Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 16:27

Чыңгыз Айтматов: Тоталитаризмдин чектелген айлампасына сыйбаган тагдыр


Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги “Тенбош” гүлбагында. Ибрагим Бакировдун белек фотосу.

Залкар кыргыз ойчулу, жазуучусу жана коомдук ишмери Чыңгыз Айтматов тууралуу тарыхчынын блогу.

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө XX кылымдын экинчи жарымы –– XXI кылымдын башындагы кыргыз элинин даанышман жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу энциклопедиялык жыйнак, миңдеген китептер, саны такталбаган диссертациялар жана илимий-популярдуу макалалар, эсепсиз эскерүүлөр жарык көрдү.

Элден калышпай, “Азаттык” үналгысынын окурмандары да өз эсселерин жана башка макалаларын атайын рубрикада ырааттуу жарыялашты. Би-Би-Си Кыргыз кызматы да атайын берүүлөр уюштурду. Кыргызстандын ар бир мектебинде Айтматов таануу кечелери өтүп жатты. Кыргызстанда дагы бир жолу өткөрүлгөн “Ысык-Көл шеринеси” Айтматов таануу жаатындагы эл аралык эскерүү жыйыны болуп чектелбестен, айдыңдарды заманбап коомдун жалпы планеталык жана чөлкөмдүк көйгөлөрүн талкуу кылуу мүдөөсүндө баш коштурган шерине (форум) катары дагы эле кызмат кыла алаарын тастыктады. Эл аралык Айтматов академиясы да ар кыл коомдук чараларын жүзөгө ашырып келет.

Албетте, Айтматов таануу тармагында улам жаңы середеги чыгармалар пайда болгонун белгилөө керек. Алардын арасында публицист жана ойчул Эсенбай Нурушевдин “Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос” деп аталган кыргызча китеби, америкалык калемгер Жефф Лили (Jeff Lilley) мырзанын Чыңгыз Айтматов жана Азамат Алтайдын “кансыз согуш” маалындагы күзгүнүн эки башка бетинде калганга тете тагдырлары тууралуу англисче китеби, ошондой эле, залкар жазуучунун кенже карындашы Роза Төрөкул кызы Айтматованын "Тарыхтын актай барактары" китебинин толукталган үчүнчү басылышы жарык көрдү.

2017-жылы Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына караштуу Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана мурасына арналган үч томдук энциклопедия басмадан чыкты.

Бул маалыматтар Айтматов таануу жаатында уучубуз кур эместигин, ошол эле учурда терең сүңгүп иликтей турган өңүттөр улам жаңы архивдик жана башка даректүү маалыматтардын ачылышы, улам жаңы адистик көз караш аркылуу болочокто пайда боло бере турганын айгинелейт.

2018-жылы 12-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара маалында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү боюнча демилгени колдой турганын айткан.

Көп узабай (2019-жылдын 31-январында) президенттик жарлык чыгып, ага ылайык бул жаңы илимий академияны уюштуруу камылгалары башталды.

“Ансыз деле Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына караштуу Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту бар эмес беле?” деген каяша кептер да айтылып жатты. Менимче, тил жана адабият институту кыргыз тилине жана адабиятына байланыштуу жалпы жана өзөккү маселелерди жүзөгө ашыруусу керек. КР УИАсындагы бул институтту жалаң гана айтматов таануу менен чектесе да болбойт.

Ошондуктан эгемен Кыргызстанда атайын манас таануу жана айтматов таануу академиясынын түзүлүп жаткандыгы алгылыктуу эле кадам. Бирок, албетте, бул аракет КР УИАсынын тил жана адабият институтунун дурус каржыланышына эч кедерги болбоого тийиш.

Элдин эсиндеги Айтматов
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:05 0:00

Эми Чыңгыз Айтматов тууралуу соңку табылгалардын айрым тарыхый – инсан таануу жагдайларына кыска токтоло кетелик.

Оболу, залкар жазуучунун ата-бабаларын жана тайларын санжыралык иликтөө иши XXI кылымдын башында үзүрдүү улантылып, олуттуу тактоолор киргенин айталык.

Совет доорунда, өзгөчө 1920-53-жылдардагы сталиндик репрессиялардан жана кодулоолордон соң, ар ким ата-тегиндеги “оңтойсуз жагдайларды” жаап-жашырып калган.

Чыңгыздын чоң атасы Айтматты, маселен, тикмечи катары билчүбүз. Демек, ал – акырындап жаралып келе жаткан кыргыз жумушчу табынын (пролетарларынын) өкүлү. Бирок Роза Айтматова жарыялаган соңку маалыматтар Айтмат өзү Кимбилди Кончужок уулу деген бай кишинин урпагы болгонун көрсөтүүдө.

(Наристе чарчап калбасын үчүн илгери Кимбилди, Кончужок сыяктуу ысымдар коюла берчү. “Кончужок” ысымынан эле аны таптакыр жарды көрсөтүү – совет доорундагы “эски бай-манаптын урпагы” деген “жаманаттыдан” качуунун ыкмасы болгонун эми ачык айтуу керек.

“Манас” эпосундагы Бокмурун, маселен, мурдун тарта албаган инсан эмес, атасы Көкөтөй хандын ашын, – азыркы тил менен айтканда, – эл аралык көчмөндөр оюнун уюштуруп, шаан-шөкөт менен өткөргөн өтө таасирдүү канзаада болгон).

Биринчи дүйнөлүк согуш, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш, андан кийинки атуулдук согуш жана кулакка тартуу, колхоздоштуруу сыяктуу окуялар маалында кыргыздын далай байлары “итке минип” калган. Ал түгүл Чыңгыздын падышалык доордо өтө бай болгон татар тегиндеги караколдук таятасы Хамза Абдулвалиев (1850––1932) жакырчылыкта дүйнөдөн кайтканы эми гана ачыкталды.

Ч.Айтматовдун тайларынын үй-бүлөлүк сүрөтү. Р.Т.Айтматованын архиви.
Ч.Айтматовдун тайларынын үй-бүлөлүк сүрөтү. Р.Т.Айтматованын архиви.

Демек, байлардан чыккан теги боюнча деле Чыңгыз Айтматов “жумушчу табынын диктатурасы” катары жарыяланган, бирок бийликтеги жалгыз партиянын көсөмүнүн жеке бийлигинде калган сталиндик тоталитардык мамлекеттик түзүлүшкө “өгөй” болчу.

Миллиондогон кишилер запкы чеккен бул мээримсиз сталиндик түзүлүштөн аман чыгуунун баштапкы аргаларынын бири – ошол замандын системасынын ишеничине ылайык жашоо болчу. Ансыз да “эл душманынын баласы” жарлыгы өзүнө жолтоо болгон кыйчалыш заманда Ч.Айтматовдун “Гезитчи Дзюйо” аттуу орусча аңгемеси (1952) сталинчил рухта жазылган.

Жазуучу Ч.Айтматов 1963-жылы "Повести гор и степей" (“Тоолор менен өрөөндөрдүн баяндары”) деген орусча жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Ал эми дээрлик он жылдан соң, 1973-жылы 31-августта КПССтин башкы басылмасы болгон “Правда” гезитине советтик жазуучулар тобунун атынан ошол кездеги диссиденттер Андрей Сахаров менен Александр Солженицынга каршы кат жарыяланган. Ага кол койгондордун бири Чыңгыз Айтматов болчу.

Албетте, орус диссидент жазуучусу Александр Солженицын Советтер Биримдигиндеги ГУЛагдын (“Главное управление исправительно-трудовых лагерей, трудовых поселений и мест заключения” – “Түзөтүү-эмгек лагерлеринин, эмгек тургун жайларынын жана абактардын башкы башкармалыгы”, кыскача ГУЛаг деп аталган сталиндик жазалоо системасынын) азабын ичинен көрүп, лагерлерде азап чеккендердин жазмыштуу тагдырын көркөм чыгармаларында таасын жазып чыкканы менен дүйнөгө маалым (арийне, советолог Александр Беннигсендин кызы Мэри Броксап-Беннигсен мага Лондондо айткан жагдай да эстен кетпейт: Александр Солженицын мырза деле орус эмес этностордун өкүлдөрүнүн ГУЛагдагы көргөн кордугун анчейин көңүл бөлүп чагылдырган эмес).

Совет бийлиги 1970-жылы адабият тармагында Нобел сыйлыгын алган А.Солженицынды диссиденттик көз караштарын ачык билдиргендиги үчүн жазалап, 1974-жылы 13-февралда өлкөдөн Батыш Германияга чыгарып жиберген. Демек, анын чыгармаларын көпчүлүк советтик окурмандар андан соң эч окуй алган эмес.

Ал эми Лениндик сыйлыктын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, үч жолку СССРдин Мамлекеттик сыйлыктарынын ээси болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары СССРде эркин жайылтылган, дүйнөдөгү көп тилдерге которулган. Чыңгыз Айтматов өзү СССРдин президенти Михаил Горбачевдун өтө жакын кишиси, СССРдин Лүксембургдагы соңку элчиси болгон.

Ушул сыяктуу фактыларга таянып, Чыңгыз Айтматов "тоталитардык коомго кызмат өтөгөн" деген бир жактуу баа айтылып жүрөт.

Албетте, коомдо жашап туруп, Чыңгыз Айтматов деле коомдон четте калбады. Көп этностуу Советтер Биримдигинде этияттык кылбаган чагында Чыңгыз Айтматов, Мухтар Ауэзов, Василь Быков, Расул Гамзатов, Нодар Думбадзе сыяктуу теги орус эмес калемгер инсандар өздөрүнүн чыгармачыл Олимпине караандай алышмак эмес.

Аалы Токомбаевдин “Момия” ыр жыйнагынын, Олжас Сулейменовдун “Аз и Я” (“Аз менен Я”) китебинин сатыктан алынышын, Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” романынын, Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов сыяктуу жазуучулардын китептеринин, тарыхчы Кушбек Үсөнбаевдин 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу монографиясынын расмий сынга алынышын унуткара албайбыз.

Дал ошондой кырдаалда “камырдан кыл суургандай” эптүүлүк менен жазылган чыгармалары жана публицисттик макалалары аркылуу Чыңгыз Айтматов тоталитардык коомдо ойготкуч кызматты аткарды.

Мүйүздүү эне тууралуу уламыш аркылуу Ч.Айтматов кыргыз тарыхынын Энесай Кыргыз каганаты баскычын унутпоого үндөгөн. Ал эми Кыргызстан Компартиясын Турдакун Усубалиев жетектеп, идеологиялык жагын Аманбек Карыпкулов тейлеп турган чакта, “Энесай Кыргыз каганатынын тарыхынын Теңир-Тоодогу кыргыздарга эч тиешеси жок” деген жобо тарыхчыларга таңууланган эмеспи.

Бир ирет англисче макаламда (Chingiz Aitmatov's Lifelong Journey Toward Eternity // rferl.org. – 12.12.2008) жазган оюмду бул жакка да кошумчалай кетейин. Чыңгыз Айтматовду кайсы бир деңгээлде француздардын даанышман ойчулу Волтер (Voltaire; 1694—1778) менен салыштырууга болот.

XVIII кылымдагы бул ойчул, акын, философ, трагик жана публицист абсолюттук монархиянын өкүлдөрүнүн “эркеси” болгон, мындай падышалыктагы ак сөөктүк мүмкүнчүлүктөрдүн ыракатын көргөн, бирок ошол эле учурда ал өзүнүн чыгармалары аркылуу чексиз жеке бийлик системасынын кас душманы болгон. Вольтер эркин ой жүгүртүү устаты катары Франциядагы жана жалпы Батыш Европадагы XVIII к. акыры – XIX к. ичиндеги ыңкылапчыл кыймылдарга олуттуу таасир тийгизген.

Дагы бир мисал айтсак, солчул көз караштары үчүн Түркияда камалып, акыры СССРде саясий баш паана тапкан түрк акыны Назым Хикметтин:

Sen yanmazsan,

Ben yanmazsam,

Biz yanmazsak

Nasıl çıkar karanlıklar aydınlığa?”

(Кыргызчасы:

“Эгерде мен күйбөсөм,

Сен күйбөсөм,

Биз күйбөсөк,

Караңгыдан жарыкка кантип жол табылаар?”) ––

деген жалындуу саптары, бир чети, коммунисттерге кызмат кылса, экинчи чети, ошол коммунисттик авторитардык системаны кулатуу үчүн да советтик окурмандардын өзүнөн жаш муундарын шыктандырды деп айта алабыз.

Эгерде чех драматургу Карел Чапек (Karel Čapek) дүйнө жүзүнө “робот” (киши сымал татаал иш-аракет кылган металл аспап) деген сөздү таркатса, ал эми Чыңгыз Айтматов инсандын беделин, кадыр-баркын, бабалардан калган руханий мурасы түгүл, санжыралык эстутумун да жадынан чыгарган “киши-роботко” каршы чыгып, “маңкурт” сөзүн дүйнөлүк адабиятка киргизди.

Карел Чапек (Karel Čapek) почтоо маркасында.
Карел Чапек (Karel Čapek) почтоо маркасында.

Албетте, аки-чүкүсүнөн бери айта берсек, анда “робот” сөзүн Карел Чапекке сүрөтчү бир тууганы Йозеф сунуштаганын кошумчалоо керек. 1920-жылы бул терминди Карел Чапек өзүнүн “Р.У.Р.” деп аталган илимий-фантастикалык драмасында алгачкы жолу колдонгон. Р.У.Р.”, б.а. латынча R.U.R. сөзү –– чыгармадагы бир аралда жайгашкан Rossumovi univerzální roboti (“Россумдардын универсал роботтору”) деген ишкананын аталышынын шарттуу кыскартылышы.

Карел Чапектин драмасынын соңунда “жасалма кишилер” – “роботтор” көтөрүлүш чыгарып, адамзатты кырып салганда да, сүйүү сезимин сактап калган киши сымал эки робот жашоонун жаңы айлампасын баштагандыгы жар салынат. Демек, сүйүү аркылуу адам заты кайра жаралат.

Чыңгыз Айтматов болсо 1980-жылы жазылган "Кылым карытар бир күн" романында көөнө эпосто камтылган кишинин башына шири тагып кыйноо сыяктуу уламыштык маалыматты колдонуп, өз улутунун фольклордук-дастандык байлыгынан өздөштүрүлгөн “маңкурт” терминин жалпы адамзаттын ар бир улутунун асыл-нарктарын сактоо ураанына курал кылып берген.

Бул романда Казангаптын уулу Сабитжандын кишилерди үналгы аркылуу эле башкарып алууга болот деген ээн ооз сөзүнөн соң, Эдигей аны нагыз “маңкуртка” теңейт.

“Акыры планетада коммунизм жеңет жана улуттардын айырмачылыктары жоюлат”, деген советтик коммунисттик жобого каршы чыгып, Чыңгыз Айтматов өз чыгармалары аркылуу тоталитардык, бир беткей, бир түстүү коомго караганда, бардык улуттар өздөрүнүн маданий мурастарын сактай алган, эне тилин, ата-тегин билген, “маңкурт” болбогон, көп түстүү турмуш орун алган коом артык экенин даңазалаган.

Демек, кыргыз жазуучусу советтик цензуранын чыпкасынан өтүп кеткен ушул сыяктуу чыгармалары аркылуу миллиондогон окурмандарга “самиздатсыз” (тыюу салынган чыгармаларды жашыруун басып таркаткан усулсуз) эле жетип, аларды улут тагдыры жөнүндө ойлонууга чакырып турган.

Чыңгыз Айтматов өзү да айдыңдарды кемөөчтөгөн саясий цензураны этияттык менен жеңип чыккан күрдөөл турмушту баштан кечирди. 1986-жылы ал негиздеген “Ысык-Көл шеринеси” ошол доордогу “Кансыз согуш” ар башка жээктерге жиктелип калган айдыңдарды баш коштурган бейрасмий долбоор болуп калды.

Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов 1988-жылы өлкөбүздө “кош тил саясаты” ураанын көтөрүп, кыргыз тилинин 1989-жылы 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил катары жарыяланышы менен жыйынтыкталган тынч жана кеңири коомдук кыймылга башат ачкан. (Быйыл мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына 30 жыл толот).

Чыңгыз Айтматов чет мамлекетке чыкканда Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн, Маматиса Арал сыяктуу кыргыздар менен ээн-эркин жолугушуудан эч тартынган эмес. Буга алардын 1980-жж. Мүнхендеги жолугушууларынан калган сүрөттөр да далил.

Ч.Айтматов Азамат Алтай жана башка “Азаттыктын” Мүнхендеги өкүлдөрү менен. 1988.
Ч.Айтматов Азамат Алтай жана башка “Азаттыктын” Мүнхендеги өкүлдөрү менен. 1988.

1989-жылы август-сентябр айларында ошол кездеги “Азаттык” үналгысынын деректири Аким Өзгөн Кыргызстанга келип, Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык мааракесине арналган салтанаттарга катышты. Бул окуя – “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” СССРге багытталган кызматтарынын башчыларынын ичинен Кыргыз кызматынын (“Азаттык” үналгысынын) жетекчиси биринчи болуп СССРдин чек арасынан уруксат алып өтүп келиши катары тарыхта калды. Аким Өзгөндүн бул иш сапарды жүзөгө ашыруу үчүн советтик виза алышына СССРдин эл депутаты Чыңгыз Айтматов түздөн-түз данакер болгон.

СССРде пахта жыйноого байланыштуу ири жемкорлук схема 1983-жылы калың журтка ачыкталганда, аны оболу маскөөлүк маалымат каражаттары “өзбек иши” (“узбекское дело”) деп атай салышкан. Бул чатакка маркум Леонид Брежневдин күйөө баласы (Галина Брежневанын күйөөсү), генерал Юрий Чурбанов да аралашкандыгы тергөөдө тастыкталган эле. Ошондо Чыңгыз Айтматов жемкорлордун кылмышы үчүн бүтүндөй өзбек улутуна көө жабуу туура эмес деп жазып чыкты.

Совет доорундагы өз чыгармаларынын биринде (жогоруда учкай айтылган "Кылым карытар бир күн" романында) Ч.Айтматов сталиндик доордо запкы көргөн жана аргасыз өз өмүрүн кыйган айылдык казак мугалим Абуталиптин кейиштүү тагдырын да баяндайт.

Демек, ал жалаң гана кыргыздардын жана өз жумурияты – Кыргызстандын көйгөйлөрүн сыпаттап чектелбестен, боордош элдердин тоталитардык доордогу көйгөйлөрүн да иликтеп, ар тараптуу чагылдырган.

Кыскача корутундуласак, Чыңгыз Айтматовдун санжыралык жана жеке турмуштук маалыматтары (бабасы Кимбилди менен таятасы Хамзанын Кыргызстандагы байлардын, б.а. “эзүүчү таптын” өкүлдөрүнөн болгондугу, атасы Төрөкул Айтматовдун жазыксыз жерден “эл душманы” катары 1938-жылы атылып кеткендиги, жазуучу өзү Батышта коммунизмге каршы үгүт кылган кыргыздарга жолугуп, аларда конокто болгондугу, ж.у.с.) советтик тоталитардык түзүлүш үчүн “жагымдуу маалыматтардан” болгон эмес.

Анын сыңарындай эле, Чыңгыз Айтматовдун калемгер катары жетилген чагында жана кийинчерээк жазган чыгармалары да СССРдеги тоталитардык мамлекеттик түзүлүштүн идеологиялык чидерлерине жана Ала-Тоодогу айрым эскичил коомдук көз караштарга багынбастан, этностун маданий өздүгүн жана руханий баалуулуктарын сактоого тикелей чакырган. Анын чыгармалары айрым учурда кейипкердин сөзү менен “маңкурт болбо!” деп окурманды түз чакырса, башка учурларда эзоптук каймана тил аркылуу олуттуу маани сыйдырылган гуманисттик мөмөлөр болуп калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG