Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Айтматов, Борбор Азия жана улуттук идея


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Азаттык" радиосунун архивине жаздырылып калган бир нече маеги бар. Алардын ичинен бирин сунуштайбыз.

Атүгүл 1986-жылы Советтер Союзу маалында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Германиянын Мюнхен шаарындагы баш кеңсесинде өткөрүлгөн чоң жолугушуусунда жаздырылган аудио да бар.

Азырынча 31 жыл мурда болгон ал жолугушуунун аудиосунун сапаты ойдогудай эмес. Келечекте азыркы техника өнүккөн заманда аны да угармандарга радиодон тартуулай аларыбызга ишенебиз.

Бул жолу биздин радио менен 1995-жылы болгон маегин сунуш кылабыз. Бул маекте Кыргызстандын Бельгия, Люксембург жана Голландиядагы элчиси Чыңгыз Айтматов ошол учурдагы Брюссель-Бишкек алакаларына, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ич ара кызматташтыгына, ошол кездеги коомдогу көйгөйлүү маселелерге токтолгон.

Жазуучу өз сөзүн "Азаттык" радиосу менен көп жылдык кызматташтыгынан баштаган экен.

"Менин “Азаттык” радиосу менен көп жылдардан берки байланышым бар. Бир кезде орус тилиндеги радио элге дээрлик белгисиз маалында Германиянын Мюнхен шаарына барганда катташып, сүйлөшүп жүрдүм. Андан бери көп жыл өттү. Эми мына силер келип, кадыресе күнүмдүк шартта интервью алып жатасыңар.

Көп маселелер бар. Азыркы турмушка байланыштуу, бул жерде жүрүп байкагандарым, бир топ ойлорум бар. Демократиялык коом, демократиялык өлкө түзүлдү деп эсептейбиз, ошондой болду го деп да ойлойм. Бирок, ошентсе да, бир улуттук максат, улуттук идея болушу керек деп ишенем. Ушуга карай баарыбыз күчүбүздү жумшасак. Демократия өзү да ошого көмөктөш болсо деген тилектерим бар.

Бельгиянын борбору Брюсселде элчилигибиз турат. Бельгия менен эки жактуу алака-катыш түзүлгөн. Ошону менен бирге ал жерде НАТОнун борбору жайгашкан. Бир кезде НАТО дегенде төбө чачыбыз тик туруп, коркунучтуу, агрессивдүү күч, бизди аңдыгандай, жок кылууга камданып жүргөндөй кабыл алганбыз.

Балким ошондой болгондур. Анткени ага карама-каршы берки жакта Варшава пактысы деген пайда болгон. Ошолор дүйнөнү экиге бөлүп, мына ушуга көп күч-аракет кетти. Айталы, ар бир адам белгилүү бир убакыт жашайт. Ошол жашоо мезгилинде анын күч-аракети, тапкан дүнүйөсү өзүнө эмес, жанагыдай укмуштуу карама-каршылыктарга жумшалды. Мисалы, ошондо жасалган куралдарды каякка кетирээрин билбей, кайра куруунун арты менен НАТО да, Варшава пакты да тыйылбадыбы. Ойлоп көрсөк, ошол түзүмдөр бир топ эмгегибизди, тапкан дүнүйөбүздү алып жуткан экен.

Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан – булардын ар бири өзү менен өзү алек. Ошол эйфориядан кете элекпиз.

Кудайга шүгүр, андан бери турмуш, тарых, заман, доор өзгөрдү. НАТОнун идеологиясы азыркы кезде башкача. НАТО жамааттык коргонуу концепциясын карманат, сырттан душман келсе ошолорго жол бербей, НАТОнун ичине жолотпой, каршылык көрсөтө турган чоң бир уюм. НАТО да түшүнүп калды, анын аракети көбүнчө тынчтыкты сактоого багытталып жатат. Ошонун арты менен Кыргызстан да башка эгемен өлкөлөр сыяктуу НАТО менен кызматташ, өнөктөш даражага жетип, иштешип жатабыз.

Экинчиси – Европа Биримдиги. Ал дагы дүйнөлүк модел катары көз алдыбызга тартылып турат. Орто Азияда ушул өңдүү биримдик түзүлүп, мамлекеттерибиз биригип, ар кимиси өзүнчө туруп, бирок бириге тургандай формасын тапса, биз жакырчылыктан, алсыздыктан кутулаар белек деген оюм бар".

Тынчсыздандырган көйгөйлөр

"Эми аны айтканда эмне кажет? Абал оор, болгондо да жылчыгы жок түнт абалда калдыкпы деп ойлойм. Мени коркутуп жаткан эки нерсе бар. Биринчиден, бул – жумушсуздук. Жаштар иши жок темселеп жүрөт. Алардын күнү кандай болот, күч-кубаты, акылы кайсы жакка жумшалат, тескери жакка кетеби же оң жаккабы? Экинчиден, мектептердин абалы тынчсыздандырат. Эгерде аларды ушул бойдон таштап койсок, улуттук потенциалыбызды катуу кемсинтип, катуу кемитип коюшубуз ыктымал".

Улуттук идеянын артыкчылыгы

"Симпозиум дегенде, адамдар топтолуп, алар ар кандай көз карашта болушу мүмкүн, бирок максаты бири-бирин ынандырып, түшүнүк берүү. Негизгиси – бир максат болушу керек, улуттук идея артыкчылыктуу маселе болушу керек. Бардык түшүнүктөр ошого багытталышы керек. Эгер жер-жерлерге бөлүнүп, өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн гана аракеттенсе, анда ал коомду да, мамлекетти да бүлүндүрөт. Ошондуктан, кеч боло электе, "биз бир мамлекеттин элибиз, өкүлүбүз" деген түшүнүккө келишибиз керек".

Борбор Азия жана жалпы идеология

"Азыр Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан – булардын ар бири өзү менен өзү алек. Ошол эйфориядан кете элекпиз. Бир жагы эйфория, экинчи жагынан кыйынчылык. Ошон үчүн ар ким үйүндөгү оокаты менен алек болуп жатат.

Жалпы идеология, анын жөнүн таап дегендей, орток башкаруучу уюмдарды түзсөк, кыйын болсо да Европа Биримдигине окшоштурсак, балким бизге ошол жаңы замананын бетин ачып берээр беле деп ойлойм. Бирок, дагы бир жолу белгилейм, бул азырынча жөн гана тилек, идея, ага жетиш үчүн көп убакыт бар, анын жолу дагы кыйын болуп турат".

"Кассандранын эн белгиси" жаңы романы тууралуу

"Роман дүйнөлүк аренада өз жолун тапты го деп ойлойм. Өзгөчө Германия, Швейцария, Австрияда, андан соң Жапонияда чыгып, оозго алынып калды. Башка өлкөлөрдө да которулуп жатат. Орусиянын өзүндө да орус тилинде басылып чыкты. Бул мен үчүн жаңыча жазылган чыгарма, мурдагыларга таптакыр окшобогон, тиешеси жок сыяктуудай. Себеби Европага барып, "кайра куруудан" кийинки болгон окуяларды көркөм каражаттар аркылуу жеткирүүгө аракеттендим.

Чыңгыз Айтматовдун китептери
Чыңгыз Айтматовдун китептери

Улуттук маданияттан алыстап кетти деген сөздөр айтылат чыгаар, андай болушу да мүмкүн, бирок “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” демекчи, эмнени жазса да жазуучунун өз эрки. Канткенде да ичимден кыргызчасын да ойлоп, камдап жаткан жаңы чыгармаларымдын баары эле кыргыздын бүгүнкү кадыресе турмушуна тиешелүү, түгөнгүс түпкүлүктүү сапаттар -- жамандык менен жакшылык, тазалык менен арамдык, ал адамдардын арасында боло жүрчү касиет, ошонун тегерегиндеги ой-жүгүртүү. Кудайга ишенгендер да, ишенбегендер да ойлонушу керек, адам баласына сырттан каршы турган эч кандай күч жок. Баары табияттын колунда. Адамдын ичинде гана карама-каршы күчтөр бар, ошолор гана адамзаттын өзүнө зыян келтириши мүмкүн".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG