Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Мааракеге азгырылуу керекпи?


150 жылдык мааракеси өткөрүлгөн Молдо Кылыч Шамыкан (Шамыркан) уулунун (1866-1917) "Кысса-йи зилзала" чыгармасы (1911).
150 жылдык мааракеси өткөрүлгөн Молдо Кылыч Шамыкан (Шамыркан) уулунун (1866-1917) "Кысса-йи зилзала" чыгармасы (1911).

Кыргызстанда тарыхый окуялар менен инсандардын мааракелерине арналган маданий иш-чаралар арбын өтүүдө. Айрымдар “мааракелерге обу жок эле азгырылып жатабыз” деп чыгышты. Чын эле ушундайбы?

Быйыл “Тарых жана маданият жылында” кудайдын куттуу күнүнүн бардыгы тигил же бул окуянын же тарыхый инсандын мааракелерине байланыштуу иш-аракеттерге күбө болду.

Бул иш-чараларга улам чакырыла берип тажаганбы, айрым калемгерлер “ушунча көп мааракелик иш-чаралар өтүп жатат, токтотпойлубу!” деген таризде үн катышты.

Жүйөөлүү сөзбү, же...

Эмне десек? Байыркы тарыхы бар калктын тарыхый доорлору жана андагы тарыхый инсандары да көп болот экен. Анын үстүнө, дүйнөдө жалгыз жашабагандан кийин, биздин элибизге таандык болбогон, бирок дүйнө эли аздектеген инсандардын мааракелери жөнүндө да сөз кылышыбыз керек болот.

Айрым тарыхый инсандарыбыз совет доорунда мурдагы бай-манаптар, феодалдар же 1928-52-жылдар ичинде репрессияланган (сталиндик куугунтукка кабылган) инсандар болгондуктан, “кара тизмеге” илинишип, XX кылымдын 91-жылына чейинки тарыхнаамабызда акыйкат баага арзышкан эмес. Демек, алар тууралуу акыйкат маалымат алардын мааракесинин шылтоосу менен азыр гана кеңири айтылып жатат.

Тарыхый инсанга арналган мааракеде жалаң гана анын өмүр баяны эскерилип чектелбейт. Анын доору философтун, тарыхчынын, булак таануучунун жана башка адистердин көзү менен жалпылаштырылат. Анын залкар замандаштары жөнүндө кеңири сөз болот.

Маселен, Жусуп Баласагындын миң жылдык мааракеси X - XI кылымдардагы жалпы Борбордук Азиянын мусулмандык мейкиндигиндеги илим-билимдин өсүшү, “мусулмандык кайра жаралуу” доору, ал-Хорезми, ал-Фараби, ал-Фергани, Ибн Сина, ал-Беруни, Махмуд Кашгари Барскани сыяктуу залкар аалымдардын илимдеги көөнөргүс салымдары жөнүндөгү баяндамалар, аңгеме сөз менен коштолуп жатты. Жусуп Баласагын өзүнүн 1069-1070-ж. жазган “Кутадгу билиг” – “Куттуу билим” же “Куттуу бийлик” эмгегинде алгебра (ал-жабр) илимин окуу керектигин жазат. Жусуп бабабыз эскерген бул илимий тармакты жалпы дүйнөлүк математика илимине сунуштап, “Ал-жабр ва-л-мукабал” эмгегин жазган, ошондой эле индиялык математиктер ойлоп тапкан “нөл” (“жок”) деген сан да камтылган ондук эсептөө системасын көп этностуу мусулмандык цивизизацияга дайын кылган Мухаммед ал-Хорезми деген бабабыз тууралуу анан кантип айтпай тура алабыз? Фирдоусинин парсы тилинде жазган “Шах-намесин” кантип сөз кылбашыбыз керек?

Тайлак баатыр, Алымбек датка ж.б. тууралуу сөз кылганда да XIX кылымдагы жалпы коомдук турмуш, кыргыз топторунун жана алардын коңшуларынын Ферганадагы, Алай, Ак-Тоо, Кара-Тоо жана Ички Теңир-Тоодогу жалпы жана айырмалуу тагдырлары жөнүндө иликтөөлөр жүрдү. Мурда кабыл алынган чектерден ашып, тарыхчылар жана башка изилдөөчүлөр ошол кездеги кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоодогу (азыркы Кытайдын Шинжаң аймагындагы) кыргыздар жана Памир кыргыздары менен өзгөчө тыгыз карым-катнашта болгонун тастыктап чыгышты.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхынын мааракесине арналган жыйындар жана китептер Улуу Үркүн орун алган аймактардын окуялары жана тарыхый инсандары жөнүндөгү мол маалымат менен чектелбестен, Борбордук Азиядагы коженттик, жызактык, торгойлук жана башка көтөрүлүш очоктору тууралуу калыс баяндар менен коштолду.

Ошону менен катар, албетте, тарыхчы адистерди аралаштырбастан, айрым инсандардын урпактары жана жергилимктүү төбөлдөр кээ бир жергиликтүү деңгээлдеги мааракелерди такталбаган маалыматка, бурмаланган санжырага негизденип уюштуруп жиберген учурлар да катталды. Бул жалган мааракелик даталардын айрымдарын (маселен, Балбай, Байтик, Тилекматтын туулган жылдары жөнүндөгү мурдагы жаңылыш маалыматтарды) кесиптешибиз Кыяс Молдокасымов архивдик жаңы маалыматтар аркылуу ашкереледи. Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Дөөлөт Сапаралиев, Зайнидин Курманов, Аида Кубатова, Жумагул Байдилдеев, ж.б. адистер да архивдик жаңы маалыматтарды илимге киргизип, тактоолорун сунушташты.

Илимпоздорго атаандашып, түшүндөгү аян аркылуу тигил же бул датаны таңуулагандар (“жайсаңчылар” ж.б.), тоо-ташка, мазарга сыйынгандар да четтен чыкты. Бир “жайсаңчы” автор “Манас баатыр 670-жылы августта туулган экен” деген көзү ачык айымдын жазганын “чындыкка коошуп турат” деп баалап, ЖОЖдор жана 10-класс үчүн 2012-жылы чыккан тарых окуу китебине киргизип жибергендиги ашкереленди (бул тууралуу кийин өзгөчө сөз болот). Ысык-Көлдө “Боронбай бийдин сөөгү коюлган жер – мына биер” деп бир капчыгайда эстелик таш орнотулду; анын булагын сурасак – бир көзү ачыктын түшүндөгү аян “негизги булак” болуп чыкты. Албетте, мааракелик даталар жана башка жагдайлар жөнүндөгү “мындай булактарды” илимпоздордун четке каккандыгы, ар кандай мааракелик делген жана башка даталарды улам кайра текшергендиги – алгылыктуу нерсе.

Мааракени айрым аткаминерлер мындайча түшүнөт: калайыкка, өзгөчө, тигил же бул тарыхый инсандын урпактарына, той үчүн салык салып, анан бери дегенде 40 боз үй тигип, он чакты жылкы союп, бүжөттөн акча бөлүштүрүп, анан борбордогу чоңдорду, айрым депутаттарды, алыскы куда-сөөктөрдү чакырып, “Көкөтөйдүн ашындай” мааракелик чара өткөрүү зарыл. Дагы бирлери – сөзсүз эле улуттук филармониянын чоң залына студенттерди айдап келип, шыкап толтуруп, концерт менен коштолгон жана төрүндө өздөрү бакыйып отурган жыйын болбосо, анда мааракеге эч кандай чекит коюлган жок деп санашат. Бул дагы жалган дүйнөбүздөгү түркөйлүктүн бир көрүнүшү.

Кээ бир инсандар же окуялар жөнүндө кереге кеңешке (тегерек үстөлгө) чогулуп сөз кылсак, же музей менен китепканада чакан көргөзмөсүн уюштурсак, жаңы китеп чыгарсак, тийешелүү бабанын бейитине гүл койсок, бул инсандын ишмердиги тууралуу маалыматты жамаагаттык маалымат каражаттары аркылуу элге жайылтсак, ошонун өзү эле бөөдө он жылкы сойгон ысыраптуу тойдон артык.

Окумуштуулардын оюн уксак: тигил же бул тарыхый инсандын мааракесинин алдында анын өмүр-таржымакалы жана доору тууралуу алгач архивдик жана башка изилдөөлөргө каражат бөлүү керек (бул – убакытты да талап кылат, айрым учурларда чет элдик архивдерге саякаттарды каржылоону да талап кылат), андан соң илимий жана илимий-жамаагаттык монографиялар чыгаруу, даректүү тасмаларды даярдоо, басма сөз каражаттарында, интернетте жаңы табылгаларды жарыялоо керек. Андан соң гана бул инсандын өмүр жолуна арналган илимий жыйындарга орун берилет. Илимпоздорго эч кандай жылкы союп, күтүрөгөн тойду өткөрүүнүн кажети жок.

Албетте, бардык эле жыйындарды Бишкекте өткөрө бербестен, аларды жер-жерлерде уюштуруу да абзел. Токтогулдун 150 жылдыгына арналган илимий жыйын Кетмен-Төбө өрөөнүндө болду. Окумуштуулар акын Токтогулдун үй-музейин көрүп, бейитине барып куран окушту. Тайлак баатырдын мааракелик жыйынына катышкандар Ак-Талаанын Куртка айылына жакын жердеги Атантай менен Тайлактын күмбөздөрүнө барышты. Полот ханга (молдо Ыскак Асан уулуна) арналган илимий жыйын Баткен жергесинде өттү.

Мындай жыйындарга, албетте, сырттан келген илимпоздорду кабыл алуу үчүн кошумча каражат керек. Бирок илимпоздор беш жылдыздуу конок үйлөрүн талап кылышпайт. Алар өздөрү иликтеген инсандын туулуп-өскөн жайын өз көзү менен көрүп, жергиликтүү калайык менен баарлашып, улам жаңы илимий табылгалар менен кайтаары шексиз. Илимпоздор - карапайым кишилердин бир бөлүгү. Тоо-талаада чатырларда жаткан археологдор, улам бир жерге түнөп, чабандардын же дыйкандардын үйүндө чогуу жашап, фолклордук мурастын өрнөгүн моокуму кана көчүргөн этнографтар же фолклор таануучулар беш жылдыздуу конок үйүн талап кылып керсейгенин эч көргөн эмеспиз. Бир айылда он чакты күн бою же апталап иликтөө жүргүзгөн бул илимпоздор тигил же бул кадыр-барктуу манасчынын, санжырачынын же акындын жанында “селфи” сүрөткө түшүп, мындайча айтканда, 5 мүнөттүк фото сессиясын жүргүзүп алып, андан соң жол тандабас автоунаага түшүп алып, шуулдап көздөн кайым болгон “изилдөөчүлөрдөн” асман менен жердей айырмаланышат.

Дагы бир жагдай бар. Кээ бир илимдеги аткаминерлер “эмне үчүн мен бул жыйынга чакырылбай калдым” дей беришет. Андай илимдеги төрөлөрдүн шакирттери бул жыйындарга үзбөй катышып жаткандыгы аларга эсеп эмес. Азыркы илимий жыйындарга чакыруулар мурдагыдай кооз жана кымбат кагаздагы чакырык каттар аркылуу эмес, интернеттеги кыска-нуска жарыялар аркылуу гана жиберилип калды. Мына, жакында эле Эл аралык Туруктуу Алтаистика Конгрессинин кезектеги отурумуна жана башка жыйындарга чакырыктар электрондук кат аркылуу келди; айрым чыгыш таануучулардын эл аралык илимий жыйындарга чакырыктары Фейсбук аркылуу таркатылууда. Бул жаңы агымга кыргыз илимпоздору дагы кошулду. Кээ бир 70тен өткөн ала-тоолук карыя окумуштуулар Фейсбукту эчак өздөштүрүп, Википедияга маалымат жүктөп жатышса, алардын айрым 30-40тагы кесиптештери азыр дагы электрондук почтоодо өзүнчө дарек ача электиги – ыкшоолуктун гана белгиси.

Илим тармагы өзгөчө бутактанып кеткени ырас. Археолог менен антропологдордун же Карахандар каганатынын тарыхына арналган жыйындарга мурдатан XX кылымдагы комсомолдун тарыхын изилдеген адис катышканда эмнени айтат? Адабиятчылардын эски азилиндегидей, “Сүлү-Үңкүрдөгү ири археологиялык ачылыш жөнүндө эч окубасам да, дилетанттык оюмду айтып коёюн” деп гана чыгышпайбы. Же болбосо, Кыргыз каганатынын археологиясы менен алектенген адис Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхына арналган жыйында баяндама жасамак беле? Андан көрө тийешелүү доору боюнча архивдерди, жазма жана башка тарыхый булактарды аңтарган адистер өздөрүнө илимий темасы жакын адистер менен баарлашканы майнаптуу эмеспи.

Демек, илимий мааракелер канчалык көп болгону менен, аларга байланыштуу доорлорду изилдеген чыныгы адистер салыштырмалуу аз эле. “Таранчыны сойсо да, касапчы сойсун” дегендей кеп.

Башкы көйгөй – жаш илимпоздорубуздун арасынан байыркы жана орто кылымдардагы ар кыл тилдерди үйрөнгөн, археологдук турмуштун азап-тозогуна кайыл болууга даяр, нумизматика, антропология жана башка тармактарга пейил салган улан-кыздар аз болуп жаткандыгында жана андай кадрларды даярдоо үчүн социалдык шарттар түзүлбөгөндүгүндө. Архивди аңтарбай туруп, жаңы жазма даректерди үйрөнбөй туруп жана мурда белгисиз болгон этнологиялык маалыматтарды чогултпастан, мурдагы ачылыштарга гана тап койгондор көбөйгөндүгүндө.

Мааракелик жыйындардын маалында көзгө көрүнгөн бул өксүк жагдайлар, бирок, мааракелик илимий жана башка жыйындарды жана эскерүү чараларын өткөрүүгө каршы колдонулбашы керек. Быйылкы жылдын сабактарынын бири – ушул.

XS
SM
MD
LG