Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Эсенбай Нурушевдин «Айтматологиясы»


Жаңы жыл алдында «Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос» деген китеп басмадан чыкты. Аталышы сезимге чок салган китептин автору - публицист Эсенбай Нурушев.

Автор өз эмгегинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айрым чыгармаларын философия, адабият жана маданият таанымдагы кээ бир концепциялар менен теориялардын алкагында талдайт.

Э. Нурушев өзү «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» деген изилдөөсүн «адабий-философиялык, маданият тааным аңытындагы этюддар» деп атайт. Чыңгыз Айтматов үчүн адабияттын эл аралык дарбазасын ачкан «Жамийла» повестинен тартып, жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү козгогон «Кассандранын эн тамгасы», «Кыямат» романдарын, философия, адабият жана маданият таанымдагы кээ бир концепциялар менен теорияларга салып, талдоого алат. Буга дейре Ч. Айтматовдун чыгармалары мындай контекстте изилденген эмес.

Бул китеп, автор өзү белгилегендей, этюддардан турат. Ал эми «этюд» термини - болочок чыгарманын эскизи, долбоору деген да мааниге ээ. Ошон үчүн чү дегенде Эсенбай агайдан «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» келечекте дагы кеңейтилип жазылабы?» деп сурадым.

Эсенбай Нурушев.
Эсенбай Нурушев.

Эсенбай Нурушев: - Мен муну 2018-жылдын 12-декабрына (Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү) чыгарам деп ырым кылып койдум эле. Анан кичине шашып калдым. Ошон үчүн этюддар формасында кетип калды. Кудай буюрса, келечекте этюддардын ар бирин кеңейтип, изилдөө сыяктуу кылсамбы деген оюм бар. Эми аны келечек көрсөтөт. Бул китепке кирбей калган бир топ темалар да бар. Өзгөчө Айтматовдун маңкурту боюнча. Ал боюнча көп талаштар болгон, «Айтматов маңкуртту казактардан, Абиш Кекилбаевден алган, андай-мындай» деген. Айтматов маңкуртту эч кимден албай эле, жалпы түрк дүйнөсүндө, анын ичинде казактарда, кыргыздарда, түркмөндөрдө жашап жүргөн уламышты таптакыр башка өңүттөн иштеп чыккан. Ушул жана башка нерселерди жазайын деген планда бар.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:22 0:00

Чыңгыз Айтматов - олуя жазуучу

«Азаттык»: - Автордун талдоо объектиси - «Жамийла», «Кассандранын эн тамгасы», «Кыямат», «Кылым карытар бир күн» романдары. Эмне үчүн?

Эсенбай Нурушев: - Менде бул китепте Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларын баштан-аяк карап чыгайын деген ниет болгон жок. Мен жазуучунун этаптуу деген, тегерегинде көбүрөөк сөз болгон гана чыгармаларын карадым.

Жеке менин баамымда, жогоруда сен айткан чыгармалардан тышкары «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» менен эң акыркысы, эң мыктысы - «Кассандранын эн тамгасы». Муну мен китепте да көрсөттүм. Айтматов өзү да кайсы бир интервьюда: «Өзүңүзгө жаккан, чыгармаларыңыздын туу чокусу деп эсептеген кайсы романды, кайсы повестиңизди атасак болот?» деп сураганда: «Бардыгы эле мен үчүн кымбат. Ошентсе да мен «Кассандранын эн тамгасында» бир топ нерселерди айттым эле. Бирок адабий коомчулук жакшы кабыл албай жатат» деген сыяктуу жооп берген. Менин жеке көз карашым да ушундай.

«Кассандранын эн тамгасында» азыркы эле эмес, келечек доор, ал түгүл «posthuman» деп аталган, адамдан кийинки доорго байланышкан жерлери бар. Биотехнологиялык заманда ачылып жаткан соңку ачылыштар Айтматов ошол романында жазган, тартынбай эле айтайын, олуялык менен айткан көз караштарын, белгилеген нерселерин далилдеп атат. Мына ушуларды кененирээк өнүктүрсөмбү деген оюм бар.

«Азаттык»: - «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» китебин жазууңузга эмне себеп болду?

Эсенбай Нурушев: - Бизде азыр көркөм адабият, илим, дин дегенди башкача түшүнүп атышат. Менин айтайын деген оюм: көркөм адабият кандайдыр бир идеология же «өрнөк алгыла, ушуну туурагыла» деген мааниде эмес. Көркөм адабият - баарыдан мурда, адам өзүн өзү аңдап билишинин, өзү аркылуу жалпы дүйнөнү, болмушту аңдап билишинин бир каражаты.

Мен көп нерселерге таң калдым. Жогорку билимдүү, адабий билими бар адамдар деле Айтматовдун кээ бир каармандарын терс жакка жоруйт экен. Маселен, кыргыздардын көбү эле Жамийланы кабыл алышпайт экен. Ушу быйыл студенттер менен окуучулар арасында дилбаян (сочинение) жаздырса, оң каарман, үлгү ала турган аялдардын образы деп Айтматовдун бардык аял каармандарын, анын ичинде Танабайдын тамырын (ойношу) аташат. Ал эми Жамийла эмнегедир жок.

Кээ бир билермандар: «Жамийла туура эмес кылган. Садыктын талагын алыш керек эле. Күйөөсүн чанганы кыргыздын жол-жосунуна, салтына ылайык келбейт. Ошон үчүн Жамийланы жакшы көрбөйбүз» деген сыяктуу кептерди айтат. Адабиятты мындай түшүнгөн таптакыр жарабайт. Айтматов өзү: «Бу адабиятта түздөн-түз, сөзсүз бир ориентир кыла турган, бир сап кармай турган, өрнөк катары көрө турган каарман болбош керек. Адабияттын милдети, озуйпасы таптакыр башкача. Турмушта эмне болуп атат? Кандай болот? Ошону гана көрсөтүш. Калганын баарын окурман өзү тыянак жасап, өзү бир бүтүмгө келиш керек»,- деп айтат.

Айтматовдун чыгармаларында Жамийланы же башканы идеал кылган же идеалдыштырган бир да жери жок. Айтматовдун каармaндарынын баары ошондой. Биз мурда эски түшүнүк менен Толгонайды, тиги-муну идеал көрүп, көкөлөтүп жүрбөдүкпү?! Азыр азыркы көз караш менен караганда, Айтматовдо идеалдаштырылган бир да каарман жок.

Батыш философиясында идеация деп коёт; турмуш кандай болсо, дал ошондой көрсөтүү - көркөм адабияттын биринчи озуйпасы. Ушундай экенин Айтматов акыркы романдарында бизге туюнткан экен. Муну көбүбүз байкабай, баамдабай: «Эмне үчүн Ч. Айтматов мурдагы салтынан тайып кетти, фантазияга ооп кетти? Эмне үчүн жалаң эле терс каармандар жеңип, жакшылык жеңилип калат?» деген адамдар азыркыга чейин бар.

«Кассандранын эн тамгасында» айтып жатат: «Жамандык менен жакшылык - бул болмушта, дүйнөдө экөө тең катар турган бир көрүнүш. Бирин алып салып, экинчисин орнотуп коюшка болбойт» деп. Башкача айтканда бул дүйнө, болмуш адамдын тиричилигинде, турмушта кандай болсо, дал ошондой көз менен карап, дал ошондой мааниде кабыл алыш керек деген пикирди, идеяны, концепцияны айтып жатат, Айтматов. Мен ошону ачып бергим келди.

Жазуучу да тапсирчи

«Азаттык»: - Автор же изилдөөчү билимдин күчүнө таянып, Чыңгыз Айтматов балким өзү баамдабаган кубулуштарды, ойлобогон түшүнүктөрдү кайсы бир концепцияларга, схемага салып, жазуучунун чыгармаларынан көрсөтүп жаткан жокпу?

Одиссейдин мозаика сүрөтү. Ла-Ольмеда вилласы, Педроса-де-ла-Вега, Испания, б.з.IV-V кылымдарынын аягы.
Одиссейдин мозаика сүрөтү. Ла-Ольмеда вилласы, Педроса-де-ла-Вега, Испания, б.з.IV-V кылымдарынын аягы.

Эсенбай Нурушев: - Курт Воннегут (1922-2007) деген америкалык жазуучу бар го. Ошондон сурап атышпайбы: «Сиз ачык айтыңызчы? Бул дүйнөдө жазуучулардын баары эле муну, түкүнчөнү айтсам деп пландаштырат да?» деп. Ал: «Биз, жазуучулар, эмне кыларыбызды өзүбүз билбейбиз. Жүрөбүз, жүрөбүз да көлкүлдөп көкүрөккө толуп калганда шарт ошону кагазга төгүп ийебиз. А калганын, анда эмне бар, эмне жок - анын баарын таап, изилдеп, көрүп чыгыш, окурмандын өзүнүн иши», - деп жооп берип атпайбы. Анын сыңарындай Гёте: «Бир сап ырды болобу, чоң романды болобу, ким кандай кабыл алат - анын баары окурмандын илим-билимине, ой чабытына, азыркыча айтканда, кругозоруна жараша болот. Китептен ким эмнени тапкысы келсе, ошону тапсын. Ким эмнени тапкысы келбесе, көргүсү келбесе, көрбөй эле койсун», - деп айткан. Мен да жаманбы-жакшыбы, билген, окуган-чокуган нерселериме таянып, Айтматовдон өзүм ынанган, көзүм жетип ишенген нерселеримди таап чыккым келди. Менин бар болгон эле ниетим ушул.

Анан кээде мындай да... Тапсирчи деп атпайсыңбы? Философияда герменевтика деп коёт. Ал интерпретация (чечмелөө) жөнүндөгү илим. Бизде Курандын аяттарын, сүрөлөрүн чечмелеп түшүндүргөн адамды тапсирчи деп коёт. Жазуучулар да, илимпоздор да, ойчулдар да ошол эле тапсирчи. Башкача айтканда, бул болмушту чечмелеп берет. Аны ким кандай түшүнөт, кабыл алат - өз эрки. Бирок жазуучу өзүнүн чечмелөөсүн, тапсирин кагазга жазмалап коёт. Калган бүт баары сага окшогон, мага окшогон окурмандардын өз эрки да. Айтматов «адабияттын бул турмуштагы озуйпасы, вазийпасы башка болуш керек» дегенде дал ушуну айтып атат. Көркөм адабиятты дүйнө таанымдын, дүйнө көрүмдүн эң бир бийик каражаты, куралы десек болот. Мен ушундай гана мааниде айттым.

Философиялык терминдерге кыргызча жан кирди

«Азаттык»: - Эсенбай аке, сиз «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» китебинде өтө көп философиялык терминдердин кыргыз тилине которуп, терминдин маанисин таасын берген сөздөрдү пайдаланыпсыз. Мисалы, «вечные вопросы» мурда «түбөлүктүк маселелер» деп айтылып жүрсө, сиз «такылеттик маселелер» деп алыпсыз. Бытие дегенди болмуш», «человеческое бытие» - «адам болмушу», «духовное бытие» - «жан дүйнөнүн болмушу», «мышление» - «ойлом», «познание» - «тааным-билим», абстракттуу – «бейтаасын» жана башка көп сөздөрдү колдонууга ишенимдүү киргизгенсиз. Өзүңүз белгилеп кеткендей, ал сөздөрдүн негизги булагы катары «Манас» эпосун көрсөтүпсүз. Сиздин тажрыйбаңызды карап отуруп, байыркы грек тилиндеги жана латын тилиндеги көөнө терминдерди фольклордук кенчке таянып, кыргызчаласа болот турбайбы деген ой кетти. Ушул жөнүндө сиздин оюңуз кандай?

Эсенбай Нурушев: - Бул терминдердин айрымдары жакында эле пайда болгон. Балээнин баары мында да... Биз, кыргыздар, көп окубайбыз. «Окубасам да оюмду айтып коёюн» деген биздин кыргыздан чыккан да. Бизде чоң-чоң адамдар болгон. Терминдердин баарын алар тээ өткөн кылымдын 60-жылдары жараткан. Маселен, Азиз Салиев жана башкаларда ушуга окшош терминдер өтө эле көп кезигет. Алар ушу терминдерди кыргызчалаганга аракет кылган.

Бардык эле терминдерди кыргызчага өткөрүп салуу кыйын. Анча-мынча оңтойу, ыңгайы, мааниси жагынан төп келип тургандарын, менимче, кыргызча эле айтыш керек. Жаза бериш керек. Ошентип бара-бара сиңет да. Дүйнө тааным, философия жагынан биз, кыргыздар, караңгы элбиз, андай-мындай деген туура эмес. Мен китепте көрсөттүм: шумерлердин философтору кандай ойлонсо, эң байыркы кыргыз философу да дал ошондой эле ойлонгон. Өзүбүздү өзүбүз карабай, изилдебей, маданий дасмиябызга кеңири көңүл бурбай, жалаң башкаларды туурап атып, башкаларга алакан чаап, ошолорго тамшанып атып, өзүбүздө турган нерселерди көрбөй калыптырбыз. Ушуга толук көзүм жетти. Анча-мынча терминдерди колдон келишинче кыргызчалаганга аракет кылдым. Ал канчалык деңгээлде жакшы чыкты, туура чыкты? Аны китепти окугандар өздөрү айтар...

«Манас» гректердин «Илиадасы» менен теңби?

«Азаттык»: - Сиз бул эмгегиңизде бикамералык аң-сезим деген гипотезага таянып, «Манас» эпосун б.з.ч. IX-VIII кылымдарда жаралган деп айтылып жүргөн «Иллиада» эпосу менен бир учурда жаралган деген ойдун учугун чыгарасыз. Тактап айтканда, эпикалык поэманын каармандары өз ара сүйлөшөт, сүйүшөт, мамиле күтөт, бирок өз алдынча ой жүгүрткөндү билбейт, жагдайды талкуулай албайт, өткөн-кеткенди эскере алышпайт. Ушул оюңузду угармандар менен да бөлүшсөңүз?

Эсенбай Нурушев: - Бул мындай да. «Манас» эпосунун тамыры, карап көрсөм, жалаң эле уруш-согуш эмес, башка да маселелер: окуялар, сюжеттер, идеялар ж.б. Аларды карап отурсаң, «Манастын» башаты байыркы шумерлерге барып такалат окшойт. Себеби, каармандары шумерлер ойлогондой эле, тарткандай эле санаа тартат; ой толгоолору бирдей. Болгону, «Одиссея» менен «Иллиада» кагазга жазылып калган.

Омар Хайямдын айкели. Нишапур шаары, Иран.
Омар Хайямдын айкели. Нишапур шаары, Иран.

Ошол себептен анын тарыхы кантип өзгөргөнүн, кайсы этапка келгенин байкаса болот. Биздин эпос адегенде, эң байыркы жаралышында «Манас» эмес, башкадыр... Кийинки этапка барып «Манас» деп аталгандыр, балким. Иши кылып, биздин байыркы көркөм ойлом, кыргыздын көркөм ойлоосу ошол эле деңгээлде башталса керек деп ойлойм. Жозеф Кемпбелл деген америкалык изилдөөчүнүн «Миң жүздүү баатыр» деген китеби бар. Ал бардык эпосторду, анын ичиндеги Гималай элдеринин эпосторун изилдеп, баарынын тамыры бир дейт. Бир гана «Манас» жөнүндө сөз жок. «Манасты» дүйнөдөгү көп адистер, өзгөчө, мифология боюнча адистер билбейт экен деп калдым да. Эгер Жозеф Кемпбелл сыяктуу ири адис «Манасты» билгенде, сөзсүз кайрылмак жана далай нерселерди тапмак экен.

Миң жылдан кийин Айтматов кайталаган тажрыйба

«Азаттык»: - Сиз «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» китебинде «Чыңгыз Айтматов орто кылымдарда жашап өткөн Чыгыш ойчулдары менен акындары: аль-Фараби, Ибн Сина, Рудаки, Фирдоси, Низами, Жусуп Баласагын жана башкалардын эки бирдей улуу тажрыйбасын кайталаган» дейсиз. «Алардын айрымдары өз эне тилинде, экинчилери арабча жазышкан. Бул аларга бир чети өз элинин маданиятын арабдардын маданий экспансиясынан коргоп калганга, өз эмгектерин башка элдерге, анын ичинде гректерге, алар аркылуу европалыктарга таанытканга шарт түрдү» деп жазасыз. Бу сыяктуу ойду мурда адабиятчылардан кезиктирбедим эле. Ушул оюңузду да чечмелеп берсеңиз.

Эсенбай Нурушев: - Жаами, Саади, Фирдоуси, Алишер Навоиге чейин айтсак болот эле. Мен бир гана мисал айтайын. Мына, Махмуд Кашкары «Дивану лугати т-түрк» эмгегинде ачык эле жазып атпайбы? «Мен муну атайлап жаздым, - дейт. - Түрк тили, түрк маданияты ошол арабдардын маданиятынан кем калбай турганын, керек болсо андан ашып түшөрүн, тең ата турарын далилдеш үчүн жаздым» депчи.

Биздин орто кылымдардагы ойчулдардын бардыгы ушундай болгон. Омар Хайям ырларын өз эне тили - парс тилинде жазган. Ал эми илимий эмгектерин арабча жазган. Ошол аркылуу 1) өз элинин тилин, маданиятын сактап калган; 2) жалаң арабча болуп кетпесин, жалаң арабча сүйлөп калбайлы, өз тилибизди жоготуп калбайлы деп, өзүнүн тилин кармап калган. Айтматовдун өрнөгү да, менимче, ушундай болду. Ал да адегенде кыргыз тилинде жазган. Өзү орус мектепте окуп, орус тилин жакшы билгендиктен, бара-бара чыгармаларын орус тилинде жазып, орус тили аркылуу дүйнөгө чыкты. Азыр биздин Евразия чөлкөмүндөгү элдердин баары Айтматовду «биздин жазуучу» деп айтып атпайбы! Түрктөрдүн Жазуучулар союзунун тизмесинде Айтматов биринчи орунда турат. Ирандыктар да, албетте, баары эмес, өзбектер, казактар, түрктөр, тажиктер да «биздин жазуучу» дешет. Эң кызыгы, мынабу орус агайындар: «Айтматов - русский советский писатель» деп айтып жатпайбы. Биз, аль-Фарабини, Жусуп Баласагынды, Махмуд Кашкарыны өзүбүздүн өкүлүбүз дегендей эле, Евразия элдери да Чыңгыз Айтматовду «биздин жазуучу» деп айтып атышат. Ушунун өзү чоң феномен да. Тарыхта мындай болгон эмес да. Дал орто кылым ойчулдарынын тажрыйбасы миң жыл өткөндөн кийин Айтматовдо кайталангандай болду да. Мен жеке пикиримде ушундай деген ойго келдим.

«Азаттык»: - Сизге чоң ырахмат!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG