Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:14

1937-38-жж. сталиндик режим тарабынан жазыксыз камакка алынып, атылган чыгаан мамлекеттик ишмерлердин бири Төрөкул Айтматовдун кенже кызы, профессор Роза Айтматова "Азаттыкка" курган маегинде 80 жыл мурдагы окуяларга кайрылат.

Белгилүү айдың, профессор Роза Айтматова төрөлгөндөн аз өтпөй эле анын атасы Төрөкул Айтмат уулу СССРдеги сталинчил режим тарабынан жалган саясий жалаа менен камакка алынып, бир жылдан кийин атылган жана Чүйдөгү Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү төштө жашырын казылган жалпы көрүстөнгө тымызын көмүлгөн. Анын сөөгү кайсы жерде жашырылганы 53 жылдан кийин гана, 1991-жылы дайын болгон.

"Ата Бейиттеги" сталиндик жазалоолордун курмандыктарынын айкели.
"Ата Бейиттеги" сталиндик жазалоолордун курмандыктарынын айкели.

(Мурда "Азаттык" үналгысы бир нече ирет жазгандай, Бүбүйра Кыдыралиева апа кыргыз элинин каймактары, 1937-38-жылдардагы сталиндик катаал репрессиянын жазыксыз курмандыгынан болгон Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана Баялы Исакеев баштаган 137 кишинин сөөгү көмүлгөн “Ата-Бейиттин” сырын 1990-жылы ачкан, 1991-жылы июлда бул жайда археолог жана башка адистер казуу амалдарын жүргүзгөн).

Айтматовдордун үй-бүлөсүнө атасы Төрөкулдун лагерге айдалбастан, дароо эле 1938-жылы ноябрда атылып кеткени жыйырма жылдан кийин араң кабарланган, бирок сөөгү кайсы жерде экендиги ачыкталган эмес.

“Тарыхтын “ак тактары” деген китебинде атасын күтүү менен өткөн балалыгын эскерип жазган профессор Роза Төрөкул кызы Айтматова "Азаттык" үналгысына курган маегинде ата-бабасына, атасына, сталинчил куугунтуктоо дооруна байланыштуу .айрым жагдайларды кеңири айтып берди.

“Азаттык”: Роза эже, “Тарыхтын “ак тактары” деген чынчыл китебиңизде сиз төрөлгөндө көрбөй калган атаңыздын элеси, өмүр бою ошол элес менен жашап келатканыңызды, атаңыздын сөөгү табылгандан кийин кантип койгонун – ушулардын баарын окуган адамдын сай-сөөгү сыздай тургандай жазган экенсиз.

Профессор Роза Айтматова - даңазалуу жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовдун карындашы. 12.8.2008.
Профессор Роза Айтматова - даңазалуу жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовдун карындашы. 12.8.2008.

Ошол саясий репрессиянын быйыл 80 жылдыгы, аябай күчөгөн мезгили 1937-жылды билген, эскерген кишилер аз болуп атат.

Сиздин үй-бүлө ушундай оор жүк менен жашады, атаңыздын атылып кеткенин совет бийлиги 20 жылдан кийин араң айтты. Аны айткандан кийин деле кысым, басым токтолгон жок.

Айтматова: Эч жерге жарыяланган жок. "Жашыруун сакталсын" (“Секретно”) деген гриф менен өлгөндүгү жөнүндөгү кагаз берилди.

“Азаттык”: Сиз атаңыз түшүңүзгө киргенин жазып атасыз. Сиз төрөлгөндөн кийин эле камакка алынып, элеси эсиңизде калбай калган экен. Ошону айтып берсеңиз.

Айтматова: Бул эми мындай болгон. Альбомдо атамдын көп сүрөттөрү бар эле. Апам атам менен бирөөлөр чогуу түшкөн сүрөт болсо кесип алып көрсөтпөй койчу. Анткени бирөө көрүп калса, Айтматовго тиешеси бар экен деп аны да камап камап койбосун деп, сүрөттөрүн кесип алчу. Анан атамдын гана сүрөтү калган.

Көрсөтчү эле, мен көрчүмүн, атам мага абдан сулуу, акылдуу бир башкача болуп көрүнчү эле. Чачтары тармал, көз карашы жакшынакай.

Анан эми бул согуш жылдары болчу, мен 1937-жылы төрөлүп атпаймбы. Анан согуш башталып калды. Мен мурунку жылдарды билбейм. Согуш башталганда биз Таласта, азыркы Манас районундагы Жийде деген айылда туруп калдык. Апам ошол айылда бухгалтер болуп иштеп калды.

Ал жердеги колхоздун башкармасы болуп кадимки Толгонай апанын баласы Суванбек деген болгон. Толгонай апа ошол Жийде айылында жашаган аял, реалдуу киши болчу. Биз ошолордун үйүндө туруп калдык. Суванбек согушка кетерде бухгалтерияны бир чынчыл кишиге тапшырсам деп издейт.

Төрөкул менен Нагима Айтматовдор.
Төрөкул менен Нагима Айтматовдор.

“Мен согуштан тез эле келип калам, мен келгенче колхоздун ишин жакшынакай алып жүрчү киши керек”, - деп киши издеп калганда бирөө-жарым айткан окшойт: “ушундай Айтматова Нагима деген бар, ишенсе болот, жакшы адис”, - деп. Анан өзү Шекерге барып суранып, "көчүп келиңиз" дейт.

Ошентип Жийдеге 1942-жылы көчүп барганбыз. Апам иштегендиги тууралуу кагазды да сактап койгон. 1942-жылдан 1949-жылга чейин иштеген.

Согуш башталганда мылтык кармай алган кишинин баарын согушка алып кетти да. Мен теңдүү кошуна кыздар бар, алар менен ойнойм, жакшынакай болуп жүрөбүз. Анан эле 1944-45-жылдары алардын аталары согуштан келе баштады.

Эсимде, Жамийла деген курдаш кызым бар эле. Ошонун таята-таянесиникинде отурабыз, апаларыбыз жумушка кеткен. Көпүрө бар эле, ошол көпүрөдө солдат формасын кийген, рюкзак асынган, башында пилоткасы бар киши келатат.

Ал киши короого кирип келгенде эле Жамийланын таянеси чуркап чыгып: “Кыздар, атаңар келди!” деп кыйкырып жиберди. Анан ошерден учурашып көрүшүп, тиги киши кыздарын алып ыйлап жиберди. Ошону көрдүм, анан дагы башка курдаштарымдын аталары согуштан келе баштады.

Ичимен кызыгам да, ушулардын аталары келип атат, менин атам да келсе деп. Анткени апам сүрөттөрүн көрсөтүп, “атаңар абдан жакшы киши болчу, башкалар эмне десе ошо десин, ишенбегиле, атаңар абдан жакшы киши болчу” деп бизди тарбиялады.

Мен азыр ойлоп атам, ошол мезгилде 1937-жылы адамдардын психологиясына чейин бузулду. Анткени аларга ушул кишилердин баары душман, ушул кишилер чыккынчы, элине жамандык кылган десе эл ошого ишенет да. Анан аңдымай, баканооздук кылып ар кимдин артынан арыз жазмай мода болуп кеткен ошол кезде. Ошондон элдин баары “ии, булар элдин душманы, булар душмандын балдары” деп бизди жаман көрүшөт.

Бирок, апамдын акылмандыгы ушунда болду, бизди “атаңар абдан жакшы киши болчу, эч качан антип ойлобогула” деп, “бул темада эч ким менен сүйлөшпөгүлө” деп үйрөткөн болчу. Анан тигилердин аталары келгенин көрөм да, өзүм атам жакшы киши болсо эмне үчүн менин атам келбейт деп ойлойм.

И-и, дагы... аталары келгенден кийинки дагы бир окуя эсимде. Жийде айылы Казакстан менен чектеш да. Жамбыл деген шаар, азыркы Тараз, ал жерде чоң базар бар. Илгерки Жибек жолунан калган чоң базар. Элдин баары оокатын, соода-сатыкты ошол жерден жасайт. Кыздар атасы менен "арабага түшүп Жамбылга барып келдим" деп айтат. “Атам мага шайы көйнөк алып берди” дейт.

Ошонун баарын угуп алып ичимен эңсейт окшойм, менин да атам келсе деп. Бир күнү түшүмө атам кириптир. Атам жанагы Жамийланын атасына окшоп солдат формасын кийген, рюкзак асынган, бирок башында пилоткасы жок, чачы тармал, жакшынакай сүрөтүндөгүдөй. Анан мен аны көрө салып эле жүгүрүп баратам, "ата эле, ата!" деп.

Анан баягы көпүрөнүн үстүнө чуркап келгенде атам мени асманга ыргытып тосуп атпайбы. Ошондо түшүмдө кыйкырган окшойм.

Апам эмне болду деп мени ойготуп, эмне кыйкырдың деп сурап атпайбы. Атам түшүмө кирди деп түшүмү айтып бердим. Апам “и-и, жакшы экен түшүң, атаң сени ойлогон окшойт”, - деп айтты.

Бул эми 1944 – 45-жылдар. Ал кезде атабыздын сөөгү бул жерде Чоң-Ташта жатканын билбейбиз, лагерде тирүү экен деп ишенип күтүп жүрөбүз да. Анан мен апама айттым, атам мени көрбөй калды, жаңы төрөлгөндө камалып кетип атпайбы. Апаман "атам мени ойлойбу?" деп сурайм.

Анан апам: “Кызым, сени баарынан көп ойлойт, сен кичинекейсиң да, атыңды өзү койгон”, - деди. Анан ошол өмүрүмдө көрбөгөн атамды түшүмдө көрүп, ошондо бактылуу болгом. Анан апам кызым атасын көп ойлой берип коркуп калдыбы деп ойлоп, мага "ал-Фатиханы" (Курандагы бет ачар сүрөөнү) үйрөтө баштады. “Аузу биллахи мин аш-шайтоони ражим..." деп ушу жатарда окуп жат, түндө ойгонбойсуң”, - деген эле апам. Ошондон бери апамдын айтканын аткарып ушул күнгө чейин Курандын ушул сүрөөсүн жатаарда окуп жатам. Арман кылып жүрдүм, бир көрбөдүм деп.

“Азаттык”: Анткен менен сиз атаңыздын элесин китебиңизде жакшынакай кылып тартып, ачып бердиңиз. Айтматтын урук-тукуму кайдан келерин, Кимбилди, Кончужок, жети атаңызга чейин жаздыңыз. Аларды сиз чоң энеңизден уккан боюнча эле эсиңизде сактап калдыңызбы?

Айтматова: Мен чоң энемди көрбөй калдым. Чоң энем 1936-жылы каза болгон экен, мен 1937-жылы төрөлгөм.

Атамын Карагыз, Гүлайым деген эки карындашы бар болчу. Айымкүл деген эжесин көрбөй калдым. Айылдагылар аны жакшы киши болчу деп абдан макташат. Кийим тикчү экен, портной. Биздин балдар, жээндеринин арасынан көбү сүрөттү жакшы тартышат. Анан алардын искусствого кандайдыр бир жөндөмү бар го деп ойлойм. Тикмечилик деле көркөм өнөр да.

Айымкүл апамы да көрбөгөнүм менен, Карагыз апамдын колунда көп жүрдүм. Жайында каникулдун учурунда ага жеткизип коюшар эле. Алар менен жакын жерге жайлоого чыкчубуз. Алардын үйүндө талашып жүрүп кой саап, эчки саап жүрчүмүн. Анан Карагыз апам жомокторду жашы айтчу эле. Башынан өткөн тарыхын да жакшынакай кылып айтып берчү.

Көп нерсени Гүлайым апамдан угуп калдым. Мен аспирантурада окуп жүргөндө кызым төрөлүп, багарга киши жок, анан Гүлайым апам келип багып берди. Бул 1965-жыл эле. Анан ошондо Гүлайым апам менен абдан жакын болуп сүйлөшүп калдым. Ал ар бир нерсени сонун кылып айтып берер эле. Анда Карагыз апамдын күйөөсү Досаалы жездем тирүү.

Анан бир күнү айтат: “Ай, ушул Досаалы жездең картайып калды, кокус өлүп калса, ага кошок кошуш керек”.

“Жок, Гүлайым апа, мен кошок кошушту билбейм да, тим эле коюңузчу”, - десем: “Жок, менин көзүм тирүүсүндө кошокту жазып ал”, - деди.

Анан бир дептерди алып жаздым. Досаалы жездемдин өмүрүн, мергенчи киши эле, мергенчилигин, анын адамгерчилигин – бүт баарын сүрөттөп, кошок кылып жаздырды. Анан ошол дептер жүрчү. Кийин жездем өлгөн жок, жездем көпкө жашады. Андан мурун Карагыз апам кетип калды. Ошону менен ал дептер жоголуп кетти.

Азыр эстесем Гүлайым апамдын чыгармачылыгы күчтүү болгон окшойт. Анан да ал кишинин юмору бар болчу. Жөн эле сүйлөбөйт, кандайдыр бир нерсени сүйлөсө, аны келиштирип, киши күлө тургандай кылып, сонун кылып айтып берчү касиети бар болчу.

“Азаттык”: Роза эже, китебиңизде Айтматтын балдарынын төртөө репрессияланып жок болушканын жазыпсыз. Башкалар атаңызга байланыштуу камакка алынганбы?

Айтматова: Ооба ошондой болуп калды. Атамдын Рыскулбек деген бир тууган иниси болгон. Чыңгыз акемдин атын да ошол абам койгон экен. Ал педучилище болгонбу же педтехникумбу, ошондо биринчилерден болуп окуган адам экен. Билим алган, сабаты жакшы киши экен. Ошо техникумда окуп жүргөндө эле бул жактан Төрөкулду камакка алганда фамилиясы боюнча эле окуудан чыгарып жиберишет. Окуудан чыгарылгандан кийин бизге келип Шекерде жашап калат. Анан аны дагы түндө келип алып кетишет. Фамилиясы үчүн эле, ал баланын эч кандай жамандыгы деле жок.

Кийин Рыскулбек Манжурияга айдалып кетет. Ал жактан апама кат жазып жүрчү экен. Апамы колдоп, “баары жакшы болот, Төрөкул чыгып келет”, тиги-бу деп. Ушинтип кат жазып турчу экен. Кийин бир каты апамын архивинде жүрдү. Ал катты мен да окучумун. Окуган сайын ыйлачумун.

Ал ошол Манжурияда жол салган жерде иштеп атам деген экен. Анан ошол кезде ГУЛАГ боюнча приказ чыккан экен. Ошол лагерде иштеген кишилер, аларды иштетет да, мынабу жолдор, каналдар бүт ошолордун күчү менен бүткөн да. Анан интеллигенция, кээ биринин ден соолугу жарабайт. Аларды деле иштетип, анан камактагылар өтө көбөйүп кеткен го. Анан алардан кутулуш үчүн жанагы приказ чыгат. Ошол буйрук боюнча ким нормасын аткарса ага жакшы паёк – тамак берилет. Нормадан ашык аткарса ага күчөтүлгөн паёк берилет. Нормасын аткарбай калганга штрафной паёк. Ал штрафной паёк - ачка калат, эчтеке жок.

“Менин бөйрөгүм ооруп жүрөт, бул жер суук экен. Эки бөйрөгүм ооруп жүрөт. Норманы аткара албай жатам. Мага талкан салып жибергилечи”, - деп жазган каты бар болчу. Анан апам Карагыз апам экөө буудайдан, жүгөрүдөн талкан жасап, посылка жасап, аны апам Кировкага алып барып салып жиберген экен. Бирок кайра кабар келген жок. Ошону менен Манжурияда набыт болду окшойт. Ал - бир тууган иниси.

Алымкул деген аталаш агасы болгон. Ал киши, аталаш агасы, Шекер кооз, жайык жер экен деп айтып атпайсызбы. Колхоз уюшулганда ошол Алымкул абабыз туугандарды Шекерге алып келген экен. Алгач биздин туугандар башка жерди тандап алышыптыр. Мал баккан көчмөн эл да. Тоо жактан жер тандашкан экен.

Тоо жакта кооз жер, бирок дыйканчылыкка, жер айдаганга ыңгайлуу жер эмес. Алымкул ошондо элге түшүндүрүп айтып, “келгиле мына бул жерге, жанында суу агат, тегиз жер” деп көчүрүп келген экен. Анан да ал киши сельсоветтин биринчи башчысы болгон экен. Биз Москвадан көчүп келгенде ошол кишинин үйүнө көчүп киргенбиз. Үйүн жаңы эле салган экен, кыргыздын жалпак тамы. Бир далис, эки бөлмө. Анан апамды төрт баласы менен ошол жерге киргизип, өзү боз үйгө үй-бүлөсү менен кирип атпайбы. Ушунчалык сыйлап, кадырлаган экен.

Анан анын баары КГБ, ал кездеги НКВДга жетет. Анан бир күнү ал кишини да кармап кетишкен. Алымкулдун Өзүбек деген иниси милицияда иштечү экен. Аны да камашат. Ошентип атамдын үч бир тууганы өзүнүн аркасы менен кетет. Мына, төрт киши бир үй-бүлөдөн кетти да.

“Азаттык”: Ошолорду 1960-жылдардын аягында эскерип атасыздар да?

Айтматова: Ага чейин эч нерсе билчү эмеспиз. 1957-жылы атам жөнүндө реабилитация болду деген кагаз келет. Өлгөн жери белгисиз, өлгөндүгүнүн себеби белгисиз деген кагаз келген.

Атам реабилитация болду дегенден кийин Чыңгыз акем Алымкулду, Өзүбекти – баарын издейт. Чыңгыз акемин биографиясында дагы бир учур бар.

Согуш буткөндөн кийин өспүрүм балдарды ФЗОго алышат. Анан бир күнү ФЗОго Кеминге Ак-Түзгө алып кетишет. Анан ошол Ак-Түздөн Өзүбек акеми көргөн экен. Мен эми ошону жакшы сурап калбапмын да.

Өзү өмүрүнүн кийинки жылдары ушуну айтып жүрдү. “Мен Өзүбек акеми Ак-Түздөн көрдүм” деп.

Анан Өзүбек аке айткан экен: “Бул жерде излучение (нурдануу коркунучу) бар. Оорулуу болуп каласың, эптеп эбин таап кет”, - деген экен. Анан ошондо кокусунан ток уруп жиберип, аябай кыйналып, кийин эптеп поюздун бир жерине жармашып атып, Быстровка аркылуу качып кетет. Ошентип ФЗОдон качкан.

Өзүбек акени ошондо көрдүм эле деди. Анан мен сурабай калыптырмын. Акем ал жерде эмне кылып жүрдү, кандай ахывалда экен деп сурабаптырмын. Кийин анан баарын издетти, эч кимиси жок болуп чыкты. Анан төртөөнүн ашы берилди.

“Азаттык”: Китебиңизде "эч кимге кусаматчылыгым жок, эч кимди кектебейм, эч кимди айыптабайм. Ушундай кыйын заман болду, өткөн өттү", - деп жазыпсыз. Мындай кең пейилдик, айкөлдүк кайдан келген?

Айтматова: Эми бул айла жоктук да. Канча, 54 жыл дегенде атабыздын көмүлгөн жерин таптык. Кокусунан, ал дагы!.. 40 миң кишинин ичинен 137 кишинин гана көмүлгөн жери белгилүү. Калганы белгисиз да!..

Токчоро Жолдошев деген агартуу министри болгон кишинин кызы бар эле. Чолпон эже деген, жакында өтүп кетти. Ошол айтат бир күнү: “Вы счастливые”, - дейт. “Эмне болуп счастливый болдук?” десем: “Атаңардын көмүлгөн жерин таптыңар”, - дейт. Баарыныкы белгисиз болуп жатпайбы.

Бул, бир жагынан, Чолпон эже айткандай, бакытка ээ болуп калды. Таптык, анан да булар кыргыздын эң бир кооз жеринде көмүлүшүптүр. Бул дагы өзүнчө жакшы.

Эгер Сибирге же түндүктө болсо, мына Рыскулбек акеникиндей болуп кайсы жерге көмүлгөнү билинбей, табылбай калат эле да. Бул жагынан сөөгү табылып калышы, албетте, биздин бактыбыз. Бир жагы.

Экинчи жагы, бул ушунча жыл мурун болгон, баштан ар кандай заман өттү.

Атамдын делосун карап көрдүм. "Ооба, душман болчу, Туран партиясына өткөн болчу", - деп айткан кишилер болгон. Мен тизмесинен көрдүм. Бирок алар айла жоктон айткан да. Бул - система, системага каршы тура алган эмес.

Көлдүк илимпоз Зыяш Бектенов (23.10.1911 – 21.10.1994) да ГУЛагда абакта болгон.
Көлдүк илимпоз Зыяш Бектенов (23.10.1911 – 21.10.1994) да ГУЛагда абакта болгон.

Фамилиясын унутуп атам. Ысык-Көлдөн бир киши жазды эле. Ал да түрмөдө отуруп, бошонуп чыккан экен. Кандай кыйноолорго туш келгенин жазды эле.

Ал кезде мешке плита кызарганча от жагып, анан алып келип, анын үстүнө отургузуп, анан башын мештин ичине салып күйгүзүп, андайда эмне болгонуңду билбей каласың, "макул" деп кол коюп бересиң.

Мунун баарын эске алыш керек да. Аларды "антти-минтти" деп айтканда... Өтүп кеткен иш, алардын өздөрү да өтүп кетишти. Тарых болуп калган иш. Кимиси кимдин үстүнөн арыз жазды эле, кимиси жамандады эле деп териштирип отурсаң... Алардын бала-чакасы бар.

Менин атам Москвада окуп жүргөн кезинде бул жактан бир кишинин атынан өтүнүч кат (запрос) жиберилет. Ошол кишинин небереси менин кызым менен мектепте чогуу окуду. Эми ошол кишинин небересинде эмне күнөө. Ошол киши запрос жиберип, атамды чакыртты эле, үстүнөн тиги-буларды айтты дегенде. Ал киши өзү өтүп кеткен. Баласы барбы-жокпу билбейм. Бирок небереси менин кызым менен мектепте бир класста окуду. Кызыма да, эч кимге айткан жокмун.

“Азаттык”: Сиздин китебиңиз окуган адамдын көзүнөн жаш келтире тургандай кызыктуу жазылган. Сөзмөрлүк сиздин мурунку муундан келе жаткан нерсе окшойт.

Айтматова: Ошондой болуш керек деп ойлойм да, жанагы эжелериме караганда.

Анан Шекерди айтып калбадыңызбы. Шекер – биздин бабабыз. 1770-жылы болгон экен. Мен башка китептерден алып салыштырып көрдүм. Таластык кыргыздар казактар менен чектеш да. Абылай хан келип кыргыздарга кол салат. Ар бир хандын максаты ошол – жерин кеңейтиш керек. А бирок таластык кыргыздар менен казактар абдан жакшы жашап, кыз алышып, кыз беришип, достошуп, ушинтип жүргөн эл да.

Шекер айылы. 12.9.2009.
Шекер айылы. 12.9.2009.

Абылай хан күтүлбөгөн жерден келип, таластык кыргыздарга кол салып, көбүн туткунга алып, өлтүрүп, жерлерин тартып алып, анан таластык кыргыздар кайра аларга кол салып, жерин кайра өздөрүнө алып, иши кылып, ошондой согуштар болуп турган да.

Мен муну Төлөн Насирдинов деген журналисттин жазгандарынан окудум. Ошол Шекер деген киши казак менен кыргыздын ортосунда, согуш болоюн деп турган жерден ортого түшүп, өзү чыгып, элге “эмне жетпей жатат бизге, келгиле, баарын чай үстүндө сүйлөшөлү, эмнеге согушабыз, эмнеге бирибизди бирибиз өлтүрөбүз, жайлаган, жерибиз кыштаган кыштообуз бир, нечен кылымдан бери жашап келатабыз, бир тууган элбиз” деп, азыр ойлоп атам да, элди – казак-кыргызды диалогго келтирген экен.

Анан ойлойм, Чыңгыз Төрөкулович “Ысык-Көл форумун” өткөрдү эле. Ошондо ал дагы "келгиле, диалогго келели, диндердин арасында диалог болуш керек. Маданияттын арасында диалог болуш керек. Кандайдыр бир системалардын арасында диалог болуш керек. Диалог менен, сүйлөшүү менен тынчтыкка келели, согушпайлы, бирибизди бирибиз өлтүрбөйлү" деген идеясы аябай күчтүу болду. Бүт дүйнөдөгү эң акылман кишилерди жыйнап ошого чакырган.

Анан ойлойм да, бул да болсо Шекер бабабыздан келген акыл, ошол гени менен берилген болуш керек деп.

“Азаттык”: Роза эже, сизге ырахмат, чыгармачылык ийгилик, ден соолук каалайм!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG