Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Үрүмчүдө Чыңгыз Айтматовду эскеришти


Бүгүн Кытайдын Үрүмчү шаарында улуу жазуучунун эртеңки туулган күнүнө карата "Чыңгыз Айтматов жана кытай кыргыз адабияты" деген аталыштагы жыйын өттү. Чогулушту үрүмчүлүк кыргыз студенттер уюмдаштырды. Ага кыргыз, казак, уйгур окумуштууларынын өкүлдөрү жана студенттер катышты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын кытай кыргыздарына көрсөткөн таасири жөнүндөгү чыйрак ойлор аралыкта тартымдуу ыр-бий менен коштолуп турду. Чогулуштун алкагында филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай, белгилүү кытайлык казак окумуштуусу Каусылкан Камажан уулуна Абдылдажан Акматалиевдин аманаты "Айтматов академиясынын академиги" күбөлүгүн анын кытайлык окурмандарга Айтматов чыгармаларын таанытууга кошкон салымы үчүн тапшырды.

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовтун туулган күнүнө карата белгиленген мындай чогулуш үрүмчүлүк кыргыздарда бир нече жылдан бери үзбөй уланып келет. (Бектур Илияс, Үрүмчү)

XS
SM
MD
LG