Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:02

Кытайлык монгол тарыхчынын Ала-Тоодогу байсалдуу сапары


Бээжиндик профессор Хошуд Ценгел. 10-июнь, 2019-жыл.

Кытайлык булак таануучу, профессор Хошуд Цэнгэлдин Кыргызстандагы сапары жана Жети-Өгүз жергесиндеги Тамга-Таштагы бутпарастык жазманы чечмелегени тууралуу тарыхчынын блогу.

Быйылкы жылдын кулжа (июнь) айынын онунда Бишкекте булак таануучу, археолог, этнолог, тарыхчы ж.б. адистердин кыргыз-кытай илимий шеринеси өткөрүлгөнүнөн мүлдө журт кабардар.

Ошол илимий жыйынга Кытайдын борбору Бээжинден келип катышкан ири окумуштуулардын бири – 56 жаштагы Хошуд Цэнгэл мырза. Ал КЭРдин Цинхай аймагында туулган.

Улуту монгол бул илимпоздун ысымын бээжиндик кесиптештери ханзуча «Чингели» деп айтып жатышты. Дегиңкиси, бул «цэнгэл» сөзү моңголчо «ыракат», «жыргалга балкуу», «жорго жүрүш» дегенди туюнтат экен. «Хошуд» сөзү болсо монголдор менен ойроттордун «кошуут» («хошууд») этнонимине барып такалат. Хошуттар өз санжырасында ата-тегин Чыңгызхандын бир тууганы Хабуту Хасарга такашат.

Хошуд Цэнгэл – тарых илимдеринин доктору (Ph.D.). Учурда ал КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын Тарых институтунун профессору кызматын аркалайт. Ал 2018-жылы баш оона (август) айынын соңунда Кыргызстанда өткөрүлгөн Эл аралык алтай таануу жыйынынын (ПИАК) жылдык отурумуна катышкан.

Цэнгэл мырзаны орто кылымдардагы бутпарастык тексттерди, тибет жана монгол тилдеринде ар кыл доорлордо жазылган эпиграфикалык жана башка эстеликтерди чечмелеп окуй алган мыкты адис катары баалашат.

Ал 2019-жылы кулжанын 12синде Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынан анча узак эмес тоо боорундагы Тамга-Таш эстелигине келип, мындагы текстте «Ом мани падмэ хум» деген бутпарастык (буддизмге таандык) ыйык сөз жазылганын гана окуп чектелбестен, бул текст Жуңгар хандыгынын маалында, б.з. 1600–1648-жылдар аралыгында гана жазылышы мүмкүн деген тыянагын да сунуш кылды. Бул тыянакты археолог Кубатбек Табалдыев да чындыкка төп деп санаарын бизге маалымдады.

(«Ом ма-ни пад-ме хум» – бутпарастардын Махайана багытынын, асыресе, ламачылардын алты муундан турган мантрасы. Аны сөзмө-сөз которгондо: «О-о, лотос гүлүнүн (падме) жаркыраган бермети!» дегенди туюнтат, бирок аны руханий чечмелөөнүн бир нече варианты бар. Карапайым бутпарастар анын маанисин жөнөкөйлөштүрүп, бул алты муундуу сөздү көп кайталасаң бакубаттык, жыргалчылык, молчулук, мээрим келет деп аңдашат. Мусулмандардын сопулук тарыкаттарында эстен тангыча улам кайталанган зикир чалуунун натыйжасында «Алла-Тааланы аңдоого жеттик» деген сопучулук көрүнүштү анча-мынча билген замандаштарыбыз үчүн бутпарастык мантраны салыштырып түшүнүү жеңил).

Бул жазма эстелик VIII–IX кылымдарда тибеттиктер тарабынан калтырылган болушу мүмкүн деген жоромолдор да бар экенин айтсак, Хошуд Цэнгэл мырза ал доордо тексттер таптакыр башка усулда жазылып, башка да белгилер болгонун белгиледи. «Тамга-Таштагы бул текст 1648-жылдагы жазмалык реформадан кийин пайда болгон жазмадан саал мурдагы вариантта, болгондо да Жуңгар хандыгынын тушунда жарым кылым ичинде Жуңгарияда, Теңир-Тоодо ж.б. жерлерде таркалган вариантта жазылган экен», - дейт Цэнгэл мырза.

Тамга таштын жогору жагында көк майсаң түз аянт бар, жанынан тоодон түшкөн кашка суунун бир арыгы өтүп жатат. «Бул жер ыйык жай болуп эсептелген. Тамга таштын жанындагы аянтчага бутпарас дининин тибеттик ламачылык агымын туткандар өздөрүнүн маркумдарынын сөөгүн жапайы ит-куш жесин үчүн атайын таштап турушкан» деп Цэнгэл мырза бизге түшүндүрдү.

Көз алдыбызга XVII–XVIII кылымдын башындагы Жуңгар хандыгынын Ысык-Көлдү жана башка кыргыз жерлерин басып алган окуялары тартыла түштү.

Кыргыздардын бир даары Каратегин, Ысарга качса, айрымдары жуңгарлардын аймагында жашап кала бергени да маалым. Алар бутпарас дининдеги калайык менен эриш-аркак жашап турган. Казактын айтылуу Абылай ханы деле учурунда жуңгарлардын сый туткуну болгон эмеспи.

Бул саякаты маалында профессор Цэнгэл челпектик сарт калмак туугандарына да жолугуп, өз эне тилинде баарлаша алган тууганын тапканына чечекейи чеч болду. Челпектик Курманбек мырза Цэнгэл менен монгол тилинде эркин баарлашканына күбө болдук. Көрсө, Курманбек мырза унутулуп бараткан сарт калмак тилин (монголдордун батыш канатындагы диалекттердин бирин) 105 жашка чыккан чоң энесинен үйрөнгөн экен. Аны менен чогуу келген Ырысаалы болсо кыргызча гана билерин айтты.

(Ошондо Кытайдын түндүгүндөгү тарыхый Манчжурия аймагындагы Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүнөн 2002-жылы Ала-Тоого, Ысык-Көлгө келген фу-йү кыргыздарынын өкүлүнө жолугуп, анын колун кысканыма кубанган учурумду элестеттим. Кейиштүүсү, фу-йү кыргыздарынын басымдуу бөлүгү эне тилин таптакыр унуткан, бирок алар ак калпак кийип, Манастын айкелин Манчжуриядагы өз журтуна тургузуп, кыргыз рухун сактап келишет).

Фу-йү кыргызы Ву Жанжу (Wu Janju). Үрүмчү шаары. 24-октябрь, 2015-жыл.
Фу-йү кыргызы Ву Жанжу (Wu Janju). Үрүмчү шаары. 24-октябрь, 2015-жыл.

Башка кытайлык кесиптештери менен кошо Чүйдөгү археологиялык жайларда, Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Атанын батышындагы Саймалы-Ташта, Кочкордун Көк-Таш жергесиндеги карахандык жер астындагы күмбөздө, Ош аймагындагы Сулайман-Тоо, Өзгөн, Аравандагы ж.б. тарыхый жайларда болуп, Цэнгэл мырза Кыргызстан тууралуу алда канча кеңири маалымат алганы үчүн кыргыз кесиптештерине, Кыргызстандын президентинин аппаратына караштуу «Мурас» фондуна терең ыраазычылык билдирди.

Атаганат, санскрит, тибеттик, монголдук бутпарас жазма эстеликтерин чечмелеп окуу жаатында болочокто Цэнгэл мырзага жана башка адистерге алатоолук үзөңгүлөшү чыкса экен деп ичимден ойлоп койдум.

Бул дүйнөдө ар кыл коомдордогу саясий көз караштарда кыйла айырмачылыктар бар жана боло бермекчи, бирок ар башка өлкөлөрдө байырлап, көөнө тарыхый булактарды өз алдынча иликтеген аалымдарда өз ара кызматташтык үчүн дилгирлик жиктелүүдөн алда канча кубаттуу экенин тана албайбыз.

Цэнгэл мырза жана ал иштеген Бээжиндеги тарых институту менен кыргызстандык тарыхчылардын жана башка илимпоздордун кызматташтыгы, биздин ишенимибизде, жаркын келечекке ээ.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG