Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Айтматов - эне тилдин Манасы


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Кадимки Манас «үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап» кыргызды бир эл, бир журт кылгандай, аалам алпы Айтматов да эне тил маселесинде эч кимден жалтанбай, чындыкты айтып, эчен жылдар алдыңкы чекте туруп берди.

Азыр оңой болгону менен, тээ совет доорунда, эне тил маселесин көтөрүү, алеки заматта "улутчулдук" катары бааланчу.

Отуз жетинчи жылдары, кыргыздын Тыныстанов баш болгон кыраандары дал ушул "улутчулдукк" деген жалаа менен, бейкүнөө атылып кеткенин жакшы билебиз. Жабыркагандар арасында улуу жазуучунун атасы – Төрөкул Айтматов да бар эле.

Бул факт, инсан катары калыптануу жолундагы өспүрүм Айтматовдун аң-сезиминде бекем орноп, ошону далай жылдар ой элегинен өткөрүп, чыркыраган чындыкты талыкпай издеп келди.

Кээде түз айтпаса да, бири-бирине карама-каршы турган Мүйүздүү Бугу-эненин, Найман-эне менен Жоламандын көркөм образдары аркылуу бир гана совет өлкөсүнө эмес, жалпы адамзатка кайрылып, ар бир улут өз тили менен улут болорун белгилеп, бирдей кийинген, бирдей ойлонгон заманда: «Ойлонгула, кеч болуп калбасын!» деп коңгуроо кагып турду.

Маселенин өтө курчтугун биз мына азыр сезип жатабыз. Муну дүйнөлүк абройлуу уюм ЮНЕСКО моюнга алып, 21-февралды Эл аралык эне тил күнү деп жарыялады.

Бул уюмдан келген маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндө 6000ден ашуун тил болсо, алардын арасынан, ар бир 14 күндө бир тил таптакыр колдонуудан чыгып, жоголуп турат экен.

Эми мындай тагдыр «жалпылаштыруу», «советтештирүү», «социалисттик интернационализм» жетегинде телчиккен коомдо партиянын көзөмөлүндө күн көргөн кыргыз тилине туш келбейт деп ким батынмак?...

Союз кезинде, улуттук тил маселеси чындыгында оор болгон. Айтматов өзү да кайсы бир маегинде: «…авторитардык режим өкүм сүрүп турганда эне тилибиздин проблемасын алгачкылардан болуп көтөрүп чыккам. Анда тил тууралуу сөз кылуу улутчулдук катары бааланган заман болчу… Улуттук тил маселесин мен жазуучу катары көтөрүп чыкпасам, анда ким көтөрүп чыкмак? Чындыгын айтайын, улуттук тилибиз үчүн башымды сайып коюуга кайыл элем…» - деп агездеги кырдаалдын кооптуулугун жашырбайт.

Кичине эле жаза басуу, көпчүлүктөн башкача ойлонуу тескелип, жазаланып турган авторитардык коомдо мындай эрдикке бир барса, өзүнүн кайталангыс таланты менен дүйнөлүк атакка жеткен Айтматов бара алмак.

Иш жүзүндө да ошондой болду. Чыңгыз Айтматов ар бир жаңы жазылган чыгармасы, курч публицистикасы аркылуу адамзатка орошон ойлорун жеткирип, чындыктын, адилеттүүлүктүн жолун арбытып отурду.

Чындыкты жазууда ал эч кимден жалтанган жок. Анткени, Айтматов элдин улут катары өсүп-өнүгүшү үчүн улуттук тилдин маанисин жакшы түшүнгөн. Ошон үчүн Айтматов: «Кайсы улут болбосун анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Кыргыз тили кыргыз баласына эненин сүтү менен бир келген катары кабылданат. Тилге кыянаттык кылуу – демек, ал улутка кыянаттык кылган менен тең катар бааланышы керек» деп ачуу чындыкты айтып келип, андан аркы сөзүндө: «Тил алдындагы жоопкерчилик жөнөкөй букарадан тартып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө, президентке чейин бирдей…» - деп эне тил маселесинде карапайым калк үчүн баарынан мурун бийлик өкүлдөрү үлгү болушу керектигин белгилейт.

Жазуучу Султан Раев менен болгон ошол маегинде эне тил өз жер, өз мекенинде илимдин, билимдин, маданияттын, Жогорку Кеңеште өткөн жыйындардын, мыйзам, протоколдордун тили болушу керектигин туюндуруп келип: «Мына биз тилибизди мамлекеттик тил деп жарыяладык, кыргыз тили мамлекеттик тил деп жатабыз. Ооба мыйзам боюнча ошондой… Бирок ошол иш жүзүндө болуп жатабы?!.. Кайсы жерге келбе – баары орус тилинде» - деп ачуу чындыкты айтат.

Андан ары «Мен орус тилин чанып жаткан жерим жок… Бул улуу дүйнөлүк тил. Биз орус тилин көпүрө, каражат катары пайдаланышыбыз лаазым. Ал эми кыргыз тили бул титулдук элдин тили, бул өз кыртышында өнүгө албаса, кайда өнүгөт?...» -деп мыйзам ченемдүү суроо коет.

Жазуучунун бул маеги 2004-жылы алынганын эске алсак, ушу күнгө чейин эне тил маселеси Айтматов көрөгөчтүк менен көрө билгендей, биз үчүн актуалдуу болуп келет.

Чынын айтсак, эне тил бизде мамлекеттик тил күнүнө арналып өткөрүлчү иш-чаралардын чегинде калып келүүдө. Аны чын дилинен окуп-үйрөнөйүн деген башка улуттун өкүлдөрү чанда жолугат. Баарынан кейиштүүсү өз баласынын кыргыз тилинде билим алышын каалаган ата-энелердин саны, айрыкча, шаар жерлеринде күндөн-күнгө азайып баратат.

Борборубуз Бишкектеги 96 орто мектептин 86да билим берүү орус тилинде жүргүзүлөт дегенди кандай түшүнсө болот?..

Эгер чындыгында ошондой болсо, анда бул Кыргызстанда эне тилдин кадыр-баркы көз көрүнө түшүп баратканынан кабар берет. Андыктан, ар бирибиз ойлонолу.

Кылым карыткан тилибизди жоготпой, башка улуу тилдерге тебелеп-тепсетпей, ал тилде сүйлөп, балдарыбызды эне тил мектебине жетелеп барып, ошондон окутуп, өзүбүз да эне тилде билим алып, чыгарма жазып, аны заман талабына жараша өнүктүрөлү. Анткени, «Манастай» зор мухитти жараткан, бүткүл дүйнөгө Айтматов өңдүү зор талантты тартуу кылган – кыргыз тили жарды тил эмес экенин унутпайлы.

Алимжан Алибеков, АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010), Ж.Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG