Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Совет цензурасын эске салган буйрук


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда илимий кызматкерлерге чет өлкөлүктөр менен байланышууга чектөөлөр киргизилди.

Орусияда илимий уюм-мекемелер, окуу жайларынын кызматкерлери чет өлкөлүк окумуштуулар менен жолугушууну кааласа, беш күн мурун Илим жана жогорку билим министрлигине кабар берип, жолугушууга барчулардын тизмесин кошо жөнөтүшү керек.

Орусиялык окумуштуу чет өлкөлүк кесиптеши менен жумуштан тышкары кездешкиси келсе, алгач жетекчисинен уруксат алууга милдеттүү. Мындай жолугушуудан кийин отчет жазып, паспорт көчүрмөлөрүн тиркеп коюшу керек.

Жолугушуу мамлекеттик мекемеде өтсө, анда ал жерде сөзсүз орус тараптан эки окумуштуу болушу зарыл. Ал эми чет өлкөлүктөр Орусиянын илимий жайларына барганда маалыматты жазып же көчүрүп ала турган техникалык каражаттарды эл аралык келишимдердин негизинде гана колдоно алышат.

Мына ушундай эрежелер жазылган буйрукту Орусиянын илим жана жогорку билим министри өткөн айда тараткан. Февралда кол коюлган кагазда «кызматтык колдонуу үчүн» деп белгиленген. Аны министрликтин карамагындагы мекемеде иштегендер аткарууга милдеттендирилген.

Буйрукту коомчулукка Орусиянын илимдер академиясында Машина куруу институтунун Татаал системаларды башкаруу лабораториясынын жетекчиси Александр Фрадков ачыкка чыгарып салган. Ал министрликке ачык кат жазып, анда буйрукту жокко чыгарып, аны жазып чыккандарга чара көрүүнү талап кылган. Буйрук «өлкөнүн аброюна жана илимий-технологиялык өнүгүүсүнө залакасын тийгизип коюшу мүмкүн» деп жазган окумуштуу өз катында.

«Бул буйрук. Эгерде буйрукта «чет өлкөлүктөр менен сүйлөшпө» деген сунуш жазылып турса, мен ал сунушту аткарбашым керекпи? Баары корко башташат. Баарынан коркунучтуусу - биздикилер эле коркпостон, чет өлкөлүктөр да өлкөгө келүүдөн чочулап калат. Бул совет мезгилинен бери арыла албай жаткан коркунучубуз, ал дагы күчөп кетет».

Документтин айрым барактарынын көчүрмөсү Интернетке жарыялангандан бери соцтармактардын бир катар колдонуучулары илимий чөйрөдө буйрукту сынга алып, Советтер Союзундагы чектөөлөр менен салыштырышууда.

Совет мезгилинде иштеген физик-теоретик Владимир Захаров жаңы мыйзамда «совет эрежелери камтылганын» белгилейт. Ал бийликтин бул кадамын өлкөдөгү «саясий кризистин жеткен чеги» деп баалады:

«Бул акылсыздык! Салтыков-Щедриндин тамсили үчүн дагы бир сюжет. Буйрукту бүгүнкү реалдуулукту түшүнбөгөн адамдар жазган. Биринчиден, мындай буйрук Орусиянын илимий өнүгүшүнө зыян. Экинчиден, чет өлкөлүктөрдүн алдында уят. Үчүнчүдөн, Интернет заманында бул буйрукту ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бул өлкөдөгү саясий кризистин жеткен чегин көрсөтүп жатат».

Бирок Захаров Орусиядагы илимий коомчулук чектөөлөргө каршы чыгып жатканы менен, буйрукту жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө анча ишенбей турганын да кошумчалады:

«Албетте, илимий коомчулук каршылык көрсөтөт. Бирок бир нерсеге жетише алабы деген суроо пайда болот. Министр Котюков, менин билишимче, буйруктун автору эмес. Эмне болору белгисиз. Өкүнүчтүү».

Ал эми биология илимдеринин доктору Михаил Гелфанд кагаз күч органдарынын кысымы менен же министрликтин өз демилгеси менен атайын түзүлгөн деп боолголойт. Окумуштуу экинчи вариант коркунучтуу деп эсептейт.

Михаил Гелфанд.
Михаил Гелфанд.

«Жакшы институттарда кагазды керектүү жерге колдонуп коюшат, - деди ал. - Начар инститтутарда андан жаман болот. Биздин институтта кызыктуу изилдөөлөр көп болгонуна карабай, «биринчи бөлүк» жок (совет мезгилинде маалымат чогулткан жашыруун бөлүм - ред.) Ал пайда болсо, мен дароо кетем».

Кыргызстандык тарыхчы Тынчтыбек Чоротегин Орусиянын министрлигинин «сунуштарын» Түндүк Кореядагы абалга окшоштурат. Анын айтымында, бул кыргыз-орус окумуштууларынын кызматташтыгына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Негизи коргонуу, коопсуздук маселелери, мамлекеттик өзгөчө кызыкчылыктар менен байланыштуу чөйрөлөрдө көп эле мамлекетте ошондой чектөөлөр болушу мүмкүн, - деди кыргыз илимпозу. - Мисалы, өзөктүк куралдар менен байланыштуу маселеде. Бирок жалпы эле бардыгына ушундай чектөөлөрдү киргизүүнүн өзү мурдагы коммунисттик цензурага же болбосо азыркы Түндүк Кореядагы тоталитардык мамлекеттин цензурасына окшоп кетип жатат. Ачыктыкка бараткан коомдо антип иштешкенге болбойт. Тескерисинче, эл аралык деңгээлде жаңы иликтөөлөрдү жүргүзүп, жайытты кеңейтиш керек. Азыр Новосибирск, Барнаул университтериндеги окумуштуулар кыргызстандык кесиптештери менен бирге илимий иликтөөлөрдү жүргүзүшүүдө. Алар байланышты үзүшү керекпи?! Өтө таң калычтуу нерсе».

Илимий чөйрөдө көтөрүлгөн ызы-чуудан улам Илим жана жогорку билим министрлиги буйруктагы талаптар «сунуш иетинде» гана айтылган деп түшүндүрө баштаган.

Министр Михаил Котюков документ «эл аралык долбоорлордун ишин системага саларын» айтып чыкты:

Ортодо Михаил Котюков.
Ортодо Михаил Котюков.

«Маалымат, байланыштар базасын көрө алышыбыз үчүн алдын-ала бизге билдирүү жөнөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Министрлик өкмөт аралык бир топ келишимдердин мүчөсү, биз өлкөдө кайсы келишимдин алкагында кандай жолугушуу өтүп жатканын билишибиз керек. Мисалы, кайсы жакта байланыштар бар экенин, кайсы жакта иш жүргүзүлбөй жатканын көрүп, бирдиктүү долбоорлорду жандуу ишке ашырыш үчүн керек».

Ал эми Илимдер академиясынын вице-президенти Алексей Хохлов министрликтин буйругу Орусияга чет өлкөлүк окумуштуулар менен студенттерди тартыш үчүн атайын иштелип чыккан мамлекеттик «Илим», «Билим» долбоорлорунун максаттарына каршы келерин билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG