Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:55

Кытайлык чыгаан илимпоз Мамбеттурдуга ырааттуу колдоо керек


Мамбеттурду Мамбетакун. КЭР. 24.10.2015.

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун "Манас" эпосу, кыргыз таануу жана Кытайдагы чакан этностордун азыркы доордогу адабияты, фольклордук мурасы маселелерин изилдеген илимпоз, адабиятчы жана акын катары дүйнө жүзүнө кеңири таанымал.

Жакында укук коргоочу Абдулгани Сабит мырза кытайлык кыргыз илимпозу, профессор Мамбеттурду Мамбетакун (аны А.Сабит мырза "Мамбет Турду" деп гана өз аты менен белгилеген) Кытайдагы "саясий тарбия берүү лагерине" 2018-жылдын башында жиберилген бойдон анын тагдыры белгисиз кала берип жаткандыгы жөнүндө "Твиттерде" учкай жазганда, чынында, биз да чочулай түштүк.

Сабит мырзанын маалымдашынча, кыргыз окумуштуусу 2018-жылдын башында "кайра тарбиялоо лагерине" жиберилген бойдон анын кийинки тагдыры дайынсыз имиш.

Бул кабарды айрым замандаштарыбыз интернеттеги ар кыл коомдук тармактар аркылуу андан ары жайылтып кирди.

Албетте, бул чуулгандуу кабарды окуур замат мен дагы чочуп кеттим. Анын үстүнө өзүм быйыл жазгы айлардан бери Шинжаңга далай телефон чалып, эч ким менен байланыша алган жок элем. Кытайдагы кыргыз айдыңдардын manas.cc деген мыкты интернет барагынын таптакыр ачылбай калгандыгы да өзгөчө капа кылган окуя болгонун жашыра албайм.

Анан жогорудагы кабарды кайра окуп, таразалай баштадым.

Бул санааркаткан маалыматта “2018-жылдын башында эле” Мамбет Турду (б.а. Мамбеттурду Мамбетакун) кайра тарбиялоо лагерине (мындайча айтканда, илгерки сталинчилердикиндей же КЭРдеги маданий ыңкылап маалындагыдай идеологиялык абактарга) айдалгандыгы тууралуу айтылат.

Ал эми быйыл август (баш оона) айында эле мен Кытайдан Бишкектеги эл аралык алтай таануу илимий шеринесине келген окумуштуулар менен баарлашканымда, Мамбеттурду Мамбетакун аман-эсен жүргөндүгү тууралуу уккан элем.

Демек, Мамбеттурду Мамбетакун “2018-жылдын башында лагерге жиберилди” деген сөз жалган.

Кытайдагы доор өзгөрткөн соңку реформалардын “атасы” Дэн Сяопиндин (аны кытайлык кыргыздар Дың Шыяпиң дешет) кызынын өз атасы айтылуу “маданий ыңкылап” доорунда баштан кечиргендери жөнүндөгү баянынын үчтөн бирин орусчадан кыргыз тилине которгон элем (китептин калган бөлүгүн Эсенбай Нурушев, Абибилла Пазылов агаларым которгон).

Караңыз: Маомао. Менин атам Дэн Сяопин “маданий ыңкылап” жылдарында / Которгондор Абибилла Пазылов, Тынчтыкбек Чоротегин, Эсенбай Нурушев. – Бишкек, 2015 – 592 б., сүрөт. – “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ. – “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгү. - ISBN - 978-9967-27-745-8.

Чыгыш жана Ички Азиядагы бул ири өлкөдөгү 1966–1975-жылдардагы “идеологиялык тарбиялоолор” Советтер Биримдигиндеги сталиндик жазалоолор доорунун эле бир түрү болгонун Маомао жазган эскерүүдөн таасын аңдайбыз.

Эми Шинжаңда кырдаал кайра ошол эски кебетесине кайтып баратабы?

Дал ошол жазалоолор тегирменине ини досубуз болуп калган аалым Мамбеттурду дагы жазыксыз жерден илиндиби?

Кайра телефонго жармаштым да, Үрүмчүдө эч ким албаган соң, башка шаарларга телефон чала баштадым. Акыры Кытайдын борбор шаарында эмгектенип жаткан кыргыз таануучу окумуштуу телефон алды.

Учурашаар замат эле суроомдун ток этер жерин айттым:

– Профессор Мамбеттурду Мамбетакун үстүбүздөгү жылдын башында камакка алынып, кайра тарбиялоо жайына жиберилиптир деген каңшаар келип жатат, ушул чынбы?

– Жок, андай эмес. Эки ай мурда эле мен Мамбеттурдунун өзү менен жолуккан болчумун, – деп бээжиндик илимпоз так кесе айтты.

Чын эле август айында уккан кабарым башка бир булак аркылуу тастыкталганда жеңилдене үшкүрдүм.

– Ылайым ошондой эле болсун!

Анан жакшы маалымат уктум: кайран Макебиз быйыл жыл башынан бери залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана кыргызстандык чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Кытайдагы ар кыл илимий-маданий чараларды уюштурууга белсене катышып келген экен.

Бээжиндик илимпоздон жакшы кабар угуп, ыраазы болуп жүргөн чагымда, ушул аптада эле акыркы бир жарым айдан бери Мамбеттурду өзүнүн илимий-агартуу мекемесинде көрүнбөй калды деген санааркаткан жаңылыкты уктум.

Соңку апталарда Мамбеттурду менен байланыша алдым деген эч бир кишини учурата албай жаткан болчумун.

Бир гана тилегеним ушул болду: балким, Мамбеттурду Мамбетакун Кытайдын чыгышына жөн гана кызматтык жактан жогорулатуу курстарынын бирине жөнөтүлгөндүр?

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун - илимий табылгаларынын аркасында дүйнөлүк алкакта даңазалуу болгон заманбап кыргыз таануучу жана түрколог.
Т. Чоротегин

Жөнү жок чуу чыгара бергендин өзү да туура эмес. Аны "жыл башынан бери дайынсыз жок" дегендердин калпы чыккан соң, албетте, Мамбеттурду Мамбетакун сыяктуу көзгө басар залкар окумуштууларды Үрүмчүдө деле аздектеп сыйлап жүрүшөт деп ишенгибиз келди.

Улам жаңы кабарлар Мамбеттурду Мамбетакун соңку айларда убактылуу тарбиялоо жайында кармалып жаткандыгы тууралуу аңыз кепти тастыктоодо.

Мамбеттурду Мамбетакун - залкар аалым жана коомдук ишмер

КЭРдин Үрүмчү шаарында жайгашкан Шинжаң "Манас" изилдөө борборунун жетекчиси болуп айдыңдык кызмат аркалап келген, Шинжаң педагогикалык университетинин профессору Мамбеттурду Мамбетакун – жалаң Кытайдагы чакан аймакта гана баркталган, тыш дүйнө үчүн эч белгисиз окумуштуулардан эмес.

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун - илимий табылгаларынын аркасында дүйнөлүк алкакта даңазалуу болгон заманбап кыргыз таануучу жана түрколог.

Анын илимий эмгектерин Чыгышта да, Батышта да мыкты билишет.

Мамбеттурду Мамбетакундун кыргыз, кытай, түрк, англис жана башка тилдерде жарык көргөн эмгектерин дүйнө жүзүндөгү адабият таануучулар, тарыхчылар, этнографтар, булак таануучулар, фолклор таануучулар, түркологдор кастарлап окушат.

Ал Манчжуриядагы фу-йү кыргыздары, КЭРдеги кыргыз манасчылары, КЭРдин Ак-Тоо (Памир) аймагындагы кыргыздардын өлөң айтуу өнөрү, ж.б. темаларда оригиналдуу илимий табылгаларын жарыялап келди.

Макебиз илимий эмгектерден тышкары көркөм чыгармаларды да жаратып келет. Бул жаатта ал өтө аз, бирок саз жазат.

Мамбеттурду Мамбетакун 1990-жж. жазган “Биз” аттуу ыр Евразиядагы көчмөндөр цивилизациясынын өнүгүшүндө өз орду бар кыргыз улутунун кылымдар камтыган дастанынын өзүнчө эле бир кыска-нуска маңызындай сезилет.

Мамбеттурду Мамбетакун. Үрүмчү ш.
Мамбеттурду Мамбетакун. Үрүмчү ш.

Бул ырдын текстине Макебиздин бир тууган агасы, композитор жана аткаруучу Мамбетжума Мамбетакун уулу атайын обон чыгарган.

“Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз.

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,

Боор эзип боздогон каймал.

Манастан айрылып кыргыз,

Тагдырга көз салат жал-жал.

Тагдырды таштуу жерге аркандадык,

Тагдырлар таштап кетсе арданбадык.

Энесай узатканда аттар семиз,

Чарчадык, тагдырды кууп чарчабадык.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,

Боор эзип боздогон каймал.

Эзилип эмчеги ийип,

Энелер жашыруун кал-кал.

Эзилип эмчеги ийип,

Энелер жалдырап кал-кал.

Эрлер жок ат жалына казан аскан,

«Насыйкат» угулат ал өтө алыстан.

«Караз көй» күүсүн чалдык кайрып-кайрып,

Энелер жолду карайт ак жоолукчан.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,

Боор эзип боздогон каймал.

Күтүүнүн ченеми болот,

Оо курбум сапарга аттан.

Күтүүнүн ченеми болот,

Кыргыздар дүйнөгө,

Кыргыздар дүйнөгө аттан.

Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын жарнагындагы сүрөт. Нарын ш. 29.5.2015.
Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын жарнагындагы сүрөт. Нарын ш. 29.5.2015.

Азыркы тапта Кытайда 202 миңден ашуун кыргыз жашайт. Алардын ичинен айдыңдык туусун көтөргөн бараандуу кыргыз окумуштуулары улам көбөйүүдө.

2017-18-жылдары КЭРдин борбору Бээжинде кыргыздын “Манас” эпосунун кытайлык кыргыздардын залкар дастанчысы Жусуп Мамай (1918-2014) айткан варианты боюнча опера ханзу тилинде ийгиликтүү коюлду. Бул оюн эми келээрки жылы Бишкекте да көрсөтүлмөкчү.

"Манас" операсы. Бээжин. 07.6.2018.
"Манас" операсы. Бээжин. 07.6.2018.

Дал ошол операнын ханзуча текстин даярдаган бээжиндик окумуштуу жана адабиятчы – профессор Адыл Жуматурду мырза да Мамбеттурду Мамбетакун сыяктуу эле Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан чыккан жана дүйнө жүзүнө таанылган бараандуу илимпоз.

Аларга илимпоздук устат болгондордун арасында айтылуу кыргыз таануучу, манас таануучу жана дунган таануучу профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа агай, теги ханзу, профессор Лаң Йиң эжей да бар. Мен Ху лаоши, Лаң лаоши экөөнө тең жолугуп, аларга кыргызстандык тарыхчы илимпоздордун атынан ыракмат айткан элем.

Мамбеттурду Мамбетакун кыргыз элинин даңазалуу "Манас" эпосун, ошондой эле кыргыз таануу, кыргыз фолклордук мурасын изилдөө жаатында Кытайдагы көп тарамдуу заманбап илимий иликтөөлөргө көптөгөн чет өлкөлүк окумуштууларды тарта билген данакер, уюштургуч катары да таанымал.

Солдон оңго: Мамбеттурду Мамбетакун, немис илимпозу Гундула Салк, Гүлсайра Йасин. КЭР. 1996.
Солдон оңго: Мамбеттурду Мамбетакун, немис илимпозу Гундула Салк, Гүлсайра Йасин. КЭР. 1996.

Ал германиялык профессорлор Карл Райхл мырза, Гундула Салк айым, кыргызстандык илимпоздор Абылабек Асанканов, Сынару Алымкулова, Азиза Турдуева, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Абдалиева, Турусбек Маразыков жана башкалар үчүн Кытайда илимий иликтөөлөр жүргүзүүдө мыкты көмөкчү болгонун бул окумуштуулардан далай ирет уктум.

Анын мыкты уюштургучтугу менен Кытай менен Кыргызстандын университеттери студенттерди алмашуу, студенттик биргелешкен фольклордук-этнографиялык экспедицияларды уюштуруу иш-аракеттерин 2012-2017-жылдары жакшы жүргүзүштү. Студенттер бул эки коңшу мамлекеттин өз ара кызматташтыгы жана достугу тууралуу жекече маалымат алышты.

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Китептин ханзуча мукабасы.
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. — Китептин ханзуча мукабасы.

Өзүм да чакан илимий топ менен КЭРдин айрым аймактарын кыдырганда Макебиз жетектеген Шинжаң Манас изилдөө борборунун жана башка кытайлык мекемелердин түздөн-түз көмөгүн алгандыгымды ыраазылык менен эстеп келем.

Биз бул дүйнөдө бир гана ирет жашайбыз. Айрым диндерде гана "киши үчүн улам тирилип, улам кайра жашоо мүмкүнчүлүгү бар" деген кыял камтылган. Бирок ал – куру кыял. Бир ирет бул дүйнөгө келебиз.

Ошол бир гана жолку жашоодо профессор Мамбеттурду Мамбетакун сыяктуу илимге дилгир замандаштарыбыз менен эриш-аркак чыгармачыл кызматташтыкта болуп жаткандыгыбыздын өзү эле бакыт.

Мен Мамбеттурду Мамбетакун жана башка кытайлык кыргыз таануучулар маркум манасчы Жусуп Мамайдын Кытай менен эгемен Кыргызстандын ортосунда данакер болгон өрнөктүү өмүр жолун жаңы деңгээлде улантып жаткан көп тарамдуу илимпоздор жана айдыңдар экендигин расмий Бишкек менен расмий Бээжин дурус баамдашат жана бул окумуштууларды кадырлап, чекесинен черттирбестен ырааттуу колдоп алышат деп терең ишенем.

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун Артыштагы Тегирмети айылында. КЭР. 14.7.2014.
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун Артыштагы Тегирмети айылында. КЭР. 14.7.2014.

Буюрса, Кыргызстандын Өкмөтү профессор Мамбеттурду Мамбетакунду Кыргызстанда алдыда болчу орчун илимий-маданий жыйындарга (маселен, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу жана Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган башка илимий-маданий иш-чараларга) мурдагыдай эле сый конок катары расмий чакырып турат деп ишенем.

Менимче, расмий Бээжин дурус коңшу жана ШКУдагы өнөктөш катары расмий Бишкекке колдоо кылып, профессор Мамбеттурду Мамбетакундун Кыргызстанга байланыштуу илимий кызматташтык долбоорлоруна мындан ары деле демөөрчүлүгүн улантаар.

Айтмакчы, профессор Мамбеттурду Мамбетакун Кыргызстандагы жолугушууларында, дарстарында, маектеринде өз атажурту - Кытайдын аймактык бөлүнгүстүгүн колдоорун ар дайым айтып, бул өлкөдө расмий бийлик чакан этносторго ырааттуу көмөк көрсөтүп келе жатканын кызыл-суулук жана башка кыргыздардын мисалында баса белгилеп келчү.

Мамбеттурду Мамбетакун мырза Кытайдагы кыргыз манасчыларына жана өлөң айтуучуларына КЭРдин бийликтеринин ырааттуу каржылык жардам берип жаткандыгы тууралуу да өз ыраазычылыгын билдирип, ала-тоолуктарга Кытайдагы соңку доорлордогу өнүгүү жөнүндө өз дарстарында кеңири маалымат берип келчү. Ал терең билимдүү айдың катары ар дайым террорчулукка жана тар диний түшүнүктөргө каршы чечкиндүү пикирин билдирчү.

Менин ишенимимде, бул чакан макаланы Кыргызстандын Ак Үйүндө гана эмес, Кытайдын Бишкектеги элчилигинде жана Бээжинде деле окушат.

Эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрүнө айтаар каалоомдун ток этер жери: профессор Мамбеттурду Мамбетакун сыяктуу мээнеткеч жана ак эдил, интернационалист жана гуманист аалымдарды эч кодулабастан, алардын эл аралык гуманитардык долбоорлорун иш жүзүндө мамлекеттер аралык деңгээлде колдоого алуу – бул заманбап эл аралык Улуу жибек жолун руханий багытта жаңыча калыптандырууну эңсеген бардык шерик мамлекеттердин ыйык парыздарынын бири.

Мамбеттурду Мамбетакун сыяктуу залкар окумуштууларды эл аралык чөйрөдө да кадырлоо абзел. Анын жеке тагдырынын мындан аркы өнүгүшү өзү жана жакындары үчүн гана эмес, жалпы дүйнөлүк коомчулук үчүн да маанилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG