Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:39

Ала-Тоо быйыл да Алтай таануу шеринесине койнун ачат


Алтай элдери симпозиумунун VIII отурумунун көрнөгү. 2019-жыл.

19-23-августта Кыргызстанда VIII Эл аралык алтай элдери симпозиумунун кезектеги отуруму «Алтай элдери: Мал чарбачылык цивилизациясы» деген аталышта өткөрүлмөкчү.

Илхан Шахин кайрадан Кыргызстанда

Бишкекте Алтай таануучулардын дагы бир абройлуу шеринесин уюштуруу боюнча соңку камылгалар кызуу жүрүп жатат. Ишембиде Түркия тараптын уюштуруу тобун жетектеген профессор Илхан Шахин менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу «Мурас» фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых жана маданий мурас институтунун директору Аблабек Асанканов, «Кыргыз тарых коомунун» жана башка шериктеш уюмдардын өкүлдөрү жыйынга даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.

Илхан Шахин мырза Кыргызстандын бийлиги көрсөтүп жаткан өзгөчө меймандостук мамилеге ыраазычылык билдирди. Жыйындын ачылыш аземи август (баш оона) айынын 19унда, дүйшөмбү күнү, Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын № 1 «Ала-Арча» мамлекеттик конушундагы боз үй шекилденген «Энесай» үйүндө өткөрүлмөкчү. Бул орун да ачылыш аземинин салтанаттуулугун арттыргансыйт.

Айтмакчы, көчмөндөр маданияты жаатында бир катар эмгектерди жарыялаган профессор Илхан Шахин үчүн Кыргызстан чоочун жер эмес. 1975-жылы Стамбул университетинде докторлук диссертациясын коргогон бул таанымал аалым 2002-2012-жылдары Бишкектеги Эл аралык Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) адабият факультетинин деканы катары үзүрдүү иштеп кеткен.

Илхан бей 2010-жылы «Кыргызстандын Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисине да арзыган. Анын илимий жетегинде дипломдук иш жазгандардын арасында Кайрат Белек, Бактыбек Исаков, Гүлжанат Курмангалиева-Эржиласун, Женгиз Буйар сыяктуу жаш жана таланттуу окумуштуулар бар.

Түркиялык көчмөн таануучу, профессор Илхан Шахин. 17-август, 2019-жыл.
Түркиялык көчмөн таануучу, профессор Илхан Шахин. 17-август, 2019-жыл.

Кыргызча жана англисче мыкты сүйлөгөн профессор Шахин андан соң Жапониядагы Мэйдзи университетинде чакырылган профессор катары иштеп жүрүп, мекени Түркияга кайткан. Учурда ал Стамбулдагы 29-май университетинин профессору кызматын аркалоо менен катар эле Алтай таануу жаатында эл аралык симпозиумду түптөп, аны өнүктүрүүгө зор салым кошуп келет.

Кыргыз тилинде анатолиялык жумшак акцент менен сүйлөгөн бул акылдуу инсан менен баарлашып отуруп: «Атаганат, КТМУ жана башка алатоолук университеттер Илхан бей сыяктуу илимпоздорду кайра-кайра эле чакырып турса кана?» деген тилекти да айткың келет.

Алтай таануучулардын кезектеги шеринеси

«VIII Эл аралык Алтай элдеринин симпозиумунун» алкагында өтүп жаткан жана Алтай элдеринин мал чарбасына басым жасаган цивилизациясына арналган быйылкы илимий шерине түркологдор үчүн гана эмес, жалпы Алтай таануу илими үчүн да олуттуу мааниге ээ. Ошондуктан бул илимий жыйынга он чакты өлкөдөн 200дөй өкүл катышат. Алардын арасында АКШ, Жапония, Казакстан, Кытай, Монголия, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын ар кыл илимий мекемелеринин жана университеттеринин чыгыш таануучулары, түркологдору, Алтай таануучулары, археологдору, булак таануучулары, тарыхчылары, тилчилери, философтору жана башка адистер келиши күтүлүүдө.

Аталган эл аралык илимий шеринени уюштуруучулардын арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, ТүркСОЙ, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы тарых жана маданий мурас институту, Монголиянын Илимдер академиясы, «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмеси, Түрк тарых коому, Алтай элдеринин академиялык коому, Эл аралык түрк академиясы, Түрк дүйнөсүнүн шаарлар биримдиги, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Жапониядагы Мэйдзи университети, Стамбулдагы 29-май университети, Кореянын Эл аралык мамилелерди изилдөө университети, Бурса шаардык акимияты, «Супара» этнокомплекси сыяктуу шериктер бар.

Ар кыл өлкөлөрдө жайгашкан бул шериктер азыркы күрдөөлдүү замандагы ырааттуу дүйнөлөшүү шарттарында да адамзат өзүнүн өткөн тарыхына жана маданий баалуулуктарына кылдат мамиле кылып, цивилизациялык бардык тепкичтерди калыс изилдеши керек деп санашат жана Алтай таануу илимий тармактарына ушул багытта демөөрчүлүк кылып келишет.

«Алтай элдеринин симпозиуму» деген аталыш менен ырааттуу уюштурулуп келе жаткан илимий шериненин быйылкы сегизинчи отуруму Алтай элдеринин мал чарбачылык цивилизациясына арналганы да чоң кызыгуу жаратты.

Кыргыздарпдын жана башка көчмөндөрдүн аскердик өнөрүн изилдеген археолог Юлий Худяков. 16-ноябрь, 2012-жыл.
Кыргыздарпдын жана башка көчмөндөрдүн аскердик өнөрүн изилдеген археолог Юлий Худяков. 16-ноябрь, 2012-жыл.

Адатта Евразиядагы көчмөндөр цивилизациясы дегенде биринчи кезекте, негедир, көчмөн элдердин журт которушу, аскердик өнөрү жана жеңиштери, ар кыл континенттердеги уллуттарды өз ара байланыштырган салымдары айтылып, бирок алардын кадыресе турмушундагы көп жагдайлар үстүрт гана айтылып келет.

Эми Евразиядагы тундрада, тайгада, даркан талаада, жарым чөлдө жана чөлдөрдө, бийик тоолордогу ариддик шарттарда, ошондой эле отурукташкан маданиятка эриш-аркак болгон башка өрөөндөрдө байырлаган көчмөн элдердин мал чарбачылыгы, көркөм өнөрү, каада-салттары ж.б. менен байланыштуу атайын илимий баяндамалар этнография, археология, булак таануу, фольклор таануу жана башка тармактардагы ушул темага арналган жаңы саамалыктарды илимий чөйрөгө сунуштамакчы.

Бээжиндик профессор Хошуд Цэнгэл Жети-Өгүздөгү Тамга-Таштын мазарына чүпүрөк байлоодо. 12-июнь, 2019-жыл.
Бээжиндик профессор Хошуд Цэнгэл Жети-Өгүздөгү Тамга-Таштын мазарына чүпүрөк байлоодо. 12-июнь, 2019-жыл.

Ар бир элде бул багытта талкууга коюлчу мисалдар көп. Маселен, Ала-Тоодогу кыргыздар ислам динин тутат, Тарбагатайдагы кыргыздар бутпарас динин тутат, бирок аларда тили, фольклору, эзелки көчмөндүк жана теңирчилик доорунан калган орток ырым-жырымдар жана каада-салттары ырааттуу сакталып келет. Ички Монголияда, Монголияда, Шиберде (Сибирь), Борбор Азияда жана Түркияда түрк жана монгол элдеринин өкүлдөрү азыр да бакка жип же чүпүрөк байлап, тилек кылышат. Бул да бир нече миң жылдык орток руханий салттын бир үзүмү. Алла-Таалага, Ыйсага, Буддага же башкага ишенесиңби, ага карабастан, Алтай элдеринин өкүлдөрү ушул илгерки шамандык салтты бир эле учурда ар башка чөлкөмдөрдө сактап келгенине таң каласыз.

Ал эми Алтай таануучу илимпоздор таң калып чектелип отурбастан, бул сыяктуу көрүнүштөрдү этнографиялык жана башка салыштырма иликтөөлөргө негиз кылууда.

Илимий чөйрө – элдердин данакери

Албетте, Алтай таануу тармагында иликтөө жүргүзгөндөрдү баш коштуруу Кыргызстандагы бул жыйын менен эле чектелбейт.

Алтай таануучулардын шеринеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

Былтыр Эл аралык туруктуу Алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 61-жылдык отуруму Бишкекте жана Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. Эми ПИАКтын 62-жылдык отуруму ушул күндөрү Германияда өткөн жатат. Мындан тышкары да Алтай элдеринин спорттук жана элдик оюндарына арналган эл аралык жыйындар өткөрүлүп келет.

Башка мамлекеттерде да быйыл эле Евразия элдеринин тарыхына жана маданиятына арналган көптөгөн илимий шеринелер өткөрүлүп жана беленденип жатат.

Бул илимий шеринелердин өздөрү да элдердин ортосундагы маданий кызматташтыкты өөрчүтүүгө өбөлгө түзөрү шексиз.

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун Артыштагы Тегирмети айылында. КЭР. 14-июль, 2014-жыл.
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун Артыштагы Тегирмети айылында. КЭР. 14-июль, 2014-жыл.

Соңку эки жылда Кытайдын Шинжаң аймагынан бир катар түрколог окумуштуулар Бишкектеги бул сыяктуу жыйындарга жиберилбей калгандыгы, элдерге данакер болгон профессор Мамбеттурду Мамбетакун сыяктуу айрым илимпоздордун абакта кармалышы, ал эми Орусияда болсо илимпоздордун чет өлкөлүк шериктер менен илимий алакаларын көзөмөлдөө жана чектөө далалаттары тууралуу ар кыл түйшөлтчү сөздөр жүрүп жаткандыгы, албетте, Алтай таануучуларды да санааркатпай койбойт.

XXI кылымдын башындагы илимий коомчулук, анын ичинде Алтай таануучулар, эми эч кандай «кансыз согушсуз» жана башка идеологиялык бөгөттөрсүз эле эл аралык карым-катнаштарды эркин өөрчүтүүгө акылуу экендиги талашсыз болсо керек деп ойлойбуз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (26)

XS
SM
MD
LG