Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:34

Быйыл улутубуздун залкар манасчысы, кытайлык кыргыздардын өкүлү Жусуп Мамайдын жүз жылдык мааракеси кеңири белгиленип жатат. Ал чын куран (апрел) айынын 18инде 100 жашка чыкмак. Маркум манасчынын мааракесине арналган тарыхчынын блогуна назар салыңыздар.

Жусуп Мамай (1918—2014) — заманабыздын биз өзүбүз көрүп-билип калган жана дүйнө коомчулугунун көз алдында Кыргызстанда да, Кытайда да эң жогорку сый-урматка татып калган залкар манасчысы.

Ал Кытайдагы XX кылымга туш келген тар жол, тайгак кечүүлөрдө өзүн татыктуу алып жүрө алды. “Маданий ыңкылаптын” кесепеттүү жылдарынын азабын жеке өзү да тартты.

Бирок чакан жүрөгүндө сыйдырылган залкар кубат Жусуп Мамай атабызга кыргыз элинин “Манас” улуу жомогун жана башка дастандарын сактап айтып жүрүүгө, башка дастанчыларга жөлөк жана өрнөк болууга, бул улуу дастанды китеп түрүндө жарыялоого жана ЮНЕСКОнун тизмесине каттатууга жеке салым кошууга, ошондой эле, Чыгыш жана Батыш Теңир-Тоого жиктелип жашап калган бирдиктүү кыргыз элинин ички маданий көпүрөсүн чыңдоо үчүн пост-советтик эгемен Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достукту жана маданий кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө данакерлик кылууга, Кытай Эл Республикасынын ар кыл этносторунун өз ара боордоштугун ого бетер ширелтүүгө огожо болууга мүмкүнчүлүк берди.

Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” эпосунун вариантын англис жана немис тилдерине которуп, четинен жарыялап жаткан таанымал немис түркологу, манас таануучу, профессор Карл Райхлды Батыш Европадагы алгачкы жусуп мамай таануучулардан десек да болот.

Манас таануучу Карл Райхл Бээжинде. 22.10.15.
Манас таануучу Карл Райхл Бээжинде. 22.10.15.

Райхл мырза 2013-жылдын жетинин айынын (ноябрынын) 15инде Бишкек шаарында өткөн Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган экинчи эл аралык илимий жыйында чыгаан манасчы тууралуу мындайча баасын берген:

“Жүсүп Мамай (Jüsüp Mamay) – “Манас” дастанынын бардык бөлүмдөрүн толугу менен айтып бере алган акыркы кыргыз дастан айтуучусу болуп саналат.

Аны чын эле “чоң манасчы” деп атоого болот. Жүсүп Мамайдын айтуусундагы “Манас” варианты жалаң гана эң жогорку көркөмдүгү жана өтө зор көлөмү менен айырмаланбастан, ошондой эле, бул дастандын салттык “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” бөлүмдөрү менен чектелип калбастан, - демек, дастандын негизги окуяларын үч муунга гана сыйдырып тим болбостон, - аны кеңейтип, сегиз муундун окуялары камтылган ири дастанга жеткиргендиги, мурдагы салттык бөлүмдөргө “Кененим” (Keninim), “Сейит” (Seyit), “Асылбача жана Бекбача” (Asylbacha and Bekbacha), “Сомбилек” (Sombilek), жана “Чигитей” (Chigitey) сыяктуу жаңы бөлүмдөрдү кошкондугу менен айырмаланат.

Жүсүп Мамайдын варианты болжол менен 220 000 ыр сабынан турат. “Манас” дастанынын Жүсүп Мамайга таандык варианты Шинжаңда колдонулуп жаткан кыргыздын араб жазмасында эки чоң томго сыйдырылып да жарык көрдү (2004-жыл). Анын дастандык варианты Кыргызстанда да кирил жазмасында жарык көрдү”, - деп билдирген профессор Райхл.

Бул чыгаан манасчыны дүйнөлүк илим чөйрөсүнө кеңири тааныткан илимпоздордун катарында (Карл Райхлдан жана эгемен түрк өлкөлөрүндөгү эпос таануучулардан тышкары) кытайлык кыргыз таануучулар Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң айым, кытайлык кыргыз илимпоздору Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак кызы, Ысакбек Бейшенбек, Макелек Өмүрбай, француз Реми Дор, немис Гундула Салк, жапон Такао Нишиваки, ж.б. окумуштуулар турат.

Жусуп Мамайдын эмгеги Ала-Тоодо да, өзүнүн мекени Кытай Эл Республикасында да жогорку баага ээ болгон. Пост-советтик Кыргызстанда ал Кыргыз Эл артисти наамын алган жана Биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Жусуп Мамай менен Үрүмчүдөгү баш консул Азат Эркебаев. 2011.
Жусуп Мамай менен Үрүмчүдөгү баш консул Азат Эркебаев. 2011.

Ал эми 2014-жылдын бугу (май) айынын 30ундагы Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, манасчы Жусуп Мамайга улуу «Манас» эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

Жусуп Мамай Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен. 1989.
Жусуп Мамай Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен. 1989.

Манасчы Жусуп Мамай Кытайдын эң жогорку сыйлыктарынын бири - "Тоо Гүлү" сыйлыгына эки жолу татыган жана башка да бир катар кадыр-барктуу сыйлыктарды алган.

Жусуп Мамайдын улуу талантын Ала-Тообузда Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов сыяктуу бабаларыбыз өз учурунда таасын баамдашкан.

Роза Отунбаева. 30.11.2011.
Роза Отунбаева. 30.11.2011.

Манасчынын чыгармалары «Ала-Тоо» журналында, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жарыялаган «Кыргыздар» көп томдуктарында, «Кыргыз маданияты» сыяктуу гезиттерде байма-бай жарыяланды, даректүү тасмаларда чагылдырылды.

Мурдагы президент Роза Отунбаева 2012-жылы
кулжа (июн) айынын 27-30дарында КЭРдин Ак-Чийине келип, манасчы бабабыз Жусуп Мамайга жолугуп, андан соң (29-күнү) Ак-Тоодогу Кара-Көл көлүнүн боюнда өткөрүлгөн V эл аралык "Манас" фестивалына катышып, КЭРдин ШУАРындагы манас айтуу салтын улантып жаткан анын шакирттеринин өнөрүнө күбө болуп кайтканы эсте.

Фейсбукта 2018-жылы чын куран (апрел) айында жарыяланган соңку пикирлерден:

Тынчтыкбек Бекташтегин: Залкар манасчынын туулган күнүн Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул мааракеге утурлай былтыр декабрда эле иш-чараларды баштаганбыз.

Kyias Moldokasymov: Биз алгачкы илимий жыйынды 30-мартта Улуттук китепканада өткөрдүк. Кыргыз Республикасынын баатыры, залкар манасчы, дастанчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган бул илимий-практикалык жыйынга мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор, манас таануучулар жана изилдөөчүлөр катышып, кытайлык залкар манасчынын вариантында айтылган "Манастын" өзгөчөлүктөрү талданды. Ошондой эле "Залкар манасчы Жусуп Мамай" аталышында китеп жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул башталышы гана!

Гүлзура Жумакунова: Жусуп Атабыздын «Манасы» жакында түркчө жарык көрдү. Китептин которулушуна кол кабыш кылып жана рецензиясын жасап, залкар манасчынын дүйнөсүнө аралашып калганыма абдан ыраазымын...

Emilbek Kaptagaev: Залкар менен жолугуп, баарлашып, бир дастаркондо отуруп насиптеш болуп, насыятын угуп, батасын алууну да Жараткан насип кылыптыр... Залкар манасчы, Кыргыз Эл баатыры Жусуп Мамайдын мааракеси биздин өлкөдө мамлекеттик деңгээлде уюштурулат деп ишенем.

ТаласМУнун гуманитардык факультетинен: Жусуп Мамай атабыздын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар Кыргызстан жеринде өтүп жатат деп билем. Талас мамлекеттик университетинде коомчулуктун катышуусу менен, буюрса, залкар манасчы Жусуп Мамай атабыздын 100 жылдык мааракесин белгилеген иш-чаралар даярдалып жатат.

Жусупова Моймол: Тынчтык агай, саламатсызбы. ТалМУнун тарыхчы-окумуштуулары да залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата маданий иш-чара өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Бул иш чара, албетте, Кыргыз Улуттук Манас ордо комплекси менен бирдикте өткөрүлөт.

Султан Абдыракманов: Тынчтык мырза, Сизге рахмат. Жүз жылдык юбилейи кут болсун. Залкардын ак батасын алып калганыма Аллага шүгүрчүлүк келтирем. Кыргызды 2 миллиардга жакын элге даңаза кылган инсандын юбилейи үчүн колдон келген кызматыбызды жасайбыз. Бардыгыңыздарга оомат тилейм...

Каухар Бий Биймамат кызы: Баарыңыздарга чоң рахмат! Сиздердин жолуңуздарды улай, биз да дипломдук иш жазып жатабыз.

Султан Раев: Быйыл Жүсүп Мамай атабыз 100 жашка чыкмак. Бул макала мындан 7 жыл мурда жазылган. (Үзүндү).

... Баарынан да сөз улуу... Манастын миллион сабын муштумдай мээсине, алакандын жартысындай болгон жүрөгүндө сактап, эчен муун, эчен мезгилден калган улуулардын улуу сөзүнүн учугун унутта калтырбай, ар бир дене тамырларына чейин сиңип кеткен элбаяндын ар бир сөзү, ар бир деми менен жашган Жусуп Мамай атабызды биринчи жолу көргөндө кыргыздын каадалуу карысынын бейнеси көз алдыбызга келди...

Жусуп Мамай атабыз менен алгачкы жолугушуу ушул көкүрөктү тээп чыккан уйгу – туйгу туюмдарды калтырды... Сөз таптаган атабыздын артында кыргыз элине дүйнөлүк руханий сөз эстелигин тургузуп кеткен шааларыбыздын каз катар тизилген кербени тургандай сездик.

... 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен, ошондой эле Президенттин атынан Жусуп Мамай атабызга “Манас” орденин салтанаттуу тапшыруу үчүн Үрүмчү шаарына үркөрдөй делегация учуп келгенбиз... Кытайда Жусуп Мамай атабыз өзгөчө сыйдагы адам экен, анын сыркоолоп калганына карабай, ошол өзү жаткан ооруканада өлкөбүздүн башкы сыйлыгын тапшырмак болдук. Сыйлык тапшырган күнү кытайдын бийлик өкүлдөрү, илимпоздор, манасчы бир боорлорубуз, кандаш кыргыздарыбыз келди...

...Жусуп Мамай атабыздын ысмы бул чоң өлкөдө ардак менен аталып, бийик урмат менен жогорку сыйдын үстүндө жүргөнү бизди таңкалтырды... Кытай өкмөтү Жусуп Мамай атабызга бардык шарттарды түзүп, анын өнөрүн сыйлаганы, кадырлаганы ар бир сөздөн байкалып турду.Бул сөздөр бир гана улуу манасчыга гана тийешелүү эмес, жалпы кыргыздарга, өнөр таптаган инсандарга айтылып жаткандай бизге таасир калтырды...

Султан Раев. 07.6.2013.
Султан Раев. 07.6.2013.

Бул чоң жыйынга катышып жаткан кандаштарыбыздын ошондогу жетине албай, көздөрүнө ысык жаш келгени азыр биздин көз алдыбызда турат. Анткени, ошол көз жашта кыргыздын улуу духу, кыргыздын үркөрдөй тайпасынын тагдыры да, басып өткөн тарыхы да, кыргыздык жан кубаты тургандай бизге туюлду... Улуу мухитте өз атын, кыргыз деген затын, кыргыздык рухун сактап келаткан бир ууч боордошторубузга жантаазим билдиргибиз келди... Алардын кыргыз деген туусу да — Манас, алардын кыргыз деген көкүрөк урааны да — Манас, алардын кыргыз деген тили да, дили да — Манас, алардын кыргыз деген ысмын кылымдар бою сактап келеген ыйыгы да — Манас, тутунган рух туусу да — Манас экендигин жүрөгүбүздөн сезип турдук. Манас эпосу — бул кыргыз боордошторубуздун руханий тумарына айланганы бизди өзгөчө толкундантты. Кылкылдаган миллиард элдин арасында өз улуулугун өчүрбөй келген кыргыз кандаштарыбыз менен сыймыктандык.

...Жусуп Мамай атабызды “Кыргыз манасчыларынын Улуу көчүнүн акыркы урпагы, ХХI кылымдын акыркы Залкары” деп айтканыбызда, кайрадан ошол жерден эл түп көтөрүлө төгүлүп түшкөн жаандай кол чабууларды шатыратты...

Жусуп Мамай атабыздын көкүрөгүнө Манас орденин тапшырганда манасчы атабыздын көзүнүн карегинен жылтыраган кубанычтын, сүйүнүчтүн, сыймыктын жашын байкадым...”

Садык Алахан: “Манас” эпосунун бүгүнкү тагдыры тууралуу жыйынга шилтеме. Салттык манасчылыкты коргоого арналган бул жыйын 2016-жылы октябрда Бишкекте өткөрүлгөн.

Айтмакчы, Жусуп Мамайдын урпагы Тургуналы Турсунаалы уулу Мамай да 2017-жылдын соңунда өзүнүн "Жусуп Мамай бабамдан баян" аттуу китебин жарыялады. Ал чыгармачыл жыйындар жана интернеттеги коомдук тармактар аркылуу өз бабасынын мурасы тууралуу байма-бай баяндап келет.

Кыскача корутунду.

Азыркы тапта Кыргызстанда манас таануу илиминин жусуп мамай таануу деген тармагы түптөлүүдө. Бул өңүт камтылган диссертациялар четинен корголуп жатат.

Үстүбүздөгү жылы Кытайда, анын ичинде Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда жана ШУАРдын борбору Үрүмчүдө гана эмес, Кыргызстандын ар кыл маданий-илимий чөйрөлөрүндө да, чет мамлекеттердеги кыргыз диаспора топторунда, түркологдордун чөйрөсүндө, жалпы эл аралык коомчулукта залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине байланыштуу кеңири маданий жана илимий иш-чаралар өткөрүлөт, буга кыргызстандыктар жигердүү катышат деп ишенем.

Эгемен Кыргыз өлкөсүндө Улуттук илимдер академиясында кыргыз таануу жаатында иш алып барган бир нече институт бар, КМУга караштуу Манас таануу институту бар, ар кыл университеттерде жана башка илимий-педагогдук мекемелерде чачырап иштеп жаткан манас таануучу окумуштуулар бар. Алардын башын коштурган манас таануу, жусуп мамай таануу илимий шеринелери, бул жаатта буга чейин кыйла ийгиликтер жараткан айдыңдык салт эч бир саясий кырдаалга карабастан ырааттуу улантыла берээринде шек жок.

Үстүбүздөгү жылы 100 жылдык мааракеси кеңири белгиленип жаткан залкар манасчы Жусуп Мамай атабыздын көөнөргүс мурасы түбөлүккө кастарланып сакталып кала бермекчи.

Тиркеме

Чыгаан манасчы Жусуп Мамайдын доору, өмүр таржымакалы жана мурасы тууралуу толугураак бул китептерден караңыз:

Манас / Айтуучу Жүсүп Мамай; Жооптуу редакторлору Абдырай Осмон, Маметкары Абдыкерим, Сабыржан Турганбай; сунушталган редактору Макелек Өмүрбай. – 2-басылыш. — Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 2012. — 1875+6 бет. – Шинжаң Уйгур аптоном райондук эл ооз адабийет – көркөм өнөрчүлөр коому. — ISBN 978-7-228-08932-1.

Абдиева, Жылдызкан. "Манас" эпосундагы кыргыздардын диний ишенимдеринин эволюциясы. 07.00.07. — Этнография, этнология жана антропология. — Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн жазылган диссертация. — Бишкек, 2014.

Ажыбек баатыр: Жусуп Мамайдын айтуусунда / Араб тамгасынан кирил жазмасына түшүргөндөр Ч. Субакожоева, Ж. Жумакадыр; редактору М. Тентимишов. — Бишкек: ЖЧК “Салам” басма үйү, 2012. — 152 б. — ISBN 978-9967-26-629-2.

Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б. — Б.: “Maxprint” басмаканасы, 2014. — 514 б., сүрөт. — “Мурас” коомдук фонду. — [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. — ISBN 978-9967-12-394-6.

Жусуп Мамай (1918-2014): Дастанда калган өмүр: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасы тууралуу илимий баяндамалардын ж-а макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б.; “Мурас” фонду. — Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. — 232+iv б., сүрөт. — [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. — ISBN 978-9967-12-486-8.

Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын (1918-2014) элесине арналган Үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жалал-Абат мамлекеттик университети. 22-24.05.2016. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. — Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. — 396+iv б., сүрөт. — “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция. — Жалал-Абат мамлекеттик университети. – Жалал-Абат Экономика жана ишкердик университети. — “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. — “Мурас” фонду. — “Тарых жана мурас” түрмөгү. — ISBN 978-9967-12-567-4.

Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору: Кыргыз Республикасынын Баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасына арналган IV эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Бишкек шаары, 14.04.2017. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. — Бишкек: MaxPrint басмасы, 2017. — 470+ii б., сүрөт. — Жусуп Баласагын атындагы КУУ. — “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. — Шинжаң “Манас” изилдөө борбору. — “Мурас” фонду. — “Тарых жана мурас” түрмөгү. — ISBN 978-9967-32-227-1.

Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. — Бишкек: Бийиктик, 2011. — Т. 1-14. — ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков).

Лаң Йиң. Жуңго аз сандуу улуттарынын баатырдык эпосу "Манас". — Бээжин: Жыйе Жаң агартуу басмасы, 1990. — 117 миң иероглиф. — «Жуңгонун эл маданияты желелеш жыйнагына» түрмөгү. — Толукталган 2-басылыш. — 1995. (Ханзуча).

Мамай, Тургуналы Турсуналы. Жусуп Мамай бабамдан баян. — Бишкек, 2017.

Мамбетакун, Мамбеттурду. «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), М. А. Карыбаева, ж.б.; Баш сөзүн жазган жана басмага даярдаган илимий редактор Чолпон Субакожоева. — Бишкек: “Нур-Ас” басмасы, 2014. — 319 б. — “Мурас” коомдук фонду. — [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. — ISBN 978-9967-12-428-8.

Райхл, Карл. Тюркский эпос. Традиции, формы, поэтическая структура: [Текст] /К. Райхл. Пер. с англ. В. Трейстер под ред. Д.А. Функа. — M., Восточная литература, РАН, — 2008. — 383 с.

Субакожоева, Ч. Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) [Текст] / Ч. Т. Субакожоева. Илимий ред. проф. Т. К. Чоротегин. — Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. — 216 б. — ISBN 978-9967-04-633-7.

Ху Чженхуа, Мухамед. «Манас» жана анын варианттарын жана булактарын изилдөө:[Текст]/Ху Чженхуа // Шинжаң коомдук улуттар кабарлары. — 1989. — № 4.

Ху Чженхуа, Дор Реми. Синьцзяндык кыргыздардын «Манасы» // Ала-Тоо. — 1995.

Ысак кызы, Токтобүбү, Жуматурду уулу, Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. — 328 б. — “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ]. — ISBN 978-9967-12-401-1.

Manas Destanı: Cusup Mamay Varyantı / Türkiye Türkçesine Aktaran Prof. Dr. Alimcan İnayet; İnceleyiciler Prof. Dr. Gülzura Cumakunova, Prof. Dr. Çetin Pekacar; Metin denetimi: TDK – Kübra Kıcır. – Ankara: Yorum Matbaacılık, 2017. — Kırgız Destanları: 15. — Türk Dil Kurumu Yayınları.

Manas in der Version von Jüsüp Mamay. Übersetzt von Karl Reichl. Bd. 1. Publikationen des Xinjiang “Manas” Forschungszentrums 5. Beijing: China Intercontinental Press, 2014.

Manas in the Version of Jüsüp Mamay. Translated by Karl Reichl. Vol. 1. Xinjiang “Manas” Research Centre Publications 4. Beijing: China Intercontinental Press, 2014.

Manas in the Version of Jüsüp Mamay. Translated by Karl Reichl. Vol. 2. Xinjiang “Manas” Research Centre Publications 4. Beijing: China Intercontinental Press, 2015.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG