Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:36

Укук коргоочулар Иранда каза болгондор жүздөп саналарын маалымдоодо


Тегеран
Тегеран

Iran Human Rights (IHRNGO) укук коргоо уюму 11-январда Иранда эки аптадан ашуун убактан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында каза болгондор кеминде 192ге жеткенин, алардын тогузу 18 жашка чыга элек курактагылар экенин билдирди.

Өлкөнүн ар кайсы аймактарында, айрыкча борбор калаа Тегеранда демонстранттар жапырт өлтүрүлүп жатканы тууралуу да маалыматтар бар экенин кошумчалаган уюм билдиргендей, чынында курмандыктар саны жүздөп саналып, 2000ге жакын болушу ыктымал.

Ирандык мамлекеттик IRIB телеканалы 11-январдагы репортаждарынын биринде каза болгондордун сөөгү жеткирилип жаткан жайды көрсөттү. Ал кайсы жер экени айтылган жок, бир аз мурдараак "Фарда" радиосуна Тегерандын чет жакасындагы Кахризак өлүкканасынан тартылган сүрөттөр тийген, андан октон каза болгондорду, жерде кансырап жаткан көп адамдардын сөөгүн көрүүгө болот.

Сөөктөр жаткан жерде адамдар өз жакындарын издеп жаткан видеолор да тараган. "Фарда" радиосу мынча көп курмандыктар нааразылык акциясына чыккандарга каршы канчалык катуу күч колдонулуп жатканын айгинелей турганын белгилөөдө.

28-январда башталган нааразылыкка Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата 80% арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгону айтылган.

8-январдан бери өлкөдө интернет жок болуп жатканы кабарланууда.

Өлкөнүн эң башкы бийлиги болгон жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 9-январда режимдин жактоочуларына кайрылып, митингчилерди АКШнын президенти Дональд Трамптын атынан аракеттенүүдө, мамлекеттик мүлккө кол салууда деп айыптап, “чет өлкөлүктөргө жалданган адамдарга каршы чара көрүлөрүн” эскерткен.

АКШ президенти, соңку күндөрү Иран боюнча бир нече билдирүү жасап, бул мамлекеттеги окуяларга кийлигишүүсү мүмкүн экенин эскерткен Дональд Трамп 10-январдын кечинде:

"Иран, балким, мурда болуп көрбөгөндөй ЭРКИНДИККЕ умтулуп турат. АКШ жардам берүүгө даяр!!!", - деп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазган.(RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG