Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Кытайлык кыргыздар Ала-Тоодо


Шиңжаң -Уйгур автономиялык районунун жана Кызыл-Суу аймагынын маданият өкүлдөрүнүн элүүгө чукул чыгармачыл делегациясынын иш-чарасы 27-сентябрда башталды.

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Кайрат Салай Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелерди маданий байланыш аркылуу өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Кайрат Салай бул иш-чара президент Роза Отунбаеванын жакында Үрүмчүдө Expo China Eurasia эл аралык көргөзмөсүнө барганда көтөрүп чыккан демилгеси экенин айтты:

- Ушул маданият күндөлүгү аркылуу эки калктын достугун, маданий байланышын күчөтүү максатында келдик.

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунан элүүдөн ашуун расмий чыгармачыл делегация келип, Бишкектеги Улуттук тарых музейде Шиңжаң-Уйгур автоном районунда жашаган 13 улуттун улуттук кийимдеринин, музыкалык аспаптарынын көргөзмөсү ачылды.

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Мамбетасан Токталы мырза эртең менен борбордук Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манас жана Чыңгыз Айтматовдун айкелдерине гүл чамбар коюшуп, маданий иш-чараны башташканын айтып, “кыргыз өкмөтү эми элдин мүдөөсүн аткарыптыр” деген баасын берди.

Ал Кытайдагы кыргыздар менен алатоолук боордоштордун маданий байланышы мындан ары чыңдаларына ишеним артарын билдирди.

- Кыргызстан менен алмаштыруу байланышында силерден дагы үйрөнө турган тараптарыбыз бар экенин сезип турабыз. Биз тараптан да силерге керек нерселер бар экенин сезип отурабыз. Ошондон улам ушул маданий карым-катнаш аркылуу түшүнүшүүнү, байланышты күчөтөлү деп келип атабыз.

Мамбетасан Токталы белгилегендей, Жуңгодогу 2010-жылдагы эл каттоо боюнча 189 миң кыргыз бар. Кытай бийлиги майда улуттарга, алардын арасында кыргыздардын билим, маданият тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

- Жуңго бийлиги маданиятка көңүл буруунун натыйжасында жакшы өнүккөн. Мисалы, Кызыл-Суу автоном облусу дейбиз. Мына ошол автоном облуста атайын көркөм өнөр үйүрмөсү бар.

Андан тышкары ар кайсы райондордо, ар бир айылда китепканалар бар. Маселен 1-класстан 10-класска чейин кыргыз тилиндеги окуу китептери чыгарылып, акысыз таратылып берилди
.

Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына жана кытай-кыргыз дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгына арналган бул маданий күндөрдүн алкагында Улуттук опера жана балет театрында президент Роза Отунбаеванын катышуусунда Шиңжаң-Уйгур автоном районундагы Кызыл-Суу автоном облусунун өнөрпоздорунун чоң программадагы концерти тартууланды.

Ошондой эле Кызыл-Суу автономиялык облусунун ыр жана бий ансамбли ардак грамота жана кытайлык кыргыз ырчысы Дүйшөкан Сейит кызы жогорку мамлекеттик сыйлык “Данакер” ордени менен сыйланды.

Кытай маданият күндөрү 30-сентябрга чейин улантылып, Ысык-Көл облусунда да өтөрү, СУАР телеберүүсүнүн программалары жана уйгур тилиндеги кино тасмалар көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Сүрөттөр Султан Досалиевдики.
XS
SM
MD
LG