Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Кыргыздын Чыңгызы, ааламдын Айтматову


Чыңгыз Айтматов кытайлык кыргыз студенттер менен. 1989-жыл. Бээжин. (Сүрөт кытайлык кыргыз жазуучу Турсун Жумаалынын албомунан алынды. Буга чейин эч жерде жарыяланган эмес. Аманат сүрөт).
Чыңгыз Айтматов кытайлык кыргыз студенттер менен. 1989-жыл. Бээжин. (Сүрөт кытайлык кыргыз жазуучу Турсун Жумаалынын албомунан алынды. Буга чейин эч жерде жарыяланган эмес. Аманат сүрөт).

Ушул күндөрү Кытай кыргыз аптоном областынын борбору Артышта кытайлык кыргыздардан чыккан жаш Айтматов таануучу Мамбетжүсуп Амантур уулуна жолугуп калдым. Быйыл жыл башында "Кыргыздын Чыңгызы, адамзаттын Айтматову" деп аталган алгачкы изилдөө китебин жарыялаган жаш калемгер, Айтматовдун туулган күнүн улуттук майрам туткан Мамбетжусуп быйыл да ушул күнү чогулуш уюштуруп, достору менен бирге белгилеген экен.

- Мен бул күндү кыргыздардын улуттук майрам күнү катары элестетем. Ар жылы жакын калемдеш досторум, агаларым менен чогулуп, ушул күндү белгилеп келебиз. Былтыр Кашкардын Армудун айлында, мурдагы жылы Ак-Тоо ооданында болгонбуз. Быйыл болсо өзүм иштеген Улуу-Чат оодандык номур 1-орто мектепте өткөрдүк.

Айтматов жана анын чыгармачылыгы жөнүндө кытай изилдөөчүлөрүнүн көз караштарынын ар башка экендигине карабастан, көпчүлүк көйгашка адабиятчылар анын кытай адабиятына көрсөткөн таасири өтө зор болгонун айтышат. Бул боюнча Мамбетжүсүп мырза буларды айтып берди:

- Айтматов жөнүндө кытай изилдөөчүлөрдүн көз карашы ар башка. Бирок негизи жаңы Жуңго (1980-жылдан кийинки Кытай) адабиятына таасири эң күчтүү болгон дүйнөлүк төрт чоң жазуучунун бири катары Чыңгыз Айтматовтун атын дайыма тилге тээк кылышат. Калган үчөө болсо Хеминнгуэй, Кафка жана Габриэл Гарсия Маркес.

Мамбетжүсуп Амантур уулунун айтымында, Шолохов баштаган Нобел адабият сыйлыгын алган советтик жазуучулардын эч кимисинин таасири Кытайда Айтматовчолук күчтүү болгон эмес. Мисалы учурдагы кытай жазуучуларынын ичиндеги Нобел сыйлыгынын эң күчтүү талапкери саналган Ваң Миң мырза Айтматовду "Кытай адабиятына таасири эң күчтүү чет элдик жазуучулардын көч баштооч серкеси" деп атаган.

Маектешим айтып отурса, Айтматовтун айрым "Ак кеме", "Кылым карытаар бир күн", "Кыямат" өңдүү чыгармалары Кытайда бир эле учурда беш-алты басмадан катар чыккан. Бир жолу басылганда эле 60-70 миң тираж менен жарык көрүп, үч-төрттөн кайталанып басылган. Ошол эле мезгилде "Кассандранын тамгасы" түрдүү себептердин айынан эмдигиче жарык көрө элек.

Мамбетжүсүп Амантур уулу, Артыш шаары, 2011.
Мамбетжүсүп Амантур уулу, Артыш шаары, 2011.


Ал эми залкар жазуучунун мурасын кытай окурмандары кандай кабыл алган? Маматжүсүп мындай дейт:

-Чын-чынына келгенде, кытайлык окумуштуулар Айтматовдун таасирин канчалык деңгээлде кабылдады, калың окурман журтчулук деги Айтматовду канчалык сүйөт? Балким, бул али чети кылайып ачылбаган купуя сыр чыгаар. Айтматовдун жөнөкөй эле окурманы болгон Жаң Ең мырза: «Менин көңүлүмдө Айтматов түбөлүк жашоочудай, түбөлүк картайбачуудай эле сезилүүчү, кырчын чагымда мени анын сүйүү жөнүндөгү аңгемелери тарбиялаган. Мен Айтматов менен учурашып калганым үчүн сыймыктанам».




Жазуучу Чы Зыжян айым: "Баарыга белгилүү, бүткүл дүйнө элинин жүрөгүндө Айтматов Нобел сыйлыгына эбак колу жеткен. Бул образ тек жаздым кетип ишке ашбай калган. Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы дүйнө адабиятынын эң акыркы олуя атасынын арабыздан айрылгандыгынан дарек берет» деп айтат.

Изилдөөчү Сав Шөпиң мырза болсо: «Айтматовдун чыгармачылыгы орустун классикалык адабиятына жөрөлгөлүк кылган, лирикалылуулугу менен күйүттүүлүгү Чеховдукуна, ата-журт ажарын ача билүүсү Шолоховдукуна, терең ой-жоромолдуулугу менен терең өзөктүүлүгү Достоевскийдикине, кең пейилдүүлүгү менен кемелдүүлүгү Толстойдун чыгармаларына окшойт. Айтматов талашсыз эле орус классык адабиятынын эң акыркы үзүлгөн асыл тукуму. Айтматовдун дүйнөдөн өтүшү бир доордун аяктагандыгынынын белгиси. Эки кылымды шаңдуу нурландырган орустун улуу алтын доор классык адабияты биз менен эми түбөлүккө коштошту» деп баа берет.

Мамбетжүсүп мырза булар менен кошо Айтматовтун чыгармачылыгын иликтөөдө кийинки кездерде кытай адабиятчыларынын калемине таандык бир аз чармаякташкан таанымдар да бар экенин айтат. "Айтор, көптөгөн материялдарда Айтматов дүйнөлүк масштапта Европа адабиятынын өкүлү же болбосо Совет адабиятынын улуттук жазуучусу катары тааныштырылып келет. Бирок азиялык жазуучу катары ал өтө аз учурда гана тилге алынат. Мына ушулардан улам Айтматов жөнүндө түшүнүксүз маселелер да жок эмес экенин көрсөк болот"- дейт Мамбетжүсүп мырза.

27 жаштагы Мамбетжүсуп Амантур уулу жакында бир канча кытайлык адабият таануучулардын макалаларын кыргызчага которуп болуп, басмага сунуу алдында турганын кошумчалады.

Ушул айда Кытайдын бир канча шаарында улуу сүрөткер Чыңгыз Айтматовтун туулгандыгын 83-жылдыгына карата атайын чогулуш жана кызуу талкуулар болуп өткөн эле. Талкуулар интернет баркчаларында да жүрдү.

Бектур Илияс
2011-жыл, декабрь
Үрүмчү


P.S. Автордун жазуу стили сакталды
XS
SM
MD
LG