Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:08

«Манас» эпосу эл достугун ширелтет


«Манас» операсы коюлган соң. Бээжин, КЭР. 7-июнь, 2018-жыл.

Курама жыйып журт кылган айкөл хан Манас тууралуу улуу жомоктун касиети жөнүндө учкай кеп. Тарыхчынын блогу.

Кыргыз элинин дээрлик 3 миң жылдык тарыхынын урунттуу учурларын чоң жомок катары камтыган «Манас» эпосу Ички жана Борбордук Азия, анын ичинде Теңир-Тоо, Энесай, Алтай, Хэйлуңжаң (Манчжурия), Кыргыз-Нор, Лоп көлү, Каракорум, Памир, Фергана, Заравшан, Ооганстан, Ван, Орол, Кырым, Эдил, ж.б. аймактарга көп кылымдар ичинде чачыраган кыргыздардын ар башка тарыхый коңшулар менен алакаларын таасын чагылдырган.

Бул тыянак тээ XIX–XX кылымдарда эле залкар «Манас» таануучулар чыгарган бүтүм экенин кошумчалай кетейин.

Ал эми көөнө кыргыз тарыхын салттык болуп калган мындан 2220 жыл мурдагы окуялар менен эмес, дээрлик үч миң жыл менен байланыштырып жазганым – Кытай Эл Республикасынын бараандуу булак таануучусу жана тарыхчысы Ю Тайшан мырзанын соңку саамалыгына байланыштуу.

Профессор Ю Тайшандын байыркы кыргыздардын улуттук аталыштарынын ханзу иероглифинде берилиши жаатындагы соңку илимий ачылышы тууралуу кийинчерээк да атайын сөз кылабыз.

Тек, айтаарым – кыргыздар Евразиядагы көчмөндөр цивилизациясын өнүктүргөн байыркы элдердин бири экендигин дүйнөлүк тарыхта таасын чагылдырып жазып калышты.

Ал эми көөнө тарыхы бар эл өзгөчө татаал тагдырга ээ болору, тар жол, тайгак кечүүдөн эчен ирет өткөндүгү талашсыз. Дал ошондой кылымдар карыткан узак мезгилде кыргыз эли бир катар мамлекеттик баскычтарды баштан кечирди, улам бир мамлекети урап, улам жаңысын түптөдү.

Көпчүлүк учурда бул мамлекеттер көп улуттуу болду, ошондуктан «Манас» дастанында да кыргыз каганы (ханы) таянган эл – жалаң гана кыргыздар болбостон, тарыхый коңшулары да болгон.

Каардуу, ырайымсыз, эки жүздүү, айлакер, коркунучтуу баскынчы хандар менен падышаларга каршы өз эгемендиги үчүн күрөшүп жатып, ошол эле учурда кыргыздар бул келишкис жоо болгон хандардын кол астындагы калайыктын арасындагы кыргызга ылым санаган мыкты инсандар менен достук мамиледе болгондугун «Манас» эпосу кыйла чеберчилик менен чагылдырган.

«Манас» эпосуна арналган китеп жасалгасы.
«Манас» эпосуна арналган китеп жасалгасы.

Маселен, теги кытай Алмамбет кыргыз ханы Манастын кыйышпас досу, үзөңгүлөшү, эч качан сатып кетпеген жоокери болот.

Тарыхка кылчайсак, теги кытайлык болгон, кийинчерээк Хун мамлекетине колго түшүп, хун өкүмдарына – теңир-кутка кызмат кылып калган таанымал колбашчы Ли Лин тууралуу Тан доорундагы уламыш өтө кызыктуу.

Бул уламышка караганда, б.з.ч. II кылымдын соңу – б.з.ч. I кылымдын башында жашаган Ли Лин кыргыздардын аймагын хун теңир кутунун өкүлү катары башкарып, кыргыз салтын кабыл алып, анан бара-бара анын урпактары кыргыздашып кеткен.

Ал доордо кыргыздар көзү көк, чачы сары келип, ал эми кыргыздардын арасындагы көзү кара, чачы кара урпактар болсо кыргыздашып кеткен ханзу генералы Ли Линдин урпактары болуп саналат, деп айтылат Тан доорундагы ханзу уламышында.

Кыргыз тарыхына арналган ханзу жылнаамаларынын үзүндүлөрү. Үрүмчү, 2014-жыл. (Кыргызчасынын редактору Мамбеттурду Мамбетакун).
Кыргыз тарыхына арналган ханзу жылнаамаларынын үзүндүлөрү. Үрүмчү, 2014-жыл. (Кыргызчасынын редактору Мамбеттурду Мамбетакун).

«Манас» дастанындагы теги кытай, бирок толугу менен кыргыз маданиятын жана салтын кабыл алган кейипкер Алмамбет да жөн жерден каарман болгон эмес. Ли Лин, менимче, Алмамбетке прототип болчу көп сандаган тарыхый инсандардын бири.

Кыргыздын башка да кенже дастандарында калмак кызына ашык болгон кыргыз баатыры жана ханы, кыргыз кызын сүйгөн калмак ханы жөнүндө («Ак Мактым», ж.б.) ар кыл окуялар көркөм камтылган.

«Манас» эпосунун бараандуу бөлүгү – «Көкөтөйдүн ашы» Евразия элдеринин спортчу өкүлдөрүн «душман» жана «дос» деп бөлбөстөн, көчмөндөрдүн «талаа Олимпиадасына» тегиз чакырган идеясы менен баалуу.

Демек, «Манас» эпосу – кыргыз элинин улам жаңы муундарын өз атажуртун сүйүүгө гана чакырбастан, башка калктар менен достукта, дурус коңшулукта жанаша жашоого да чакырган өтө маанилүү мурас.

КУУдагы Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын жарыясы. 20-декабрь, 2013-жыл.
КУУдагы Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын жарыясы. 20-декабрь, 2013-жыл.

Ушул жерден айрым замандаштарыбыз Кытайдагы кыргыздардын манасчыларынын акыркы могиканы – Жусуп Мамай (1918–2014) жөнүндө ар кыл жоромолдорду жазып, ага акаарат келтирген көрүнүш жөнүндө да айта кетпесек болбойт.

Айрым сынчылар «Жусуп Мамай өз вариантында кыргыз ханы Манасты «калмак» деп салган» деп, саясий жарлык тагууга далалат кылууда. Бул кинени алар Интернеттин коомдук тармактарында улам-улам жарыялап, Бишкекте Жусуп Мамайдын айкелин тургузуунун өзү катачылык болгон дегендей ойлорун да айтышат.

Менимче, алар фольклордук чыгарманын айтуучусунун сөз кампасынын өзгөчөлүктөрүн эске алгысы келбей жатышат.

Маселен, кээде мусулман кишини деле сөз арасында азилдеп, жемелеп же башка маанайда «ой, каапыр о-ой!» деп коюшат. Мындан ал киши сөзсүз эле «каапыр» (дини исламдан башка киши) болчу дегенди түшүнбөйбүз.

Дагы бир агайларыбыз өзүнө жакка кишини «ой, жетим!», «опей, желмогуз!» деп эркелеткенин укканым бар. Бирок ал сөз багытталган киши сөзсүз эле жетим же желмогуз эмес.

Менимче, Жусуп Мамайдын вариантындагы улам кайталанма (речитатив) «калмак» сөзү деле ошондой маанайда ооз учунан айтыла берчү жагдай. Андан чоң саясат жасап, Жусуп Мамайдын эпостук вариантына тыюу салуу далалаты XXI кылымдагы адабият таануу, эпос таануу үчүн күлкү келерлик нерсе.

Быйыл кулжа (июнь) айынын башында бээжиндик опера өнөрпоздору Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында «Манас» эпосуна негизделген операны чоң ийгилик менен коюшту. Аны кыргызстандыктар өтө шаттануу менен кабыл алышты.

«Манас» эпосу – кытай, кара кытай, монгол, ойрот, манчжур өкүмдарларынын баскынчылыгына каршы күрөшкөн элдин баатырдык дастаны. Ошол эле учурда, ал жогоруда саналып өткөн элдердин өкүлдөрү менен карым-катнаш, достук мамилелер да чагылдырылган улуу жомок.

Профессор Адыл Жуматурду. Бээжин, Кытай. 19-октябрь, 2015-жыл.
Профессор Адыл Жуматурду. Бээжин, Кытай. 19-октябрь, 2015-жыл.

«Манас» эпосунун жалпы адамзаттык баалуулуктарын мыкты билген бээжиндик өнөрпоздор бир нече жылдан бери бул эпостун окуялары чагылдырылган операны ар башка аймактарда коюп келишет. Бул опера Жусуп Мамайдын вариантына негизделген. Анын либреттосун ханзуча даярдоо – бээжиндик чыгаан окумуштуу, профессор Адыл Жуматурду мырзанын эмгеги болду.

Жаңы уюшулуп жаткан Манас таануу жана Айтматов таануу академиясы, анын жетекчиси, урматтуу Топчубек Тургуналиев агайыбыз, буюрса, «Манас» эпосунун жалпы адамзатка мурас болгон асыл нарктарын мындан ары да терең изилдөө жана жайылтуу иштерин системалаштырып жүргүзөт, Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу пайдаланат деп ишенебиз.

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун менен макала автору Ак-Чийдеги Манастын жана анын урпактарынын айкелинин жанында. ШУАР, КЭР. 10-июль, 2014-жыл.
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун менен макала автору Ак-Чийдеги Манастын жана анын урпактарынын айкелинин жанында. ШУАР, КЭР. 10-июль, 2014-жыл.

Шинжаңдагы «Манас» изилдөө борборуна, аны кыйла жылдар жетектеп келген профессор Мамбеттурду Мамбетакун мырзага да буга чейинки баалуу салымдары үчүн ыраазычылык билдиребиз.

КЭРдеги бул маанилүү илимий борбор менен Кыргызстандын илимий мекемелеринин кызматташтыгы кайра жанданат деп үмүттөнөбүз.

Ылайым бул көөнөргүс чоң жомогубуз жалпы планетада канат жайып, кыргыз элинин достукка жана ынтымакка чакырган урааны катары муундан муунга өткөн кызматын татыктуу аткара берсин!

«Манас» Бишкекте кытайча жаңырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG