Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 09:34

Бланкофф бүлөсү: Айтматовдун Брюсселдеги достору


Ч. Айтматов, Ж. Бланкофф, Г. Бланкофф-Скарр тирүү классиктин бедизинин жанында. Брюссел.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1990-2008-жылдары Бенилюкс өлкөлөрүндө элчи болуп жүргөндө Брюсселдин четиндеги Бланкоффтордун үйүнө тез-тез барып турчу. Меймандос үй-бүлө менен элчи-жазуучуну адабиятка жана дүйнөлүк маданиятка болгон кызыгуу бириктирген.

Жан Бланкофф жана Голди Бланкофф-Скарр Бельгиянын жарандары. Илимпоз жубайлар байтакты шаар Брюсселдин четиндеги тынч жана кооз жайда үч кабаттуу тамда жашашат.

Бул үйгө Чыңгыз Айтматов Бельгияда элчи болуп турганда тез-тез келип турган.

Бланкоффтордун үй-бүлөлүк архивиндеги бир видеотасмада Кыргызстандын Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси Чыңгыз Айтматов меймандос түгөйлөргө кайрылып, миңдеген китептери үчүн ыраазылык айтып турган кадр бар:

- Биз Бланкоффтордун студиясына чогулуп отурабыз. Бул жерде биздин конокторубузда сөзсүз адабияттын жана китептердин тагдыры тууралуу ой пайда болсо керек. Мен Голдиге жана Жанга алар ыйык жайдын, китеп храмынын сактоочусу болушканы үчүн алкыш айткым келет. Бельгияда бир да үйдө мынча көп китепти таба албайбыз. Ошон үчүн биз бүгүн өз үйүбүзгө, өзүбүздүн китеп храмыбызга келдик. Рахмат.

Чыңгыз Айтматов бекерден Бланкоффтордун үйүн сейрек китептер сакталган храмга салыштырган жок.

Жаштары 90го таяп калган окумуштуу жубайлар жарым кылымдан көп мезгилден бери 9 миңден ашуун китеп чогулткан. Ал китептер тарых, философия, көркөм өнөр (искусство), адабият тармактарын камтып, англис, француз, орус жана башка тилдерде жарыяланган.

Жан жана Голди Бланкоффтор менен. Брюссел. 26-апрель, 2014-жыл.
Жан жана Голди Бланкоффтор менен. Брюссел. 26-апрель, 2014-жыл.

Баса, жубайлар 2017-жылы февралда Чыңгыз Айтматовдун Брюсселдеги жылдарына байланыштуу уникалдуу видео, аудио, фотоматериалдарды Кыргызстанга тартуу кылышкан.

2014-жылы апрель айында Брюсселде болгонумда кыргыз сүрөт чебери, таланттуу сүрөтчү-дизайнер Ибрагим Бакировдун демилгеси менен Бланкоффтордун үйүндө болуп, алардын улуу кыргыз жазуучусу менен достугу жөнүндө баарлашкан элем.

Биринчи суроом, арийне, алардын кыргыз жазуучусу менен кантип таанышканы тууралуу болду.

Жубайлар эч шашпастан, бири-бирин толуктап сүйлөп жатышты.

Жан Бланкофф: Менин байбичем Чыңгыз Айтматов Бельгияга элчи болуп дайындалгандан алда канча мурда анын чыгармаларын изилдеп жүргөн... Айтматов элчи болуп келер замат биз тил табышып кеттик. Байбичем Айтматовдун өзү жана чыгармачылыгы тууралуу көп макала жазган, ал кезде коомчулукка лекция окучу.

Чыңгыз Айтматовдун Брюсселдеги достору (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:10 0:00

Голди Бланкофф-Скарр: Мен 1960-жылдары Котормочулар институтунда сабак берип жүргөнүмдө кокусунан Чыңгыз Айтматовдун китеби колума тийип калды. Ошондон тартып анын чыгармаларын мүмкүн болушунча көп окуй баштадым.

1960-1970-жылдары өзүмдүн студенттеримден бул жазуучуну билишин катуу талап кылып жүрдүм. Себеби биз ар бир советтик республиканы өз алдынча окуп үйрөнчүбүз; союздук республика Орусиядан эмнеси менен айырмаланып турганына, кыргыз жана башка элдердин маданиятына өзгөчө көңүл бурулчу.

Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги “Тенбош” гүлбагында. И. Бакировдун белек фотосу.
Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги “Тенбош” гүлбагында. И. Бакировдун белек фотосу.

Жан Бланкофф: Өлкөнү, республиканы, түрдүү элдердин маданиятын үйрөнүү боюнча береги курс “Өлкө таануу” деп аталчу. Ошон үчүн кыргыздардын маданияты тууралуу студенттердин билишин талап кылуу кадыресе нерсе эле.

Голди Бланкофф-Скарр: Ага чейин мен орус адабиятын изилдеп жүргөм. Ошондо "мындан ары орус эмес элдердин маданиятын изилдейм" деп чечтим.

Голди Бланкофф-Скарр (Goldie Blankoff-Scarr) - Брюссел университетинин профессору. Теги Украинадан, бирок Нью-Йоркто туулуп-өскөн. Англис адабияты боюнча адис.

Жан Бланкоффтун (Jean Blankoff) теги Орусиянын Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймагынан. Брюсселде туулган. Орус тилин университетте окуп жүргөндө үйрөнгөн. Тарых, археология, адабият таануу боюнча көптөгөн илимий эмгектердин автору. Белгиянын Падышалык археология академиясынын академиги. Брюсселдеги Эркин университеттин ардактуу профессору.

Ал орустардын XII кылымга таандык деп эсептелген адабий эстелиги - “Игордун кошууну жөнүндө сөз” чыгармасын француз тилине которгон. Кымбат баалуу түстүү баракка басылган академиялык котормо 400 нуска менен гана чыккан. Бул тери мукабалуу китептин бир нускасы 2900 евро турат.

“Азаттык”: Ал кезде сиздер улуттук республикалардын жазуучуларын, мисалы Мухтар Ауэзов, Мустай Карим, Нодар Думбадзе жана башкалардын чыгармалары менен тааныш болсоңуздар керек?

Жан Бланкофф: Бирок Чыңгыз Айтматов Батышта бул жазуучулардын баарынан белгилүү жана жападан жалгыз кыргыз жазуучу болчу... Бизди баарынан да Чыңгыз Айтматовдун таланты, философиясы кызыктырды.

Чыңгыз Айтматов орус журналисти Владимир Молчанов жана анын жубайы Консуэло Сегура менен. Белгия. 2004-ж. чейин.
Чыңгыз Айтматов орус журналисти Владимир Молчанов жана анын жубайы Консуэло Сегура менен. Белгия. 2004-ж. чейин.

Ал кезде Чыңгыз Айтматовго катар эле Василий Белов, Валентин Распутин, Григорий Бакланов жана башка кызыктуу жазуучулар болгонун айтып, алардан кыргыз жазуучусунун чыгармалары эмнеси менен өзгөчө экенин сурадым.

Гольди Бланкофф-Скарр: Ал философ жана психолог. Философия жана психология - адам таануунун негизи. Адам өзү ким? Адам кыйынчылыктарда өзүн кандай алып жүрөт? Бул суроолор мени өзгөчө кызыктырат. Чыңгыз Айтматов болсо каармандарды өтө мыкты сүрөттөп берет...

Жан Бланкофф да үн катып, Айтматов адамдын психологиясын мыкты ачып бергенин белгиледи. Сөздү кайра профессор Голди айым улантты:

- Китепти жапканыңыздан кийин андагы каармандар жана окуялар тууралуу: “Ал өзү ким?”, “Эмне үчүн мындай болуп калды?”, “Ал эмнеге мындай кылды?” деп көпкө ойлонуш керек. “Саманчынын жолу” повестиндеги Тогонайды алалы. Толгонай - карапайым эле аял. Анын өмүрү абдан трагедиялуу. Ал кан майданда жүргөн күйөөсүнүн жана уулдарынын өлүмү тууралуу кабар укканда өзүн кандай кармаганы укмуш сүрөттөлгөн. Жамийлачы? Жамийланын абалы кыйын: күйөөсү бар, бирок башка адамды сүйөт...

Профессор Голди Бланкофф-Скаррдын эне тили - англис тили. Андан тышкары француз, орус жана грузин тилдеринде эркин сүйлөйт. Ошондон улам бул төрт тилдердеги көркөм адабияттын мыкты үлгүлөрү менен түп нускасында тааныш.

Күйөөсү Жан Бланкоффтун атасы орус болгону менен алар үйүндө орус тилинде сүйлөшкөн эмес. Анын орус тилине кызыгуусуна орус адабиятына болгон кызыгуу түрткү берген.

Проф. Голди Бланкофф-Скарр. Брюссел, 2014-жыл.
Проф. Голди Бланкофф-Скарр. Брюссел, 2014-жыл.

Жан Бланкофф: Мени да Ч. Айтматовдун философиясы, кенен маанидеги гуманизми жана чыгармаларында Борбор Азиянын үрп-адаттарынын берилиши кызыктырды. Мен башкалардан өзгөчө европалыкмын: типтүү белгиялык эмесмин. Дайыма башка элдердин маданиятына кызыгып жүргөнүмдөн улам мен үчүн Борбор Азия чоочун эмес болчу. Бир окуя али да эсимде. Өзбекстандык дипломаттар менен маданият, адабият, искусство жөнүндө сүйлөшүп жатканбыз. Мен элчиге Айбектин “Алишер Навои” романы француз тилине которулганын айтсам, ал жана жанындагы дипломаттар таң калышты. Алар “Алишер Навои” романы Москвада француз тилинде чыкканын билишпептир. Бул жакшы роман. Билсеңиз керек, Айбек жазуучунун псевдоними (ред.-жазуучунун өз аты Муса Ташмухамедов)...

“Азаттык”: Элдин баары Чыңгыз Айтматовдун китептери чет тилдерге, анын ичинде французчага которулганын билишчү.

Жан Бланкофф (күлүп): Ооба... Өзбек дипломаттар таң калган. Ошол “Алишер Навои” романы менде дале бар. Мен алтымыш жылдай мурда басмадан чыккан ал китепти азыр да сизге көрсөтө алам. Жакшы которулган. Роман өзү да жакшы жазылган. Жогоруда айтканымдай, мен башка элдердин маданияты тууралуу үзбөй окуп жүргөнүмдөн улам Кыргызстан жана башка Орто Азия республикалары жөнүндө жакшы эле маалыматым бар эле. Ошондуктан совет адабиятындагы Чыңгыз Айтматовдой үлкөн ысым менин көңүл борборумда турган.

Ч. Айтматов окумуштуу-физик С. Капица менен. Брюссел.
Ч. Айтматов окумуштуу-физик С. Капица менен. Брюссел.

“Азаттык”: Голди айым, сиз Айтматовдун аял-каармандарын: Толгонайды, Жамийланы, Сейдени атап кетпедиңизби. Башка окурмандар үчүн да ушул каармандар кызыктуу деп ойлойсузбу?

Гольди Бланкофф-Скарр: Бир өңчөй айтуу оор. Дегеним, ар бир эле адам Ч. Айтматовду сүйүп окуй албайт.

Балким, Айтматовдун китептерин окуган адамдардын 10% жакыны чыгармадан жүрөк кылын толгогон нерселерди табат деп ойлойм. Себеби Чыңгыз Айтматовду окуу жеңил эмес. Анткени ал адамдарды ойлонууга мажбурлайт. Адамдар болсо ойлонгонду каалашпайт. Жазуучу аларды ойлонууга аргасыз кылат.

Чыңгыз Айтматовдун Брюсселдеги достору (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:03 0:00

Жан Бланкофф: Ойлонуу үчүн күч жумшоо керек. Адамдар табиятынан жалкоо келет. Ошого алар ойлонууга жана чымырканып отурууга мажбурлаганды жакшы көрүшпөйт.

Голди Бланкофф-Скарр: Эң көп окулган романдар кийинки күнү эле унутулат. Бирок сиздин убактыңыз учуп кетүүдө. Бүгүнкү күн эч качан кайтып келбейт. Жашоо көз ирмемдей кыска. Биз жашоодон татыктуу өтүү үчүн өтө көп иштешибиз абзел. Адамдар эң мыкты адабиятты окушу керек деп эсептейм. Биз (күйөөм экөөбүз) ушундай пикирдебиз. Адамдар ички дүйнөсүн байытуу үчүн эң мыкты деген гана чыгармаларды окушу зарыл. Адам болуш үчүн көп окуш керек. Бул милдетибиз. Китеп окуу, музыка, көркөм өнөр - мунун баары абдан маанилүү жараян.

Чыңгыз Айтматов Брюсселдин парктарынын биринде сейилдеп жүрөт.
Чыңгыз Айтматов Брюсселдин парктарынын биринде сейилдеп жүрөт.

“Азаттык”: Сиздер Айтматов менен кездешүүгө баратып, аны кандай адам деп ойлодуңуздар? Ал сиздер ойлогондой болдубу?

Жан Бланкофф: Эч кандай өзгөчө сезим болгон жок. Айтматов мен ойлогондой адам болуп чыкты. Биз Чыңгыз менен 20 жыл мурда жолукканбыз. Бизге үйүнүн эшигин өзү ачты. Биз ошол замат эле тил табышып кеттик. Ал биз жөнүндө бир аз да болсо кабардар экен. Ал мен кандай элестетсем, дал ошондой адам экен. Айтматовдун үйүнө биз аялым экөөбүз барганбыз.

Голди Бланкофф-Скарр:Ал (Чыңгыз Айтматов) үчүн мен Голди эмес, Алтынай болчумун. Телефон чалгып: “Алтынай үйдөбү?” деп сурачу (күлөт).

Маектешүүнүн ушу жеринде Жан Бланкофф аксакал байбичесин Чыңгыз Айтматов аябай баалап, урматтаганын астейдил кошумчалады. Ал эми Голди Бланкофф-Скарр айым болсо ал жана Чыңгыз Айтматов экөө бири-бирин жакшы түшүнгөнүн айтканда, Жан Бланкофф мырза улуу жазуучунун Голди айымга болгон мамилесине түшүнүү менен мамиле кылганын белгилеш үчүн “Күйөөсү кызганчаак эмес да” деди үчүнчү бирөө тууралуу сүйлөгөндөй болуп. Жеңил кыймылдаган жана жарашыктуу кийинген Голди байбичеден “Чыңгыз Айтматов сизди илимпоз, котормочу, ошондой эле сымбаттуу аял катары сыйласа керек?” деп сурадым.

Голди Бланкофф-Скарр: Эмне деп айтсам... Мен аны абдан сыйлачумун. Себеби ал бөтөнчө талантуу жазуучу болчу. Анын чыгармалары менин ички дүйнөмдөн орун алган, - деп жооп узатты.

Чыңгыз Айтматов Брюсселде журналисттер менен. И. Бакировдун белек фотосу.
Чыңгыз Айтматов Брюсселде журналисттер менен. И. Бакировдун белек фотосу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG