Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр 2 млн 214 миң 482,38 сом киреше тапкан. Бул тууралуу Салык кызматынын мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакындарынын 2025-жылдагы киреше-чыгашалары тууралуу бирдиктүү маалыматынан көрүүгө болот.
Президент декларация толтурганда 2 627 чарчы метр аянттагы бизнес-борборуна, 0,63 га айыл чарбага багытталган жерге, 2 125 чарчы метр тамаркага ээлик кыларын көрсөткөн. Андан тышкары 100 миң сомдук автоунаасы бар. 1 млрд 163,5 млн сомдук мүлкүн мыйзамдаштырган.
Жапаровдун жакындары 29 млн 706 миң 840 сомдук киреше тапкан.
Декларацияда чыгашалардын суммасы көрсөтүлгөн эмес.
Садыр Жапаров 2024-жылы декларациясында 2 млн 760 миң 335 сом киреше тапканын көрсөткөн. Ошол жылы мүлкүн жашырып жүргөндөрдү байлыгын легалдаштырууга чакырып, мурда башкаларга каттаткан 20 млн долларлык мүлкүн өзүнө жаздырганын жарыялаган. (ST)
Шерине