Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:04

Чыңгыз Айтматов мага ыраазы болгон


Чыңгыз Айтматов катышкан жыйын.

2007-2008-жылдардын аралыгында “Сильва” билим борборунун президенти Апилмажун Темиралиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен “Мугалим - ардактуу инсан” темасы боюнча дил баяндардын жалпы республикалык кароо-сынагы уюштурулган.

Сынактын шарттарына ылайык дил баянда “Мугалим - ардактуу инсан” деген улуу ойду жергиликтүү мисалдар менен чагылдыруу эле. Сынактын катышуучуларына жашаган жериндеги биринчи мугалими же өзүнүн сүйүктүү мугалими жөнүндө баяндоо сунушталган.

Кароо-сынактын мөөнөтү бир жылга созулуп, республикабыздын бардык аймактарынын мугалимдери жана окуучулары катышып, өздөрүнүн көркөм ой чабытын, чыгармачылык дараметин сынап көрүшкөн.

Бул сынактын жарыясы чыкканга чейин эле биздин мектептин ысымын алып жүргөн, айлыбыздын биринчи мугалими Аблес уулу Алайдар жөнүндө дээрлик 12 жыл иликтеп, айылыбыздын карыларынан сурамжылап, маалыматтарды топтоп жүргөн элем.

Иликтөөмдүн, топтолгон маалыматтарымдын негизинде “Алайдар молдокемдин мектеби” деген дил баян жазып, аталган кароо-сынактын мөөнөтүнөн кечиктирбестен калыстар тобуна тапшырдым. Бул дил баянымда биздин айылдагы алгачкы мугалим, анын баа жеткис барандуу эмгеги, тунгуч билим уясы болгон мектепти куруудагы элеттик элдин ынтымагы, жаштардын билим алууга болгон ынтызарлыгы жөнүндө баяндаган элем.

Тандалган дил баяндарды калыстар тобу дыкаттык менен карап чыгыптыр. Ошол учурда “Сильва” билим болборунун президенти Апилмажун Темиралиев мага телефон аркылуу: “Замир, сенин дил баяныңа Чыңгыз Төрөкулович жакшы пикирин айтты!” деген жагымдуу кабарын билдирди.

Кароо-сынактын жыйынтыгы Бишкек шаарындагы Агрардык академиянын жыйындар залында 2008-жылы 17-январь күнү өтө турганын жана ага доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун катышарын да айтты. Ошол салтанаттуу чогулушка сөз сүйлөө үчүн даярданып келүүмдү сунуш кылды.

Замир Алдаяров.
Замир Алдаяров.

Бул сунушту зор кубаныч менен кабыл алып, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айылдаш жердешибиз, улуу манасчы Орозбак уулу Сагынбай атабыздын сүрөтүн улуу жазуучубузга тапшырууну да туура көрдүм.

Доорубуздун залкар жазуучусу катышкан жыйын салтанаттуу маанайда өтүп жатты. Чогулушта алгач Чыңгыз Төрөкулович узак сөз сүйлөп, мугалимдик кесип, анын эбегейсиз зор эмгеги, коомдогу орду, дегеле илим-билим жөнүндөгү таамай ой-пикирлерин ортого салды. Ошондой эле аземде белгилүү окумуштуулар, адабиятчылар да чыгып сөз сүйлөштү. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү болгон мугалимдерге да сөз берилип, Жалал-Абад облусунун Манас орто мектебинин директору, Ч.Айтматовду мектепте окутуу боюнча тест-жандырмак китебинин автору Насыров Гутман чыгып сүйлөп, өзүнүн тест-жандырмак китебин тапшырды. Андан кийин мага да сөз сүйлөө кезеги келип жетти.

Чыңгыз Айтматов катышкан жыйын.
Чыңгыз Айтматов катышкан жыйын.

Ошондо чоң жоопкерчилик, зор сыймыктануу менен сөзүмдү чыгыш элинин улуу ойчул, феномен акыны Жусуп Баласагындын канаттуу ыр саптары менен баштадым.

- “Бүт ийгилик билим менен алынаар, Билим менен асманга жол салынаар!” – деп бабабыз Жусуп Баласагын 900 жыл мурда аэронавтика, космонавтика илими жана техникалары жөнүндө түшүнүк жок кезде эле айткан экен. Ошондой эле: «...Билим берди – адамзат улуу болду, Билим менен көп ачты сырдуу жолду» деп өзүнүн канаттуу ыр саптарында Жусуп Баласагын бабабыз мугалимдик кесипти даңазалаган. Кыргыз элибиз көчмөн эл болгондугуна карабастан эзелтен билим алууга умтулган эл болгондугун тарыхыбыз тастыктап турат. Буга миңдеген жылдардан бери дүйнөдөгү көлөмүнүн чоңдугу, көркөмдүүлүгү жана мазмунунун бийиктиги жагынан айырмаланган “Манас” эпосунун ооздон-оозго өтүп, оозеки айтылып келе жатышы да айкын далил. Кыргыз элибиз ар кайсы доорлордо ар кандай жазмаларды колдонушкан. Буга ачык асман астында музейге айланган Орхон-Энесай, Кочкордогу Көк-Сай руникалык жазуулары, аска бетиндеги ташка чегилип жазылган петроглифтер мисал боло алат. Билим алууга, сабатсыздыкты жоюга ар бир элдин, ар бир мамлекеттин өздөрүнө тиешелүү көз караштары, аракеттери болгон.

Урматтуу Чыңгыз Төрөкулович, сиздин “Биринчи мугалим” повестиңиз - кыргыз элинин Кеңеш доорунун алгачкы жылдарында айыл жериндеги мугалимдин тоодой тоскоолдуктарды, карама-каршылыктарды жеңе билип, каармандык менен жасаган иш аракеттерин көркөм боёктор, улуу ойлор менен сүрөттөгөн сонун чыгарма. Алгачкы мугалимге, алгачкы окуучуга коюлган зор эстелик катары дүйнөлүк китеп окурмандарына кеңири таанымал чыгарма экендиги талашсыз. Албетте, мугалим - ардактуу инсан, - деп сүйлөп жаттым.

Чыңгыз Айтматов жана "Сильва" билим борборунун президенти Апилмажун Темиралиев.
Чыңгыз Айтматов жана "Сильва" билим борборунун президенти Апилмажун Темиралиев.

Салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүмдү Чыңгыз Төрөкулович баш ийкөө менен кубаттап отурушу мени аябай толкундатып, өзгөчө сыймыктантып жатты. Жыйындар залындагы окумуштуу-адабиятчылар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана кароо-сынактын катышуучулары да тынч отуруп, кунт коюп угуп жатышты. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып айылдаш жердешибиз улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун сүрөтүн колума бийик кармап, Чыңгыз Төрөкуловичке мындай деп кайрылдым:

- Урматтуу Чыңгыз Төрөкулович, Сиз улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулу жөнүндө «Сагынбай - бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант» деп белгилегенсиз. Мен ошол улуу манасчы Сагынбай атанын жашап өткөн Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айлынан келдим. Миллиондогон касиеттүү ыр саптарын көкүрөгүнө батырган алп манасчыбыздын денеси айылыбыздын жанындагы Аймамбеттин коргону деген жерде, түбөлүк жайында жатат. Кара-Тоонун ар жагындагы, коңшу Ак-Өлөң айлынан Саякбай Каралаев атабыз ат минип, колуна бүркүтүн кондуруп алып, Алайдар, Ыбырай, Асанкожо аттуу чоң аталарыбызга келип мейман болуп, элибизге “Манас” айтып, сайроондоп, мүнүшкөрлүк кылып, бүркүт салып биздин айылга байма-бай келип-кетип турган.

Чыңгыз Айтматовдун кол тамгасы.
Чыңгыз Айтматовдун кол тамгасы.

Улуу, алп манасчыларыбыз Сагынбай, Саякбай аталарыбыздын буту баскан, аян берип “Манасты” сабалап, төгүп айтып баштаган жердеги, кыргыздын алгачкы мугалими Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектептин мугалимдеринин жана жалпы эле Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылынын элинин атынан Сиздин торколуу 80 жаш курагыңыз менен куттуктайм! - деп кол чабуулардын алдында улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун атайын даярдалган сүрөтүн Ч.Айтматовко салтанаттуу жыйындын трибунасынан тапшыргандыгым жашоо-турмушумдагы зор окуя катары эсимден кетпейт.

Чыңгыз Төрөкулович ыраазы болуу менен кабыл алып, колумду кыса кармап, “Кассандранын эн тамгасы” китебинин биринчи бетине “Замир Алдаяровго, ыраазычылыгым менен, ак сакалдык ак тилектер менен” деп кол тамгасын жазып бергендигине мен дайыма сыймыктанып келем. “Адамдын улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө” деген элибиздин накыл сөзү бекер жерден айтылган эмес экен. Заманыбыздын улуу адамынын жөнөкөйлүгү, коңур үнү, жаштарга айткан акыл-насааты, мээрими дайыма жадыман кетпей түбөлүк сакталып калды.

Замир АЛДАЯРОВ, Кыргыз Республикасынынын билим берүү отличниги, Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана спортунун отличниги, Кочкор районунун ардактуу атуулу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG