Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

КЫТАЙДА «МАНАС» ЭПОСУ КЫТАЙ ТИЛИНЕ КОТОРУЛУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек «Кыргыз көчү» аттуу уктуруубуздун кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз. Кытайда «Манас» эпосу манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы варианты боюнча кытай тилине которула баштады. Кытайдагы манас таануучулар кыргыз элинин улуу дастаны калың кытай калкынын окурмандарынын чоң кызыгуусун жаратат жана эпосту иликтөө иштери кеңейтилет деген ишенимин билдиришүүдө.

Учурда Кытайда кыргыз элинин «Манас» эпосу кытай тилине которулууда. Бул тууралуу Шинжаң уйгур автономиялуу облусунун борбор калаасы Үрүмчү шаарындагы «Манас» коомунун өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, эпосту кытай тилине которуу демилгеси аталган коомдун демилгеси менен, ошондой эле кытай улутундагы манас таануучулар Лаң Йың, Ху Чженьхуа жана башка манас таануучулар тарабынан көтөрүлгөн жана бул иштерге мамлекеттик бюджет тарабынан акча каражаты бөлүнгөн. Бул жөнүндө Үрүмчүдөгү «Манас» коомунун кызматкери Токтобүбү Ысак:

Кытай Эл Республикасы «Манас» эпосун иликтөө иштерин мурдатан колдоп келген. Мындан 5-6 жыл мурда эпосту кытай тилине которуу иштерине акча каражатын бөлгөн. Андан бери котормо иштерин ар кандай жеке ишканалар жүргүзөбүз деп талашып, алардын котормосу адистер тарабынан жактырылбай жүрдү. Орто жолдо ошондой иштер болуп, акырында эми чыныгы адистер тарабынан эпос Жусуп Мамайдын варианты боюнча которула баштады.

Эпос кытай тилине залкар манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы вариант боюнча которулуп жатат. Азыр 86 жаштагы Жусуп Мамай Кытайдын Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий районунда жашайт.

Жусуп Мамай башка манасчылардан айырмаланып, Манастын Сейтектен кийинки урпактары Кененим, Асылбача-Бекбача, Сейит, Сомбилек жана Чигитейдин баатырлыктарын жомок кылып айтат.

Эпос Кытайдагы манас таануучулар, адабиятчылар, ханзу тилин мыкты билген адистер Адыл Жуматурду, Турду Мамбеттурсун, Жумак Кадыр, Жолдош Тагай, Бакыт Аманбек, ханзу Лю Фажун жана башкалар тарабынан которулууда.

Кытай окурмандары 1960-жылдардан бери эле кыргыздардын «Манас» эпосу жөнүндө гезит, журналдардан үзүл-кесил маалымат ала башташкан. Анткени, Кытайда жашаган кыргыздарда «Манас» эпосу боюнча кол жазмаларды жыйноо, анын ар кандай варианттарын чогултуп, салыштыруу иштери 1950-жылдардын аягынан колго алынган. Бул мезгилде Кытайдагы кыргыздар жашаган райондордо, тактап айтканда, Иле аймагындагы Кулжа, Текес өрөөнүндө, Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусундагы кыргыздар жыш жайгашкан Акчий, Улуучат, Актоо райондорунда, Артыш шаарынын чет жакасындагы Тегирмети, Каражүл кыргыз айылдарында кыргыздын эл оозеки адабиятын чогултуу иштери алып барылколго алынат.

1961-жылы Шинжаң адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин өкүлдөрү Кызылсуудагы кыргыз райондоруна барып, манасчыларды издеп, тизмесин түзүп, алардын айтуусундагы «Манас» кагазга түшүрүлүп, кассеталарга жаздыруу иштерин башташат. Бул ирет Акчий районунда Жусуп Мамай баштаган 20 дан ашуун манасчы катталган. Алардын ичинен иликтөөчүлөрдүн көңүлүн бурган манасчы албетте, Жусуп Мамай болгон. Иликтөөчүлөр Манастын 8 урпагын айткан Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрүнө, анын «Манастан» башка да кыргыз элинин кенже дастандарын, санжыраларын биле тургандыгына таң калуусун жашыра алышкан эмес. Ушул эле жылы 6 ай ичи Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» баш болгон анын төрт урпагынын баатырдыктары кагазга түшүрүлөт.

Кыргыздардын эл оозеки адабиятын иликтөө иштерине Кытайдагы кыргыз адабиятчылар, иликтөөчүлөр гана эмес, ханзу улутундагы Лю Фажун, Лаң Йың, дунган Ху Чженьхуа өңдүү изилдөөчү-окумуштуулар да болгон. Алар кыргыздын кылымдар бою муундан муунга оозеки түрүндө сакталып келген «Манас» эпосуна терең көңүл буруп, анда бай мазмун, кыргыз элинин тарыхы, маданияты, каада-салты, үрп-адаты, дини, кулп-мүнөзү жаткандыгын байкашат. Алар «Манас» эпосу Кытайда жашаган улуттардын эпос, дастандарынын ичинен эң көлөмдүү, эң мазмундуу экендигине ынанып, улуу дастан тууралуу өлкөнүн маданият тармагынын жогорку органдарына кабарлашат.

Манасчылар эпосту күндөп-түндөп айткандыгы да кытай иликтөөчүлөрүн таң калтырган көрүнүштөрдүн бири болду. Кийинки жылдары Кытайда «Манас» эпосун иликтөө иштери улантылып, ага өзгөчө көңүл бурула баштаган. Кытайдагы манас таануучулардын пикиринде, кыргыз элинин улуу дастаны кытай окурманынын да кызыгуусун туудуруп, калың кытай эли эпос боюнча көбурөөк маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Атүгүл, «Манас» эпосу кытай тилине которулушу менен, эпосту иликтөө иштери тереңдетилиши да мүмкүн. Бул жөнүндө манас таануучу Токтобүбү Ысак:

Кытай калкы кыргыз дегенде эле, булардын «Манас» эпосу бар, улуу эпос, ал океан сындуу дастан, өтө бай мазмундуу деп сөз кылып, мактап эле келатышат. Алар тээ 1961-жылдан тартып эле, «Манас» дастанына кызыгып келишет. Алар албетте, айрым гана бөлүктөрүн маанас эпосун иликтөөчүлөрү жазган айрым макалаларынан, окушкан да. Эми бул эпос ханзу тилине которулуп кетсе, аны көпчүлүк окуп, эпос окуу программалырына да киргизилиши мүмкүн. Биз мына ушундай деңгээлде чоң кызыгууну туудурат деп күтүп жатабыз. Анын үстүнө буга чеийн да, кытай улутундагы иликтөөчүлөр «Манас» эпосуна кызыгып, көптөгөн макала, изилдөөлөрүн жүргүзүшкөн. Эми кытай тилине котрулгандан кийин эпосту мындан кийинки иликтөө иштери да кытай иликтөөчүлөрдүн колуна өтүп калышы мүмкүн

Кытайдагы манас таануучулардын айтымында, быйыл кытай окурмандарынын колуна «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрү тийип калышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG