Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:08

Мурат Ауэзов: Айтматов убакытты жеңди


Мурат Ауэзов.

Ушул күндөрү Кыргызстанда өтүп жаткан Ысык-Көл форумуна катышуу үчүн келген казакстандык маданият таануучу, жазуучу Мухтар Ауэзовдун уулу Мурат Ауэзов “Азаттыкка” маек куруп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча ой-пикири менен бөлүштү.

“Азаттык”: Мурат ага, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уюштурган диалогдор шеринеси болгон Ысык-Көл форумунун бүгүнкү күндөгү мааниси кандай болууда?

Мурат Ауэзов: Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы баарыбыз үчүн кубанычтуу маараке. Ага карата Кыргызстанда үчүнчү жолу Ысык-Көл форумунун белгиленгени да эң туура. Бул жолугушуунун жыйынтыгы жакшы болот деп ишенем.

Бул жерден эки нерсени айткым келет. Биринчиден, мага Чыңгыз Айтматовдун руханий дүйнөсү аябай жакын, экинчиден аны атам менен байланыштырам.

Анткени убагында Мухтар Ауэзов “Манас” эпосун колдоп чыкканын Айтматов эң сонун эскерип берген. Ал учурда ал жапжаш, өзү көзү менен да көргөн экен.

Көп жылдардан кийин Айтматов “Ленин” сыйлыгынын лауреаты болду. Ал сыйлык ошол учурдагы саясий аренадагы эң ири сыйлыктардын бири болгон.

Эң алгачкы жасаган эмгеги Мухтар Ауэзовдун 40 жыл жарык көрбөй капаста жаткан “Дүрбөлөң заман” (казакча “Килы заман”- авт.) аттуу чоң аңгемесин Москвадагы “Новый мир” аттуу журнал менен макулдашып, чыгарманы басып чыгарган. Айтматов “Дүрбөлөң заманды” туткундан бошотту десек болот.

Андан кийин бул баян Казакстанда басылып чыкты. Лев Толстойду “Война и мир” менен таанысак, Мухтар Ауэзовду “Абай жолу” жана “Дүрбөлөң заман” менен гана тааныйбыз.

“Дүрбөлөң заман” бул Орто Азия элдеринин улуттук баалуулуктарын коргоо үчүн чыккан “Каркыра” көтөрүлүшүн сүрөттөйт. Бул көтөрүлүшкө кыргыздар да, өзбектер да жана башка улуттар биргелешип чыккан.

Ал эми форумду дүйнөлүк жагдайдан алып карасак, азыр Казакстанда Арал деңизинин соолуп баратышы, өзөктүк сынактардын өткөрүлүшү деги эле адамзаттын тарыхы, адамзаттын тагдыры жөнүндө терең ойлорду камтыйт.

Менде негизинен Айтматовдун ааламына тарткан тууганчыл сезимдер бар. Ушул сезимдеримдин себебинен келдим. Ушул өтүп жаткан чоң мааракенин жакшы өтүшүнө өз салымымды кошуу үчүн жана тууган жеримди таанытып калуу үчүн бул жердемин.

Кыргызстанда Ысык-Көл шеринеси башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00

“Азаттык”: Демек, убагында Мухтар Ауэзов убагында “Манас” эпосу үчүн жан үрөп күрөшүп, Айтматовго жакшылык кылса, кийин атаңыздын басылбай жаткан чыгармасынын жарык көрүшү үчүн Чыңгыз Айтматов себепкер болгон турбайбы.

Мурат Ауэзов: Ооба, дал ушундай. Өмүрдө ушундай адилеттиктер болуп турат экен.

“Азаттык”: Бирок ал учурда коммунисттик доо, партиянын чийининен четке чыккандар кыйын кырдаалга туш болгон учур. Айтматов дал ушундай чектөөлөрдөн корккон эмеспи же адилеттик үчүн тобокелдикке барганбы?

Мурат Ауэзов: Айтматов чыныгы азамат болгон. Бийликтеги, саясаттагы жагдайлар аны токтоткон эмес. Чоң адамдар, дүйнөлүк деңгээлде ойлоно билген инсандар ушундай болушу кажет. Азыркы муун ушундай адамдарды үлгү тутса мыкты болор эле.

Ааламдагы жалпы адамзат бир гана тилде сүйлөп калганда ал дүйнө кедей болуп эсептелет. Ошон үчүн ар бир тил, ар бир маданият сакталып калышы керек. Айтматов бул нерсени туура айткан.

Айтматовдун руху күчтүү десек болот. Жараткан чыгармалары бир эрдик болсо, жашоодо жасаган кадамдары менен башка көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылган. Мисалы, Айтматовдун жазган макалаларына кайрылсак, “Дүйнөдө саны аз улуттардын тилдерин кантип сактап калса болот?” деген макаласында “дүйнөдө жыл сайын 10-15 улуттун тили жок болуп кетет, бул адамзат үчүн чоң чыгым, канчалык адам саны аз болсо дагы ал улуттун тилин, дилин сактап калыш керек” деп, жан үрөп жазган.

Азыр Кытайды алып карасак Улуу Жибек жолуна байланыштуу “Бир жол, бир тагдыр” сыяктуу концепцияларды иштеп чыгып, анын артында турган баарыбыз кытай болобуз деген сыяктуу көз караштарды карманууда.

Баарыбыз бириксек, бакытка жетебиз деген ойлорду отурукташтырып жатышат. Алардын ниети да ошол. Бирок андай эмес. Тескерисинче, ааламдагы жалпы адамзат бир гана тилде сүйлөп калганда ал дүйнө кедей болуп эсептелет. Ошон үчүн ар бир тил, ар бир маданият сакталып калышы керек. Айтматов бул нерсени туура айткан.

“Азаттык”: Өзүңүз белгилегендей, Чыңгыз Айтматов чыгармалары, кылган иштери аркылуу адамзатка, урпактарга чакырык таштады. Мына ушул идея, чакырыктарга бүгүн канчалык деңгээлде баа берилип, азыркы тапта көңүл бурулуп жатат?

Айтматов ар тараптуу болгону үчүн анын чыгармалары кино аркылуу чагылдырылып, жашап жатат. Убакыт өтө берет. Бирок убакыттан корко турган Айтматов эмес.

Мурат Ауэзов: Азыркы замандын өзү басылган, жазылган чыгармалар үчүн эмес болуп жатат. Жаңы муун жалаң угат, көрөт. Окугандар аз. Бирок, Айтматов ар тараптуу болгону үчүн анын чыгармалары кино аркылуу чагылдырылып, жашап жатат.

Убакыт өтө берет. Бирок убакыттан корко турган Айтматов эмес. Убакыт Айтматовдун чыгармаларынан коркот. Анткени ал чыныгы классик.

Эркин эл болсун, улут болсун келечеги кең болушу үчүн ушундай руханий чыгармалар менен азыктанып турушу кажет. Убакыт аккан суудай көп адамдардын аттарын да, чыгармаларын да алып кетет. Кээ бирлериники гана түбөлүктүү жашап калат.

Ошолордун чыгармаларын руханий азык катары алып жүрүшүбүз керек. Алардын бири – Чыңгыз Айтматов, анын чыгармалары деп билем.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG