Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:43

Айтматов ачкан Ысык-Көл шеринеси


Ысык-Көл шеринесинин алкагында ачылган Чыңгыз Айтматов тууралуу фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү.

Кыргызстанда Ысык-Көл шеринеси ишин баштады. Иш-чара анын демилгечиси, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда.

Кезегинде Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен дүйнөдөгү аттуу-баштуу интеллектуалдардын башын кошкон Ысык-Көл шеринеси бул ирет жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналды. Иш-чаранын Бишкекте өткөн ачылыш жыйынына Айтматов менен замандаш болгон чет элдик бир нече маданият ишмери жана өлкөдөгү чыгармачыл, илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты.

"Айтматов жана азыркы доор чакырыктары" деген аталыш менен уюштурулган шеринеде азыркы доордун орчундуу маселелери жана жазуучунун чыгармачылыгын талкуулоо максаты коюлган.

Жыйынга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков убагында жазуучу көтөргөн маселелер учурда андан да курчуп, Ысык-Көл шеринесинин мааниси артканын белгиледи:

- Чыңгыз Айтматовду түйшөлткөн көйгөйлөргө үндөш жаңы глобалдуу чакырыктар жаралды. Биринчи Ысык-Көл форумунан бери дүйнө жүзүндө көп жаңы мамлекеттер пайда болду. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн капитализм менен социализм тирешип турган доорго туура келген эл аралык нормалар эскирди. Дүйнөлүк карым-катнашты жөндөп туруш үчүн курулган институттарды жаңылоо зарылдыгы жаралды. Терроризм менен экстремизмден коргонуу ар бир мамлекеттин, дүйнө коомчулугунун күн тартибиндеги курч маселе болуп турат. Чыңгыз Айтматов көрөгөчтүк менен көтөргөн маселелер - улам бузулуп бараткан экологияны коргоо, табият менен гармонияда жашоону камсыз кылуу - мурдагыдан курч мүнөзгө ээ болду.

Сооронбай Жээнбеков дал ушундай кырдаалда Чыңгыз Айтматов мезгилдин руханий компасы катары келечекке жол көрсөтөөрүн кошумчалады.

Кыргызстанда Ысык-Көл шеринеси башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00

Ал эми казакстандык жазуучу Олжас Сулейменовдун пикиринде, дүйнөдөгү курч маселелерди "ийри отуруп, түз кеңешүү" аркылуу чечүүгө чакырган Айтматовдун идеясынын канчалык керек экенин бүгүнкү кырдаал көрсөтүүдө:

- Дүйнөдөгү тынчтыкты камсыз кылыш үчүн, мурда айтылгандай, "бардык өлкөлөрдүн пролетарийлери бирикпестен", жер жүзүнүн маданий ишмерлери бири-бири менен пикир алмашып, кеңешип турушу керек. Дал ушундай милдетти Ысык-Көл форуму алдына койгон эле. Бул идеяны абдан келечектүү жана жападан-жалгыз туура идея деп эсептейм. Эгер адамды сүйгөн, жакшылыкты, жакшы ойду жана гуманизмди камтыган адабият мол болсо, өлкөлөр ортосундагы ишеним бекемделет. Ошондуктан, Чыңгыз Айтматов форумдун пайдубалына абдан сонун идеяны коюп кетти.

Кыргызстанда өтүп жаткан жыйындын максаты жалпы адамзаттын келечеги үчүн маанилүү экенин ЮНЕСКОнун өкүлү Криста Пикат да белгиледи:

- Бул форум жана Айтматовдун гумандуулукка болгон чакырыгы ЮНЕСКОнун мындан ары адамзаттын өнүгүшүнө карай тынымсыз аракетинде, айрыкча тарых, философия, тил, адабият жана жаратмандык өнөрүн айкалыштырууда өтө маанилүү.

Бишкекте ачылган шерине 7-октябрга чейин Ысык-Көлдө уланат. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өтөт. Жыйынтыгында Ысык-Көл форумунун декларациясы кабыл алынат.

Евразия жазуучулар бирикмесинин төрагасы, түрк жазуучусу Якуп Омероглу дал ушул декларацияда эң ириде айтылуу Айтматов өз чыгармачылыгында ар дайым белгилеген адам болууга умтулуу камтылышы зарыл экенин билдирүүдө:

- Айтматовдун үй-музейинде да, "Ата-Бейиттеги" эстелигинде да "Адам үчүн эң кыйыны - күн сайын адам болуш" деп жазып коюшкан экен. Бул сөз жазуучунун жеке жашоосун, чыгармачылыгын жана ишмердигин абдан сонун чагылдырып турат. Ал киши эмнени жазбасын, адамды борборго коюп, адамдын жашоосун түшүндүрүүгө, ошол жөнүндө ой жорууга аракет кылчу. Ошондуктан форумда талкуулаган сөздөр азыркы учурдагы адамдын көйгөйлөрүн эстен чыгарбаш керек.

Бул жолку шеринеге Казакстандан Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов, Орусиянын курамына кирген Татарстан, Башкырстан республикаларынын өкмөт өкүлдөрү, Түркия, Корея, Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн бир нече ишмер келген.

Академик Абдыганы Эркебаев кезегинде Айтматов демилге көтөргөн форум мурдагыдай дүйнөдөгү төбөсү көрүнгөн ойчулдарды чогулта албай жатканына тынчсызданат:

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

- Келген кишилердин курамы менен кылдат таанышып чыктым. Биринчи форумда дүйнөгө таанымал ойчулдар, жер жүзү билген кишилер болчу. Тилекке каршы, бара-бара илим менен технологиянын өнүгүүсүнүн аркасында бетме-бет диалогдун азайганынын таасириненби же башка себеп мененби, адамдар майдаланып бара жатат. Ошондуктан бүгүнкү форумда дүйнөгө таанымал кишилердин жоктугу мени өкүндүрөт.

Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен Ысык-Көл шеринеси алгачкы жолу 1986-жылдын октябрь айында өткөн. Ага XX кылымдын көрүнүктүү ойчулдары катышкан. Алардын арасында Рим клубунун ошол кездеги төрагасы, британ химиги Александр Кинг, испаниялык илимпоз жана коомдук ишмер Федерико Майор, италиялык илимпоз-педагог Аугусто Форти, актер Дэвид Болдуин, британиялык актер жана жазуучу Питер Устинов, индиялык музыка таануучу Нараяна Менон сыяктуу 16 адам бар эле. Бул ишмерлер ошол мезгилдеги адамзаттын башына келчү коркунучтар менен чакырыктарды талкуулап, кеңири пикир алмашкан.

Андан соң Мексикада, Испанияда өтсө, Кыргызстанда 1997-жылы экинчи жолу уюштурулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG