Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:53

Айтматов бизге өзбекче окуганды үйрөткөн


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Чыңгыз Айтматовдун китебин кармап турат.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Чыңгыз Айтматовдун китебин кармап турат.

Мен Чыңгыз Айтматовдун китептерине 1962-жылдан тарта кызыга баштадым. Анда мен 13 жашта болчумун.

Ал убакта биздин Алай районунун борбору Гүлчө айылында үч китепкана бар болчу, бирок биринен да Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги китептерин көрө албадык.

Китепканачылар окурмандардын колунда дешти, ал эми кээ бир кишилер болсо жакшы китептерди кайтарбай коюшчу.

1965-жылы бир китепканачы мага "Жамийланы" таап берди, «Обон» деген ат менен чыккан кызыл китеп экен. Кайсыл жылы басылганын көргөзгөн бети айрылып калганы менен кудай жалгап калган барактары толук болчу.

Түштүк жакта нанды өзбек тандырга жапчубуз. Бир колум менен тандырга от жагып, бир колума китеп кармап, "Жамийладан" көзүмдү албай окудум. Акырында Сейит балалыгы менен коштошкон жерине келгенде мен да бир жылдан кийин балалыгым менен коштошорумду эстеп, ичим ачышканы эсимде.

1968-жылдары "Кызыл жоолук жалжалым" же "Делбиримди" издей баштадык, атын угабыз, бирок китеби табылбай койду.

Бир күнү ыраматылык иним Абдыманап Ташкенттен басылган өзбек тилиндеги вариантын таап келиптир. Гүлчөдө өзбектер көп болчу, алардын балдары менен чогуу ойноп, бир аз өзбек тилинде сүйлөй да алчубуз.

Аз-аздан аракет кылып "Делбиримди" өзбек тилинде окуй баштадык, бир аз көнгөндөн кийин өзбек тилинде окуп бүттүк. Кийин китепканадан өзбек тилиндеги башка китептерди таап, 70-жылдардагы өзбек адабияты менен тааныштык.

Кийинчерээк бир өзбек композитору Ташкенттин опера жана балет театрына «Кызыл жоолук жалжалым» балетин койду деп гезиттен окудум.

Азыркы кыргыз жана өзбек артисттеринин «Делбирим» жөнүндөгү жаңы тасмасы ийгиликтүү болот деп ойлойм.

Чыңгыз Айтматов адам менен табигаттын мамилеси, мугалимдердин статусу жөнүндө ж.б бир топ көйгөйлөр жөнүндө жазды. Тилекке каршы биз жыйынтык чыгара албадык.

Бороон Жаанбаев, Бишкек шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG