Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:54

Алтай таануучулар - Чоң Алтайда


Алтай таануу шеринесинин көрнөгү. Барнаул, Горно-Алтайск, Орусия. 2019.

Жакында Алтай аймагында өз ишин аяктаган эл аралык алтай таануу жыйынына Кыргызстандан жоон топ илимпоздор катышты.

“Чоң Алтай” тууралуу алгы сөз

Чоң Алтай аймагына аяк таштаганда эле, Кыргызстандан чогуу бара жаткан кесиптештерим (археолог Кадича Ташбаева эже, тарыхчы Бактыкан Төрөгелдиева эже ж.б.) “ата-бабалардын жерине келдим” деген таасирге бөлөнүп жатканын айтып чыгышты. Ушундай эле ойду Алтайга келген Капар Зулпукаров, Муктар Орозбаев, Жамыйкат Өмүрова, Замира Садырова ж.б. айтып жатышты.

Алтай жана Энесай жергесинде дал ушундай таңкалычтуу сезимге 1980- жана 1995-жылдары батканым эсимде.

“Чоң Алтай” термини совет доорунда “Тоолуу Алтайды” гана камтыган тар түшүнүктү эмес, чыгышынан – Байкалдан бери, батышынан – Казакстан Алтайы, түштүгүнөн – Монголия жана Кытай Алтайы, түндүгүнөн – Тоолуу Шория да камтылган Темирчилер Ала-Тоосун (Кузнецкое Ала-Тау) камтыган жана азыркы тапта төрт мамлекетке жиктелип калган кеңирсиген мейкиндикти өзүнө камтыйт. Ушуга жакын ойду теги алтайлык акын, жазуучу жана коомдук ишмер Бронтой Бедүров (Бедюров) агабыз да ар дайым айтып келет.

Бронтой Бедүров, Алтай Жазуучулар Биримдигинин төрагасы. 13.9.19.
Бронтой Бедүров, Алтай Жазуучулар Биримдигинин төрагасы. 13.9.19.

Ушундай идеяны этнограф Астай (Виктор) Бутанаев жана ушул саптардын ээси да мурдараак жазган элек. Демек, кийин гана “Сайан” (Саян) тоолору деп орусиялык географтар өзүнчө жиктеп жазып чыккан тоо кыркалары да кыргыздардын жана Алтай менен Түштүк Шибердин калктарынын тарыхый эс-тутумунда жалпы “Алтай” аталышы менен калган ири аймактын ажырагыс бөлүгү.

Кыргыздын “Манас” эпосундагы “Алтай аймагы” топоними, демек, бир эле учурда Алтай крайы, Алтай Республикасы, Тоолуу Шория, Хакасия, Тыва, Бурятия, Монгол Алтайы, Шинжаңдагы көйкөлгөн кооз жайлоолору жана бийик тоолуу көлү бар Кытай Алтайы сыяктуу аймактарды жалпы камтып турат. Бул “Алтай аймагы” топонимин жалаң гана Тоолуу Алтай менен чектөө тарыхый калпыстык болоор эле.

Кыргызстандык илимпоздор тобу илимий шерине маалында. Барнаул. 12.9.19.
Кыргызстандык илимпоздор тобу илимий шерине маалында. Барнаул. 12.9.19.

Демек, “Чоң Алтай аймагына аяк таштаганда” деп биз Новосибирск шаарынан түштүккө – Алтайдын талаа-түздүү аймагына, бүгүнкү Алтай крайы жергесине келгенден тартып айтып жатабыз...

Эми болсо Орусиянын өзүндө “Чоң Алтай” түшүнүгү окумуштуулардын эл аралык кызматташтыгы үчүн орток илимий бута катары колдонулуп жаткандыгы, албетте, бизди ыраазы кылды.

АлтайМУнун ректору Сергей Бочаров (оңдо - биринчи). Барнаул. 12.9.19.
АлтайМУнун ректору Сергей Бочаров (оңдо - биринчи). Барнаул. 12.9.19.

Эл аралык алтай таануу шеринеси

Чоң Алтай жергесинин батыш өңүрүндө өтүп жаткан быйылкы илимий жыйын өзгөчө символдук мааниге ээ болду.

Биринчиден, ал 12-сентябрда Алтай крайынын ордосу Барнаул шаарында өз ишин баштады да, андан түштүктөгү Алтай Республикасынын борбору Горно-Алтайск шаарында жана Манжерок жергесинде 14-сентябрда өз ишин жыйынтыктады. Демек, Чоң Алтайдын таасирдүү эки университети жана Шибердин башка илимий чордондору алтай таануу боюнча бул туңгуч шеринени биргелешип уюштуруп, өз ынтымагын көрсөтүштү.

Алтай таануу шеринеси Тоолуу АлтайМУда да улантылды. 13.9.19.
Алтай таануу шеринеси Тоолуу АлтайМУда да улантылды. 13.9.19.

Экинчиден, бул жыйында эл аралык илимий коомчулук да өз ынтымагын көрсөттү. Илимий шеринеге Орусиянын өзүнөн Хакасия, Тыва, Бурятия, Саха республикаларынан, Новосибирск шаарындагы Академиялык шаарчадан, Маскөө жана башка шаарлардан, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан сыяктуу тарыхый коңшу мамлекеттерден жана АКШ, Армения, Германия, Жапония, Монголия, Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдөн да жоон топ окумуштуулар келип катышты.

Үчүнчүдөн, "Чоң Алтайдын түрк-монгол дүйнөсү: Тарыхый-маданий мурас жана азыркы доор" деп аталган бул Биринчи эл аралык шеринеге “Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйыны” (ПИАК / PIAC) уюмунун Башкы катчысы, берлиндик профессор Барбара Келлнер-Хайнкеленин жигердүү катышуусу да символдук мааниге ээ. Анткени алтай таануу жаатында идеологиялык тирешүүгө негизделген тээ бир кездеги “кансыз согуш” маалында эле Батыш менен СССРдин түркологдорун, монгол таануучуларын жана башка чыгыш таануучуларын баш коштура алган бул ПИАК уюму Орусиянын Чоң Алтайындагы алгачкы алтай таануу жыйынына атаандаш катары эмес, шерик, үзөңгүлөш катары мамиле кылаары, ар тараптуу колдоору тастыкталды.

Профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле. 12.9.19.
Профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле. 12.9.19.

Айтмакчы, биз менен маегинде профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле былтыр (2018-жылы) да ПИАКтын Кыргызстандагы алгачкы жылдык отуруму өзгөчө түшүмдүү өткөнүн ыраазычылык билдирип эскертти.

“Алтай жергесине, Тоолуу Алтайга алгачкы жолу келип жатам. Буюрса, алтай таануучулар мындан ары да Барнаул, Горно-Алтайск шаарларындагы жана жалпы Шибердеги илимий чордондор менен тыгыз кызматташтыкты улантат деп ишенем”, – деди ПИАКтын Башкы катчысы. Ал ПИАКтын отурумун былтыр кыргыз жергесинде уюштурууга салым кошкон кесиптештерге жылуу саламын жолдоду.

Барнаулдагы Алтай мамлекеттик университетинин ректору болуп жакында шайланган профессор Сергей Бочаров жана Тоолуу Алтай мамлекеттик университетинин ректору Валерий Бабин ачылыш аземиндеги сөздөрүндө бул шериненин уюштурууда салым кошкон Орусиянын борбордук жана жергиликтүү бийликтерине, ПИАКтын жетекчилигине, Азиялык университеттер жамаатына кирген ЖОЖдорго жана ар кыл өлкөлөрдөн келген конокторго терең ыраазычылыгын билдиришти.

Алар жана башка чыгып сүйлөгөндөр Алтайдагы бул туңгуч шериненин максаты –– Орусия, Казакстан, Кытай, Монголия мамлекеттеринин чектеш аймактарын тарыхый жактан бири-бирине тепчип турган ири макрочөлкөмдү – Чоң Алтайды ар кыл илимий тармактар аркылуу биргелешип изилдөөдө, түркология менен монгол таануунун түйүндүү көйгөйлөрүн чогуу иликтөөдө Орусиядагы, Борбордук Азия жана башка аймактардагы мамлекеттердеги илимий мектептерди жана адистерди чогуу-чаран иш алып баруу үчүн баш коштуруу экендигин баса белгилешти.

Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын (Ил-Түмен) төрагасынын биринчи орун басары Александр Жирков (солдо) сүйлөөдө. 13.9.19.
Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын (Ил-Түмен) төрагасынын биринчи орун басары Александр Жирков (солдо) сүйлөөдө. 13.9.19.

Барнаул жана Горно-Алтайск шаарларында илимий шеринеде чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын (Ил-Түмен) төрагасынын биринчи орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, теги саха Александр Жирков, ал эми алтайлыктардан – Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Иван Итулович Белеков, Алтай Республикасынын Жазуучулар биримдигинин төрагасы Бронтой Бедүров, С.С.Суразаков атындагы Алтай таануу илим-изилдөө институтунун деректири Николай Екеев жана башкалар алтай таануу тармактарын эл аралык кызматташтык аркылуу тереңдетүү жолдору жөнүндө сунуштарын айтышты.

Интернет мүмкүнчүлүктөрү мейкиндиктерди жакындатат эмеспи. Жекече себептер менен Алтайга келе албай калган белгилүү алтай таануучу, түрколог, тилчи жана этнограф Анна Дыбо айым Маскөөдөн интернет аркылуу түз байланышка чыгып, Чоң Алтайдагы кесиптештерин бул шеринени уюштурганы үчүн куттуктады.

Барбара Келлнер-Хайнкеле Барнаулда сунуштаган баяндамасында Алтай аймагын изилдөөдө бараандуу салым кошкон немис тегиндеги илимпоздор Пётр Симон Паллас (Peter Simon Pallas, 1741—1811), барон Фридрих Вильгельм Генрих Александр фон Гумбольдт (Friedrich Wilhelm Heinrich Alexander Freiherr von Humboldt, 14.9.1769 — 06.5.1859), Василий Васильевич Радлов (Friedrich Wilhelm Radloff; 05[17].1.1837, Берлин — 12.5.1918, Петроград) ж.б. тууралуу кеңири маалымат берди.

Айтмакчы, Бронтой Бедүров да Горно-Алтайск шаарында окуган баяндамасында жогорудагы илимпоз инсандарга башка алтай таануучулардын ысымдарына кошуп жогорку баасын бере кетти. Мындан 170 жыл илгери Василий Радлов Улала (азыркы Горно-Алтайск) шаарчасына да келип, Тоолуу Алтайда теги алтайлык, Карасук кыштагынан чыккан Михаил Васильевич Чевалков (1817––1901) сыяктуу фольклор таануучулар чогулткан мурастан пайдаланган, – деп Бронтой ага өзгөчө белгиледи.

Археолог Кадича Ташбаева (алдыда) ара-чолодо Түштүк Алтайдагы соңку казуулардын ордун да көрүп келе калды. 12.9.19.
Археолог Кадича Ташбаева (алдыда) ара-чолодо Түштүк Алтайдагы соңку казуулардын ордун да көрүп келе калды. 12.9.19.

Археолог Кадича Ташбаева Теңир-Тоо, Алтай жана Монголиядагы керексурлар (монголчо – “хирхис-хүүр” – “кыргыз көрлөрү” аталып калган эски мүрзө жайлар. – Т.Ч.) жаатында баяндама окуп, алардын көчмөндөр цивилизациясындагы этностор аралык байланышты чагылдырган булак катары маанисин чечмеледи. Замира Садырова (Бишкек) Жети-Суудагы эрте орто кылымдардагы этностук жүрүмдөр тууралуу баяндама окуду.

Профессор Капар Зулпукаров (ОшМУ). Барнаул. 12.9.19.
Профессор Капар Зулпукаров (ОшМУ). Барнаул. 12.9.19.

ОшМУнун профессору Капар Зулпукаров агай болсо алтай тилдериндеги терминдер менен айрым син-тибет тилдериндеги терминдик окшоштуктарды салыштырган кызыктуу баяндаманы сунуштады.

Жыйында азыркы доордун көйгөйлөрү да козголуп жатты. Маселен, доцент Жамыйкат Өмүрова (Бишкек) Шанхай Кызматташтык Уюмуна байланыштуу баяндамасын сунуштады. Профессор Бактыкан Төрөгелдиева (Бишкек) этностук салттык баалуулуктарды заманбап саясий технологияларда колдонуу аракеттерин чагылдырды.

Профессор Бактыкан Төрөгелдиева. 13.9.19.
Профессор Бактыкан Төрөгелдиева. 13.9.19.

Тывадагы Гуманитардык жана колдонмо социалдык-экономикалык изилдөөлөр институтунун деректири, теги тыва Буян Донгак мырза азыркы базар экономикасы доорунда этностук кластерлер түзүү аркылуу ишкерликтин жаңы ыкмаларын элетке жайылтуу жаатында кызыктуу баяндама окуду.

Александр Жирков болсо “Манас” эпосунун кара сөз варианты саха тилине которулгандыгын жана Кыргызстанда манас таануу жаатында кыйла саамалыктар бар экендигин баса белгилеп, сахалардын олонхо айтуу мурасын сактоодогу жана изилдөөдөгү жаңылыктарга токтолду. Алтайлыктардын “Маадай Кара” эпосу да жакында саха тилине которулганын айтып, А. Жирков, ошондой эле, биргелешип жалпы түрк жана монгол элдеринин эпостук атласын түзүүгө чакырды.

Алтай аймагы менен Кыргызстандын тыгыз байланыштары буга чейин эле калыптанып жаткандыгын ушул шерине маалында угуу бизге –– алатоолуктарга жагымдуу болду. Маселен, АлтайМУнун профессору Юлия Лысенко өз университети менен Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультети тыгыз байланышта экенин айтса, ал эми Тоолуу АлтайМУнун Алтаистика жана түркология борборунун башчысы Людмила Сарбашева болсо Тоолуу АлтайМУ менен И.Арабаев атындагы КМУнун тыгыз алакалары жөнүндө айтып берди.

Алтай өнөрпоздору Урмат менен Алаш (оңдо). 14.9.19.
Алтай өнөрпоздору Урмат менен Алаш (оңдо). 14.9.19.

Кыргызстандык тарыхчы, археолог, этнолог, тилчи, саясат таануучу окумуштуулардын тобу үчүн бул шеринедеги маданий иш-чаралар да жүрөк толкундаткан окуялардан болду. Көмөкөй аркылуу ырдай алган алтайлык өнөрпоздор Урмат менен Алаштын Алтайдын Ботаникалык бакчасындагы концертинен тышкары, алар Барнаулда “Родники” бий ансамблинин, “Иван да Марья” бий театрынын, “Сибирия” вокалдык студия тобунун өнөрүнө күбө болуп чектелбестен, Алтай мамлекеттик университетинде окуп жаткан таланттуу кыргыз жаштарынын да улуттук кийимдер кийип, кыргыз ыр-күүлөрүн жаңыртып, кыргыз бийлерин аткаргандыгын ыракаттана көрүштү.

Таланттуу студенттердин арасында комузчу Нурпейил Самарбекова, “Азия Star” бийчилер тобун түзүп алган кыргыз улан-кыздары болуп, ал эми жалпы концертти кыргызстандык студенттер Асан жана Үсөн Молдодосовдор алып барышты. Барнаулдагы кыргыз диаспорасынын иш-аракетин жигердүү уюштуруп жүргөн кызыбыз, АлтайМУнун окутуучусу Римма Элеманованын да зор салымын айтпай койо албайбыз.

Өнөрпоз студенттер менен. Барнаул. 12.9.19.
Өнөрпоз студенттер менен. Барнаул. 12.9.19.

Чоң Алтай (анын ичинде Энесай) менен Ала-Тоо чөлкөмдөрү кыргыздын жүрөгүндө жана эс тутумунда ар дайым тыгыз байланышкан. Бул тууралуу Астай Бутанаев, Бронтой Бедүров, Юлий Худяков, Кеңеш Жусупов агайларыбыз да улам саймедирлеп айтып келишет.

Барнаулдук кыргыз таануучу, археолог, профессор Петр Дашковский. 12.9.19.
Барнаулдук кыргыз таануучу, археолог, профессор Петр Дашковский. 12.9.19.

Эми Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын өзгөчө жакын саясий шериктик алакаларын пайдалануу менен, бул аймактардагы алтай таануучу, түрколог, монгол таануучу жана кыргыз таануучу адистер өздөрүнүн илимий карым-катнашын мындан ары да арттыруусу үчүн Чоң Алтайдагы болочок алтай таануу шеринелери да айырмалуу пайдубал болуп калат деп үмүттөнөбүз.

Тоолуу АлтайМУнун ректору Валерий Бабин (оңдо) менен КУУнун өкүлдөрү, тарыхчылар Ж.Өмүрова жана Т.Чоротегин. 13.9.19.
Тоолуу АлтайМУнун ректору Валерий Бабин (оңдо) менен КУУнун өкүлдөрү, тарыхчылар Ж.Өмүрова жана Т.Чоротегин. 13.9.19.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (38)

XS
SM
MD
LG