Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 07:06

Жефф Лили Кыргызстанга алгачкы жолу 2004-жылы барган. Эл аралык уюмдардын Бишкектеги кеңселеринде иштеп жүрүп, ал Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын тагдырына кызыгып калат. Анын бул эки кыргыз тууралуу жазган китеби АКШда жакында жарык көрөт.

"Азаттык": Үч жыл мурдараак "белгилүү эки кыргыз инсаны тууралуу англисче китеп жазган атам" деп бизге маек куруп бердиңиз эле. Китеп жазылып бүтүп, жакында басылып чыгат экен, куттуктайбыз. Англис тилдүү окурмандарга ушул эки кыргыздын башынан өткөндөрү кызыктуу болот деп ишенип турасызбы?

Жефф Лили: Кызыктуу болот деп үмүттөнөм. Китепти келерки жылдын март айында АКШдагы Индиана университетинин басмаканасы даярдап чыгармай болду. Бул окуу жайында Борбор Азияны изилдеген чоң бөлүм бар.

Китеп эки кыргыз тууралуу абдан таасирдүү окуяны баяндайт. Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын башынан өткөндөрү жалпы адамзатка тийиштүү, кызыктуу окуялар. Ушул эки инсандын баянын окуп билип, англис тилдүү окурмандардын көбү алгач ирет кыргыз элин, Кыргызстанды таанып билишет, кызыгышат деп ишенем.

"Азаттык": Айтматов менен Алтайдын жашоосу тарыхый факт, чоң дүйнөлүк окуялардын таасири астында өзгөрүп, калыптанып отурганы да кызык эмеспи...

Жефф Лили: Албетте, абдан таң калаарлык. Ушул эки кыргыздын баскан жолу аркылуу ХХ кылымдын тарыхы баяндалат. Тарыхтын белгисиз, жашыруун калган жактары. Тарыхты көп учурда чоң мамлекеттер, "жеңүүчү тараптар" жазып коюп атышпайбы. Бул жерде биз кыргыз деген чакан элдин тарыхын баяндайбыз. Бул окуялар балким, дагы далай чакан улуттардын тарыхына үндөш. Алар улуттук тили, маданияты, эркиндиги, аягында эгемендиги үчүн күрөшүүгө мажбур.

Биздин китептеги Азамат Алтай Кыргызстандан алыс жакта туруп алып, Чыңгыз Айтматов өз мекенинде жашап жатып, курал-жараксыз, аң-сезим, акыл күрөшүн жүргүзүшкөн. Экөөнүн куралы - сөз, принциптер жана баалуулуктар болгон.

Бул баяндын дагы бир өзгөчөлүгү - биздин эки каарман тең өз максатына жетип, анын жемишин көрө алганы. Азамат Алтай 55 жылдан кийин мекенине кайтып барса, Чыңгыз Айтматов 53 жыл дегенде атасынын сөөгүн таап, тийиштүү жөрөлгөсүн жасап, кайра жерге жашыра алды. Чоң жоготуунун орду толтурулду. Китептин аталышына ушул ойду камтый кеттик. Китеп "Тоолор кулаганда: "кансыз согуш" жараткан эки армандуу тагдырдын акыбети" деп аталат. Аталышта "Борбор Азия" же "Советтер Союзу" деген сөздөр жок, бирок кыргыз тоолорунун сүрөтү бар, окурмандар "кансыз согуш" деген мааниден улам СССРдин тоолуу аймагы тууралуу баяндаларын аңдай алат деп ойлойм.

Эки алпты арман бириктирди...

"Азаттык": Сиздин китепте сөз болгон эки кыргыз - Айтматов менен Азамат Алтайды бириктирген бир чоң арман - экөөнүн атасына болгон терең кусалыгы, жоктоо сезими болсо керек. Айтматов атасынын өлүү-тирүү экенин биле албай, кийин кайда көмүлгөнүн таба албай 53 жыл армандуу жашоо өткөрсө, Азамат Алтай темир тор артындагы атасын көрө албай күнөөсүн сезип жашаган. Балким, дал ушул ичтен сыздырган терең арман ушул эки инсанды чыйралтып, чоң иштерге түртмөлөгөндүр?

Жефф Лили: Ооба, экөөнө тең дем, кайрат берген бир күч болгон. Чыңгыз Айтматовду алсак, ал билими, кесиби боюнча зоотехник болгону менен кандайдыр күч аны ички сезимдерин жазууга, эл менен бөлүшүүгө, жазуучу болууга түртмөлөгөн. Анын чыгармалары кыргыздардан башка жүздөн ашуун тилге которулуп, окурмандарды таасирлентип келатат.

КГБнын тынымсыз көзөмөлүн жеңип, Азамат Алтайдын Нью-Йорктогу үйүнө барганда аны эч ким токтото албай турган статуска жетсе керек деп ойлойсуң.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өзүнүн чындык, адилеттүүлүк таппай карайлаган армандуу сезимдери башкы дем болгон. Чыңгыздын атасы уулуна калтырган акыркы аманатында да "ар дайым адилетсиздикке каршы тур" деп жазып кеткен экен. Ал Чыңгыздын колуна далай жылдан кийин тийип отурбайбы. Азамат Алтай согуштагы барып турган ырайымсыздык, зөөкүрлүктүн баарын көргөн. Согушка чейинки сталиндик саясаттын саркындыларын көргөн. Согушта немистердин туткунуна түшүп, кыйналып далай азап тарткан аскерлерди мекенине кайтканда эмнелер күтүп турганын билген. Ал мекенине кайтып барса түрмөгө түшөөрүн билген.

1948-жылы Нью-Йоркто чыкчу "Социалистический вестник" деген журналга орусча жазылган макаласы чыккан экен. Анысы "мен мурда жарым-жартылай жапайы, эскичил адам элем" деп башталат, андан ары өмүр баянын төкпөй-чачпай баяндайт. Аягында "мен кыргыз элинин эркиндиги, эгемендиги үчүн өмүр бою күрөшө берем" деп жазган экен.

Оюн эркин айта алган эрдик

"Азаттык": Чыңгыз Айтматов "темир көшөгөнүн" ичинде жашап жүрүп, Батыштын алдыңкы жазуучуларынын чыгармаларын окуп сугарылган экен. Ошол чыгармалар аркылуу дүйнө маданияты, өнүгүү жолдору менен тааныша алган, көзү ачылган. Азамат Алтай жаш кезинде согушка кирип калып төрт-беш жылдап университетте окуган эмес. Бирок абдан чилистен адам болгон, мен аны менен бир нече жолу маектешип, орус адабиятынын мыкты чыгармаларын, Зощенко, Пастернак, Булгаков, Буниндин жазгандарын бүт окуп чыкканын билдим. "Темир көшөгөнүн" эки жагында жашаган эки кыргыз ички дүйнөсүн байытып, тереңдетип, кайсы бир деңгээлде ички эркиндикке жетише алышкандай...

Жефф Лили: Советтер Союзунда китеп окуу, ар түркүн адабияттарды тааныштыруу салты абдан күчтүү болгон. Абдан көп чет элдик адабият совет элдеринин тилдерине которулган. Ал кездеги статистиканы карап көрсөк, орус адабияты башка тилдерге которулганга караганда, башка чет элдик адабияттын орусчага которулганы кыйла көбүрөөк болгон. Ким билет, Айтматов жашыруун басылып чыгарылган диссиденттик "Самиздат" деген китептерге да колу жеткендир.

Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов
Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов

Азамат Алтайдын жеке китепканасында алты миңден ашуун китеп топтолгон экен. Көбү Борбор Азияга арналган чыгармалар болгон, бирок Азамат Алтай СССРден тышкаркы дүйнөнү абдан изилдеп үйрөнүп, көп нерсеге көзү ачылып, башка элдердин адабияты менен маданиятына сугарылып, алардагы мыкты идеяларды кыргыздардын арасында тараткысы келген, ошол үчүн күрөшкөн.

"Азаттык": Таң калычтуусу, "темир көшөгөнүн" эки жагында жашаган бул эки кыргыз жолугушуп, таанышып, далай саат маектешип сырдашкан экен. Мен билгенден Советтик Кыргызстандан барган кээ бир белгилүү чыгармачыл инсандар Азамат Алтай менен маектешмек тургай, учурашкандан качып, коркуп оолакташкан. Ачык эле басмырлап сүйлөгөндөр болгон. Атактуу кыргыздардын арасынан Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкиев коркпой-үркпөй эле Азамат Алтай менен достошуп, үйүнө барып конок болуп, "алыста жүргөн жердеш" деп сыйлашып, мамиле кылган экен. Азамат Алтайды ал кезде айрым кыргыз гезиттери "чыккынчы, саткын" деп жазгандары да болгон. Ага карабай Чыңгыз Айтматов 1986-жылы "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Мүнхен шаарындагы кеңсесине барып, ал жерде иштеген журналисттер менен чоң жолугушуу, баарлашуу өткөргөн экен. Мындай эркиндикти, эрдикти кандай түшүндүрөт элениз?

Жефф Лили: Алгачкы жолу Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтай 1975-жылдын июль айында Нью-Йоркто жолугушкан экен. Советтер Союзунун кылычы кызып турган кези. Айтматов менен Миңжылкиев саясий көз караштар алардын адамгерчилик мамилелерине таасир эте албай турган деңгээлге жетишсе керек. Айтматов убагында Сахаровго каршы жазылган катка кол койгон. Аны да мен "балким, чыгарма жазууда эркин болуш үчүн кээде ошондой акы төлөөгө аргасыз болгондур" деп жорудум. Каалаган жагына барып оюн эркин айтыш үчүн ошондой жогорку статус, эркиндикке жетишкен. КГБнын тынымсыз көзөмөлүн жеңип, Азамат Алтайдын Нью-Йорктогу үйүнө барганда аны эч ким токтото албай турган статуска жетсе керек деп ойлойсуң. Башкалар кыңк этпей баш ийген эрежелерге көз жумган деңгээлге жетсе керек. Ал керек болсо Америкага барбай кала жаздаган. Америкалыктар анын Сахаровго каршы өнөктүккө кошулганына капа болушкан, бирок ошол тосмону да жерип буза алган.

Эмоционалдык күрөшкө эрте аттанышты

"Азаттык": Мен дайыма ушул суроого жооп издеп келем. Чыңгыз Айтматов атасы Төрөкул күчкө толуп, жашоого ушунчалык курсант болуп турган кезинде камакка алынып, чоң трагедияга туш болгонун билген, сезген. Атасы эле эмес, атасынын бир туугандары да атууга кеткенин уксаңыз керек. Ошол эле саясий система Айтматовдун өзүн атактуу жазуучу кылып жаратты. Ушул эки жүздүү системаны Айтматов кандай кабыл алды болду экен дейм да...

Жефф Лили: Тагдырдын тамашасы ушундай экен да. Мен Айтматов жазуучу боло электеги жазган макала, аңгемелерин да таап окуп чыктым. "Ашым", "Ак жаан", "Атаандаштар" жана башка. Аларда Айтматов советтик система Кыргызстанга алып келген өзгөрүүлөрдү, муундар ортосундагы ажырымды, жашоодогу бурулуш окуяларды баяндайт. Менимче, ал жаштайынан катуу трагедияны баштан кечирип, эс тартып бирдеме жазгысы келгенде кайгы-кападан алыстагысы келген. Ал "эл душманынын" баласы деген жарлыктан жапа чеккен, эми өзү чоңоюп өз алдынча инсан болгонун көргөзгүсү келген. Ал жеке өзү эле эмес, энеси, бир туугандары үчүн жоопкерчиликти сезген. Билимдүүлүгү менен баарын жеңе алаарын бат эле түшүнүп, эки тилде мыкты жазган, ой жүгүрткөн сапатынан пайдаланып, апасын, үч бир тууганын Таластан Фрунзеге көчүрүп келип бага баштаган. Кыргыздарда улуу баланын жүгү абдан чоң эмеспи. Чыңгыз Айтматов саламаттыгы начарлап калган апасына жардам берип, бир туугандарынын турмушун ондоп, алардын жашоосуна туруктуулук орнотууга ашыккан. Мунун баары табигый сезимдер.

Караев: Чыңгыз мени сактап калган

Өзбекстандык география илимдеринин доктору жана Айтматов таануучу Сүйүн Караев жизактык кыргыздардан. Жашы 90го таяп калса да Караев бүгүн Ташкенде жетекчилик кызматта ишин улантууда.

"Азаттык": Маркум Азамат Алтай менен сүйлөшкөнүмдө ал 55 жылдан кийин кайтып барганда кыргыздар ушунчалык өзгөргөнүн, көп эле нерселер аны капалантканын айтып берген. "Мен жаш кезде эл абдан ынтымактуу, бирдиктүү эле. Стакан кармап кезектешип тост айтмай деген жок болчу. Азыр ал кыргыздардын жашоосундагы маанилүү нерсеге айланыптыр" деп сындаганы бар. "Кулк-мүнөзү таптакыр өзгөрүптүр" деп таң калып отурду. Кыргызстанга барып келгенден кийинки Азамат Алтай мурункусуна караганда бактылуу адам болгон деп айта алабызбы?

Жефф Лили: Тилекке каршы, мен Азамат Алтайга тирүүсүндө жолуккан жокмун. Тынчтыкбек Чоротегин менен Чыңгыз Айтматов тууралуу сүйлөшүп отурсак эле ал Азамат Алтайды эскерип калды. Кийин сиз жана башка ага жолуккан адамдардан угуп билдим. Ал тирүү кезинде жазган каттарын, эскерүүлөрүн окуп чыктым. Колумбия университетинин китепканасында иштеп жүргөндө жазган иш кагаздарынан ал мүнөзү өктөм, талапты койо билген адам болгонун билдим. Анын Нью-Йорктогу үйүнө меймандап барган кыргыздардын баарына "мекениңди, элиңди уятка калтырба, жаманатты кылба" деп катуу эскертчү экен. "Жалкоо болбогула, көп иштегиле, улуттук баалуулуктарды унутпагыла" деп кайталагандан тажабаптыр. Азамат Алтай ошончо жыл Германияда, Америкада өзүн кыргыздардын өкүлү катары көрүп, абдан чоң жоопкерчиликти сезип жашаган өңдүү.

Чыңгыз Айтматов тогуз жашында атасынан ажырап, бир үйдүн таянар тоосуна айланса, Азамат Алтай ондогон жылдар бою жакын адамы жок чет жакта өмүр сүрдү. Бул экөө тең жашоо үчүн эртелей чоң күрөшкө аттанууга аргасыз болушкан. Ал күрөш көбүнесе аң-сезимди чырмаган эмоционалдык күрөш болгон.

Айтматов - Кыргызстандын башкы брэнди

"Азаттык": Жанараак Чыңгыз Айтматовду кыргыз элинин, жеринин символуна айландыруу иштери колго алынган эмес деп бир аз өкүнгөндөй болдуңуз эле. Бул жагынан бизге кандай сунуштарды айтаар элеңиз?

Жефф Лили: Мен Кыргызстанда далай жыл жашап калдым. Азыр да кайра кайтып келип Бишкекте туруп атам. Достоевский Санкт-Петербургдун, Чарльз Диккенс Лондондун, Хемингуэй өз мекенинин символу болгондой эле Чыңгыз Айтматовду Кыргызстандын башкы брэндине айландырса болот. Мисалы, чет элдик саякатчылар үчүн атайын "Айтматов турларын" уюштурса болот. Атактуу жазуучуңардын жашоо-турмушунда орду бар, анын чыгармаларында баяндалган маанилүү жайларды белгилеп, атайын карта жасаш керек.

Таластын Шекер айылында ал чоңойгон үйдү же көчөнү белгилеп атайын жазууларды орнотуп, "Биринчи мугалимдеги" Дүйшөн иштеген мектепти, Караколдо Айтматовдун таятасы салган үйдү, Бишкекте анын баскан жолун, чыгармачылыгын эсте калгыдай чагылдырган мыкты музей уюштуруш керек. "Манас" аэропортуна "Чыңгыз Айтматовдун мекенине кош келиңиз!" деген жазуу илип койгула. Айтматов турунун телефондогу атайын тиркемесин чыгаргыла. Ысык-Көлдө "мына бул жерде баланча чыгармаларын жазган", Бишкектеги Кино үйүндө атайын бөлмө ачып "ушул жерде бул жылдары иштеген" деп жазгыла.

Мен далай өлкөлөрдө "Айтматов үчүн Кыргызстанга бир барып келмекмин" деген кишилерди жолуктурдум. Алар келсе үй-бүлөсү колунан келишинче уюштурган музей менен "Ата-Бейиттен" башка эмнени көрө алышат? Ошто бала чагында жашаган жери бар, ал жерди да кошкула. Айтматов үчүн Кыргызстанды түрө кыдырып чыгышсын, жазуучуну шыктандырган, талантын ташкындаткан жерлерди, элди көрүп билишсин. "Айтматов турлары" ушундай болушун каалар элем.

"Азаттык": Биздин окурмандар арасында сиздин сунушту колдой турган адамдар чыгып калгысы бардыр. Китебиңизди жазууга канча убакыт кетти?

Венера Сагындык кызы жана Жефф Лили "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде, 25-октябрь,
Венера Сагындык кызы жана Жефф Лили "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде, 25-октябрь,

Жефф Лили: Алгачкы жолу Кыргызстанга 2004-жылы келгем. Орусча билчүмүн. Айтматов качандыр жазган ар бир чыгарма, макалалардын баарын таап окуп чыктым. Эң алгачкы аңгемелери кыргызча гана бар экен, аларды да котортуп окуп чыктым. Баш-аягы 3-4 жыл кетти. Иштеп, балдарымды багышым керек эле, бош убактымды жалаң ушуга короттум дегеним. Кийин Азамат Алтай тууралуу угуп, ага да кызыгып калдым. Экөө тууралуу бардык маалыматты топтогонго сегиз жарым жыл кетти. Баарын топтоп бүткөндөн кийин бир жарым жыл иштен бошонуп алып жалаң ушул китепти жазууга отурдум. Бардыгы он жылдык акыл эмгеги кетти. Буюрса, март айында басылып чыкканы калды.

"Азаттык": Сизге чоң рахмат. Китебиңиз сөзсүз кыргызчага которулушу керек. Биз ХХ кылымдагы тарыхыбыздын четин да каза элекпиз.

Жефф Лили: Мен да ошондой болот деп ишенгим келет. Китебимди которууга жардам берчү, же кеңеш берчү кишилер менен байланышып кызматташууга даярмын. Силерге да чоң рахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG