Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:09

Айтматов - империянын акыркы жазуучусу


Чыңгыз Айтматов менен Осмонакун Ибраимов. (Сүрөт автордуку).

Чыңгыз Айтматовдун адам катары турмушу, тагдыры, тагыраак айтсак, ички инсандык драмасы анын чыгармаларынын негизин, идеялык өзөгүн түздү деп айтып келебиз.

Туура. Бирок жазуучу акыркы жылдарда дагы бир зор дилеммага, дагы бир ички коллизияга тушукту. Ал дилемма же коллизия - Совет мамлекетинин талкаланышы, зор империянын алеки заматтын ичинде кыйрашы, кыйраганда да кайра чогулгус болуп кыйрашы эле.

СССР жана Айтматов - бул өтө кызыктуу жана азырынча азыноолак гана изилденген илимий проблема бойдон калып келет.

15 союздук республиканын, 180ден ашык улуттун башын кошкон, 290 миллиондон ашуун калкы бар зор империя Чыкебиздин калкылдатып учурган канаты, таянаар тоосу, учу-кыйырсыз зор Мекени болчу.

Жазуу жүзүндө болбосо да, сүйлөгөн сөзүндө, чоң мааракелердеги айткан кептеринде, публицистикалык макалаларында ал эч качан СССРди жериген жок, четке каккан жок. Тескерисинче, “Кыямат” менен “Тоолор кулаганда” романдарынын автору чоң союзсуз жашоону эч качан элестеткен да эмес болчу.

Анын үстүнө СССРдин Кыргызстанга тийгизген пайдасы кандай зор болгонун Чыкебиз билчү. Сөздүн чынын айталы, көздөгөн максаты жакшы, тилеген тилеги бийик мамлекет эле, бирок тоталитаризм, кудайсыздык, эбак эскилиги жеткен марксисттик догмалардын кулу болуу, экономикалык ийкемсиздик акыры СССРди ички деградацияга алып келди.

“Кансыз согуш” акыры союзду экономикалык жактан ыдыратты. Натыйжада зор коммунисттик держава экономикалык жактан банкротко учурап, өзүнөн өзү тарады. Буга аябай өкүнгөндөр да болду, сүйүнгөндөр да болду. Маселен, мен ошол сүйүнгөндөрдүн арасында элем. Кудай бар экен, кан төгүлбөй тарап кеттик. Аман-эсен эгемен мамлекет болдук.

Бирок Чыңгыз Айтматов ошол сүйүнгөндөрдүн да, күйүнгөндөрдүн да арасында болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени Советтик Социалисттик Республикалардын Союзу анын адамдык турмушу, маңдайына жазылган бийик тагдыры болчу. Сүйүнүчү да, күйүнүчү да эле. Бир жагынан СССР аны ай-ааламга канат бүтүрүп учурган арка-бели, платформасы, базасы болчу. Экинчи жагынан, ошол чоң Союздун укмуштуудай тарыхы, Айтматов өз көзү менен көргөн, керт башынан кечирген турмушу, социалисттик коомду куруудагы татаалдыктар, кыйынчылыктар, азаптар менен тозоктор анын чыгармаларына тема берди, идея берди, анын өмүрүнүн аягына чейин бүтпөгөн бай материал катары кызмат этти.

Маселен, “Биринчи мугалим” совет доорунун алгачкы жылдарын, ликбез менен маданий революциянын алгачкы доорун чагылдырды. Ал эми “Гүлсаратта” Сталин доорундагы бири-бири жеген, бири-бирине чагым жасаган тоталитардык режимдин трагедиялык жыйынтыктары ортого салынды.

Совет адабиятынын классикасы болуп таанылган бул чыгармаларда большевиктердин саясаты үчүн кара башын канжыгага байлап, керек болсо жашоодон аша кечип иштеген коммунисттердин ачуу тагдыры баян этилди.

Баса, ошол эки чыгармасында Айтматов биринчилерден болуп советтик системаны ичтен ириткен кулгунасы бар экенине биринчилерден болуп көңүл бурду. Эс-тутум деген эмне, бакыт деген эмне, жашонун маңызы деген эмне деген суроолорду кырынан коюп, бирок ага Чыкебиз түз же кыска жооп таба албады.

Табышы да мүмкүн эмес эле. Анткени бул суроолор ар качан адам бүткөндүн эс-акылын ээлеген, бирок ар дайым жоопсуз келаткан маселелерден болчу. Кара жанын карч уруп бала окуткан Дүйшөн акыры жүрүп унутулган адам болду. Эң эле кымбат, эң эле сүйүктүү адамынан кол жууган, тагдыры тайкы инсандын кейпин кийди.

“Гүлсараттагы” Танабай Бакасов болсо Сталин курган коомдук системанын түздөн-түз курмандыгы болуп, акыры ээн талаада эңгиреген, эмне үчүн жашап, эмне үчүн жаштыгын, ал-күчүн бергенин түшүнө албаган акыбалдагы бечара адам болду.

Ошону менен бирге Чыңгыз ага 1970-жылдардан баштап жер үстүнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген СССР деген зор империянын негизги идеологиясына, атап айтканда, коммунисттик идеологияга, анын ичинде улут саясатына карата абдан сынчыл позицияга өттү.

Анын жазуучулук сыны кээ бир диссиденттердин сынынан да ачуу чыкты. Буга мисал катары анын 1970-жылы жарыкка чыккан “Ак кеме” аттуу повестин атасак болот го. Совет мамлекетине мүнөздүү болуп калган сөз жүзүндөгү кургак саясат жана иш жүзүндөгү тескери тажрыйба бул повесттин идеялык өзөгүн түздү.

Баарынан да повесттеги символдор, жаңсоолор, маданий коддор-- жүрөккө өтө катуу тийе турган коддор же ишараттар эле. Мисалы, ата-энеси таштап кетип, тирүүлөй жетим калган бала, баласыз, тукумсуз картайган Орозкул, согончогу канабаган Бекей, амалдуулар менен акчалуулар эмне десе эт-бетинен кеткен аргасыз Момун чал “Ак кеме” повестинин таанымал символдоруна, коддоруна, сыр сөзүнө айланды.

Дагы тактап айтсам, Айтматов буларды ошол кездеги кыргыз коомунун, кайсы бир деңгээлде бүтүн совет коомунун эн тамгалары, негизги белгилери, маңдайындагы жазуусу, руханий ал-акыбалы деп белги берди.

Чынында эле ошол кезде кыргыз эли, биз сыяктуу башка толуп жаткан чоң-кичине улуттар түгөл орусташып, балдар апасын “мама” деп, атасын “папа” деп, Ата мекен дегенди “Родина” деп сүйлөп калган кез эле го.

Айтматов муну улуттук аң-сезимдин нивелировкасы, талкаланышы, маңкуртташы деп чечмеледи.

Айтор, “Ак кеме” 70-жылдардагы советтик сенек доордун адабияттагы чагылдырылышы болду. Ал эми 1980-жылдарда Совет мамлекетинин ички жана тышкы проблемалары ого бетер курчуду.

“Кансыз согуш” Союздагы социалдык көйгөйлөрдү ого бетер тереңдетти. Улуттардын ички уйгу-туйгусу, улуттук аң-сезими, өз кадырына өзү жете билиши кескин жандана баштады.

Нечен жылдар тыюу салынып келген көөнө тарыхка, өтмүшкө кызыгуу, “биз кимбиз?”, “ким болгонбуз?” деген суроого жооп издөө Айтматовдун негизги, магистралдык темаларынын бирине айланды. Ошентип, адабиятта маңкурттун образы жаралды.

1980-жылы Москвада жарыкка чыккан “Кылым карыткан бир күн” романы Чыңгыз агабыздан чыгармачылыгындагы эң бийик чоку, советтик империянын ириңдеген жарааттарын шардана кылган гениалдуу чыгармасы болдуп калды. Бул романды Чыңгыз агабыздын эле эмес, бүтүндөй 20-кылымдын улуу романдарынын бири десек эч бир жаңылбасак керек.

Бул романдын 80-жылдардагы Совет коомуна калтырган таасирин, дагы тактап айтсам, советтик системага, советтик империяга урган идеялык соккусун бир сөз менен түшүндүрүү кыйын маселе го. Ошондой болсо да, бул роман миллиондогон окурмандар тарабынан кайсы бир деңгээлде советтик системага карата чыгарылган катаал бүтүм, керек болсо моралдык өкүм катары кабыл алынды. Маңкуртчулук - Айтматовдун версиясы боюнча советтик тоталитаризмдин негизги оорусу же дарты, айыккыс илдети деп айтылды.

Бул залалдуу илдеттен кутулуу үчүн анын аргасын, дартына шыпаа боло турган дарысын табуу керек эле. Темир көшөгөнүн чынжырын үзүп, Батыш-Чыгыш болуп тирешип, жер үстүн алеки заматтын ичинде өзөктүк курал менен күлгө айлантканы турган тараптарды кепке-сөзгө келтирүү керек болду. Ошентип 1986-жылы “Ысык-Көл шеринеси” пайда болду. Шеринени уюштурган Айтматов агабыз, көшөгө артында колдоо көрсөткөн тарап­­ - Кремл, Кремлде отурган Михаил Горбачев эле.

Ошого удаа “жаңыча ойлонуу” деген саясий доктрина жаралды. Ал доктрина Айтматов тарабынан адабиятта жаралып, кийин Горбачевдун негизги саясий платформасына айланды. Акыры жүрүп “жаңыча ойлонуу” идеологиясы 80-жылдардын экинчи жарымында кайра куруу жана айкындык деген саясатты ортого чыгарды.

Адабиятчылардын, окумуштуу-гуманитарийлердин арасында мындай бир талаш бар: Айтматов диссидент жазуучу беле же тескеричинче, бийликчил, Кремлчил жазуучу беле?, - деген. Менин окумуштуу катары жообум мындайча: Чыңгыз Айтматов бийликчил да, оппозициячыл да жазуучу болгон жок. Айтматов - чынчыл жазуучу болду. Эмнени ойлосо, эмне анын түн уйкусун алып, сезимин, илхамын козгосо - ошону гана кагазга түшүрдү. Ушул жагынан Чыкебиз менен улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун ортосунда бир таасын окшоштук бар. Алыкул минтип жазган эмеспи:

Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

Анын сыңары, Айтматов да оозеки сөздөрүндө, кээде чоң трибуналарда деле советтик саясатты, анын жетекчилерин мактап же жактап кое берчү, бирок колуна калем алаар замат эмнени ойлосо, эмнеге ишенсе, көзү жетсе - ошону жазчу. Буга анын дээрлик бардык чыгармалары толук күбө.

Чыңгыз агабыз Совет империясынын чоң сынчысы болчу дедик. Ооба, анда эч бир шек жок, бирок Айтматов ал ошол зор империянын кулашын, талкаланышын каалады беле? Жок, эч качан каалаган эмес. Бирок 1991-жылы ошол зор империя - СССР эч кандай оксуз, кансыз тарап кеткенде Чыкебиз абдан эле алапайын таппай кайышты, кыйналды.

Бирок, акылдуу киши эмеспи, тез эле, өзү көп жолу айткандай, тагдырдын жазганына көнүп, Кыргызстандын эгемендигине үн кошууну чечти. Кийин өз элинин атактуу уулу катары чын дили менен эгемендикке жан тартып жүрдү.

Европада биздин абдан барктуу, сыйлуу толук ыйгарымдуу элчибиз катары жыйырма жылга жакын кызматын кылды. Мен анын биздин Гимнди кадимкидей колдоп, коңур үнү менен ырдаганга аракет кылып жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм.

Бара-бара кыргыздын туусу бийик желбиреп, керегебиз бекем, чамгарагыбыз бийик болушун тилеп жүрүп өтүп кетти кайран Чыке.

Жыйынтыктап айтканда, Айтматов - жазуучу жана инсан кыргыз кыртышынан өсүп чыкты. “Манастан” таасир алып, кыргызча-орусча бирдей жазганга үйрөнүп, жазуучу катары, адам катары, мамлекеттик ишмер катары СССРдин учу-кыйырсыз айдыңында канат-бутагын кенен жайды. Ырас, кийин негизинен орус тилинде жазып, кыргыздын эле эмес, Совет империясынын эң эле таанымал жана терең жазуучусуна айланды. Акыры жүрүп Кремлден кабинет да алды. СССРдин биринчи президентинин даанышманы болду. Союз тараган маалда Айтматов Москванын Люксембургдагы элчиси эле.

Ошентип, империянын бардык тарыхый этаптарын өз башынан кечирип, жон териси менен сезип, азап-тозогун да аябагандай тартып, пайдасын да куп көрүп, ошонун баарын чыгармаларында ташка тамга баскандай образдар, символдор, маданий коддор, шифрлер аркылуу чагылдырып кетти.

Чыкебиздин эң соңку чыгармасы – “Тоолор кулаганда” романы постсоветтик өтмө доорго арналды.

Көрсө, улуу империянын чилдей тарашы, чачырашы жазуучунун ички турмушу үчүн оңой-олтоң маселе болгон эмес экен. Көрсө, империянын кулашы анын руханий түркүгү болгон Арсен Саманчин сыяктуу таанымал инсандардын өмүрүн алган, турмушунун маанисин, жашоого кумарын жок кылган катаклизм болуптур. Чыгармада Айтматов талкаланган зор империяны тоого салыштырды.

Анын кулашын, кыйрашын улуу трагедия катары, байыркы Помпейдин кыйрашы сыяктуу катары кабыл алып, СССР тарагандан туура 17 жыл өткөндөн кийин өзү да оо дүйнө салды. “Тоолор кулаганда” романы, эгер элестүү айтсак, Совет империясын ордун жоктогон кошокко, реквиемге айланды. Көрсө, жан ачыта сындаса да, караманча каршы турса да, Совет империясы Чыкебиздин каны-жанына катуу сиңген мамлекет болгон тура.

Менин “Айтматов. Последний писатель империи” деген Астанада жарык көргөн, кийин Москвадагы “Молодая гвардия” басмасынан (“Жизнь замечательных людей” сериясы) чыккан, түрк тилинде “Чыңгыз Айтматов - дүйнөнүн улуу жазуучусу” деген ат менен түркчө чыккан китебимде ушул тема да козголуп өттү.

Китептин бет ачары Астанада, Парижде, Кыргыз улуттук илимдер академиясында өттү. 6-декабрда Москвадагы “Российская газета” тарабынан орус окурмандары үчүн бет ачары даярдалууда.

Соңунда айтаар сөз: улуу жазуучу дегендин улуу тагдыры болот. Ошол улуу тагдыр аны бүтүндөй доордун күзгүсүнө айлантат. Ыкыбалы зор, кудай маңдайынан сылаган сейрек инсан экен - Чыкебиз ошол улуу доордун ыйы менен муңун, жыргалы менен кууралын дастан кылып айткан гений жазуучу болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG