Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

"Айтматовдун жигит курагындагы айкелин жасадым"


Чыңгыз Шайкеев
Чыңгыз Шайкеев

Өткөн аптада Түркиянын борбору Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели анын ысымын алып жүргөн көчөгө тургузулду. Айкелдин автору кыргызстандык сүрөткер Чыңгыз Шайкеев 7 жылдан бери Кайсери шаарындагы университетте сабак берет.

Биз менен маегинде ал Айтматов атындагы көчө жөнүндөгү жаңылыкты окугандан кийин Кыргызстандын элчилигине барып, эскиздерин сунуш кылганын, Анкара мэриясы жазуучунун айкелин тандап алганын айтып берди.

Шайкеев: Өткөн жылдын күзүндө Анкарадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилди деген жаңылыкты окуп калдым. Мен буга чейин биздин университеттин ректоруна кайрылып, Айтматовго эстелик тургузалы деген сунуш киргизгем. Колумда даяр эскиз, макеттерим да бар болчу.

Анан биздин элчиликке телефон чалып, ушундай кабарды уктум, менин даяр макеттерим бар эле, кааласаңар көргөзөм дедим. Жыл соңунда элчи Эрмек Ибраимов жана үчүнчү катчы Алима Океева менен жолугуштук. Бирок Түркияда жергиликтүү шайлоо жакындап калгандыктан, айкел тургузуу маселеси жакын арада каралбай калышы мүмкүн дешти. Эскиздерди таштап кеткем. Өткөн айдын этегинде Анкара мэриясынан телефон чалып, сүйлөшүүгө чакырышты. Айкелди жасоого 4 күн кетти. Балким буюрса келечекте аны шашпай жакшыртып, алмаштырса болот. Өзүм болсо эстеликтин көлөмүнөн бир аз кемчиликтерди байкадым.
Чыңгыз Айтматовдун Түркиядагы айкели. Аны бедизчи Чыңгыз Шайкеев жасаган.
Чыңгыз Айтматовдун Түркиядагы айкели. Аны бедизчи Чыңгыз Шайкеев жасаган.


"Азаттык": Эстелик жасоодо кандай материалды колдондуңуз?

Шайкеев: Негизи аны коло же жезден жасасак деле болмок. Бирок ага 2-3 айлык убакыт кетет. Эң кыска жол – полиэстерден деп чечтик. Бул дагы катуу, ысык - муздакка чыдамдуу жакшы материал.

"Азаттык": Өзүңүз мурда Айтматов менен жолуктуңуз беле?

Шайкеев: Көркөм сүрөт академиясынын астындагы мектеп-интернатта окуган кезимде Айтматов бир ирет биздин жатаканага келип кеткен. Балдар кандай жерде жатышат, кандай окушат экен деп кызыгып келген экен, кичинекей балдардын сүрөттөрү коюлган көргөзмөгө катышкан. Ошол эсимде калыптыр. Мен ал кезде 6-класста окуп жүргөм. Бирок андан кийин бир да жолу көргөн жокмун ал кишини.

"Азаттык": Айкелдин үстүнөн иштеп атканда, оюңузда Айтматовдун кандай элеси бар эле?

Шайкеев: Мен буга чейин эки жолу жазуучунун сүрөтүн тарткам. Алима Океева менен бирге айкел кандай жасалышы керектигин ойлондук. Чыңгыз Айтматов 30-35 жашында дүйнөгө дүңгүрөп, Кыргызстанды тааныта баштаган да. Ошол кездеги образын тандап алдык. Интернет, башка булактардан сүрөттөрүн чогулттук.

"Азаттык": Сиз буга чейин Түркиянын Изник шаарында кыргыз мазарындагы эстеликтин үстүнөн да иштептирсиз...

Шайкеев: Ал эмгектин автору – менин устатым, Көркөм сүрөт академиясынын ректору Тургумбай Садыковдун уулу Улан Садыков. Мен ал долбоордо аткаруучу гана болдум, техникалык жагынан жардам бердим. Негизинен силуэтти чоподон чыгаруу иштерине катышкам.

"Азаттык": Сиз 7 жылдан бери Кайсери университетинде сабак берип жүрөсүз. Түркияда айкелчиликке кызыгуу күчпү? Студенттериңер көппү?

Шайкеев: Кызыгуу бар. Бирок Түркияда диндин ролу чоң десек болот. Өзгөчө биз жашаган Кайсери шаарында динге берилгендер көп. Айкелчи-кесиптештерим жакшы эле бир нерсе жасайлы дешет, бирок динчилдердин сүрөт тартуу күнөө, айкел жасаган болбойт деген сынына кабылышат. Ушундан улам абстракцияга ыктагандар көп. Классикада көргөндү көргөндөй жасайсың да. Динчилдер болсо "Жараткан менен жарышып атасың" деп катуу сындашат. Ошон үчүн биз менен салыштырганда искусство жагынан бир аз төмөн турушат десем болчудай.
Бирок айкелчиликке кызыккандар көп. Италия, Францияга барып, классикалык чыгармаларды көрүп, аябай суктанып келишет.
XS
SM
MD
LG