Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:13

12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган күнү. Бул күн ошондой эле Кыргызстанда Адабият күнү деп жарыялаган. Адабиятчы жана философ Калык Ибраимовдун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу блогу.

Айтматовдун казынасы

Чыңгыз Айтматовдун чын дүйнөгө жаралып келгенине жана жалган дүйнөгө кеткенине канча жыл болсо да, биз аны ажайып чыгармалары аркылуу эч качан унута албайбыз. Убакыт өткөн сайын, планеталык масштабдагы кандай улуу жазуучу жана орошон ойчул инсан менен улутташ, жердеш, замандаш болгонубуз үчүн сыймыктануу сезимибиз уламдан улам артыла берээр. Анын чыгармаларындагы түпсүз тереңдикти түшүнө билүү – арийне, мезгилдин иши. Адам урпактарынын ар мууну ал сыр сандыкты ачууга аракет кылаар. Бул макала да, буюрса, ошого арзыбаган бир азыноолак кошумча болоор. Анда эмесе, сунушталган темага жана козголгон маселеге ылайык, сөз башынан болсун.

Жалпыга маалым, Совет доорунда кыргыз эли өз социалдык-тарыхий жана интеллектуалдык-рухий калыптануу процессинде дүйнөлүк цивилизациянын дээрлик бардык баскычтарын тездик менен басып өттү. Бул, албетте, коомдо жана аң-сезимде “архаика” менен “азыркынын” ажайып айкалышып аралашуусуна алып келбей койгон жок. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын тереңден териштирип, аңдаган айтылуу философ-адабиятчы Г. Д. Гачевдин пикиринде, жашоо-турмуштун жана ой чабыттын баштапкы эпикалык калыптары ката элек ушундай чөйрөдө өскөн Чыңгыз Айтматов сыяктуу жазуучу үчүн азыркы учурду уюп калган өткөн мезгилдин көзү менен карап, аңдап-билүү жөндөмү абдан эле жемиштүү болууга тийиш. Анткени бул ага адам менен дүйнөнү бир эле убакта баёо-патриархалдык жана өнүккөн, азыркы көз-караштан туруп, башкача айтканда, баш-аягын чогуу тутуп, жашоо-турмушту жалпылаштырып, бүкүлү бүтүн баамдап түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми бул болсо дүйнөнү көркөм аңдап-билүүнүн айныгыс өзгөчөлүгү болуп саналат.

Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, мына ушул көркөм тенденциянын башында, сөз жок, Чыңгыз Айтматов турат. Ушундан улам, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы чындыгында да көркөм маданияттын тарыхында рухий универсумдун эки катмары жашаарын тастыктайт. Биринчиси, албетте, социалдык-актуалдуу катмар. Анда тарыхий-конкреттүү социалдык-руханий жана көркөм-эстетикалык проблемалар жүзөгө ашырылат. Муну менен катар түпкүр тереңде архетиптик-мифологиялык катмар да катылган. Анда доорлорду карыткан универсал көркөм формалар менен ой чаргытуу калыптары сакталып калган. Азыркы адамдын ашкан акыл-эси, илим-билим, интеллекти жана эстетикалык интуициясы социалдык-руханий жашоо-турмуштун татаал табиятын адекваттуу аңдап-билип, көркөм чагылдыруу аракетинде мифтер менен архетиптерге кайрылып, андан философияны да, поэзияны да, аллегорияны да, метафора, символду да, жалпылап айтканда, “парабола” поэтикалык принциби боюнча дүйнө сүрөтүнүн глобалдык философиялык-көркөм концепциясын түзүүгө жөндөмдүү структураны таап чыгууда. Бул концепция бир гана тарыхий жана мифологиялык эртеги өткөндү эмес, ошондой эле мүмкүн болуучу келечекти да өз ичине камтыйт.

Айтматовдун сүрөттөрү.
Айтматовдун сүрөттөрү.

Ошентип, адам менен ааламды аңдап билүүдө философиялык тереңдикти жана гуманисттик позицияны туу туткан Чыңгыз Айтматов үчүн архетиптер менен мифтердин “универсал синкреттүүлүгү” түбөлүктүү темалар менен сюжеттердин булагы, поэтикалык формалар менен каражаттардын казынасы болуп калды. Мифологиялык образдарды жана аларга байланыштуу окуя-коллизияларды азыркы учурдагы руханий-ыймандык изденүүлөргө кооштуруу аркылуу Чыңгыз Айтматов өз чыгармаларында аябагандай таасирдүү ассоциациялар менен терең маңыздуу метафора-символдордун бүтүндөй бир көп маанилүү катмарын түзө алды. Анын артында, сөз жок, Батыш менен Чыгыштын интеллектуалдык-эстетикалык жана философиялык-мифологиялык системаларынын зор контексти турат. Өткөн менен бүгүндүн, жаратылыш менен коомдун, адам менен жаныбарлар дүйнөсүнүн ажырагыс байланышын аныктаган мына ошол аналогиялар жана ассоциациялар түрмөгү, антика философиясынын терминологиясы боюнча айтканда, Чыңгыз Айтматовго өз Космо-Психо-Логосун жаратууга өбөлгө болгон. Бул аркылуу автор адам менен дүйнөнүн түпкүрүндөгү түбөлүктүү көйгөйлөр менен түгөңгүс маани-маңыздарды эң бир бийик философиялык-эстетикалык синтезде чагылдырууга жетишкен.

Чыңгыз Айтматов - улуу ойчул, залкар данышман

Чыңгыз Айтматовду, чынында да, XIX жана ХХ кылымдагы ашкан улуу ойчул-жазуучулардын эң бир кемеңгери жана универсал даанышманы десек жаңылбайбыз. Ал кадимки «Библиядагы» даңазалуу пайгамбарлар сыяктуу: түпсүз түбөлүктү да түшүнөт, өмүр-дүйнөнүн өзөгүн да көрө билет. Ошон үчүн, оролу келгенде анын ысымы Л. Толстой, Ф. Достоевский, М. Шолохов, Т. Манн, У. Фолкнер, Г. Гессе, Э. Хемингуэй, Г. Маркес, жана башкалар менен бир катарда аталып жүргөнү жөн жерден эмес.

Рим клубунун (Чыңгыз Айтматов да мына ушул абройлуу эл аралык футурологиялык уюмдун мүчөсү болгон) мурдагы президенти, италиялык окумуштуу жана коомдук ишмер А. Печчеи өз убагында мындай деп белгилеген: «Дүйнөдө эч качан мынчалык башаламандык өкүм сүргөн эмес; жана эч качан ааламда азыркыдай албан алаамат коркунучтар болгон эмес. Ал анткени буга дейре адам баласынын жан дүйнөсү мынчалык дүрбөлөңгө түшкөн эмес».

Дүйнө жүзү мындай акыбалга бир гана прогресстин айынан эмес, ошондой эле маданият, илим жана техника кескин түрдө секулярлашып кеткенинен улам да туш болду. Ал өз кезегинде адам акыл-эсинин трансценденттик илмекайып күч-кудуретин, инсандын теңир даарыган ажайып рух дараметин, ички ыймандык көрөңгөсүн кедерине кетирди. XX кылымдын көйгөйлүү тарыхы тарабынан көкөйү кесилип, супсуну сууган адам баласы үрөй учурган акыр заман алааматын күтүп, жан дүйнөсү удургуган дүмөктүү жагдай менен жападан жалгыз бетме-бет калды. А мындай апокалиптика алдында, Советтик доордун соңку классикалык философу А. Ф. Лосевдин пикиринде, адам, асыресе Чыңгыз Айтматов шекилдүү акын жана жазуучу «эсхатологиялык» мүнөздө, арийне акыр заман сөзсүз болбой койбойт деген мааниде эмес, «акыркы маселелер» түйүнүн агер азыр, күнү бүгүн ушу мен өзүм чечишке аракет кылбасам, анда мындай акыр-кыяматтан кутулуу кыйын дегендей кыязда ой жүгүртүшкө милдеттүү. Ч. Айтматов өзүнүн кийинки убактардагы полифониялык романдарында дал ушул миссиясын орундатты.

Маселен, «Кылым карытаар бир күн» романын алсак, чыгарма дүйнөнүн улуттук модели турпатын көз алдыга тартат. Ал азыркы цивилизация менен кагылышта канча бир адамдык драмаларды жана трагедияларды туудурган азаптуу сыноолорго туш келет. Мына ушул өңүттөн көз салганда, романдын бүт сюжетин рефрен өңдүү тепчип өтүп, батыштан чыгышка, чыгыштан батышка баймабай жүрүп турган поюздардын тынымсыз кыймылы жана ошондой эле жерге жакын орбитага окторулуп учуп атышкан ракета-роботтор токтоо билбес цивилизациянын белги-символдору сыктуу туюлат. Ыйык Ана-Бейит – бул космодром аркылуу көрсөтүлгөн тоталитардык-технократиялык күчтөрдүн зордугунан улам сакралдык кадыр-касиетин түп-тамыры менен жоготкон улуттук космос. А Ана-Бейит аңызынан агып чыккан маңкурт туурасындагы уламыш болсо - чыгарманын концептуалдык чордону. Бул чордондон кабат-кабат катмарланган көп маанилүү символдор менен метафоралардын бүтүндөй бир системасы чубалып чыгат. Алар романга полифониялык жаңырык жана голографиялык түр-сыпат берет. Алсак, адегенде аңызда айтылган маңкурттун башындагы шири кийин Ана-Бейитти курчаган зым тор шириге, андан соң адамзатты өткөнүн унуттуруп, келечек эскерүүлөрүнөн айрыш үчүн жер шарын курчаган ракеталык-космостук шириге айланат.

Ошондо Эдигей төөсү, ити болуп ракета-роботтордун учушунан улам аяк асты жер козголуп, төбө башы көк жарылып, аалам астын-үстүн чайпалып, жан-жактын баарын жалын-өрт жалмаган алааматка кабылган эпизоддо мифо-поэтикалык ойлом мыйзамдарына ылайык, кайып дүйнөсүнөн капилет ажайып Дөнөнбай куш пайда болот. Бир заманда маңкурт баласынын ок-жебеси жүрөгүнө сайылып, Акмаянын өркөчүнөн жылбышып кулап бараткан Найман-Эненин башынан шыпырылган ак жоолук, жерге жетпей ак чалгын болуп кайкып учкан ак жоолук-куш ушул азыр ак куш болуп, адам уулу Эдигейди жандай учат... Адам уулун ак чалгын куш жандай учат да, акыр-кыяматтын кулак тундурган күр-шарында чырылдап адамча сүйлөп учат: Кимдин уулусуң? Атың ким? Атаңды эсте! Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...

Айтматовдун Москвадагы эстелиги.
Айтматовдун Москвадагы эстелиги.

Ушундан улам эмнегедир байыркы түрктөрдүн Тонүкөк, Билге каган жана Күлтегин сыяктуу өкүмдарларга арналып жазылган эпитафиялык тексттердеги адам жана тарых тууралуу салттуу түшүнүгү эске түшөт. Ал түшүнүк боюнча, адам баласына татыктуу жападан-жалгыз жашоо калыбы түрк малчысынын жана жоокеринин дүйнөсү менен байланыштуу. Түрк кудайлары – Көк Теңир менен Жер-Суунун эрки түрк социокосмосун колдошту башынан жазмыш катары жазып койгон. «Төбөдөгү түрк Теңири жана ыйык түрк Жер-Суусу: «Түрк тукуму үзүлбөсүн; эл болсун, журт болсун»,-дешти. Көк Теңир өз бийигинен менин атам Ильтериш-каган менен менин энем Ильбилге-катунга жол көрсөтүп, аларды элдин төбөсүнө көкөлөтүп көтөрдү».

Бул өзгөрүлбөс өкүм; анткени, эгер өзгөрүлсө, анда ай-ааламдын жалпы тартиби дароо бузулат: «Токуз-огуз журту менин өз элим эле; Көк менен Жерге бүлүк түшкөндүктөн, ал бизге кас жоо болуп калды». «Төбөңөн Көк Теңир баспай, астыңан жер жарылбай турган чакта, о түрк эли, дөөлөтүңдү ким бузалмак эле?»

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында дал ушул төбөдөн Көк Теңир басып, астыдан жер жарылып, түпкүлүктүү дөөлөт астын-үстүн чайпалып, кыйрап түшкөн кыямат кырдаал көрсөтүлгөн. Көзү өткөн каармандын сөөгүн жерге берүү зыйнаты, тирүүсүндө башынан өткөргөн өмүр таржымалы бүтүндөй доордун тарыхын өзүнө сыйдырган өлчөмгө чейин өсүп жеткен. Адам, индивидуум тагдыры тарыхтын чордонуна коюлуп, коом жана мамлекет ташпиши менен ажырагыс бирдикте аңдалган. Акыр-кыямат күн, башкача айтканда, бүткүл планеталык Апокалипсис чынга чыгышы мүмкүнбү? Тилекке каршы, бүгүңкү дүйнөнүн цивилизациялык-технологиялык жана геосаясий өнүгүү мүнөзү, ошондой эле, ааламдашуу (глобалдашуу) логикасы андай мүмкүнчүлүктү азырынча жокко чыгарбайт.

Бул проблема Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» романында асыресе курч коюлган. Азыркынын апокалиптиги Чыңгыз Айтматов чыгармасында байыркы пайгамбар саабалардын санжыргалуу салтын улап, социокосмостун түпкү маңызын туюндурган кейипкерлердин кейиштүү тагдыры аркылуу бүгүнкү цивилизация дүйнөсүндөгү акыр соңу антропологиялык алаамат менен бүтүшү ыктымал болгон дүмөктүү экологиялык-ыймандык кырдаалдын түпкү философиялык жагдайларын, жана ошондой эле, эртеңки эсхатологиялык көйгөйүн астейдил аңдап, асерлүү көрсөткөн. Романда христиандардын дүйнө кабылдоосу жана аң-сезими үчүн айрыкча мааниге ээ болгон Христтин тарых-таржымалы инварианттык парадигма катары алынган. Автордун идеялык изденүү борборунда көп жагынан Христтин трагедиялуу тагдырын кайрадан кайталаган Авдий кайбардын айрыкча фигурасы турат.

Ача туяк адал жандыктан канкор карышкырларга чейин алаамат кыргынга учураган Моюнкумдагы кандыбулоон калайман чыгармада христиан окуусу боюнча адамзат тарыхынын тамам болушун тастыктаган «глобалдык эсхатология» катары ойнолот. Ал эми Бостондун башына түшкөн трагедия болсо, ар кандай адам өмүрүнүн өчкөнүн - бүтүндөй бир дүйнөнүн көчкөнү деп билген «кичи эсхатологиянын» бир көрүнүшү таризинде көз алдыга тартылат.

Ошондуктан, дейт автор, расмий христиан дини жар салган Акыреттин соту, анын догматтарысыз эле, адамзат тарыхында эбактан бери болуп келет. Адамгерчилик жадырап гүл ачкан чыныгы жаркын тарых жер жүзүндө али баштала элек. Ааламды апаат кылчу кыямат-кайым кудайдан эмес, бөөдө кырсыктардан эмес, адамдардын өздөрүнүн араздашып касташуусунан болот. Ошон үчүн, эртең Кудай кандай – жакшы же жаман, ырайымдуу же ырайымсыз болобу – ал кишилердин өзүнөн. Ал анткени, адам өз өмүрүнүн ар бир күнүнө өзү ээ, өзү сот. «Кыямат» романындагы терең философиялык-көркөм жалпылоонун маани-маңызы мына ушунда.

Өз кезинде орус демократ-ойчулу, «Былое и думы» аттуу айтылуу эмгектин автору Герцен жазгандай, чынында да “толкунду жээкти карай сүрүп үрөгөн океан сыяктуу бизди да аркабыздан бүткүл дүйнөлүк тарыхтын бүтүндөй бир мухити сүрөп-тиреп турат; ушул көз ирмем учурда кылымдар кыйырынын бүт ой-санаасы биздин мээбизде”. Айтылган мааниде, Ч.Айтматовдун таланттуу талдоочусу Г. Д. Гачев таамай мүнөздөгөндөй, ал өзү акыйкатта да – дал ошол “ой-санаага чөмүлгөн скиф”. Чыңгыз Айтматов – кудум ошол ой баскан, санаа тарткан скифтин куп өзү, кара көзү. Адам-аалам бүткөндү аңдап түшүнүүдө эбегейсиз эрдикке тете эмгек өтөгөн Ч.Айтматовго аңыз-мифтердин тили да, дүйнөлүк ой-сезимдердин дили да бирдей ачык эле. Андыктан, жалпы адамзатка тийиштүү болгон интеллектуалдык-эстетикалык саралуу салтка жана гуманисттик руханий-маданий наркка таянуу аркылуу Ч. Айтматов дагы Сфинкс сыяктуу өзүнө өзү, ошондой эле, жер жүзүндө жашаган пенделердин баарына “Адам баласы канткенде адам болот?”, "Канткенде пейил оңолот?" деген түбөлүктүү суроону кайра-кайра какшанып коёт. Эзелки грек мифинде Эдип Сфинкстин табышмагын тапканы маалым. Арийне, жандырмагы анча акылмандыкты деле талап кылбаган ал табышмактын жообу, чындыгында, суроонун купуя маани-маңызын жаап-жашырган жамынчы гана болгон. Ал эми символдун жандырмагы, Гегель белгилегендей, иш жүзүндө адам затынын жан-дүйнөсүндө катылып жаткан. Орошон ойчул сүрөткер Ч. Айтматов миң жылдыктардын тогошунда эртеңки экологиялык, ыймандык-моралдык апокалипсисти эсхатологиялык эс-акылы менен алдыртан сезип, миң ойлонуп, миң толгонуп, жандуу жашоонун түбөлүктүү табышмагы болгон адам баласынын жан дүйнөсүнө ошон үчүн кайра-кайра кан какшап кайрылат. Агер тарых ушул жүрүшүнөн жазбаса, анда алдыда адамзатты мындай кой, тоолор томкорулуп, аска-зоолор кулаарын, жер планетасы тыптыйпыл жок болоорун эртелеп эскертет. «Кассандранын эн тамгасы» романында атүгүл энесинин курсагында жаткан эмбрион-түйүлдүктөр да жарык дүйнөдө болуучу алаамат кырсыктарды туюк туйгандан улам туулгусу келбей, ошол эсхатологиялык коркунуч туурасында кош кабат аялдардын как чекесинде бүлк-бүлк эткен эн тамга аркылуу тынымсыз каңкуулап кабарлашат.

Дүйнөлүк цивилизацияны курутуучу алаамат апааттар коркунучу алдында Адам баласы кандай арга кылышы кажет? Ушул экзистенциялык кырдаалдан кандай жол менен чыкса болот? Деги ошондой жол барбы? Балким, изделип жаткан идеал «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» баянында көрсөтүлгөн жашоо жагдайында жаткандыр? Анда Хаос стихиясына туш болгон адам уругу тукумун сактап, жашоосун улаш үчүн бүт турмуштук-руханий тажрыйбасын урпагына берип, жарык дүйнө менен кош айтышат эмеспи. Андан соң бири шамал, бири жылдыз, бири толкун, башакача айтканда, жаш мураскордун тирүү калышына көмөк күрсөтүүчү табигат күчтөрү болуп кубулуп, ушундай курмандыктын куну менен Хаос туңгуюгун жеңип, алар акырында аны ирет-тартипке келтирилген Космоско айландырышпады беле. А балким, адам жашоосунун максат-маңызы анын дал ушул социотабигый жана социомаданий жактарынын гармониялуу бүтүндүгүнө жетишүү муратында болуп жүрбөсүн?..

Калык Ибраимов.
Калык Ибраимов.

Мына, улуу ойчул-жазуучунун, дүйнөлүк интеллектуалдык элитанын гениалдуу өкүлүнүн, көптөгөн эл аралык мартабалуу коомдук уюмдардын лидери болгон атактуу улутташыбыздын бизге калтырганы. Чыңгыз Айтматов эбегейсиз рухий потенциалга эгедер адам эле. Ал адам менен дүйнөнүн түпкүрдөгү түмөн сырларын таанып-билүүгө шумкардай шукшурулган жана бараткан жолунда токтоп калуу эч оюнда жок дулдул эле. Бирок жараткандын жазмышына арга жок экен. Түгөнбөгөн мезгил закымында Жер-Суу барында, а жер жүзүндө адам уругу жашап турганда Чыңгыз Айтматов да турмуш деңизинин үстүндө Орган-шамал болуп шуулдап, мухит бетинде акимылгун-толкундардай зуулдап, агарган таңкы асман кыйырында балбал жанган Эмрайин-жылдыздай түбөлүк жаркырай бермекчи. Ал бир жарк этип, жалп өчкөн чагылгандай жашап өттү. А чагылганды, Чыңгыз Айтматов өзү айткандай, асман чагат. А асман болсо – түбөлүктүү. Демек, Чыңгыз Айтматов да түбөлүк жашайт.

Калык Ибраимов, Философия илимдеринин кандидаты, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү,

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG