Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:01

«Кыргыз тарыхынын тамыры тереңдеди»


«Мурас» фондунун жетекчиси, тарыхчы-окумуштуу Кыяс Молдокасымов.

Кытай окумуштуулары байыркы кыргыз тарыхына байланышкан дүйнөлүк илимпоздордун эмгектерин жыйнап, аларды доорлор боюнча иреттеп чыгарууга киришти.

Жаңы долбоорго кыргызстандык окумуштуулар да тартылган. Байыркы кыргыз тарыхын изилдөө маселелери тууралуу айтып берүүнү өтүнүп кабарчыбыз Бекташ Шамшиев Кыргызстандын президентине караштуу «Мурас» илимий-коомдук фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымовду кепке тартты.

«Азаттык»: - Кыяс мырза, кийинки кездерде биздеги кызуу кепке айланган тема - кыргыздын байыркы тарыхынын дагы ары «жылышы», тереңдеши болуп турат. Cиз иш боюнча Кытайга эки ирет бардыңыз. Кийинки сапарыңыздын жыйынтыгы байыркы кыргыз тарыхы дагы тереңге кеткендиги тууралуу болуп атат. Ушуга кененирээк токтоло кетсеңиз...

Молдокасымов: - Ушул жылдын 25-28-апрелдеги жумушчу сапарында президент өзү Кытайдын тарыхчылары менен кызматташууга кызыкчылыгы болуп, алар менен жолугушууну күн тартибине киргизген экен. Президент менен жолугушуу учурунда Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун жетекчисинин орун басары, ошол институтка караштуу Евразия тарыхын изилдөө борборунун директору, профессор Ли Цзинсю президентке ушул жагымдуу кабарды айтты. Кытайдагы Тарыхты изилдөө институтунда иштеген эң белгилүү тарыхчы Ю. Тайшан - байыркы кытай тарыхы боюнча ири адис. Ошол окумуштуу изилдеп отуруп кыргыздарга тиешелүү биздин заманга чейинки Х кылымга тиешелүү жаңы маалыматтарды таап чыкты. Бул маалыматтарда кыргыздар ошол мезгилде эле «жоокер эл, аргымак аттарды көп баккан, бай турмушта жашаган өзгөчө эл» деп сүрөттөлүптүр. Мына ошол сүрөттөмөсүн, маалыматын президентке айтып бергенден кийин бул биз үчүн өзгөчө бир жаңылык болду. Анан сыртка чыккандан кийин кызыгып, мен аны дагы тактоого аракет кылдым. «Жаңылган жоксуңарбы? Ушул так болдубу?» – десем: «Ю. Тайшан - ар бир документке, жазган макаласына өтө олуттуу караган өзгөчө окумуштуу, ошон үчүн бул жерде жаңылыштык жок. Буюрса, анын кеңири макаласы жакында жыйнакка чыгат. Ал жыйнак Кытай Эл Республикасынын төрагасынын Кыргызстандагы мамлекеттик иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн башчыларына расмий тапшырылат. Ошон үчүн бул ачык, так маалымат», - деп ошол жерден журналисттерге профессор Л. Цзинсю өзү да маегинде айтып берди. Демек, бул биздин тарыхыбызды ары жылдырат. Ошондо буга чейин биз 2200 жыл деп келсек, эми 3 000 жыл деп толук батыл айта берсек болот.

«Азаттык»: - Кыргыз тарыхы негизги үч бөлүккө бөлүнүп келе жатат. Байыркы кыргыз тарыхы биздин заманга чейинки III – V кылым деп айтылат. Сиз айтып аткан маалыматтар ачыкка чыгып, илимий колдонууга кирип калса, ошондо биздин байыркы тарыхыбыз биздин заманга чейинки канчанчы кылымга кирип калат?

Молдокасымов: - Биздин заманга чейинки Х кылым. Бүгүнкү күн менен алганда, сегиз кылым артка кетти. Буга чейин III кылымдын башталышы, II кылым деп атпадык беле? Сегиз кылым артка жылып, 3000 жылдык тарыхы бар болуп калды. Бул «Борбор Азиядагы эң байыркы калк» деген академик В. Бартольддун айткандарын андан нары да бышыктайт. Ошол кездеги кыргыздар менен теңата болуп бирге жүргөн, бирге жашаган кошуна элдердин көпчүлүгү дээрлик бүгүн тарых аренасында жок. Бир гана Кытай эли калды, калгандары жок. Биздин тарыхыбыз өтө бай, байыркы эл экенибизди сыймыктануу менен айтууга негиз бар.

«Азаттык»: - Сиздин Кытайдагы иш сапарыңызда болгон дагы бир маанилүү жаңылык - кытайлык кесиптештериңиздин айтуусу боюнча, кыргыз тарыхына байланыштуу жапан, корей, кытай, анан европалык тарыхчылардын эмгектерин чогултуп, өзүнчө бир изилдөө, ошондой эле Кытайдын жазма булактарында, архивдеринде, китепканаларында чогулган материалдарды да иретке салып, ушул багытта иштер жүрөрү айтылыптыр. Ушул иштерди айта кетсеңиз.

Молдокасымов: - Азыркы кытай окумуштуулары изилдөөнү комплекстүү жүргүзүшөт экен, изилдөө усулу да башкача. Алар башында эле айтышкан: «Биз кыргыздын байыркы тарыхына байланышкан маалыматтардын баарын чогултабыз». Аны алар аткарышты. Ошол материалдарда кореялык, жапониялык, европалык окумуштуулар, СССРдин мурдагы аймагындагы, анын ичинде кыргызстандык тарыхчылардын жарыяланган эмгектерин толук чогултуп, ошолордун эн негиздүүлөрүн иргеп Тарых изилдөө институтуна караштуу Евразия изилдөө борбору жыл сайын атайын жыйнак чыгарат. Быйылкы жыйнакты алар байыркы кыргыз тарыхына арнап жатышат. Ал жыйнак басылып даяр болгону калды. Ошонун ичине жаңы табылган Ю. Тайшандын макаласы кошо чыгып жатат. Бул кыргыз тарыхына өтө керектүү эмгек. Жыйнак англис тилинде чыгат, аны биз бул жактан кыргыз тилине котортуп алсак болот. Ошонун ичинде да Кытайда азыр биргелешкен изилдөөбүздө атайын топ түзүлгөн. Анын ичинде онго жакын тарыхчылар бар. Кытайдын байыркы тарыхын изилдеген окумуштуулар тартылган. Тарых изилдөө институтунда иштебеген тарыхчылар сырттан тартылды. Мисалы Ван Же - анын Цин империясы боюнча макалалары жарыяланган. Жакында эле Германиядан докторлугун жактап барган жаш кытай окумуштуусу бар. Хан, Тан, кийинки Кара кытайлар доору, Монгол, Цин, Манжу доору, иши кылып, бүт бардык доорлор боюнча булар бөлүшүп алышкан. Ошол Евразия изилдөө борборунда эмгектенген Ценгели деген монгол жигит бар экен. «Чынгыз кандын доорунда, ага чейин, андан кийин кыргыздар тууралуу маалыматтар тарыхый булактарда көп учурайт» дейт. «Байыркы доорлор боюнча архивдик документтерди жыйнап жатам» дейт. Анын макаласы да жыйнакка чыгып жатат. Ар бир доор боюнча чоң жаңылыктар чыгып жатат. Мына, өткөндө январь айында барып Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Хэнжун менен кол коюп атканда ошол айтты: «Манжу дооруна тиешелүү 2800 беттен турган булак чыкты. Эми аны которсок анын ичинен да көптөгөн маалыматтар чыгат». Ар бир доор боюнча чыккан маалыматтар акырындап изилденип, которулуп жатат. Ошонун ичинен бизге алгачкы жаңылыгы - кыргыз жөнүндөгү эскерүү, хроникага жазылган эскерүү, бул биздин заманга чейинки Х кылым деп беришти.

Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

«Азаттык»: - Бул жакшы, эми өзүбүздүн чарбабызга келели. Бу жасалып жаткан иштер кытай тилинде. Муну сиздин кесиптештериңиздин кыргыз же орус тилине которуу мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Молдокасымов: - Бизде эски кытай тилин билген адистер саналуу эле. Муратбек Иманалиев тышкы иштер министри болуп саясатка кетти. Кубан Жусаев элчиликтерде иштеди. Мурдагы президенттин тушунда ага материал топтоого тапшырма берилген. Ал аны жасай алган жок. Таалай Бейшеналиев деген дагы бир окумуштуубуз бар. Кытай архивдерине иштөөгө жиберилген жок. Ошондуктан азыр кытайлык окумуштуулар жардам берип жатышат. Анын ичинде биздин кызылсуулук Жаркын Турсун деген кызыбыз бар. Ошол Жаркын Турсун аркылуу кытайлык кесиптештерим менен таанышып, Бээжинде алар менен сүйлөшүп, былтыр эл аралык Алтай изилдөөнүн 61-илимий жыйынына, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырып, аларды бул жерде президент кабыл алып, алар бул жерден кыргыздардын көчмөн духун көрүп, тарыхый жайлары менен таанышып чыккандан кийин бул ишке батыл киришти. «Ага чейин Кубан айтканда көп деле маани берип, кабыл алган эмеспиз» дешкен. Ушул жактан баргандан баштап өзгөчө шык менен иштей башташты. Албетте, алар тексттерди эски кытай тилинен жаңы кытай тилине өздөрү которушат. Бизде жаңы кытай тилин билген адистер көп. Эски кытай тилин билгендер дээрлик жок. Ошол жолугушууда президент ушул маселени да койду. «Эми бизге эски кытай тилин билген адистерди даярдаганга жардам бергиле» деди. Алар даяр. «Хан, Тан доору боюнча эски кытай тилин билген бир адисти, монгол тилин билген, монгол дооруна тиешелүү бир адисти, анан цин, манжу тилиндеги бир адисти даярдап берсек, силер үчүн эң керектүү адистер ушулар экен» деп атышат. Жанагы кыргыз кызыбыз бизге көп жардам берет. Анан кытай тилин билген кыргызчага оодарчу котормочулар бар, ошолорго кайрылабыз. Ошолордун жардамы менен бул иш алдыга жылат.

«Азаттык»: - Мына ушулардын негизинде кыргыз тарыхын жазуу концепциясы өзгөрүүгө учурайбы?

Молдокасымов: - Мына, Кытай хроникасындагы эң алгачкы жазма 2200 жылдан 3000 миң жылга чейин жылды. Бул чоң өзгөрүү. Эми окуу китептери, буга чейин колдонулуп келген эмгектердин бардыгы ушуга жараша өзгөрүлөт. Андан сырткары азыр ар бир доор боюнча өзүнчө бир жаңылыктар чыгып атат. Алардын ичинде кыргыздарга тиешелүү көп маалыматтар бар. Буга чейинки жазылган тарыхыбыз толукталат. Эң кызыгы - биздин топто жаш кытай окумуштуусу бар, аты Сун Хау, кара кытай боюнча чоң адис. Ушул илимпоз «Манас» менен «ооруп калды». Жусуп Мамайдын кытай тилине которулган «Манасын» окуп чыкты. Англис тилиндеги изилдөөлөрдү окуп чыкты. Бизден чыккан Радлов, Юнусалиев, Валиханов, Айтматов, Ауэзов өңдүү авторлордун эмгектеринен топтолгон англис тилиндеги жыйнакты алып бардым эле. Ошол «Манас» эпосундагы тарыхый окуяларга тиешелүү тарыхый документтер чыгып калса, бул илгери баягы Шлимандын Трояны ачкандай ачылыш болуп калгысы бардыр деп, ушу кезде архивдерди казып изилдеп жатат.

Билге каганга (683-734) багышталган руна сымал жазма эстелик Орхондогу Хөшөө-Цайдам жергесинде табылган.
Билге каганга (683-734) багышталган руна сымал жазма эстелик Орхондогу Хөшөө-Цайдам жергесинде табылган.

«Азаттык»: - «Манастын» жаралуу доору да бизде үч мезгилге бөлүнүп келатат. Кытай окумуштуулары аны кайсы кылымдарга деп болжошот экен?

Молдокасымов: - Сун Хаунун салыштырып чыккан алгачкы божомолу кара кытайлар дооруна тиешелүү болуш керек дегенге такалууда. Кара кытайлар, кидандар доору, алардын Борбор Азияга кирип келип, чабуул коюп, ошондой бир опур-топур иштери «Манас» эпосунда балким чагылдырылып калгандыр деп архивдерден издей баштады. Анан Ценгелинин «Чыңгыз хан дооруна тиешелүү аябай көп маалыматтар бар экен» дегени да кызыгуу жаратпай койбойт. Буга чейин учкай маалыматтарды тарыхта жазып келбедик беле? «Кыргыздар ак шумкарын тапшырып, Чыңгыз ханга тартуулап берип, союздашып, баш ийип калган» деп. Эми жаңы маалыматтар чыгып калса Чыңгыз хандын аскерлеринин курамы кандай болгон, ошол мезгилде кыргыздар кандай позицияны кармаган - ошондой бир окуялар дагы кененирээк берилет. Манжу дооруна тиешелүү 2800 беттен өтө чоң маалыматтар чыгарына ишенем. Кыскасы, өткөн жылдан бери кытайлар менен сүйлөшүп, биз барып чакырып, улам-улам кабар алып турганыбыз биз үчүн жемиштүү болуп жатат. Мына, үч айдын ичинде кыргыз тарыхына байланыштуу чоң жаңылыкты алып чыгышты. Келишим боюнча бул беш жылдык мөөнөт, керек болсо андан кийин да узартылат. Алдыда чоң иштер бар. Буга биздин мамлекет башчы да кызыгып, жардам көрсөтүүгө убада берди. Кошуна мамлекеттер буга чейин миллиарддаган акча бөлүп, Кытайдын архивдеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, том-том китептерин чыгарышкан. Ал эми бизде комплекстүү изилдөө жаңы эле башталды. Бул кыргыз коомчулугу үчүн жооптуу, керектүү иш. Алар бизге англис тилине которуп берсе, аны өзүбүз да тереңирээк изилдөөгө мүмкүнчүлүк ачылып, бизде да бул ишке салым кошкусу келген кесиптештерибиз бар. Буюрса, быйыл июнда Бишкекте өтчү ШКУ саммитинин алдындагы илимий жыйыныбызга биздин тарыхты изилдеген кытайлык окумуштуулар келишет. Алар 20-июнда журналисттер үчүн чоң басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Ошол эле күнү кыргыз-кытай тарыхчыларынын катышуусунда ири илимий жыйын өтөт. Ал жыйында Кытайдан келчү сегиз тарыхчы өз маалыматтары менен бөлүшөт. Ошол жыйын, алар алып келчү жыйнак менен таанышкандан кийин биздин тарыхчылар да жанданат, кызыгуусу артат, анан эмгектерине жаңы толуктоолорду, тактоолорду киргизет го деп ишенип атам.

«Азаттык»: - Ырахмат, Кыяс мырза, ишиңизде ийгиликтердин арбын болушун каалайм!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG