Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:08

Кош бол, социализм!


Ысык-Көлдө Гүлсаратка коюлган эстелик. 2-сентябрь, 2018-жыл.

Мен жакында Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повестин окуп чыктым. Буга жазуучунун быйылкы маараке жылы түрткү болду.

Ырас, бул чыгарманы мындан көп жыл мурун орус тилинде окуп, кыйла таасирленгем элем. Бирок, быйылкы аны кыргыз тилинде окуганым мурдагы окуганыма караганда алда канча таасирдүү болгонун жашыра албайм. Бул чыгармага мурдагыдан бетер катуу толкунданып, таасирленишиме бир чети таланттуу жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбеков бул повестти кан-сөлүн жерге тийгизбей орус тилинен кыргыз тилине кемелине жеткире кыргыз тилинин байлыгын, көркөмдүгүн чеберчилик менен пайдаланып, түп нуска деңгээлинде, чыгарманын поэтикалуулук жана башка сапаттарын өз калыбында сактоо менен суктанарлык которуп койгондугу түрткү болду көрүнөт.

Анын үстүнө мен “Гүлсаратты” биринчи жолу совет мезгилинде окуган элем. Азыр ойлосом ошондо чыгармада чагылдырылган көп маселелер мен үчүн түшүнүксүз бойдон кала берген тура. Азыркы окуганымда бул чыгарманын маани-маңызы эмнегедир мурдагыдан таптакыр башкача болуп жатпайбы. Ушундан улам, “Гүлсаратты” совет мезгилинде окуганда бир башкача, ал эми демократиялык заманда окуганда дагы бир башкача түшүнүп калат турбайсыңбы, демократиялык заман тигил же бул идеологияга байланбаган эркин окурманды жаратат турбайбы деген ойго келдим. Ошол себептен, Ч.Айтматовдун “Гүлсарат” повестин азыркы доордо окуганда кандай жаңы түшүнүктөргө ээ болгонум тууралуу айта кетүүнү эп көрүп отурам.

Ооба, “Гүлсарат” көп пландуу чыгарма. Мен анын баарына токтолуп отургум келбейт. Бул чыгарма 1966-жылы жарыялангандан кийин ал тууралуу аябай көп жазышкан. Аны совет адабиятында акыркы жылдары жарык көргөн көрүнүктүү чыгарма деп да баалашкан. Бүгүнкү күндө ошол мезгилде чыгарма боюнча айтылган түркүн-түркүн пикирлерди окуп отуруп, алардын көбүнүн бир жактуу айтылганына күбө болуудабыз. Ырас, көпчүлүк адабий сынчылардын “Гүлсарат” тууралуу "окурмандарга эбегейсиз эстетикалык ырахат тартуулай турган, социалдык планда өтө курч жазылган, драматизмге жана трагизмге сугарылган, ыр түрүндөгү прозаны, жүрөктүн назик кылдарын күүгө келтирээр жумшак лиризмди жараткан чыгарма" деп айткандарына толук кошулууга болот.

Бирок алар чыгармада ачылган коомдук түзүлүштүн образы тууралуу үстүртөн гана сөз кылып өтүү менен чектелишкен. Анын объективдүү себеби болгон.

Биз советтик мезгилде жашап турган учурда социализмди түбөлүктүү деп ойлочубуз, ага чаң жугузчу эмеспиз. Мындай көз караш баарыбыздын аң-сезимибизге биротоло сиңип калган болчу. Ошондуктан “Гүлсаратта” чагылдырылган коомдук түзүлүштүн жарамсыз жактарын социалисттик реализмдин идеологиясына сугарылган совет мезгилинин адабиятчылары ачык айтканга даай алышкан эмес.

Азыр болсо доор башка. “Гүлсаратты” окуп чыгып, “аттиң ай, Гүлсары азыркы доордо жашаганда чыгармада чагылдырылгандай трагедиялуу тагдырга дуушар болмок эмес экен го” деп айткың келет. Анткени повестте Гүлсары мамлекеттин менчигиндеги колхоздун малы эмес беле. Болгону чыгарманын баш каарманы – колхоз жылкычысы Танабайга Гүлсарыны мурунку жылкычы Торгой чал колхоздун жылкыларынын арасынан энесинин эмчегинин жылуу сүтүн ээмп куунак жүргөн кулунчак чагынан тааныштырган. Андан ары Гүлсары өз үйүрүндө ээн-эркин Танабайдын көзөмөлүндө айгырак болуп жетилет. Ошондо гана Танабай азат жүргөн Гүлсарынын мойнуна чалма чалат, ал канчалык күчтүү болбосун адамдын айлакерлигине моюн сунат, оозуна ооздурук тагылып, жонуна ээр токулганда Танабай: “Мага таарынба, досум, качанга дейре килеңдеп бош жүрмөк элең, эчтеке эмес, көнүп кетесиң” - дейт. Ошентип, Гүлсары жылдызы жаркырап жанган жоргого айланат. Танабайдын өмүрүндөгү согуштан кийинки жыргалдуу доорону ошондон тартып башталат эмеспи. Чыгармадагы бир эпизод минтип сүрөттөлөт: “Гүлсарыны минип баратканда Танабай эл көзүнө көйрөңдөнүп коюудан да тартынбады. Сымаптай чайкаган жоргонун үстүндө көйрөңдөнбөскө чара барбы? Аны Гүлсары да жакшы сезчү. Айрыкча жакага түшүп келатканда эгин талаасында иштеп жүргөн топ келин жолукса, аларды алыстан көрө сала Танабай ээр үстүндө боюн түзөп, үзөңгүнү чирене тээп, чалкалай отурат да тизгинди бошотот. Ээсинин кыймылын Гүлсары да дароо сезе коёт, арылдап жоргосун күүлөп жиберет. Жалы желге сапырылып, куйругу чубаалжый илээшип, анда-санда кошкуруп, кулак тикчийте жүрүп берет Гүлсары, мемиреген эгин талаасынын үстүнөн дүпө-дүп дүбүрт чыгат”.

Гүлсары менен Танабайдын май майрамындагы күлүктөрдүн жарышындагы, көк бөрүдөгү даңазалуу жеңиштери, ошондой эле Танабайдын сезимине чок салган, күйөөсү согуштан кайтпай калган Бүбүжан келин менен сырдана жолугушуулары да экөөнү ажырагыстай бекемдеп салган болчу. Ошондуктан “кайсы бир күнү Гүлсарыдан айрылып калам го” деген ой Танабайда таптакыр болгон эмес.

Бирок даңазасы таш жарган Гүлсарыга кимдердин гана көзү кызарбады, аны кимдер гана мингиси келбеди? Мындайда тоталитардык режимдин өкүлү, өзүн колхоздун кожоюну санаган, айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылган башкарма кантип эле соорусуна суу койсоң чайпалбас Гүлсарыдай жоргого кызыкпасын? Бир күнү колхоз башкармасы буйрук жазып Гүлсарыны алдырганы жанына бала кошуп, жылкы ферма Ыбрайымды Танабайга жөнөтөт. Танабай болсо Гүлсарысын дароо эле кармата коймок беле, "бербейм" дейт. Гүлсарыны башкармага мингизүүнү убада кылган жагымпоз, бир жагынан жойпу Ыбрайым: “Мунубуз дурус болбойт го. Бизге башкарма кылып дайындап жиберсе, өзү мейман киши болсо, анан айылыбыз менен дурустап бир ат таап бере албасак", – дейт. Ошентип, экөөнүн талашы апогейине жетип баратканда Танабайдын аялы Жайдар оор күрсүнүп: “Берсеңчи, буларды жолдон калтырбасаңчы”, – дейт. Танабайдын айласы куруп, ичинен кан өтүп, Гүлсарыны бергенге мажбур болот. Ызасына чыдабай Танабай: “Эмнеге бер дедиң?!” - деп кыйкырганда Жайдар оор басырык менен: “Гүлсары сенин жеке менчик малың беле? Жеке өзүңкүбү?.. Жорго колхоздуку”, – дейт эмеспи. Жайдардын минтип айтканында зор маани бар болчу. Танабай менен Гүлсары миң ажырагыстай болгону менен ажырашууга туура келип жатпайбы.

Жогоруда: “Эгерде Гүлсары азыркы заманда болгондо социалисттик замандагыдай трагедиялуу тагдырга туш болмок эмес” деп айтканыбыздын жүйөсү да ошондон. Анткени Гүлсары азыркы маалда жашаганда колхоздун малы болмок эмес. Ал бирөөнүн жеке менчик сүйүктүү малы болуп, колхоздон көргөн кордуктарды көрмөк эмес. Азыркы заманда жеке менчик Конституция тарабынан бекитилген кол тийбестик укугуна ээ. Демек, чыгармада Гүлсары ошол учурдагы коомдук түзүлүштүн курмандыгы болгон деген жыйынтыкты бүгүнкү күндө чыгарууга болот.

Көрбөйсүзбү, Гүлсары колхоздун ат сарайында байланып турганга көнгөн эмес, ал өз үйүрүн, өзү шынаарлаган бээлерин сагынат, өз кожоюну Танабайга кайрылып баргысы келет. Үч жолу үйүрүнө жана Танабайга качып барат. Бирок, үчөөндө тең кайрадан алып кетишет. Алып калуунун амалы таптакыр болбойт. Бөтөн адамдарга багынгысы келбеген Гүлсарыны кайра качкыс кылуу үчүн колхоз активдери жоргону ырайымсыздык менен айгыр касиетинен ажыратып, бычып салышат. Ушуну менен колхоз түзүлүшүнүн жүзү ачылган.

Ошону менен Гүлсарынын сайрандуу күндөрү түгөнөт. Ким колхозго башкарма болуп келсе, ошонун минген жоргосуна айланат. Мунун баарын көрүп-билип турса да Танабайда арга жок эле. Бирок, Гүлсарысын унутпайт. Бул Танабайдын адамгерчилиги. Кайда жүрбөсүн көз кырын салып жүрөт. Арадан жылдар өтөт. Акыры Гүлсары арыйт, карыйт, алдан-күчтөн таят. Танабай да улгаят. Араба тартканга алы келбей чарчап-чаалыгып эч кимге кереги жок болуп калган араң жан жоргосун колуна алат. Алардын акыркы чогуу сапары өр тарткан сайдын жолунда болот. Ушул жолдо Танабай Гүлсарысын кайрылып келгис сапарына узатып, дүйнө жүзүн жаңырткан, өзөктү өрттөгөн: “Кош бол, жаныбарым Гүлсары” - деген акыркы сөзүн айтат. Чыгармада баштан-аяк кезеги менен баяндалып турган Танабай менен Гүлсарынын сайды өрдөп “картаң ат менен карыя адам” бараткан акыркы сапары повесттеги окуялардын башын бириктирип, коштоп жүргөн ремарканын ролун мыкты аткарган десек болот. Дегеле, Ч.Айтматов “Гүлсарат” чыгармасында да композиция түзүүнүн ашкан чебери болгондугун көрөбүз.

Мына биз жогоруда Гүлсары коомдук түзүлүштүн курмандыгы болгондугун чечмелеп бергенге аракет жасадык. Ал эми чыгарманын баш карманы болуп эсептелген Танабай ким болгон? Бул суроого да “Гүлсаратты” кайрадан окугандан кийин башкачараак жооп тапканга аракет кылып көрөлүчү. Ырас, Танабайдын образына да советтик адабиятчылар түрдүү боёкторду беришкен. Аны чыныгы коммунист катары санашып, колхоздук түзүлүштү анын идеалы деп эсептешкен. Бирок азыркы учурдун көз карашы менен алганда картина таптакыр башкача экендигин, жазуучунун билдирейин деген ойлорунун башкача болгонун көрөбүз. Көрсө, чыгарманын каарманы да мезгил таразасынан өтөт тура. “Гүлсаратта” Танабайдын жаш чагынан тартып, карыганга чейинки кылган аракеттери, баскан жолу баяндалат. Ошол аракеттердин айрымдарына токтолуп, андан жыйынтык чыгарып көрөлүчү.

Танабай бала чагында энелери бөлөк бир тууган агасы Кулубай менен байга жалданып мал багышат. Арадан бир жыл өткөн соң караса, тапканын ичкен-жегенине чегериштирип коёт, бай. Ошентип экөө чокойлорун жыртып, куру баштыктарын ийинге артып, кете беришет. Анан ага-ини ал жылы эки жакка кетет. Кулубай башка бир байга жалданат. Иниси оруска малай болот. Аңгыча революция келип жетет. Танабайдын заманы келип, айылына кайтат. Жер да, эрк да, укук да бир күндө колуна тиет. Батрачкомго шайланып, күн-түн дебей жыйналыштарда жүрөт. "Кулактар жоюлсун!" деген ураан менен бөрк ал десе баш алгандын арааны ачылыптыр. Кулактардын тизмесине Кулубай да илинген экен. Агасы Кулубай ошол убакта өз күчү менен оокаттанып, бир жесир аялга үйлөнүп, бакубат чарба куруп алыптыр. Сельсоветтин жыйналышында Кулубайды кулакка тартуу-тартпоо маселеси каралып жатканда Чоро "Ойлонолу" десе Танабай өчөгүшө минтип айтат экен: “Тизмеде барбы, бар, демек кулак! Эч кандай аёо болбосун! Кеңеш өкмөтү үчүн өз атам болсо да аябаймын. Менин агам экен деп силер аябай эле койгула. Силер тартынсаңар, аны мен өзүм кулакка тартам”, – дейт. Анда Кулубай: “Менин эмнем бай? Өз эмгегим, таман акы маңдай терим менен тапкан малымды айтасыңбы? Көп көрсөң ал. Баарын алгыла. Бирок, мени кулакка кошуунун кереги эмне? Кудайдан корксоңчу, Танабай?”, – дейт. “Баары бир сен касташкан тапсың. Колхоз куруш үчүн алды менен сени курутушубуз керек. Сен биздин жолубузду бөгөп турасың, бөгөттү алып таштообуз керек”, - дейт Танабай.

Ошентип, агасын кулакка тарттырып, Сибирге айдатып жиберет. Чыгармадагы ушул окуяны советтик окурмандар совет бийлигине берилген Танабайдын каармандыгы катары баалашкан. Ал эми азыркы көз караштан алып караганда бул нагыз Павлик Морозовчулук. Ал убакта атасын, агасын, кошунасын, айылдашын кулакка тарттырган Павлик Морозовдор чекеден чыкчу. Танабай да ошолордун бири болгон. Демек, Танабай жаман адамбы? Жок, Танабай Совет бийлигинин азгырма идеологиясына ишенген ак жүрөк адам болгон. Ал байлардын мал-мүлкү, жери тартылып алынып кедейлерге таратылып берилсе, Совет бийлиги орносо, колхоздор курулуп бүтсө “кой үстүнө торгой жумурткалаган" заман келет деп ойлогон.

Бирок Танабайдын ошол ойлогон ойлорунун баары кийин биринен сала экинчиси ойрон боло баштайт. Анын таптап жетилткен Гүлсары жоргосун колхоз кандай зомбулук менен кантип тартып алганын жогоруда айтып өттүк. Ал ошол жылкы артында жүргөн кезде эле колхозго болгон көз карашы өзгөрүлө баштаган эле. Күдүктөнткөн суроолор аны кыйначу болот: “Эмне үчүн азыр колхоз өзүңдүкү эмес, башка бирөөнүкү сыяктуу көрүнөт... Колхозду колхозчулар эмес, сырттан бирөө бийлеп тургандай. Эмне иштеп, эмне кылуу керек экени, чарбаны кандай жолго салып, жумушту кандай жакшыртуу керек экени сырттан жакшыраак көрүнө тургансышат. Чарбаны нары калчап оңдошту, бери калчап оңдошту, аягында оңдолбой эле бузулуп калып жатат... “Эмнеликтен?” деп колхоз жайын ойлоп жатып, башы катты. Баары бир жооп таппады”.

“Гүлсарат” повестинен келтирилген бул үзүндү окурманды Ч.Айтматов социализмдин убагында эле колхоз түзүлүшүнүн келечексиздигин көрө билгенби деген ойго жетелейт. Көрсө жазуучу турмуш чындыгын болгонун болгондой реалдуу чагылдырып жатып, коомдук түзүлүштүн жүзүн ачыкка чыгарып, даана көрсөтүп койгон тура. Бирок совет убагында “Гүлсаратты” эч ким "колхоздук түзүлүштү катуу сынга алган чыгарма" деп ачык айта алган эмес. Анткени ал убакта эч ким колхозду келечексиз деп ойлочу эмес.

Азыркы ачык заманда гана чыгармада камтылган ойлордун, маселелердин баары айдан ачык көрүнүүдө. Мисалы, чарба активдери Ыбрайымдын жана Алдановдун, райондук прокурор Сегизбаевдин жана райкомдун секретары Кашкатаевдин бюрократтыгы, жагымпоздугу жана мансапкорлугу Танабайдын жылкычылыктан чабандык ишке өткөн турмушунда айрыкча курч чагылдырылат. Ал малчылардын жыйынында "жүз койдон жүздөн ашуун козу алам" деп дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда социалисттик милдеттенме алат. Партократтарга эмне, чабандарга эптеп социалисттик милдеттенме алдырыш керек болчу. Калгандарынын баары чабандын мойнунда. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы социалисттик милдеттенмени аткарышың керек.

Танабай дал ушундай кырдаалга туш келет. Бир короо төл койду алганы менен, чөп-чар жетишпейт, төл жакындап калган. Койлор ач, биринин жүнүн бири жейт же короосу түзүк болсочу, жаан жааган сайын тамчы өтө берип, короонун ичи белчеден чыла. "Абалың кандай?" деп ал-жайыңды сурап койгон жетекчи сөрөй болсочу. Бир жолу жаны кашайган Танабай эчтеке менен иши жок үйүндө жаткан жетекчилерди "өлтүрөм” деп ызырынып, атына минип жөнөмөк болгондо ызы-чууга түшкөн сакманчы аялдар, өзүнүн кыздары асылып жатып алып калат эмеспи. Айрыкча аялы Жайдардын: “Коё турчу, сөз укчу. Макул, бардың дейли, өкүрүп-бакырып жаңжал салдың. Андан эмне чыгат? Ушу күнгө чейин эчтеме бүтүрбөгөн немелер эми бүтүрүп салабы? Колхоз кудурети болсо ушу кезге чейин жаңы кашар салып бербейт беле!”, - деп айтканы Танабайдын демин суутат.

Чынында Жайдардын айткан сөздөрүндө терең маани бар болчу. Анын айтканында "чарбанын бир ууч майда жетекчилеринин колунан эмне келмек эле, кептин баары өйдө жакта, ушундай абалга коомдук түзүлүштүн өзү жеткирүүдө" деген ой жаткансыйт. Болбосо коомдук малга ушунчалык да кайдыгерлик, жоопкерсиздик мамиле болобу? Ушул жерден айта кетүү керек, Жайдар өтө акылман аялдын образы. Ал азыркы замандын Каныкейин элестетет. Бул образга да советтик адабиятчылар көп кайрылышкан эмес. Аны жөн гана Танабайдын жоош-момун зайыбы катары карашкан. Чынында ”Жайдар болбосо каерде Танабайдын арка-мойну астында каларын бир кудайдын өзү билер...”-деп Чоро бекеринен айтпаса керек.

Чыгарманы окуп отурсаң төл учуру баталиялык көрүнүштү элестетет. Ачкалыктан козу салган койлор андан көп, ал эми аман-эсен туулгандары суукта тоңуп биринин артынан бири өлүп жатса, бир жагынан ачкалыктан тууй албай өлүп жаткан койлор канча дейсиз? Ушулардын баарын көрүп туруп айласы алты кеткен Танабай жаны кашайып минтип жатпайбы: “Мунун баары эмнеликтен? Кереги кимге? Асырай албасак, кой өстүрүп кажаты канча? Ким күнөөлүү буларга? Ким? Айтсаңчы, ким? Сен, дал сен өзүң, сага окшогон былжырбайлар! "О, биз баарын көтөрөбүз, кууп жетебиз, басып өтөбүз, убада беребиз!" - деп таңдайыбыздан чаң чыгат ээ! Мына көтөр эми арам өлгөн козуларды, убадаңды аткар! Тиги чылада өлүп жаткан койду сүйрөп озуп кет! Кана кыйын экениңди көрсөтчү!..”.

Мунусу Танабай социалисттик идеологиянын “капиталисттерди кууп жетебиз, ашып кетебиз!”- деген ураандарына кыжыры кайнап айткандагысы эмеспи (чынында капиталисттерди кууп жеттикпи? Артта калгандан артта калып отуруп, анын аягы эмне менен бүткөнү баарыбызга маалым). Колхоз түзүлүшү жөнүндөгү алгачкы кыялдары, үмүттөрү биринин артынан бири кыйрап, ойлогон ойлору ойрон болуп,теңирден тескери болуп жатышы коммунист Танабайдын кыжырын келтирип, колхоздук жана райондук жетекчилер менен тирешүүсүнө түрткү болот. Прокурор Сегизбаев менен болгон чыр-чатак Танабайды компартиянын мүчөлүгүнөн чыгарууга алып барбадыбы.

Ошондо адилетсиздик башына түшкөн Танабайдын күйбөгөн жери күл болуп, бир убакта Кулубай агасын ак жеринен кулакка тарттырып жибергени көз алдына тартылат: “Ошондо алыстагы булуттан жарк эткен чагылган сымал, бир кезде Кулубай тепсеп, жулуп, тытмалап кеткен буудайдын бучкагы Танабайдын көз алдына келе түштү. Кулубай долуланып, аргасы куруганда жиндеп жатканы кадимкисиндей көзүнө көрүндү да, көргөнүнө тула бою дүркүрөп, көөдөндөгү муштумдай жүрөгү чыңырып-чыңырып алды”.

Ошентип, Танабай абийирдин азабын тартат. Карыган чагында да тоталитардык режимдин кордугун көрөт. Анын айынан жалгыз уулу карьера жасай албай, кызматтан кызматка көтөрүлбөй калат. Буга атасы Танабайдын Компартиянын катарынан чыгарылышы себеп болот. Ошон үчүн адебин келини берип жатпайбы: “Жылкычылык менен койчулуктан башыңар көтөрүлбөс болгон соң, башында эле партияга өтүп силерге суутуп койду беле? Акырында партиядан кууп салды, мына силердин кесепетиңерден балаңар өсө албай отурат. Ушул кызматында бирөөнүн көзүн карап, бу шордуу эми өмүр бою отурат эмеспи”. Танабай үчүн мындан өткөн оор сөз барбы?

Танабайдын образы - М.Шолоховдун “Тынч Дон” романындагы келечекке жол табалбай, орто жолдо азап чеккен Григорий Мелехов сыяктуу эле трагедиялуу образ. Дегеле “Гүлсарат” повести Нобель сыйлыгына татыктуу болгон дүйнөлүк көп эле мыкты чыгармалар менен теңдеш экендигин тартынбай айтсак болот. Бир чети социалисттик коомдо жашап туруп, аны кескин сынга алып, коомдук түзүлүштүн табиятын дал өзүндөй чагылдырган Чыңгыз Айтматовдун ошол убактагы тайманбастыгына тан бербей койбойсуң. Экинчиден, мындай чыгарма ошол кездеги цензуранын катаал элегинен кантип өтүп кеткенине да таң каласың.

Чыгармадагы Танабайдын эң жакын досу Чоронун образына да кыскача токтоло кетпесек болбос. Анткени, совет мезгилиндеги адабиятчылар бул образга да бир жактуу карап келишкен. Бүгүнкү күндө болсо Чоронун образы ачык-айкын көрүнүүдө. Ооба, чыгармада Чоро Компартиянын идеалдарына берилген, анын көрсөткөн багытынан жазбаган, партиянын тапшырмаларын кыйшаюусуз аткарган, партиялык жогорку кызматтагы кишилерге кыңк этпестен баш ийген тил алчаак коммунист катары көрсөтүлгөн. Чыгармада Чоронун айткан сөздөрүнөн анын акырындык менен дүйнөлүк революциянын жеңиши келерине ишенген кыялкеч-утопист да болгондугун боолголоого болот. Танабай аны досу катары жанындай көрөт. Кара жанын карч уруп, жүрөгү оорулуу болгонуна карабастан, күн-түн дебестен партиялык тапшырмаларды аткаруунун үстүндө жүрөт.

Түпкүлүгүндө Чоро сабырдуу жакшы адам. Бирок, ал партиянын кызыкчылыгын баарынан жогору коёт. Ал эң жакын досу Танабайдын партиянын катарынан чыгарылсын дегендердин катарында болот. Анткени, ал партиялык режимдин айтканынан чыга албайт болчу. Бирок, Чоро райкомдун бюросунда Танабайды коргой албай алсыз болуп калгандыгына ичи күйөт, кайгырат. Бюродон кийин Чоро жагдайды Танабайга түшүндүрөйүн деп жолукканда, Танабай "мындан ары экөөбүздүн жолубуз эки башка, достуктан айрылдык" дегендей сөз айтат эмеспи. Мындай соккуну көтөрө албай үйүнө барганда жүрөк оорусу кармап, Чоро дүйнөдөн кайтыш болуп кетип жатпайбы. Эмне деген трагедия? Мындан көрүнүп тургандай, Чоро да Гүлсарат, Танабай сыяктуу эле коомдук түзүлүштүн курмандыгы болгон каармандардын бири экендигин азыркы учурда тартынбай айтууга болот.

"Чыңгыз Айтматов “Гүлсарат” повестинде эмне үчүн чабандык иштин татаалдыгын, азап-тозогун жаны ачышып, болгонун болгондой, жетер жерине жеткире берилип жазган, анын максаты эмнеде эле?" - деген суроого жооп издеп көрөлүчү.

Ооба, Кыргызстан Чыңгыз Айтматовдун Ата Мекени. Ал эми Кыргызстанды "чабандардын мекени" деп да айтышчу. Анткени, Кыргыз ССРи кой өстүрүүчү республика катары пландаштырылып, кыргыз калкы көбүнесе кой артында жүрүшү керек болчу. Чынында кыргыздар ушул ишти 70 жыл бою аркалап келишти. Же анын бир кайыры болсочу? Бул маселе да “Гүлсарат” повестинде ачык-айкын, ынанымдуу чагылдырылганын көрөбүз. Танабай жылкычы болуп барганда эскилиги жеткен Торгой чалдын кырк жамачы курмушу боз үйүндө туруп калышат эмеспи. Бул меселеде да бир топ карама-каршылыктар бар.

Мисалы, Танабайдын өзү баш болуп, “боз үй деген революциядан мурдагы жашоочу жай, ал бара-бара жоюлуп кетет” деген азгырма сөздүн жетегинде: “Жоюлсун боз үй! Эскиче жашоо жоюлсун!” - деп кыйкырып чыккан экен. Кийин башына келгенде боз үйдүн баасын түшүнүп: “Адам баласы көчмөн жашоого боз үйдөн артык жай ойлоп таба элек тура. Боз үй жарыктык өз элинин акыл-оюнан чыккан ажайып үй турбайбы, анын ар бир тетиги муундан муун жараткан улуу өнөрдүн жемиши турбайбы”, – деп жатпайбы. Мурда "боз үйдү курутуу керек" деп айтканга кантип оозу барганына кабыргасы кайышып, өкүнүчкө батат. Колхоздон жүн алып, боз үйдүн кийиздерин жаңыртайын деген ой менен колхоздон жүн сураса кеңседегилер: “Сен эмне, көктөн түшүп келдиңби? Жүндүн баары планга төгүлөт, колхоздо бир грамм да жүн калбайт...” - дешет. Мына, боз үйдү жок кылуунун максаты эмнеде болгон! Ошентип, советтик мезгилде боз үйлөрдүн кескин азайганы жашыруун эмес. Ошол себептен, Кыргызстанда малчылардын баары брезент чатырларда жашоого өтүшкөн. Боз үй “тап катары" жоюлган болчу. Бирок Чыңгыз Айтматов “Гүлсарат” повестинде совет бийлигинин боз үйдү жоготуу саясатына каршы чыгып, кыргыздардын атам замандан берки турак үйү – боз үйдү коргоп, жазып чыккан.

Чабандык иштин аки-чүкүсүнө, ийне-жибине чейин мыкты билген Чыңгыз Айтматов “Гүлсарат” повестинде чабан Танабайдын тарткан азап-тозогун бүтүндөй кыргыз элинин азап-тозогу катары чагылдырган десек болот. Ал муну жөн эле чыгарманын көркөмдүгү үчүн эмес, кыргыз элинин жашоосуна түздөн-түз тиешеси бар курч маселелерди көтөрүп чыгыш үчүн бүт чыгармачылык жигерин, дараметин жумшаган.

Акыры анын натыйжасы жерде калбады. Жаңыдан жарык көргөндө “Гүлсарат” повестинин таасири жогорку эшелондогу бийлик органдарына да тийген көрүнөт. Ошол учурдан тартып темир-бетондуу стандарттуу кой короолордун, алардын жанына чабандардын үйлөрүнүн салына башташы бекер жеринен болбосо керек. Бирок ошону менен эле кой багуу жумушу таптакыр жеңилдеп кеткен эмес. Кыргызстанда "койдун башын 15 миллионго жеткирүү" планы таңууланып, белгиленгенде баягы эле Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк кадыр-баркына салып, жогорку трибунадан туруп, эгерде Кыргызстанда койдун башы 15 миллионго жеткирилген болсо, кыргыз тоолору койлордун туягынан жабыркап, дегредацияга учуроо менен экологиялык катастрофа жараларын айтып чыгып, кыргыз жерине, кыргыз элине күйүмдүүлүгүн көрсөткөн. Чыңгыз Айтматовдун: "Эмне үчүн жүндүн килограммын бизден 10 сомдон сатып алышат да, андан жасалган костюмду 200 сомдон сатышат?" деп айтып чыкканы да союз убагында чоң резонанс жараткан.

Кудай жалгап союз таркаган соң койдун санын көбөйтүү темасы жабылган. Көрүнүп тургандай, Чыңгыз Айтматов көркөм чыгармаларында болсун же коом алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маектеринде, макалаларында болсун кыргыз элинин жашоо турмушуна, келечегине байланыштуу курч маселелерди дамаамат айтып чыгып, билдирүүлөрдү жасап турган. Элине кызмат кылуу деген ушунчалык болоор!

Биз жогоруда сөз кылып өткөн “Гүлсарат” повестин академик Абдылдажан Акматалиев “көп пландуу чыгарма” деп туура баалаган. Ошондуктан жогоруда повесттин бир гана тарабы жөнүндө сөз козгоп өттүк. Ал эми чыгарманын башка жагдайларынын ар бири кенен-кесир сөз кылууга болот. Мисалы, “Гүлсарат” повестиндеги Танабай менен Бүбүжандын ортосундагы арзуу мамилелерин чагылдыруу менен Чыңгыз Айтматов адамдардын ички сезимдерин кылдат берүүнүн ашкан чебери экендигин дагы бир жолу көрсөтө алган. Анткени, Танабай менен Бүбүжандын чыгармада чагылдырылган арзуу мамилеси окурман үчүн унутулгус. Макаланын аягында андан чакан үзүндү келтире кетели: “Бүбүжан жумушка жөнөөрдө кичинекей кызын кайненесиникине калтырып кетет. Жумуштан кайтканда жолдон кызын ала кетет. Кайненесинен кызын жетелеп чыгып, көчөнүн этегиндеги өз үйүнө кетип баратканын оолактан болсо да бир көрүүгө Танабай алыстан кайрылып келет. Бүбүжан көрмөксөнгө салып бара жатканы да, кара шалы жоолугунан көрүнгөн ак жуумал жүзү да, колунан жетелеп бараткан кызы да, кызынын жанынан жүгүргөн күчүгү да - баары Танабайга ысык көрүнөт”.

Абдимухтар Абилов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG