаткан иш жакшы улансын. Дагы бир суроо узатайын. Макелек ага, сиз мына жалгыз эле адабият, тил, маданият маселелерин изилдебестен, кыргыздын өткөн тарых өтмүшүнө, мурдагы жашап кеткен жашоо ыңгайы кандай болгон, дегеле кыргыз кайсы жерде, кантип жашаган, кимдер менен карым-катнашта болгон - мунун баарын сиз терең билесиз. Атап айтканда, мына Кыргызстанда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленди. Мына ошондо кытай булактарында сакталып калган кол жазмаларды кагаз жүзүндө калган маанилүү тарыхый даректерди кыргызчага оодарып, таржымалап которуп чоң иш жасадыңыз. Эми сурайын дегеним ошол иш дагы улантылып жатабы?

- Эми биз кыргыздардын тарыхы менимче, жөн эле бул оозеки санжырадагы, же оозеки адабияттардагы, же болбосо ооздон-оозго уланып калган жомок иретинде айтылып калган тарых эмес экенине ишендик. Муну эмне ишендирди дегенде, Канзуу жазмаларында дейбиз, Кытай жазмаларындагы тарыхчылардын эң төл башы тарыхчы деп коёт. Эң башкы тарыхчы Сымачандын китебинде кыргыздар жөнүндө маалымат ошол 2200-жыл кайдан келди дегенде ошол Сымачандын китепке кыргыз бийлиги деген сөздүн жазылып калганынан баштап ошондон бери жоромолдоп иштелип келе жатат. Чын эле кыргыздын тарыхы мен окуганда, көргөндө ушул кытай жазмаларында абдан мол жазылыптыр. Ушуга чын бүтүшүбуз керек. Ал же болбосо өзүнчө бирөө атайын максат менен, же болбосо бүйүртмө кылып жазылган тарых эмес.

Ошол кездин 2200-жылдан тартып дагы биздин санактан кийин 840-жылдан кийинки 840-847-жыл аралыгындагы маалыматтарды биз көп көрдүк. Ошого Сымачандан баштап, Литы Лютед, анан кийин көптөгөн тарыхчылардын тизмеси бар.

Булар чыгармаларында, кытай жазмаларында 26 тарых дейт. 26 падышалык доордун тарыхы. Бул кечээки эле болгон тарыхтардын бары-жогу чыккан анын баарында кыргыздар да бар. Кыргыздардын жашоосу, анын маданияты, анын эл башкарган коомдук түзүлүшү, ушуга чейин бүтүн жазылган. Биз мүмкүнчүлүгүбүздүн баарында азыркы кээ бир өзүбүзгө жолуккандарын котормо боюнча чыгардык. Бирок, дагеле кыргыз тарыхы кытай жазмаларында аябай мол. Аны биз көрүүгө үлгүрбөй, керек болсо аны табууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Бир эле мисал айтайын 843-жылы Жоокусол Алп деген кыргыз каганынын чоң элчиси 300 адамды баштап императорго келгенде ошондо үч жылда басып келди дейт. Үч жүз адам келгенде император үч жүз кыргыздардын кейпин, алып келген, тартуу кылган буюмдарынын кебетесин сыздырып, атайын бир өзүнүн оң колу болгон вазири Ли -Дую дегенге тапшырып, кыргыздар жөнүндө китеп жаздырган. Ошол китептин баш сөзүн котордук. Бирок, ал китепти азыркы убакка чейин көрө элекпиз.

840-жылдагы ата-бабаларыбыздын кийген кийиминин кейпин, бир парчасын эле тапсак, тоонун артындагы кенч болгон алтынды тапкандан да артык болмок. Анан ошо кезде 840-жылдан 847-жылга чейин император кыргыз каганына кат жазган. Кыргыз каганы дагы окшош жооп жазган экен. Ошол кезде кыргыз каганы кандай тил менен, кандай жазуу менен кат жазганы боюнча маалымат бар. Бирок, биз көргөн жокпуз. Эгер ошолорду таба турган болсок, изилдей турган болсок андан да чоң маалыматтарга ээ болот элек. Тарых деген ушундай нерсе экен. Изилдөөгө тийиштүү маалыматтарды ырастоолорго арналган жумуш. Ошого мен корутундулап айтат элем. Кыргыздын тарыхы узун деген сөз жомоктордо айтылып калган нерсе болбой, чыныгы жазмада анын үстүнө салттуу түрдө тарых жазып келе жаткан жөрөлгөсү бар канзу улутунун жазуусу менен жазылып калуунун өзү эң ишенимдүү булак болорун кайсы жерде болсо мактанып айтар элек.

- Макелек ага, мен өзүм адабиятчы болгондон кийин Сизден азыркы адабияттын, тилдин изилдениши, көркөм дөөлөттөрдүн жаралышы Кытайдагы биздин кыргыз туугандарыбыздын чыгармалары арбын нускада чыгып жатат. Алар калкка толук жетип жатабы? Элдин арасында адабияттын коомдук орду кандай болуп жатат? Мына билесиздер, биздин Кыргызстан мурда социализм доорунда көркөм адабиятыбыздын өсүш-өнүгүшүнө кыйла жагымдуу шарттар түзүлдү эле. Эми анын идеологиялык айрым бир өксүктөрүн кеп кылбай эле коёюн. Ал эми сиздерде кандай күн болгондо дагы Кытай экономикалык жагына ургалдуу, катуу өнүгүп келе жаткан дүйнөдөгү эң ири бай өлкөлөрдүн катарына кошулуп бара жатат. Бул жагынан алганда, азыркы маданияттын адабиятка, коомдун камкордугу кандай болуп жатат? Чыгарылып жаткан чыгармалар мектептерде окутулуп, жаштар кыргыз тили, адабияты, маданияты менен тээ бала кезинен тааныш болуп жатабы?

- Жуңгодогу кыргыздардын тили адабий тилдин нормасы менен калыптанып, өлчөмдөшүп ушул даражага жетти деп айтар элек. Мисал катары айтсак, өзүнүн салыштырма сөздүктөрү бар. Орфографиялык сөздүктөр бар. Ушул күндүн өзүндө компьютердик жазмага түштү. Жуңго мамлекетинин мамлекеттик өлчөмү менен кабыл алынды. Азыр ошол Жуңгодогу кыргыздардын жазуусу компьютердик системада өзүнүн тамгалары мамлекеттик өлчөмгө жетти. Азыр эми биздеги кыргыздар компьютер аркылуу өзүлөрү сайттарын ачып, бири-бири менен кат жазыша турган деңгээлге келди. Ушунун өзү эмнени түшүндүрүп турат дегенде ошол Жуңгодогу кыргыздардын басма сөзү, жазуусу, тили кандай бир өлчөмгө жетип, ошол СУАРда Кызылсуу кыргыз автоном областында эле эмес ошол бүткүл Жунго мамлекетинин деңгээлинде өлчөмдөшүп, мамлекеттин өлчөм орундары ынанып, ошого чейин жеткендин өзү ошол жердеги тил жазуунун, окуу агартуунун балдары биринчи класстан он биринчи класска чейин дейбиз булардын баары өзүнүн тили, жазуусу менен окушат. Окуу куралдары менен камдалган. Окуулуктар бекер таратылып берилген. Азыркы жаңыдан “Чыгыш жели” деген жакшы уран чыкты. “Чыгыштын жели” - ушул басма сөзү аз улуттардын, анын ичинде кыргыздардын маданиятына кам көрүп, басма сөздү жеткирип берүү. Ар кайсы кыштактарга, айылдарга чейин басма сөздөрдү, китептерди алып барып берүү, маданият үйлөрүнө жеткирип берүү демилгеси коюлду. Мурда анын нускасына карай аздан сатылган. Эми азыр Жунго мамлекети өнүккөндөн кийин ушул аз улуттардын маданиятына, адабиятына бул жерде апыртып айтылган сөз эмес, барсаңыз көрөсүз. Ошондой бир көңүл бурулуп жаткан, өнүгүп жаткан кырдаалга күбө болосуз.

Болбосо биз, ошо жерде көрбөйсүзбү, ушул залкар манасчы Жусуп Мамайдын “Манасы” 223 миң сап мурда 18 том менен чыгарганбыз. Кийин аны эки томдукка бириктирдик. Ал экөө биригип 7 кг чыгат. Ошону ошол жерде чыгарып, андан бөлөк дагы Кыргызстандын кириллицасына, Кыргызстандын жазуусуна түшүрүп, биз ушул жерге көтөрүп алып келип бердик. Тарыхты да дал ушундай кылдык. Эми башка сөздү кеп кылбай эле коёлу. Мына ушунун өзү ошол өкмөттүн акчасы, камкордугу менен чыгып жатат.

Болбосо бир жеке 7 кг китепти кыргызстандык окумуштууларга жеткирип бергенде муну дүйнөлүк эң чоң китептердин катарында айтсак болгудай деп айтышты. Жуңгодогу кыргыздардын эң өнүккөнү, басма сөз адабиятынын өнүккөнү, бул бирөө жети киллограмдык “Манастын” чыгарылышы. Дагы бирөө компьютердик басмада, интернет өлчөмүнө түшүп жазуусу - ушунун баарын мамлекеттик даражада карап жатканын күбөлөйт элем.

- Биздин акын-жазуучулар сиздердин акын-жазуучуларга көрсөтүлгөн мамлекеттик камкордукту укса албетте, аябай сүйүнөт болуш керек. Себеп дегенде, бизде адабият менен маданияттын ахыбалы кандай экендигин, экономикалык оорчулук биздин маданий турмушубузга кандай таасирин көрсөтүп жаткандыгын сиз жакшы билесиз. Мына ушул биздин кытайлык туугандарыбыздын билим берүү системасы, азыркы жаштардын жаңы заманбап илимге, билимге ээ болуусун дагы жакшы билет болушуңуз керек. Бул жөнүндө айтсаңыз. Экинчиден, кыргыз жаштар арасында адабиятка кызыгуу күчтүүбү же так илимдерге кызыгуу күчтүүбү? Дегеле жаштардын азыркы билим берүү саясатындагы жаштардын орду, келечек муунга кандай камкордук көрүлүп жатат?

- Бизде агартуу өзүнчө басмасы бар. Окуулуктар даярдалат. Мейли, анын саны канча болсун акчасын көтөрөт. Окулуктарда өзүнүн тил, адабият өзүнчө түзүлөт. Аны СУАРдын даражасында кароодон өткөрүп, окуулуктардын деңгээлин ошол өлчөмгө жеткирет. Калган илимдердин баары котормо, ошол мамлекетте кандай окуса, ошол боюнча окуй алат. Ошол окуулуктар менен пайдаланат. Канзу тилин кытай тилин дагы кошо үйрөнөт. Белгилүү деңгээлге жетүү керек. Жеткенден кийин жогорку окуу жайларга сыноо берген кезде кызыккан кесиби боюнча кааласа канзу, кааласа уйгур тилинде, кааласа англис тилинде жогорку окуу жайларына сыноо берип, өзүнүн тандаган кесиптерин үйрөнүп алат.

Кыргыздарда тубаса бир кумарлык бар окшойт. Адабиятка берилүү кыргыздын ыры менен уктап, ыры менен ойгонгон. Ыр менен туулуп, ыр менен ал дүйнөгө кеткени бул ушул өзүнүн жөрөлгөсү болуп калса керек. Мейли, балдар кайсы гана жаратылыштык илимдерди окуса дагы ошол жаратылыштык илимди окуган балдардын ыр жазып жүргөнү, үзбөй адабий чыгармаларды окуп жүргөнүнөн улам байкасак болот.

Жаштардын адабиятка берилүүсү ата-мурас катары көрүлүп келе жатса керек. Көп эле адабиятка берилбей башка дагы илимдерге көңүл бургула деп да айтабыз. Бирок, ага карабай, биздин жаштарда “Манаска”, адабий мурастарга берилүү күч алган. Бизде кыргыздардын ичинде “Манасты” бирөө өзүнүн бабасы деп түшүнсө, экинчиси, бул улуу кыргыздын руху жаткан бир чоң чыгарма бар экенин жети жаштан жетимиш жашка чейинки адамдардын билгенине караганда бизде ушул адабияттын, адабий чыгармалардын кыргыздар бар орундарга жетип жаткандын белгиси катары айтууга болот.

- Макелек ага, мына кийинки жылдары Кыргызстан менен кытайлык боордошторубуздун алакасы абдан күчөдү. Бул көбүнесе расмий деңгээлде болуп жатат. Бирок, кийинки кездерде Сиз айтып жатасыз Жусуп Мамайдын 90 жылдыгын өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатат дейсиз. Эми ушул маданий алака эки тараптан тең болсо абдан жакшы болот. Кыргызстандын окумуштуулары, илимпоздору жакында эле Кытайда болуп кайтышты. Кыргыз тили, “Манас”, элдик дастандар боюнча, адабий маданий карым-катыштар күчөп жатат. Сиздин оюңузча, маданий, адабий карым-катнаштарды дагы күчөтүүнүн жолдору буга чейин ачылбай келе жаткан мүмкүнчүлүктөрү бар деп ойлойсузбу?

- Эми бул албетте, мен кайсы жерге барбайын ошол таанылып жатат. Кытай мамлекети менен кыргыз мамлекетинин байланышы күн сайын чыңалса, эки мамлекетте жашап жаткан элдин ырыскысы катары кароого болот . Себеби эң жакын, коңшу чектеш мамлекеттердин баюусу биринин маданияты бирине абдан оңой жетет да. Ошого караганда биз бир канча убакыттардан бери ошол биздин Жуңго өкмөтүнүн байланышуу орундарынын көңүл буруусу менен биринчи жолу биз Кыргызстанга кыргыз-кытай тили түз котормосу деген классты ачтык. Анын каржысын Пекинден көтөрүп, анан кийин бул жолу мен дагы ага бир айдай сабак сүйлөдүм. Ал сабакта “Жуңгу котормочуларынын теориясы”, “Кытай котормочуларынын тарых абалы” деген баяндамаларды бул жактагы тарыхтан баштап, азыркыга чейин котормо тарыхын, котормо теориясын ушул жогорку окуу жайларында окуп жаткан окуучуларга түшүндүрүү максатында. Эми ошол котормо мурда канзу тили дейбиз.

Кытай тилин орус тили аркылуу үйрөнгөн болсо эми кыргыз тили аркылуу түздөн-түз үйрөнсө, кийинки эки мамлекеттин карым-катнашына өбөлгө болор эле деген ой менен классты ачтык. Бир сабак бергенде окуучулар бир топ өздөштүрүп калышыптыр. Карасак канзуу тилин кыргыз тилине которот. Тилмечтик кылат. Ушуга караганда мындан кийинки жолдор мына ушуга окшош адамдарды тарбиялоо менен түздөн-түз тарыхка ошолор кирип, мындан ары дагы карым-катнашы, байланышы аябай күчөйт деп ойлойм.

Дагы, кыргызстандык окумуштуулар көбүрөөк ошол Жуңгуго, СУАРга, Кызылсуу кыргыз автоном областына барып жергиликтүү кыргыздардын жашашын өз көзү менен көрүп келишсе. Баягыдай эле турмуш. Кыргызстанда жада калса жүк жүктөй турган төө да калбай калган турбайбы. Бир күн жакшы эле окумуштуу менен сүйлөшүп “Төөнүн кому” деген сөздү айтсам “коом деген эмне” дейт. Ошону да түшүнбөй калган экен.

Мен университеттерде сабак бергенде айттым. Ушундай даражага келип жеткенде акбоз үйдүн кичинекей эле көрөрмөндүккө жасап койгон. Ал бизде күндө адамдар ошол ак боз үйдө кадимкидей жашап турмуш кечирип жатат да. Анан ал тирүү табийгый турмуштун өзүнчө ажайып катарында көрүнөт да. Ушул боюнча суроону козгогондо мен айтар элем бул жактагы окумуштуулар Жуңгого көбүрөөк барып, алардын тилин, адабиятын, этнографиясын өз көзү менен көргөндө андан кийин карым-каттоо ошол жактын абалын уккандан көргөн жакшы болор эле.

- Макелек ага, мына сиз белгилүү окумуштуу, аалым кишисиз. Ошондой эле сиз абдан кыргыз эли үчүн күйгөн, биз аны Мекенчил, патриот деген адамсыз. Сиздердин муундун илимпоздорунун катарын толуктаган, жолун жолдогон жаштардын катары арбынбы? Артыңарда чоң бир муун келе жатабы? Кыргыздын тарыхына, маданиятына, адабиятына кызыккан сиздин көңүлүңүзгө толгон шакирттериңиз барбы?

М.:- Бул жакшы. Бул жагынан кызыгып кыргыздын тарыхына, тилине, адабиятына, маданиятына күйүп жаткан жаштар биздин артыбызда келе жатат. Ар бир доордуку ошондой болсо керек. Эч качан бир улуттун жиби үзүлүп, же болбосо көрөңгөсү какшып кала турган иш болбойт экен. Биздин алдыбызда көптөгөн жакшы адамдар өттү. Ошол кыргыздын иштерине күйгөн, ошолордун иштерин иштеп келе жаткан илимпоздор өттү. Алып айтсак, биздин Абдыкадыр Токторов деген аксакалыбыз болгон. Бул киши өмүр бою өмүрүн кыргыздын тилине, жазуусуна арнады. Андан кийин дагы бизде мына биз курактуулар бир нече адамдар басма сөз орундарын ээлеп, алардын иштерин улап кетүүгө мүмкүнчүлүк болду. Бизден кийин дагы жаштар келе жатат. Тарыхка берилген бир топ жаштар көзгө көрүнүп келе жатат. Булар буюрса, бизден да мыкты илимпоздордон болуп жетилет деген ойломун.

- Сизге дагы бир суроо берейин. Сиз төө жөнүндө сөз кылып өттүңүз. Мына кыргыз төрт түлүк малга жакын калк. Эми ошол айылдарга, элеттерде жашаган калктын көпчүлүгү мал чарбачылык менен алектенет болуш керек. Бул жагынан улуттук кол өнөрчүлүк, улуттук азем буюмдарды жасоо, зергерчилик кыргызды буга чейин сактап келген рухий таянычы, рухий бели - ошол салт-санаасы, үрп-адаты, каада-салты кадимкидей жашап жатса керек. Аларга да токтоло кетсеңиз.

- Биздин кыргыздардын негизги бөлүгү дагы эле малчылык, дыйканчылык менен алектенишет. Азыр көрсөңүз ак боз үйдүн ичиндеги жасалгасы адамдын көзүнүн жоосун алат. Муну Кыргызстанда бир гана сүрөттөрдөн, журнал беттеринен көрүп калат экенбиз. Бизде болсо ошол эле турмушта көнүмүш. Биздин кыздар уздугун коё бербей дегеле алдыңкы муундар канча кылымдын алдындакылар иштеп көрбөгөн саймаларды үй жасалгаларын кадимкидей жасашат. Ээр, ат жабдыктарынын жасалышы анын ичинен үзөнгүлөргө күмүш жабуу, чөгөрүү ушуга окшош зергерчилик өнөрлөр бар.

- Үйлөнүү жөрөлгөсү, адамды акыркы сапарга узатуу жаатында дагы кыргыздын нукура салттары дагы силерде сакталып калса керек.

- Ошол эле бойдон. Той бир чоң салт. Өлүм узатуу дагы салт. Бул эки чоң салт. Бул кыргыздын ата-бабасынан бери келе жаткан укумдан тукумга кыргыздын боорукерлиги ушул эки салт менен келе жаткан окшойт. Бирөө жакшылык дейбиз бул-той. Экинчиси, жамандык дейбиз- бул өлүмдө бардыгы тикесинен туруп, маркумду узатуу, анын ичинде канчалык тоюмчулук болсун, канчалык көбөйсүн, же болбосо аз болсун тойду деле “кыздын тоюн кынга сүрт” деп кичине болсо да ооз тийсе ооз тийбесе дагы өлүмдө дагы дал ошондой баары катышуу парз катары кабыл алышат.

Той узатуудагы майда түйшүктөр ошол эле бойдон калган. Өлүмдө да ошол бойдон алды менен кара ашын өткөрүү, жылдыгын берүү кадимкидей сакталып келген.

- Эми кеп соңунда Сиздин биздин угармандарга жалпы эле элге, журтка каалоо тилегиңиз болсо керек. Балким мен бербей калган суроом болдубу, өзүңүздүн көңүлүңүздө уялап, аздектеп жүргөн пикириңиз болсо айтыңыз. Эркин микрофон сизде.

- Биздеги Жуңгодогу кыргыздардын жагдайын билүүгө ынтызар болуп, биздин турмуш жөнүндө угармандарга чыгарып берсек деп убакыт бөлүп бергениңиздерге чоң рахмат. Бүткүл инсандарга тынчтык болсун. Эки жакта жашап жаткан эки мамлекеттин
карым-катнашы үзүлбөсүн, маданий байланыштары күндө чырмала берсин. Бири-бирибиздин тилибизди, дилибизди түшүнүп турууга насип болсун.
XS
SM
MD
LG