Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:53

Сасык тумоо жана КРВИ жуккан учурлар азайды


Кыргызстандын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен кайрылгандардын саны азайганын билдирди.

Мекеменин маалыматында 2025-жылдын аягында КРВИ жана грипп менен 15 миң 43 бейтап катталса, жаңы жылдын биринчи жумасында 9 490, 5-8-январда 6 745 бейтап катталган.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 8-январда жыйын өткөрүп, анда эпидемиологиялык кырдаал талкууланган.

Жыйында стационардык ооруканаларга жүктү азайтуу тууралуу сөз болгон. Медицина кызматкерлери тумоо маалында эл Үй-бүлөлүк медициналык борборлорго көп кайрылбаганы үчүн стационарларга күч келгенин айтышкан.

Досмамбетов сезондук инфекциялар учурунда элге туура багыт берүү үчүн санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү жана бул багытта ЖМКлар менен кызматташуу керектигин белгилеген.

Кыргызстанда 2025-жылдын ноябрь-декабрь айында КРВИ жана гриппке байланыштуу кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандардын саны көбөйгөн. Кырдаалга байланыштуу өлкө аймагында бир канча бала бакча карантинге жабылып, айрым мектептер онлайн окутууга өткөн. Эпидемиологдор бул жылы өлкөдө сасык тумоонун А түрү же "Гонконг тумоосу" (H3N2) аныкталганын билдиришкен. (ST)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG