Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Айтматовдун бир портретинин таржымалы


Чыңгыз Айтматовдун портрети. Автору Сапар Осмоналиев. 2018-жыл.
Чыңгыз Айтматовдун портрети. Автору Сапар Осмоналиев. 2018-жыл.

Сүрөтчүлөр Чыңгыз Айтматовдун жан дүйнөсүн кандай түшүнөт? Аны билүү (көрүү) үчүн залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата Бишкекте өтүп жаткан республикалык күзгү көргөзмөгө барыңыз.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде көргөзмөнүн ачылыш аземинен кийин көпчүлүк көрүүчүлөр залдын төрүндөгү Чыңгыз Айтматовдун портретинин алдына барып, сүрөткө түшүп жатышты.

Май боёк менен тартылган, чоңдугу 2,5 м X 1,5 м вертикалдык бул полотнонун автору Сапар Осмоналиев эле. Ал - Санкт-Петербургдагы И. Е. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура боюнча мамлекеттик академиялык институттун бүтүрүүчүсү.

Живосписчинин академиялык билими анын реалисттик манерада иштеген атактуу сүрөткерлердин жолун улантуусуна, атүгүл алар салган чыйырдан чыкпай изденүүсүнө олуттуу таасир эткени талашсыз. Муну сүрөтчү тарткан Чыңгыз Айтматовдун портретинен да байкаса болот.

Чыңгыз Айтматовдун портрети. Автор Сапар Осмоналиев. 2012-жыл.
Чыңгыз Айтматовдун портрети. Автор Сапар Осмоналиев. 2012-жыл.

​Сапар Осмоналиев бул портретте Чыңгыз Айтматовдун бүгүнкү муундарга тааныш тулку-турпатын, мүнөзүн жана кыймыл-аракетин таамай кармаганга тырышкан.

Айтматов ойчул инсан экени портретте айкын билингенин Кыргыз Эл сүрөтчүсү Асаналы Бейшенов “Азаттыкка” берген интервьюда белгиледи:

- Бул көргөзмөдө ар кайсы жанрдагы иштер бар экен. Анын ичинде Сапарбай Осмоналиевдин иштери да илиниптир. Ал тарткан Чыңгыз Айтматовдун чоң портретинин жакшы жактары да бар. Мындай портреттер да керек. Чыңгыз Айтматовдун ойчул экени билинип турат. Жакшы портрет. Сапарбайдын чыгармаларын мен жакындан билем. Ал бардык жанрда иштеген жакшы сүрөтчү: натюрморттору да, пейзаждары да бар. Анын аялын улуттук кийимде тарткан портрети колорити жана образды ачып берүүсү жагынан мага аябай жагат. Себеби портрет жылуу сезимди пайда кылат.

(Баса, бул көргөзмөдө А. Бейшеновдун "Түбөлүккө сүңгүү" (138X103) деген абдан кызыктуу полотносу коюлган. Амадео Модильянинин стилинде иштеген живописчинин бул эмгегин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын символизм жолоюнда интерпретациялоо десе болот).

Чыңгыз Айтматовдун бул портрети даркан жазуучунун 90 жылдыгын утурлай эмес, мындан алты жыл мурда Маданият министрлигинин өтүнүчү боюнча шашылыш тартылган. Ал кезде кыргыз совет жазуучусу түбөлүк сапарга кеткенине дээрлик 4,5 жыл болуп калгандыктан, Сапар Осмоналиев портретти тартууда залкар калемгердин ар кандай сүрөттөрүн колдонгонун айтты:

- Айтматовдун образын ар кандай сүрөттөрдөн чогулттум. Тикесинен турган сүрөтү жок экен. Ошон үчүн бир сүрөттөн колун, башка бир сүрөттөн тулкусун чогултканга туура келди. Аягында натураны Айтматовдой кийинтип туруп тарта баштадым. Анатомиясын тартканың менен Ч. Айтматовдун образы башка да. Материал чогултуш көп убактымды алды.

Портретти бир эле дем менен тартып салдым. Себеби, Маданият министрлигинин өкүлдөрү иле турган жайын көрсөтүп, "Чыңгыз Айтматовдун толук бойлуу сүрөтүн 10 күн арасында тартып берсең" деп айтышкан. Себеби, 2012-жылы 20-декабрь же 20 күн жана 12 ай 100 жылда бир келет. Ошон үчүн "кайталангыс күндү кармап калалык" деп, министрдин орун басары Кожогелди Кулуев сурагандан улам ушул портретти тартып, белекке бергем. "Жакса илесиңер, жакпаса өзүмдө калат" дегем. Ошондон бери Маданият министрлигинде турган. Көргөзмөгө коюла элек болгондуктан, көпчүлүк көрө элек эле. Көп сүрөтчүлөргө жакты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:59 0:00

Сүрөткер Чыңгыз Айтматовдун элесин полотно бетинде реалдуу чагылдырууда улуу жазуучу менен болгон жеке кездешүүсүндө алган таасирлерин да пайдаланган.

- Мен Чыңгыз Айтматовду көп жыл мурда жанынан көргөм, - дейт ал. - Кыргыз-түрк "Манас" университетиндеги көргөзмөмдү тасмасын кесип, ачып берген. Образын билгеним үчүн портретин тарткан жеңил болду.

Антсе да салабаттуу жана кош катар топчулуу классикалык стилдеги көгүш кара костюм Чыңгыз Айтматовду көбүнчө мансаптуу адамга же дипломатка айлантып жибергендей.

Искусство таануучулар фотографиянын негизинде тартылган портретти чыныгы портрет деп эсептешпейт. Анткени сүрөтү тартыла турган киши сүрөтчүнүн алдында муюп отуруп бербесе, көркөмдүк жактан жеткиликтүү чыгарма же портрет жаралбайт. Себеби фотография боюнча тартылган сүрөттө каармандын жүзү, тулку-турпаты туура түшүрүлгөнү менен анын мүнөзүн, ички дүйнөсүн терең чагылдыра албайт дешет алар.

Албетте, мындай түшүнүк талаштуу деңизчи. Бирок да сүрөтчү үчүн көрөрмандардын реакциясы маанилүү. Көрүүчү өз эс-тутумундагы Чыңгыз Айтматовду портреттеги Чыңгыз Айтматов менен салыштырып, автор жараткан образга ынанса гана анын жанында сүрөткө түшөрү калетсиз.

Залкар жазуучуну реалдуу турмуштагыдай чоң кылып тартуунун себебин Сапар Осмоналиев мындайча түшүндүрдү:

- Жазуучунун туруп турган портретин тартыш керек болчу. Портретте Айтматовдун жалпы аурасын бериш керек эле. Айтматов адамдарга сыртынан эле көрүнүп калышы мүмкүн. Адамдар портретке келип, сүрөткө түшүп жатканга караганда, Айтматовдун ички дүйнөсү ачып көрсөтүлдү окшойт. Алар жазуучунун жанында турушканын сезип жатышты да.

Ким да болсо көргөн сүрөтүн ошо учурдагы эмоциялык абалына ылайык кабыл алат, баалайт, жактырат же жактырбайт. Портретте каармандын жан дүйнөсүнүн абалы, дидарында болсо көзү маанилүү. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дамира Алышбаева бул жагынан алганда автор максатына жеткенин белгиледи:

- Биз бул портретке чынында баарыбыз көнүп калганбыз. Жумушка келатканда да, жумуштан кетип баратканда да бизди портреттеги Айтматов тосуп алат. Менимче, Сапар Осмоналиев Чыңгыз Айтматов менен баарлашкан болушу керек. Айтматов кичи пейил, интеллигент, зыңгыраган, сыпаа киши болчу да. Ал кишинин сырткы манерасын, сүйлөө өзгөчөлүгүн сүрөтчү жакшы кармап калган. Сүрөт да Айтматовго абдан окшош. Анын айкелин жасаганда, бедизчи жазуучунун образын таба албай кыйналган. Сапар Осмоналиев ал кишинин образын жакшы тапкан. Сүйүтбек Төрөбеков да бир нече жыл мурда тарткан триптихинде Чыңгыз Айтматовду чыгармаларындагы каармандарына байланыштырып, жакшы эмгек жараткан деп ойлойм.

Дамира Алышбаеванын сөзүнө толуктоо: Чыңгыз Айтматовдун алгачкы портретин кыргызстандык сүрөтчүлөрдөн Алтымыш Усубалиев 1965-жылы жана Давид Флекман 1976-жылы тарткан. Экөө тең Репин негиздеген орус реалисттик мектебинин жолун улантуучулар.

Ал эми Кыргыз Эл сүрөтчүсү Сүйүтбек Төрөбековдун Д. Алышбаева атаган "Чыңгыз Айтматовдун ааламы" аттуу триптихи жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналган көргөзмөгө коюлган эмес.

Сүрөткер Сапар Осмоналиев.
Сүрөткер Сапар Осмоналиев.

Бул көргөзмөдө Сапар Осмоналиевдин дагы бир иши коюлган. 2018-жылы тартылган ал эмгектен катуу ой баскан Чыңгыз Айтматовду көрөбүз.

- Бул эмгекте көрөрманды көп алаксытпаш үчүн боёкту азыраак кылып, портретти монохромдуу кылып тарттым. Бирок көрөрман караганда Чыңгыз Айтматовдун ички дүйнөсүнө кирип кеткендей ойду бердим. Көп боёк менен да тартса болот. Бирок адам боёкко алаксыйт да. Ошон үчүн портретти графикага жакын, бирок биз аз жарык кылып тарттым, - дейт ал.

Сапар Осмоналиев алгач улуу жердешинин портретин 2009-жылы холстко түшүргөн. Сүрөткердин эмгектери замандаштарына Чыңгыз Айтматовдун аалам жүгүн көтөргөн ойчул мүнөзүн түшүнүүгө жана адамдык бейнесин көкүрөгүндө унутпай сактоого жардамдашары күмөнсүз.

Италиялык окумуштуу, Ренессанс доорундагы искусствонун көрүнүктүү теоретиги Леон Батиста Альбертина: “Картина жок адамды арабызда бар кылып турат жана маркумдар тирүүдөй көрүнөт” деп айтканы бар. Бул жагынан алганда Сапар Осмоналиевдин кыл калеминен жаралган Чыңгыз Айтматовдун эки портрети тең аларга жүктөлгөн вазийпаны аткарган десек ашыкча болбойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG