Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 16:18

Интернетте Айтматовдун кыргызча чыгармалары жок


Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу Оштогу кыргыз-казак форуму. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзүндө мурдагы СССРди “эң көп адабий китеп окуган өлкө” деп айтышчу экен.

Дал ошол Совет мамлекетинде мен 1981-1991-жылдары мектеп окуучусу элем. Окуган мектебим Сузак районуна караштуу Барпы айылындагы кадимки эле кыргыз тилинде сабак өткөн мектеп болчу. Азыр деле ошондой, бирок атын гана өзгөртүп, гимназия деген статуска ээ болуп калган. Мен жашаган замандан айырмаланып андагы класстарда компьютер бар жана алар... Интернетке туташкан.

Ошол окуучулук мезгилимде биз мектептин китепканасынан көптөгөн эле адабий китептерди окудук. Кызыктуу китептер колдо болуп калып, кезек күтүп, кезек келгенде жазылып алып, шашып айтылган кыска мөөнөт ичинде окуп бүтүрүп, кийинки кезекке турган окуучуга бериш керек болчу.

Арадан 27 жыл өтүп кетиптир...

Ал учурда азыркыдай компьютер, ноутбук, планшет, чөнтөк телефон кайда-а!? Керек болсо түстүү сыналгы да бирин-серин үйлөрдө гана бар эле. Бүгүнкү бала бакчадагы наристе да ойноп көргөн чөнтөк телефон миң уктасак да түшүбүзгө кирген эмес.

Эми ушу бүгүнкү заманда Интернеттен дээрлик бардык жаңылыктарды, түрдүү кино, ыр-бийлерди тапса болот. Ошол эле мен айткан мектеп китепканасындагы адабий китептерди, повесттерди, романдар менен жомокторду да.

Деген менен бир өкүнүчтүүсү - мен өзүмдүн кыргыз тилимде өзүмдүн кыргыз акын-жазуучуларымдын адабий китептерин электрондук варианттарынын баарын таба алган жокмун.

Айтматов боюнча "Азаттык" үналгысы жарыялаган сынактын шылтоосу менен алп жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларын бир сыйра кайрадан окуп көрүүнү эп көрдүм.

Эп көрдүм да, сүйүнгөн бойдон: "Философиялык, романтикалык, гумандуулук темаларын чагылдырган китептерди окуп эргүү да алам, акыл табам, эс алып да калам, чү!" деп жеңди түрүп Интернетке сүңгүдүм. Чү! - дедим да...

Бирок тилегимди, издөөмдү таш капты. Айтматовду издеп эки күн Интернетти чукуладым. Баарыбыз билген "Google" издөө системасын көп аңтардым. Издегенимди таппадым. Бирин-экин чыгармасын таптым, болгону ошол. Кайсы чыгарма экенин айтуунун кажети деле жок. “Чокоюң тар болсо дүнүйөнүн кеңдигинен не пайда?” дейт эмеспи. Зээним кейиди. Космос го алыс жакта экен, кол жеткен Чыңгызыма колум жетпеди...

Кайра окугум келгени “Эрте келген турналар” болчу. Андагы Султанмураттын Мырзагүлгө болгон ашыктыгы жөнүндө, Улуу Ата Мекендик согуштагы кызыл кыргын кезде тоо койнундагы өспүрүм мектеп окуучуларынын жасаган эрдиктери, улуу апаатта элдин биримдикте жан сактап, душмандарга тылдан сокку урушу тууралуу жана... эрте жаздагы учуп келген, ырыскыны жылооологон, аталары согуш отун кечип жүргөндөгү жаш балдарды кубандырган турналар, балдардын тагдырлары, тайманбастыгы жөнүндө окугум келди. Болгондо да кыргызча окугум келген. Айла жок орус сайтынан таап окуп бүттүм. Ооба, Орусиянын сайтынан таап окудум.

Айтып коюш керек, Айтматов агайыбыз да бир кезде кыргыз тилин өстүрүү жөнүндө канча бушайман түшпөдү беле?

Интернетте жок!

Биз: “Чыңгыз Айтматов! Айтматов! Айтматовдун жердешибиз!" деп сыймыктанабыз. Болгондо да катуу сыймыктанабыз. Чет өлкөдө Айтматовду сурап калышса төбөбүз көккө жетет. "Оой, менин жазуучумду сурашты, демек мени да кыргыз деп таанышты!" дегенге машпыз. Бирок алар ички руханий дүйнөбүздүн кандай деңгээлде экенин тааныштыбы, аны ким билет?

“Айтматовдун чыгармалары” деп издегенде орусча сайтта бардык китептери бар экен! Болгондо да бир эмес, бир нече сайттарда Айтматовду тапса болот! Онлайн окуудан тартып сатып алууга чейин. Караңызчы! Биз сыймыктанган жазуучубузду орус калкы Интернетке шурудай тизип коюптур. Баракелде!

Дүйнөлүк классиктерди: Пушкин, Толстой, Достоевский, Лондон, Драйзер, ж.б. китептерин биздикилерге салыштыруу үчүн издеп көрдүм. Баары бар жана бардык чыгармалары бар! Аларга жазылган макала, пикир андан көп.

Менин мамлекетим деле Интернетти жакшы колдонуучу болуп эсептелет. Бирок менин мамлекетим, сайттар, менин адабиятчы, илимпоз дөө-шаа агаларым, аваларым Айтматовду Интернетке эгемендик алгандан бери толук киргизе элек экен. Муну менен мен эч кимге сөз тийгизип аткан жокмун.

Мен мамлекеттен, Билим берүү министрлигинин, Китеп палатасынын жана башка мамлекеттик илим изилдөө институт-академияларынын сайттарынан Айтматовду таап окушум керек да?.. Ойлонуп көрүңүзчү, мамлекетибиз ошол шарттарды түзүп бериши зарыл эле.

Биз азырынча космоско уча албайбыз, заманбап роботторду чыгара элекпиз, керек болсо өзүбүз автоунаа да жасап чыгарууга кудуретибиз жетпейт.

Деген менен биздин колдон келчүсү - бул өзүбүздүн кыргыз даанышманыбыз, сыймыгыбыз, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Төрөкулович АЙТМАТОВ аттуу инсандын китептеринин электрондук варианттарын Интернетке киргизе албаганыбызды - адабиятты сүйүү, келечекке кам көрүү жана мекенчилдик деп эсептебейм!

Интернеттен "залкар сүрөткерибиздин китептеринин 8 томдук жыйнагы 2500 сом" деп жазылып турганын бир сайттан көрдүм. Бар сайттарга рахмат, кантсе да болгон аракетин жумшап, жазуучунун эмгектерин жарыялашып атыптыр.

Ал эми мамлекетимчи? Эч кимге көз каранды эмес, эгемен өлкөмчү?..

Макул, сатыкта бар экен. Бирок 2500 сому жок адам жазуучуну окуй албай калганы турган кеппи? Турган кеп. Балдарыбызга тарбия берүүдө “китепти, сабакты жакшы оку” дегенге кыйынбыз. Өзүбүзчү? Өзүбүз Айтматовду көпчүлүгүбүз толук окуй элекпиз. Эми ошол ата-эне баласына Айтматовду окуткусу келсе, ашыкча 2500 сому жок болсо кантиши керек?

Жазуучубуз жөнүндө көптөгөн изилдөөлөр, макалалар бар. Аны окуп, Айтматовду жакшылап таануу - бул руханий тазалануу, боорукердикке үйрөнүү, жаратылыш менен эриш-аркак жашоо ж.б. эмеспи.

Мен Айтматовду ушул убакка чейин жакшы таанып бүтө элекмин. Тааныгым келет. Аны тааныш үчүн китебин окугандан сырткары атактуу илимпоздор К.Асаналиевдин, А.Акматалиевдин, С.Байгазиевдин, О.Ибраимовдун, К.Даутовдун жана башкалардын залкарыбыз тууралуу жазгандарын, пикирлерин окугум келет.

Бир эле мисал келтирейин: жакында эле бүткүл Жер жүзүн дүңгүрөткөн футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик Орусия Федерациясында болуп өттү. Орустар уюштурган чемпионат тарыхта мыкты деп бааланып, жергиликтүү калктын маданияты, меймандостугу эң жогорку деңгээлде болгонуна өзүбүз да күбө болдук. Дүйнө эли да мактап, суктанганын айтып койбосо болбойт.

Эми ошол "миллиондордун оюну" деген футбол жөнүндө Чыңгыз Төрөкуловичтин бир айткан сөзү бар. Аны мен унутуп калдым. Кимдин эсинде болду экен? Аны билбейм. Менин эсимде калганы - 2005-2006-жылдары бир кыргыз гезит бетинен окугам. Классиктин гезитке чыккан маегинде ошол футбол жөнүндө эмне дегенин мен окушум үчүн, миңдеген гезиттерди издеп таап, аңтарышка туура келет.

Баса, архивдеримди аңтарып олтуруп, 1991-жылы өзүм карандаш менен тарткан Айматовдун сүрөтүн таап алдым. 27 жыл мурунку сүрөт! Ошондо мен 10-класстын окуучусу экенмин. Мектепте Ч.Айтматовду окуп, жазгандары менен таанышып атканымдагы тартылган сүрөт экенин түшүндүм.

Жогорку технологиялар жетишкен чакта, дүйнө жүзү алаканга салгандай көрүнгөн кезде (Интернетти айтып жатам) биз Айтматовду таппай атабыз. “Айтматов” деп клавиатураны тергенде эле Интернеттен ал киши жөнүндө болгон бардык макалалар, китептер кыргызча бажырайып чыгып калса кана? Ошондой болушу керек!

...Мына, замандашым! Мына, Чыңгыз Айтматов авамдын көп сырлары толук ачылып, толук таркатылып элге жете элек.

Менин тилегим - мамлекетим ар бир үйгө Айтматовдун томдуктарын жеткирсе дейм! Байлар, магнаттар, деги эле ар кандай иш-чараларга демөөрчү болгусу келген күчтүү инсандарыбыз Айтматовдун чыгармаларын элге таратса кандай зор, опол-тоодой иш жасап коюшкан болмок. Ошолорду “Азаматтар!” демекмин.

Жазуучуну даңктаган көрнөктөр анча-мынча эле илинип калат. Ал жөнүндө башка учурда кеп салалык.

Мамлекет өзү каржылап, Интернеттен кыргыз акын-жазуучуларынын китептеринин электрондук вариантын бир системага салып, калкка жеткиликтүү кылса жакшы болмок. Учурда популярдуу вариант бизге ыңгайлуу да болмок, кайсы жерде жүрсөк деле дароо алакандан ача коюп окуйт элек.

Менин жан дүйнөм каалаган китептин, Айтматовдун жазган дүйнөлүк шедеврин кыргыз тилимде окуй албай кыжаалат болгонум ушул, урматтуу замандашым!

Ушундай, менин, эгемен Кыргыз Республикасынын жаранынын, жөнөкөй окурмандын, жердешинин, дүйнөгө атагы чыккан жазуучуну - Чыңгыз Айтматовду табуу убарагерчилиги.

Кайрат Искендеров

Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айыл аймагы, Миң-Өрүк айылы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG