Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:42

Чыңгыз Айтматовдун космосу


Иллюстрациялык сүрөт.

"Мен билген Айтматов" сынагына Меңдибек Асылбековдон келген блог.

Бүткүл адамзаттын турмушунун бактылуу жана коопсуз болушу үчүн гениалдуу ойлорду айтып, планеталык маселелерди козгоп, дүйнөлөшүү жараяны менен кошо ай-ааламга толуп калдайып жылып келаткан коркунучтун алдын алып, анын апааттарынан сак болуу жөнүндө тынымсыз эскертип коңгуроо кагып келген улуу инсан, корифей, даанышман жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салып кеткенине (2008-жыл, 10-июнь) быйыл туура он жылдын жүзү болду.

Адамзатты эмне күтүп турганын алдын-ала боолголоп билип, келечекти алдын-ала даана айта билген феномен жана кеменгер жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл туура (1928-жыл, 12-декабрь) 90 жашка чыкмак. Ушу кезде бүткүл дүйнѳ жүзү, планетабыздагы мамлекеттер таланты менен ааламды таң калтырган даанышман жазуучунун 90 жылдык мааракесин улуу талантты урматтоо менен белгилеп эскерип жатышат.

Ааламда Чыңгыз Айтматовдун гениалдуулугу, кадыр-баркы, зоболосу убакыт өткөн сайын бийиктеп, көк теңирлик чегине чыгып, феномендик касиетинин улам жаңы жактары ачылып, аныкталып, гений жөнүндө аңыз кеп мезгил жалында ого бетер күргүштөй жүрүп дүйнө жүзү боюнча даңазасы арта бермекчи. Айтматовдук даанышмандык бүткүл адамзатына таберик болуп, ажаат ачып турган таң каларлык феномени менен ооматы артып, зоболосу ого бетер көтөрүлүп, убакыт менен тең жарышып жер жүзүнө өзүнүн керемет жарыгын чачырата бермекчи. Айтматовдук даңк эчак эле космоско шаңшып чыгып, өзүн өзү көкөлөтүп, орошон ойлуу керемети күч кудуреттүү чыгармалары менен аалам төрүндө айбарланып, кылым кыйырларын таң калтырып чабыт салып шаңшып тура бермек.

Жараткан менен сырдашып, жер планетасы менен космостун ортосундагы Теңирдин купуя элчисиндей болуп, көкөлөп өскөн цивилизациясы менен катар ар кандай капсалаңы үрөй учуруп турган заманда Көк Теңирден келген пайгамбардай даанышмандык менен бүткүл адамзаттык көйгөйдү козгоп, ар кандай опуртал коркунучтардан планетабыздын, Жер-энебиздин келечегин коргоп калууга бүткүл акыл-эстүү адамзатты чакырып, Кудай берген таланты, чыгармачылык кудурети менен ай-ааламды таң калтырып, бүткүл адамзаттын урмат-сыйына ээ болуп келген жазуучу агабыздын 90 жылдык мааракеси дүйнѳлүк деңгээлде ѳткѳрүлүп жатканына сыймыктанып да, андан айрылып калганыбызга бир жак капшытыбыз эңшерилип, жүрѳгүбүз зыркырап, сай-сѳѳгүбүз сыздап да турган чак.

Планетардык залкар жазуучу, дүйнөлүк коомдук ишмер жана лидер, чыгаан философ жана дипломатиянын көрөңгөсүн арттырып, доор талабына шайкеш келтирип, кадырын ого бетер көкөлөтүп, анын туу чокусуна чыгып ааламга жаркып чыккан кеменгер элчи Чыңгыз Айтматовду көптөгөн замандаштары, акындар менен жазуучулар, окумуштуулар менен илимпоздор, философтор менен тарыхчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, искусство жана өнөр адамдары, бир боорлору жана достору, жалпысынан эле адабиятты сүйгѳн, талантты урматтаган замандаштары бардык тараптан бийик деңгээлде эскерип жатышат. Алар Чыңгыз Айтматовдун инсандык өзгөчөлүгүнө, чыгармачылык кудуретине, дүйнө жүзүн таң калтырган адабий мурасынын зоболосу жылдан-жылга артып, улам бир жаңы кырларынын жана сырларынын ачылып келе жатканына, дүйнѳлүк адабият менен маданиятты, искусствону ѳркүндѳтүп ѳнүктүрүүгѳ кѳргѳн камкордугуна, анын Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу менен катар жер жүзүндө тынчтыкты сактоого кошкон салымына, саясатчы жана элчи катары сиңирген эмгегине, кыргыз киносун өнүктүрүүгө жана эл аралык аренага алып чыгууга кошкон үлүшүнѳ, жалпысынан эле улуу жазуучунун кут даарыган өмүр жолуна байланышкан көптөгөн маселелерге ар тарабынан кенен жана терең токтолуп, өз ой-пикирлерин кеңири жарыялап, маараке салтанатынын зоболосун кѳтѳрүшүүдѳ.

Кѳптѳгѳн замандаштары дүйнө элинин урматына ээ болуп аалам кезип кеткен улуу жазуучунун чыгармаларынын чабыты, анын турмушубуздагы орду, кыргыз элин дүйнөгө таанытып, улут сыймыгын арттырган эрдиги, анын адабиятка гана эмес, бүтүндөй искусство менен маданиятка, жалпысынан эле адамзатынын турмушуна тийгизип турган өзгөчө кудуреттүү таасири, Чыңгыз Айтматов дүйнө салган мезгилден бери сый-сыяпат иретинде аткарылып жаткан иштер, өкүт бойдон калып келаткан кенемтени толтуруу үчүн алдыда турган милдеттер, гениалдуу таланттын турмушунун жана чыгармачылыгынын белгилүү жана белгисиз жактары, аларды коомчулукка жеткирүү өңүтүндө ар тараптан маңыздуу кеп козгошууда.

Мааракелик жыйындарда улуу жазуучунун дүйнө адабияты менен маданият айдыңында ээлеп турган орду, кыргыз элине тийгизип турган таасири жөнүндө, ааламдык кадыр-баркка ээ болгон Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин туулган мекенинде кандай сый-урмат көрсөтүп жатабыз, эмнелерге үлгүрдүк, кандай көкөй кести көйгөйлөр бар, өзгөчө маанилүү кандай иштерди аткара албай кечиктирип келебиз деген маселелер кабыргасынан коюлууда. Дүйнөлүк адабият менен маданиятты өнүктүрүүгө, улуттук нарк-нуска, көрөңгө дөөлөттөрүбүздү сактоого, күтүп алууга, байманасын арттырууга, "Манасты" үйрөнүүгө, кудуреттүү бул рух дүйнөгө таштаган чакырыгы, дүйнөдө тынчтыкты бекемдөө аракеттерине кошкон салымы, ушул багытта жүргүзүп келген эл аралык бийик деңгээлдеги ишмердүүлүгүнүн өзү эле не деген эрдик!

Дүйнө жүзүндө Чыңгыз Айтматовдун генийин кадырлап-барктап, ар кайсы континенттерде өткөрүлүп жаткан эбегейсиз сый-урмат көрүү иштеринин бийик чабыты Айтматовдун даанышмандыгын ого бетер көкөлөтө берет. Даанышман жазуучунун ааламдык кадыр-баркынын канчалык чоң экени көзү өткөндөн кийин мурдагыдан да дааналанып ачык көрүнө баштады.

«Улуулардын өмүрү дүйнө салар замат кайра башталат» деп илгерки ойчул Жан Люсьен Арреа айткандай, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл жаркын сапары менен коштолгон экинчи өмүрү ак жарыгын балбылдатып аалам кезип баратат.

Чарк айланып зыпылдаган мезгилдин учкулдугун караңыз. Ар түркүн шоокумдары менен айбарланып, эсепсиз кубулуштарга толуп бир чети таң калтырса, экинчи жагынан опуртал капсалаңдары менен жүрөктүн үшүн алып турган чексиз мейкинде Чыңгыз Айтматовдун ак жылдызы дүйнө стихиясынын бүткүл табияты менен купуя сырларынын жандырмагын жандырып жаткансып Жараткандын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, ааламдын төрүнөн Көк Теңирден балбылдай жанып адамзатына мээримин салып, жер жүзүнө жакшылыгын чачып турган кереметтин бириби деп ойлойм. Чыны ушундай эле. Кеменгер калемгердин Көк Теңир менен боорлошкон дүйнөсү айлампада сыбызгып, турмуш атпайды сүрөп аалам менен киндиктеш болуп турат. Жазуучунун феномени ушундай. Анын корифей, гений дегенден да бийик турган өзгөчө касиети бар. Генийге генийдей мамиле кылыш үчүн да ошондой бийиктик керек.

Дүйнө жүзүн таңыркаткан генийдин дүйнөлүк адабиятты, маданиятты, исскусствону, кинону өнүктүрүүгө, улуттук нарк, нуска дөөлөттөрүбүздү кадырлоого, океандай "Манас" дүйнөсүн үйрөнүүгө чакырык таштаганына, планетабызда тынчтык орношуна, ал эмес космостун бейпил болушун, анын маанисин айтып турганына, мамлекеттик жана эл аралык ишмердүүлүгүнө тан берип, анын кут конгон жан дүйнөсү менен чыгармачыл феномен касиети жөнүндө ой толгойм. Чыңгыз Айтматовдун руху жер планетасынын алкагынан чыгып, космос мейкинин кезип, жылдыздар дүйнөсүн аралап кетти. Даанышман жазуучунун планетабызда тынчтыкты сактоо боюнча жүргүзгөн иш-аракеттери, мамлекеттер арасындагы элчилик касиети, цивилизациянын кыл чокусуна жетүү менен катар анын опурталдуу жактарынан сак болуу жөнүндө алдын ала даанышмандык менен эскертип, аларды чыгармаларында чагылдырып бергендигинин өзү эле не деген олуялык, эмне деген эрдик! Жер планетасы эмнеге муктаж экенин, анын жыргалы менен кууралы эмнеде экендигин, адамзатынын мындан ары да бакыбаттанып тукум улай бериши, жалпысынан эле дүйнө турмушту сактап калыш үчүн эмне керектигин, анын жол-жоболорунан тартып, адам баласынын алдында турган эң орчундуу вазыйпаларынан бери космоско чыгып туруп так-таамай айтып койду. Ал эми эл аралык Нобел комитети мамлекет аралык жана тынчтык үчүн чаалыкпас күрөшүүчү, кеменгер идеялардын куттуу башатын ачып берген дүйнөлүк ишмер Чыңгыз Айтматовго Нобел сыйлыгын бергенге ушу кезге чейин шаасы жетпей келатат. Чыңгыз Айтматовдун ишмердүүлүгүнө салыштырмалуу Нобел сыйлыгы дегениң бери жакта эле шоона эшпей кала турган оокат. Ал дагы ар тарабынан өлчөлүп, бычылып, кандайдыр кызыкчылыктардын шилендисиндеги болумсуз мүдөөлөрү менен колко сыяктуу берилип турган сыйлык окшойт. Чындыгында Чыңгыз Айтматовдун адамзатына сиңирген эмгеги бул сыйлыктын шарпасынан төөчөлүк өйдө. Бүтүндөй жер жүзүнүн кызыкчылыктарын жана таламдарын коргоп тургандыгы менен андан бийик турат. Айтматовдун даңазасы эбак эле аалам кезип, космоско чыгып кеткен, адамзаттык жана көк теңирлик сыйлыгын, бийик баасын алып койгон деген ой өзү эле каалгый сүзүп келет.

…Адамдын жан дүйнөсү өзү эле көк теңирлик ойлорду кабылдап турат. Адам баласынын эзелтен эле космос менен байланышы ушундан го деп ойлойм. Адамзаттын космоско чыккысы келип турганы өзүнүн ошол жактан келгенин айгинелеп турбайбы. Адам табиятынын өзү да ушуну ырастайт. Адам баласы да утуру кайдан келгенин аңдап сезип, таанып келатат. Жараткандын жер жүзүндөгү турмушка назар салып, пенделерин пейлине жараша таразага салып каалаганындай калчап, асман-жер ортосундагы көпүрөсүнөн ары-бери өткөрүп жиберип турганы ушундан болсо керек. Ошондон улам адам баласы пейилин оңосо эле калганы жакшырып, түбөлүгү түз болот тура деген ой келет экен. Чынында эле Алла-Таала өзүнүн мыйзамы менен эскертип, алдын-ала аян кылып, кайсы бир учурда кыяматтын каарын көрсөтүп, сестендирип, сактантып, көктөн ыроолонгон турмуштун кадырын билгиле деп купуя камкордугун көрүп, добулбасын тынбай кагып тургандай. Чыкемдин да кийинки кезде космос темасына сүңгүп кирип, келечек турмушубузга көк теңирлик көз менен карап олуядай кеп айтып турганы да ушул себептендир дегендей ой учугунун чубалып чыкканын көрөм…

Гениалдуу таланттын ааламдык кадыр-баркынын канчалык чоң экени көзү өткөндөн кийин мурдагыдан да дааналанып ачык көрүнө баштады. Океандай чалкып айбарланып турган Чыңгыз Айтматов дүйнөсү жөнүндө ушул айтылып жаткандардын бардыгы анын бир гана тамчысы, бир тартым гана кеп. Аны мезгил өзү ар дайым тынымсыз айтып турмак. Байыркы ойчулдардын бири Густав Флобердин: «Жазуучу не бир шумдук кереметтерди жаратып салып, бирок көрүнбөй жүргөн Кудай сыңары жупуну болот» деген саптарын окуган сайын негедир Чыкем эсиме түшө берет.

Меңдибек Асылбеков

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG