Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:27

АКШ армиясы "Ислам мамлекетинин" Сириядагы объекттерине сокку урду


АКШ өнөктөштөрү менен бирге өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун Сириядагы объектилерине сокку урду. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп ишембиде сокку урууга буйрук берген. Башкармачылыктын X социалдык тармагындагы билдирүүсүнө ылайык, чабуулдар "Бүркүт соккусу" операциясынын алкагында ишке ашкан.

Операция 13-декабрда Пальмира шаарында Сирия жана Американын кайгуулуна жасалган чабуулга жооп иретинде жүргүзүлгөн. Андагы кол салууда үч америкалык - эки аскер кызматкери жана котормочу каза болгон эле.

АКШ командачылыгы ишембидеги соккулар терроризмге каршы күрөшүү, аймактагы аскер кызматкерлерин жана өнөктөштөрүн коргоо максатын көздөгөнүн билдирди.

"Бул белги. Биздин жоокерлерге зыян келтирсеңер, канчалык жашынууга аракет кылбагыла, дүйнөнүн бардык бурчунан таап, жок кылабыз", - деп айтылат Борбордук башкармалыктын билдирүүсүндө.

Операциянын жүрүшүндө америкалык аскерлер жана алардын өнөктөштөрү 35тен ашык бутага жогорку тактыктагы куралдар менен 90дон ашуун сокку урган. CBS News операцияга 20дан ашык учак катышканын маалымдады. Соккулар кайсы аймактарга урулганы азырынча белгисиз. Курмандыктар бар-жогу тууралуу да маалымат берилген жок.

"Ислам мамлекети" тобу 2019-жылга чейин Ирак менен Сириянын аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлдөп келген. Андан бери Батыш өлкөлөрү бул аймакта аталган террордук топтун кайра жанданышына жол бербөө үчүн байкоо жана чалгындоо иш-чараларын улантып келет.

БУУнун маалыматында, Ирак менен Сирияда учурда "ИМ" террорчул тобунун 5 миңден 7 миңге чейинки жоочусу бар.

2025-жылдын ноябрында жана 2024-жылдын декабрында Башар Асаддын режими кулатылгандан кийин өткөөл мезгилдин президенти болуп Ахмед аш-Шараа дайындалган. Мындан кийин Сирия АКШ башында турган "ИМге" каршы эл аралык коалициянын 90-мүчөсү болгон.

2025-жылдын декабрында АКШнын коргоо министри Пит Хегсет "өч алуу операциясы" башталганын жарыялаган. Анын алкагында америкалык аскерлер Сириядагы "ИМдин" он чакты объектисине сокку урган. 4-январда Британия жана Франциянын аскердик күчтөрү Пальмира шаарынын жанындагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна таандык курал-жарак сакталган кампага абадан сокку урушкан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG