Иранда тополоңдо миңдеген киши өлгөнү кабарланды | Жаңылыктар | 14.01.2026
Иранда бийликтин элдик толкундоолорду күч менен басуу аракети учурунда миңдеген киши каза тапты. Эгер Иран нааразылыкка чыккандарды өлүм жазасына тарта турган болсо, Вашингтон катаал чара көрөрүн эскертти. Бишкектеги ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулабы? Депутаттар жана экологдор бийликти мындай демилгеден баш тартууга чакырып жатат. Бийлик мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга 083 маалымкат талап кылынбай турганын жарыялады. Буга чейин айдоочулар күбөлүктү алмаштыруу жараяны түйшүк жаратып жатканына нааразы болуп жаткан.
Чыгарылыштар
-
Январь 09, 2026Иранда митингде өлгөндөрдүн саны өсүүдө | Жаңылыктар | 9.1.2026
Шерине