Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

"Ак кеменин" табышмагы


"Ак кеме" фильминен кадр.
"Ак кеме" фильминен кадр.

Жакшылап көз чаптырсак ал заман акыйкатсыздай туюлат...

1937-38-жылдары "улутчул"," эл душманы" деп СССРден бейкүнөө адамдар атылып, аргасыздан бул жарыкчылык менен кош айтышып кете беришти.

Биздин Кыргыз ССРинен да эр азамат, журтту ойлогон, калк камын көргөн адамдар көп болгон. Эл үчүн кара жанын карч ургандардын ичинде кыргыз адабиятында эле эмес, дүйнөлүк адабиятта орду бар, Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да бар эле.

Чыңгыз Айтматов атасы атылганда болгону он жаштагы эне сүтү оозунан кете элек бала экен. Азыркы учурда андай жаш балдарды карап көрөлүчү!..

Эч нерседен кабарсыз жок, оюн менен алек балакайларды көрөбүз.

Он жашында ойлуу жүргөн бала барбы?
Бул куракта жирей алат кимдер карды?
Чыңгыз атам жаш кезинде "тоону" ойлоп,
Ал "тоодон" кийинчерээк өчүн алды.

Тагыраагы, атасын өлтүргөн бийликке нааразы болуп, сөзсүз өч алгысы келди...

Ортодон көптөгөн жылдар өттү... Чыңгыз атабыз " Ак кеме" чыгармасын кандуу бийликтен өч алыш максатында жазды.

"Ак кеме" чыгармасынын астанасы "бала" деп башталат. Эмне үчүн баланын атын атаган эмес деген суроо туулат.

Же ал кезде балдарга ысым коюлган эмеспи? Анан дагы чыгарманы "Ак кеме" дебей," Кара кеме", "Сары кеме" же "Жашыл кеме" деп атаса эмне болмок? Же кеменин баары ак түстөбү?

Орустун төбөлдөрү бизди өтө эле кыйнады... Ата тегибизди билбей калдык, тилибиз экинчи орунга жылды. Өзүбүздү тааный албай калганыбызды чыгарманын "бала" деп башталышы айдан ачык, күндөн жарык кылып далилдеп турат.

Ал эми повесттин "Ак кеме" деп аталышында да чоң себеп, сыр катылып жатат. Бала дайыма кемени күтөт. Көлдү улам-улам карап, дүрбү менен алысты жакындатып, "Ак кеме" батыраак келсе дейт.

Чынында чыгарманын " Ак кеме" деп аталышы бул ошол кездеги эл ак, таза турмушту, көз карандысыздыкты күтүп жаткандай. Бирок, "ак кеме" биздин күнөстүү жергебизге 1991-жылы гана келди.

Жаркырап келген "ак кеме" тилекке каршы азыркы учурда карарып калгандай.

Чыгармадан Орозкулдун образынан зөөкүр, кара ниет адамдын мисалын көрө алабыз. Чыңгыз Айтматов Орозкул аркылуу бизге орус төбөлдөрүнүн колониялык мамилесин так, айкын ачып бере алган деп ойлойм.

Чындыгында Чыңгыз атабыз терс каарманды Орозкул деп атады. Ойлонолу...

Эмне үчүн карыган чалга Момун деген атты ыйгарды? Кыргыздар унчукпаган, өз оюн айта албаган адамдарды момун дешет эмеспи. Арийне, Момун чал ошол кездеги кыргыздардын образын берип турат.

Ал Орозкулга оюн батынып айта албайт. Айтса дагы Орозкул аны кагып салат.

Чындыгында көпчүлүк орус төбөлдөрүнүн бизге кылган мамилеси дал ушундай эле. Ал эми Момун чалдын зайыбынын образы аркылуу Айтматов кыргыздардан чыккан чыккынчы, сасыткылар болгонун айткысы келет.

Акырында акыйкатсыз замандын айынан бала балык болуп сүзүп кетет. Эч бир жазуучу жакшы каарманын өлүмгө кыйгысы келбейт.

Чыңгыз Айтматов атабыздын чыгармалары табышмак сыяктуу. Ар биринде ар башка маселе көтөрүлгөн. Окурмандар өзү талдап, чечсин деп чыгармаларынын аягын табышмактуу кылган.

Мен бул дил баянымда бир улутту жамандагым келген жок. Бир гана бийлик төбөлдөрүнүн ишин көрүп туруп, ичим күйөт. Биздин аталарыбыз 1930-жылдары эле өлкөбүзгө эгемендикти алып бермек. Бирок алардын тилегине кара ниет бийлик тоскоолдук кылды.

Чыңгыз атабыз биз үчүн улуу сөз, улуу жаңырык, улуу маданият, улуу адам.

Айтматов өлгөн эмес, өлбөйт дагы,
Жашап журот жүрөктөрдө анын каны.
Бир орунда турбастан сызып жүрөт,
Чыңгыз атам, пааша атамдын кызыл каны... Арыбаңыз!!!

Адил Какенов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG