Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

“Теңир” түшүнүгүнүн терең тамыры


Кыргыз арибинин кимдиги аныкталганынын 125 жылдыгына карата.

Томск мамлекеттик университетинин (Орусия, 1984-жыл) №3 жатаканасында беш улуттун балдары жашачубуз. Якут Александр Степанов деген курсташым: “Илгери өзүбүздүн чопо-жазуубуз болгон, бирок Алтайдан Якутияга (Саха дечү) көчкөндө жоготуп алыпбыз”, - деп мактанганда саны боюнча бизден аябай эле аз эл болуп туруп өз ариби болгонуна таң калып, суктангам.

2-курстун аягында Саша сөз кылып мактанып жүргөн жазуу "Орхон-Енисей рун жазуусу" экенин жана ал жазуу “кыргыз” деген этноним алып жүргөн элге түзмө-түз катышы бар экенин билдим. Эгер мурда “жаратман эл экен” деп якут элине суктансам, "Орхон-Енисей рун жазуусу" жөнүндө билимимди толуктап алгандан кийин, программада жок болсо да ал сырдуу жазуулар жөнүндө мектептеги окуучуларга айтып берип, бабалары менен сыймыктануу сезимин ойготкон якут мугалимдерге суктангам.

Тилекке каршы, менин мектебимде мага андай маалымат беришкен эмес. Бүгүн болсо ар бир азербайжан эсинен чыгарбасын деп 5 манат деген акчасына (банкнот) жазууну түшүргөн Азербайжан мамлекетине суктанам.

Тилекке каршы, менин мамлекетим аны кыла элек. Жазма эстеликтердин кимдиги аныкталганына 25-ноябрда 125 жыл болду, ким эстеди? Окумуштуулар ариптин жаралышын кишизатынын тарыхында жапайычылыктан (варварство) цивилизацияга чоң секирик катары карашат. Ошондуктан жазуу пайда болгонго чейинки кишизатынын тарыхынын баскычын “тарыхка чейинки” деп аташып, жазуу менен кишизатынын накта тарыхы башталат деп эсептешет. Жазуу - маалымат менен билимдин түбөлүктүү кампасы.

Жазуу - өз келечегине кайдыгер болбогон элге өтө азгырык кубулуш, маалымат берүү, алуу жана калтыруу каражаты. Ошондуктан өз арибин жарата албаган эл башка элдин арибин өздөштүргөнгө аракет кылат.

Мисалы, бул макаланы жазып жаткан арибди “кириллица” деп аташат. Муну орустар жараткан эмес, батыш славяндардан (болгар) өздөштүрүп алышкан. Өз арибин жараткан элдерди санасак колубуздун манжалары жетет. Мына ошол жаратман элдердин бири - биздин тектерибиз, БИЗБИЗ.

Кээ бир тарыхчылар Энесай кыргыздары менен Теңиртоо кыргыздарын ажыратып, эки башка эл катары карап жүрүшөт. Андай эмес. Энесай жазма эстеликтери менен байланышкан эки эле факты ал ойду жокко чыгарат.

Биринчиси - Энесай жазуусу менен Талас жазуусу бир жазуу системасына киргени, бир доорго таандыгы. Ал тургай Карачур деген ат ошондогу кыргыздардын арасында кеңири таралган кишинин аты экен, эки жазууда тең кездешет. Экинчиси - лингвисттер илимий иликтөөнүн негизинде Энесай жазма эстеликтеринде чегилген сөздөрдүн 77 пайызы бүгүнкү кыргыз тилинде жашап жатканын далилдеп чыгышты. Бул фактыны “элүү жылда эл жаңырат” деп кыргыздар айткандай, соцстатистика боюнча ар бир муундун тили сырткы таасирдин негизинде 30% чейин өзгөрүүгө учурай турган фактынын кесилишинде карасак, канчалык күчтүү жүйө экенин аңдайбыз. Бул эки факты менен топонимдер Улуу кыргыз каганатынын аймагы Түндүк Монголиядан Теңиртоого чейин созулганын далилдейт.

2015-жылы Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж Кыргызстанга расмий сапары менен келгенде Кыргыз-Нур көлүнөн үч термос суу ала келген экен - президентке, Жогорку Кеңешке жана Улуттук университетке. Улуттук университеттин окумуштуулар кеңешинин отурумунда Монголиянын президентине “ардактуу профессор” деген наам ыйгаруу аземинде “бабаларыңар ичкен суудан даам татсын деп бир термосту Улуттук университетке ала келдим” деген. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү сүмөлөктүн даамын таткандай чыпалактары менен даамын татып жатканда мен бир чыны сууну бүт эле ичип алгам. Кыргыз-Нур көлүнүн суусунун даамы Ысык-Көлдүн суусундай жеңил туздуу экен.

Менин оюм боюнча бул эки кыргыздын көлү тамырлаш. Бул окуяны сөз кылганымдын себеби - биздин кээ бир “билерман” тарыхчыларга караганда монголдордун президентинин ишеними Монголиянын тарыхчылары Энесай кыргыздары менен Теңиртоо кыргыздары бир эл экенине күмөн да санашпаганын далилдегенин тастыктайын дегем.

Эми “Орхон-Энесай жазма эстеликтерине" кайрылсак, дин таанууда Авраамдын (мусл. Ибрахим) дини деп коёт, санжыралары боюнча бир атанын балдары, өзүнүн өсүп-өнүгүшүндө үчкө бөлүнүп, бири-бири менен келишпеген, катышпаган тууган-душманга айланган бир тууган диндер. Булар: иудей (Муса пайгамбар), христиан (Иса пайгамбар) жана ислам (Мухаммед пайгамбар). Мына ошол Авраамдын дининдеги ыйык китептерде “Алгач СӨЗ болгон, ал сөз КУДАЙ болгон” деп айтылат. Анысы кандай, Орхон-Энесай таштагы жазма эстеликтеринде биринчи окулган, ал жазманын кимдигин аныктаган алгачкы сөз болгон. Ал сөз “Теңир” болгон.

Кудайды иудейлер “Яхве”, христиандар “Егово”, арабдар “Аллах” дешсе, биздин тектерибиз “Теңир” деп атап табынышкан. Бүгүнкү күндө деле кыргыздар “Теңир”, “Алла”, “Кудай” түшүнүктөрүн синоним катары аңдап жүрүшөт.

Көчмөн тектерибиздин тарыхын изилдеген кээ бир окумуштуулар "ислам динине чейин көчмөндөр “шамандар” болгон" деп ырастап келишкен, антип жүрүшкөндөр да бар. Мисалы, Р. Безертиновдун “Тенгрианство – религия тюрков и монголов” деген эмгегинде көчмөн тектерибизди "көп кудайга (политеи́зм) ишенишкен" деген билимди таратып, кудайлардын санын 17ге жеткизиптир, б.а. табияттын кубулуштарынын баарын кудайдын катарына киргизип койгон.

“Ташка тамга баскандай” деп кыргыздар акыйкатты тастыктагандай, мен ташка чегилген Орхон-Энесай жазма эстеликтерге таянып Р.Безертиновдун да, анын көз карашын бөлүшкөндөрдүн да биздин тектерибиздин ишеними жөнүндөгү билимдери туура эмес, “кыйшык” билимдер деп расмий ырастайм.

Себеби, Орхон-Энесай жазма эстеликтеринде Теңирден башка кудай чегилген эмес. Ооба, бир жолу Умай түшүнүгү кездешет. Бирок жазма эстеликтин контекстине ылайык Умай аялзатын колдоочу пир катары чегилген.

Быйыл мына ушул биздин сыймыгыбыз болгон, кыргыздардын жаратман элге кирээрин дүйнөгө тастыктаган, дүйнөлүк маданияттын тарыхында татыктуу өз ордун ээлеп, “Орхон-Енисей рун жазуусу” деген ат менен белгилүү болгон көчмөн жазуусунун кимдиги аныкталышына 25-ноябрда 125 жыл болду.

1893-жылы лингвист жана тарыхчы, профессор Вильге́льм Лю́двиг Пе́тер То́мсен (1842-1927. Копенгаген) Дания хандыгынын Илимдер академиясынын кезексиз жыйынын чогултууну суранып, анда “Орхон-Енисей рун жазуусу” боюнча сенсациялуу билдирүү жасай тургандыгын айткан.

XIX кылымга чейин эле Сибирде (Шибер), Түндүк Монголияда, Кыргызстанда “рун” жазуулары бар экенин Орусиянын коомчулугу билчү. Бирок аны менен кызыгып көңүл бургандар болгон эмес. Европанын “Орхон-Енисей рун жазуусу” менен такымдап кызыгып калганынын себеби - Орусия менен геосаясий өңүттө тирешүүсү. Бүгүнкү күндө ошондой тирешүү Украина маселесинин тегерегинде болуп жатат. Мына ушундай курч саясий кырдаалда орус-швед согушунда туткунга түшүп Сибирде жүргөн швед офицери Филипп-Иоганн Страленберг мекенине кайтып келгенде “Орхон-Енисей рун жазууларынын” кээ биринин көчүрмөлөрүн алып келип жарыялап, “Орусиянын түндүгүндө жашаган финн-угор элдерине таандык болуш керек” деген божомолун айтат.

Себеби финн-угор элдерин финндер орустарга кайнаса каны кошулбаган Европа элдери деп эсептешет. Бул божомол Орусия менен Европанын тирешүүсүнүн кесилишинде “финн-угор элдери Орусиянын түндүгүндө гана эмес, Сибирге чейинки территорияны ээлешкен” деген геосаясий божомол жаралып, коомчулукка кеңири жайылып кетет. Ушул божомолду тастыктоо максатында Европа экспедицияларды уюштуруп (фин Гейкел жетектеген), ошол учурдагы эң алдыңкы технологияларды колдонуп, жазма эстеликтердин көчүрмөлөрүн алдырып, анын кимдигин аныктоого эң алдыңкы окумуштууларын мобилизациялашкан.

Мына ошол окумуштуулардын бири Вильгельм Томсен 1893-жылы 25-ноябрда Даниянын Илимдер академиясынын кезексиз отурумунда “Орхон-Енисей рун жазуусунун” сырын ачкан арип аныкталганын, жазуу оңдон солго окуларын жана биринчи чечмелеген сөз “Теңир” түшүнүгү болгонун жарыялап, Европанын бул жазуу “финн-угор элдерге таандык болуш керек” деген божомолу таш каап, “Орхон-Енисей рун жазуусу” кимдерге таандыгы аныкталып, “рун” деген грифи алынган.

“Рун” (гот. белгисиз) деген сөздүн Орхон-Энесай жазмаларына кошо айтылып калганына себепкер - орус немиси, дарыгер Д.Г.Мессершмид. Ал Петр Iнин тапшырмасы менен Сибирде жашаган элдер тууралуу маалымат чогултуш үчүн экспедицияны жетектеп жүргөндө саймалуу таштарды көрүп, Европада белгилүү болгон “рун” жазуулары менен салыштырып, өзүнүн отчетуна “рун жазуулары” деп жазып кеткен экен.

“Рун” жазуусу Европанын ар кайсы бурчунан табылып (Германия, Шотландия, Дания жана Франция) бүгүнкү күнгө чейин кимдиги аныкталбай “сырдуу” бойдон калууда. Ал эми “Орхон” деген түшүнүктүн алдыда жазылып калышын себепкери - боярдын уулу Семен Ремезов. 1696-жылы Орусия империясынын чектеген жерлерин картасын чийип жүрүп, Талас дарыясын картага түшүргөндө жогорку агымына топографиялык белги катары “Орхон ташы” деп белги коюп кеткен экен. Бул Семен Ремезовдун иш-аракетинин бизге кызыктуусу - ал “рун” жазуусу боюнча адис болбогону менен Таластагы саймалуу таштар Орхондо көргөн саймалуу таштарга окшоштугун байкаганы. Бирок С.Ремезовду ал таштар кезек кездешкен (Орхон, Энесай, Талас) топографиялык белги катары гана кызыктырган.

Чындыгында Энесай жазуусу Орхонго караганда алда канча эрте жаралган. 1926-жылы Бакуда өткөн Түркологдордун съездинде (К.Тыныстанов катышкан) ошол учурдагы түркологдордун эң абройлуусу С. Малов П.Милиоранскийдин “Енисей арибин кыргыздар өздөрү уруулардын эн тамгасы катары колдонуп жүрүшкөн тамгалардын негизинде жаратышкан” деген теориясын колдоп, “Енисей жазуусу Орхон-Селенгин жазуусуна караганда эки-үч жүз жыл мурун VI кылымда пайда болгон” деп далили менен расмий ырастаган. Бул ырастоо Борбордук Азия көчмөндөрү колдонгон арипти кыргыздар жаратканын, алардан орхон түрктөрү, уйгурлар, кийин Чыңгыз хан (монголдор) өздөштүрүп алганын далилдейт.

В.Томсендин билдирүүсүнөн кийинки жылы 19–январда түрколог, этнограф В. В. Радлов (1837-1918) биринчилерден болуп Күлтегин эстелигин которгон. Албетте, В.Радлов ошол доордун талабына жана өзүнүн түрк дүйнөсү жөнүндөгү билимине жараша таштагы “Көк Теңир” деген түшүнүктүн “көк” деген сөзүн сын атооч катары эмес, өң (синий, голубой) катары кабылдап, “Небо” деген туура эмес котормосун берген.

Күлтегинге арналган эстеликте “Теңир” түшүнүгү 14 жолу кездешет.

Бул факт “Теңир” Борбор Азиянын көчмөндөрүнүн маданиятынын өзөгүн түзгөн эң негизги баалуулук болгонун далилдейт. Ошону менен бирге, көчмөндөрдүн Теңирди кабылдоосунун табиятын да ачып, урпактарына бабаларынын ишенимин ачык таанып-билүүгө шарт түзүп берип жатат. Мисалы, Күлтегинге арналган эстеликте 14 жолу кездешкен "Теңир" түшүнүгүнүн 10 жолкусу “колдоочу”, үч жолу “жазалоочу”, бир жолу “тагдырды аныктоочу” Кудай катары чагылдырылган.

Бул тенденцияны Орхон-Энесай жазма эстеликтери жалпы жонунан да тастыктайт. Мисалы, мен иликтеген 27 жазма эстеликте “Теңир” түшүнүгү 68 жолу кездешип, 41 жолу колдоочу, 21 жолу тагдырды аныктоочу жана алты жолу жазалоочу жогорку күч катары чагылган. Б.а. Теңир феноменинин болумушунун үч көрүнүшү: жаратуучу, колдоочу, жазалоочу жогорку күч катары берилген.

Бул жерде өтө маанилүүсү - Теңир феноменинин болумушунун бир эле учурда үч кудуретке ээ болушунун чагылдырышы. Демек, Орхон-Энесай жазма эстеликтерин калтырган маданиятта Кудайдын кудурети бир эле учурда кишинин болумушун аныктоочу үчилик образы камтылган: жаратуучу, колдоочу жана жазалоочу. Бирок жазма эстеликтерде көбүрөөк “колдоо” кудуретине басым жасалган. Бул абал бизге көчмөндөр Кудайды негизинен “колдоочу” катары кабылдап табынышкан дегенди билдирет.

“Атына заты” демекчи, кайсы түшүнүк болбосун ал кандайдыр бир мазмунду чагылдырып, ошол түшүнүктөр менен киши дүйнөнү таанып билет, мамилесин түзөт. Кудайды сүрөттөп жазуу, ал жөнүндө ой толгоо өтө кыйын. Себеби, ал материалдык эмес, руханий кубулуш. Мына ушундай кубулуштардын табиятын элге түшүндүрүш үчүн, ошол эл билген, анын тилиндеги тигил же бул кубулушту чагылдырган түшүнүктөрдүн жардамы менен берүү ыкмасы бар.

Теологияда ( греч. theos - Кудай жана logos-окуу) пенденин тилинде Кудайдын сын-сыпатын, кудуретин акыл менен аңдап-түшүндүрүүгө жол берген принцип катафатика (грек. katafatikos – оң, уруксат маанисинде) деп аталат. Мына ошол катафатикалык принципти жетекке алып метафоралык (греч. мεταφορά-каймана маанисинде) усулду колдонсок, христиан дининдеги Кудайдын (Иегово) мааниси “Сүйүү” деген, ал эми исламдагы “Алланын” мааниси “Кечиримдүү” деген түшүнүктөр менен ЖАРАТКАНДЫН табиятын чагылдырсак болот.

Чечмелеп кетели:

1. Иегово-Сүйүү: Иса пайгамбар (Иисус Христос) кишизатын ушунчалык сүйгөн, анын тектик күнөөсүн өз мойнуна алып, бошотуп, киши өзү кылган күнөөгө гана жооп бере турган абалга алып келген. Негизги тараткан баалуулугу - “возлюби ближнего своего как самого себя” деген принципти жашоонун негизи кылууга чыкырган. Кыргыз маданиятында кездешкен, “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, “Таш менен урганды аш менен ур” деген сыяктуу лакаптар Иса пайгамбардан.

2. Алла - Кечиримдүү: Курандын ар бир сүрөөсү, “Бисмилляхи Рахмани Рахим” деп башталат. Кыргызчаласак, “Кечиримдүү (Ырайымдуу) Алланын аты менен” деп которулат. Мухаммед пайгамбар киши кандай күнөө кылбасын, күнөөсүн аңдап, Алладан кечирим сурап беш маал намазга жыгылса, Кечиримдүү Алла кечирип тозок отунан сактайт деген ишенимди тараткан.

3. Теңир Колдоочу: Орхон-Энесай жазма эстеликтеринде чагылган “Теңир” түшүнүгүнүн мааниси “Колдоочу” деп ишенимдүү ырастайбыз. Жогоруда көрсөткөндөй жазма эстеликтерде 68 жолу кездешкен "Теңир" түшүнүгүнүн 41и “колдоочу” катары чагылган. Демек Орхон-Энесай жазмаларын калтырган маданиятта Теңирди (Кудайды) колдоочу катары кабылдашкан.

Авторитеттүү деген С.Маловдун ырастоосу боюнча, Энесай жазмалары VI кылымдан баштап пайда болуп жатат. Бул факт ислам дини жарала электе биздин тектер таштарга Кудайды чегишип өздөрүнүн Ага болгон мамилелерин, кабылдоолорун бизге, “Салтымдан, тилегимен айрылба” деп ташка (Энесай) мурас катары калтырып кетип жатышат. Мүмкүн алар билгендир - тарыхтын жүрүшүнүн бир баскычында алардын урпактарын өз тарыхынан, болмушунан жасалма түрдө ажыратып, маңкуртташтырып салышарын? Мүмкүн алар ишенгендир, урпактары эртели-кеч тектеринин ташка чеккен мурастарына кайрылып, бул дүйнөдөгү Теңир аныктаган жолун, ордун табаарын? Ким билет!?

Эстейличи, Ч.Айтматовдун “Ак кемесин”. Манкурт-кыргыздын кара курсагы үчүн жаштары түгүл карысы өз Кудайын атууга даяр экенин Момун чалдын образы менен тастыктап, “Ала-Тоо менен Теңир-Тоом, элиме сепил, сеңир тоом!” деп, "ээ балам, илгеркинин ыры бекер чыккан ыр эмес-ов!” деп оор үшкүрүнүп, Теңир-Тоонун атын (Тянь-Шань (кытайча: Тянь-Кудай), Алла-Тоо (арабча: Алла-Кудай) да өзгөртүшкөнүн эскертип кеткенин. Кандай болбосун, жазма эстеликтерде чагылган Теңирдин табиятына көз чаптыраардан мурун Батыш түркологдорунун Энесай жазмаларына болгон терс мамилесинин табиятына токтоло кетели. Менин жеке оюм боюнча бир жагынан таш жазмалардын тилин, экинчи жагынан, Энесай эстеликтеринин өзгөчөлүгүн аңдап билбегендик, Батыш түркологдордун ырастоолору Энесай жазма эстеликтерине адилетсиз терс коомдук мамиле жаратып, изилдөөчүлөрдү “үркүткөн”. Мисалы, дүйнөгө белгилүү Батыш түркологдорунун бири француз Л. Базен Энесай жазма эстеликтерин “…мазмуну жана иштелиши боюнча примитивдүү” десе, англиялык түрколог Ж. Клосон “окумуштуулар баяндоонун кичине болсо да маани-мазмунун табууга жана кээ бир тамгалардын фонетикалык маанисин түшүнүүгө аракет кылышкан. Баарынын иштери ийгиликсиз болгонун мен жөнөкөй эле себеп менен түшүндүрүп берем: жазмаларда маани-мазмун аз же такыр эле жок” деп, Энесай жазма эстеликтерине сын баа берип, тарыхый маанисин жокко чыгарып жатышат. Албетте, бул ойлорун Энесай жазуусун Орхондогу жазуулар менен салыштыруунун негизинде айтып жатышат дечи.

Ооба, Энесай жазмалары тигил же бул маркумга эстелик катары коюлган майда таш мамыларына чегилген. Мисалы, Барсбекке арналган эстеликти алсак, плитанын узундугу - 185,5 см., жогорку бөлүгүнүн туурасы 43,5 см., жоондугу 20,5 см. Күлтегинге арналган аскадагы жазуунун негизинде ага ошондой талап коюу акылга сыйбаган иш.

Таш убакыттын ченеми боюнча туруктуу болгону менен мейкиндик ченеми боюнча өтө чектелген каражат. Таштын болмушунун бул өзгөчөлүгү кишини аны менен эсептешүүгө мажбурлап, түшүрө турган маалыматты тандоосун да, ага маалыматты чегүү стилин да аныктаган. Ошондуктан көчмөн кыргыз маалыматты ташка жазуунун өзгөчө усулун иштеп чыгуу зарылдыгынын алдында калып, жыйынтыгында Энесай жазма эстеликтеринин тили жаралган, б.а. эмнени жана кандай формада чегүүнү киши эмес, таш аныктайт. Ошондуктан Энесай жазма эстеликтеринен мазмунду издегендин өзү “примитивдүү” кубулуш. Мисал, Чакөлдөгү биринчи эстеликтин бийиктиги 1, 52 см., туурасы 23 см. Жазманын төртүнчү сабында, “Эр эрдемдүүлүгүмдү элимдин кызматына бердим, Теңири...”-деп чегилген.

Ал эми Барлыктагы үчүнчү эстеликтин бийиктиги 1,42 см., туурасы 58 см. Анда, “Теңирдикке, күнгө, жердеги элиме канааттанбадым” деген сап (үчүнчү) бар. Көрүнүп тургандай, арип чегилген таштын тилин билбеген киши бул чегилген сүйлөмдөрдөн эч маалымат ала албайт, бул биринчиден.

Экинчиден, Энесай жазма эстеликтери - ташка чегилген кошоктордун фрагменттери. Ошондуктан Энесай жазма эстеликтеринен маалымат алыш үчүн кошоктун маани-маңызын, коомдогу кызматын, б.а. кошоктун философиясын билиш керек. Жогорудагы белгилеген эки жагдайды (таштын тилин, кошок) билбеши батышчыларды “примитивдүү” деген ой корутундуга алып келип жатат. Бул оюбузду бир четинен тастыктоо максатында, экинчиден, арибибиздин кимдигин аныктаган “Теңир” түшүнүгүнүн табиятын аныктоо үчүн Энесай жазма эстеликтеринин фрагменттерине кайрылалы.

Эскерте кетели, таштагы жазмалар VI-VII кылымдарга таандык. Демек, ислам дини пайда боло элек доор.

1. Энесай. Хэрбисбаарыдагы эстелик. Эстеликтеги жазуу тогуз саптан туруп, алтынчы сабында “Элиме, каныма, Теңири эгеме, аттигиниң, канааттанбадым” деп чегилген. Көрүп тургандай, Теңирди ЭГЕМ деп жатат. К.Сейдекматов “Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү” деген китебинде бул түшүнүктүн төмөнкүдөй түшүндүрмөсүн берет: “Эгем “Кудай” деген сөзгө маанилеш "эгем" сөзү, "эге+м" бөлүктөрүнөн турат. Анын "эге" уңгусу азыркы кыргызча ээ сөзүнүн байыркы кездеги формасы болсо, "м" биринчи жактын таандык мүчөсү. Ал мүчө уңгуга сиңип кетип, өзүнүн маанисин жоготуп койгон. Алгач "эгем" сөзү “менин ээм” деген түз маанисинде болгон. Мезгил өтүшү менен ал маанисин өзгөртүп, “кудайды” түшүндүрүп калган”.

2. Энесай. Минусинск музейиндеги эстелик. 1903-жылы Тувадан табылып, Минусийск музейине алып келинген. “Аттигиниң, Теңири кулубуз айрылдык, сизден” деп чегилген. Бул жазмада киши Теңирдин КУЛУ деп жатат. “Теңирдин кулубуз” деген жагдай тексттин контекстине ылайык кишинин бул дүйнөгө келүүсү да, кетүүсү да толугу менен Кудайдын ырайымынан көз каранды, өлүм “ак” деген билимди чагылдырып жатат, б.а. киши пенде, “аттигиниң”.

3. Энесай. Тепсей тоосундагы аскадагы жазуу. Эстелик 11 жазуудан туруп, “Теңир” түшүнүгү үч жолу кездешет. Бир жазууда эки жолу, “Кут Теңирден ...тепсей Теңири” деп чегилсе, дагы бир жазууда “...Теңириме жүгүнөм” деп берилген. Кыргызга “кут” түшүнүгүн түшүндүрүүнүн кажети жок. Замандаш кыргыз да кут Кудайдан деп ишенет.

4. Энесай. Тувадагы экинчи эстелик. Эстеликтин экинчи сабында “Теңирим очок бизге” деп чегилген. “Очок” түшүнүгү каймана маанисинде Теңирди жашоонун күл азыгы (материалдык жана руханий) болгон феномен катары көрсөтүүгө колдонулган. Демек, кыргыздар кишинин барлыгынын, кимдигинин, болмушунун себепкери Кудай экенин баса белгилеп жатышат.

Асанбеков Нурзак, философия илиминин кандидаты, доцент

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG