Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы, мурдагы аскердик чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аймактык комплекттөө борборлорундагы (ТЦК) коррупция жана аскер кызматкерлеринин бөлүктөрдү таштап кетишин өлкөнүн коргонуу жөндөмүнө терс таасир эткен олуттуу көйгөй деп атады.
Бул тууралуу ал Башкы штабдын жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги астында өткөн жыйында билдирди.
Будановдун айтымында, аталган эки көйгөйгө каршы "айкын жана натыйжалуу чечимдер" даярдалууда. Бирок кандай чаралар көрүлөрү азырынча белгисиз.
Украинада 2022-жылдын 24-февралында Орусия кол салгандан бери аскердик абал жана мобилизация режими күчүндө. Аскер курагындагы эркектерге өлкөдөн чыгууга чек коюлган, ал эми мыйзамдуу негизде мөөнөттөн бошотуу болбосо аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн.
Мобилизация маселелери менен иш алып барган аймактык комплекттөө борборлоруна (ТЦК) украин коомчулугунун пикири бир кылка эмес. Бир жагынан коррупция фактылары (пара берүү аркылуу аскерге чакыруудан бошотуу), экинчи жагынан аскердик милдетин өтөп жаткандарга күч колдонгон учурлар тууралуу айтылып келет.
Интернетте аймактык комплекттөө борборлорунун иши жөнүндө дагы көптөгөн видеолор тараган. Бул материалдарга орус пропагандасы дагы өзгөчө басым жасайт. Ошол эле учурда Украина бийлиги аскерге баруудан качкандар же аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткендер маселеси бар экенин моюнга алат.
Орусиянын Украинага каршы согушунун жүрүшүндө бир катар резонанстуу операцияларды координациялаган, мурда чалгын кызматынын (ГУР) башчысы болгон Кирилл Буданов бир нече күн мурда Андрей Ермак коррупциялык жаңжалга байланыштуу кызматтан кеткенден кийин президенттин кеңсесин жетектей баштады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнү билдиргендей, Буданов менен санкциялык саясат маселесин да талкуулаган. Президенттин айтымында, сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын жетектеген Рустем Умеров 10-январда тынчтык демилгеси боюнча америкалык өнөктөштөр менен кайрадан байланышта болгон.
Шерине