Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Кыргызстан жүзүн Кытайга бурду


Архивдик сүрөт
Архивдик сүрөт

13-сентябрда Өзбекстанда бир күндүк иш сапар менен болгон өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ошол эле күнү кечинде Кытайга жөнөп кетти. Ал Кытайдын Далян шаарында боло турган “Жайкы Давос” аттуу дүйнөлүк экономикалык форумга катышат жана Кытай өкмөт жетекчилиги менен жолугушат.

Кытай Кыргызстандын эң маанилүү соода өнөгү жана насыя берүүчү булагына айланып баратат. Ар кандай тармактарга Кытай тараптан донордук жардамдар тынымсыз берилип келет. Муну Бишкек, Ош шаарынын тургундары көчөлөрдөгү автобустардан да байкап, көрүп турат.

Кытайдын эбегейсиз финансылык мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго пайдалануу аракети мурунку бийлик учурунда башталган. Бул үчүн атайын сапарлар жасалган.

Апрель ыңкылабынан кийин быйыл апрель айында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кытайга барып, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу, 200 млн. доллар каражаты бар биргелешкен инвестициялык фондду түзүү жана энергетика багытында долбоорлорду турмушка ашыруу боюнча сунуштарды билдирген.

Кытай насыясына "Датка" курула баштады

Азыркы мезгилде Кытай бөлгөн 208 млн. доллар насыянын эсебинен Датка подстанциясы курула баштады. Бул долбоор бир жагынан Кыргызстандын ичинде энергетикалык алкактын түзүлүшүнө жол ачса, экинчи жагынан Тажикстан аркылуу Ооганстан жана Пакистанга электр кубатын экспорттоого шарт түзөт.

Алмазбек Атамбаев Далян форумуна катышуу менен ал жерде Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао, тышкы иштер министри Ян Цзечи, илим жана техника министри Ван Ган менен жолугушат.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Ян Цзечи менен жолугушту. Андан сырткары кыргыз өкмөт башчысы Кытайдын "Лимитед ТВЕА" компаниясынын Чжан Син менен жолугушуп, Датка-Кемин электр линиясын курууну сүйлөштү. Кытай тарап бул долбоорду аткарууга 400 млн. доллар жумшаларын айтууда. Кыргыз тарап аны карап көрүүнү макул тапты.

Андан сырткары Атамбаев Sinogydro компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, Нарында ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү.

Ал эми Кытай өкмөтүнүн жетекчилиги менен жолугушууда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлор талкууланышы күтүлүүдө. Нарындын Солтон-Сары кениндеги окуяга байланыштуу Кытай тарап кытайлык ишкерлердин жана инвестициянын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүшү мүмкүн.

Кыргыз коомчулугунда миллиарддаган кытайлар Кыргызстандын басып кетет деген чочулоо жок эмес. Ишкер долбоорлор да ушунун айынан тоскоолдуктарга учурап келатканы маалым.

Кооптонууга негиз барбы?

Кыргызстандын мурунку экономикалык тескөө министри Эмил
Үмөталиев
Кытайдан инвестиция тартууда чочулабаган оң деп эсептейт:

- Сүйлөшүүлөр жүрүп, инвестиция катары келе турган болсо, мен туура кабыл алам. Себеби биз Кытай деп эле корко бербешибиз керек. Эгерде келишим түзүлүп жатканда ар бир жагын жакшылап изилдеп, канча кишиси келип иштейт, биздин жарандардын канчасы ошол ишке тартылат, ошонун баары каралса жакшы иш болмок.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Атамбаевдин Кытайга сапары биринчи кезекте Далян форумуна байланыштуу экенин белгилеп, Кытай менен жакшы мамиледе болуунун маанилүүлүгүнө токтолду:

- Бүгүн Кытайдын экономикасы дүйнөнүн экинчи экономикасы болду. Ошого жараша биздин тышкы саясат жана тышкы экономикалык байланышыбызда Кытай менен туура мамиледе түзүшүбүз керек. Бул мамлекет менен кызматташууга кадам жасаганда анын натыйжалуулугун арттырышыбыз керек.

Кыргыз өкмөт башчысы катышкан Далян экономикалык форумунда дүйнөлүк экономикалык маселелер талкууланат. Бул форум Давос экономикалык форумун уюштурган швейцариялык экономист Клаус Швабдын демилгеси менен түптөлгөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG