Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Кыргызстан-Өзбекстан: талкуулачу маселелер арбын


Кыргыз тарап Өзбекстан менен газ маселесин талкуулашы мүмкүн
Кыргыз тарап Өзбекстан менен газ маселесин талкуулашы мүмкүн

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 13-сентябрда Ташкенге бир күндүк иш сапар менен барып келди. Ал өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзиеев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууга байланыштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү.

Маалыматка караганда, кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Ташкендеги “Интерконтинентал” мейманканасында өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиеев менен эки тараптуу кызматташуу маселелерине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы кыргыз тараптын делегациясында энергетика министри Аскарбек Шадиев, өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жана Кыргызстандын Ташкендеги элчиси Анвар Мокеев болгонун айтууда.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда соода-экономикалык байланыш ар кандай тоскоолдуктардан улам өнүкпөй турат. Эки ортодо энергетикалык, тагыраак айтканда газ соодасы гана жүрүп турат. Анын көлөмү да жылдан-жылга кыскарууда.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылы кыргыз-өзбек соодасынын көлөмү 135 млн. долларга гана жеткен. Быйылкы жылдын алты айында 88 млн. доллардан ашкан.
Ташкент

Алмазбек Атамбаев Ташкенге сапары учурунда келерки жылга газ сатып алуу жана чек араларды аныктоо иштерин активдештирүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жана башка маселелерди көтөрүшү күтүлүүдө.

2009-жылдын соңунда ал кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов Ташкенге сапар жасап, газды сатып алууда европалык баа менен эсептешүүгө макулдук берген. Мына ошол келишимге жараша Ташкен бааны ар бир кварталда карап, Европа базарындагы баага жараша өзгөртө берет. Маселен, 2009-жылы 1000 кубметр газ 240 доллар деп сатылса, азыркы мезгилде 278 доллардан сатылууда. Бул схема жана баа Кыргызстанга бир топ оорго турары белгиленип келатат.

Бул схема өзгөрүлөбү - азырынча белгисиз.

Саясат таануучу Марс Сариев Алмазбек Атамбаевдин Ташкенге сапарын Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырып, буларга токтолду:

Марс Сариев
- Менин оюмча Алмазбек Атамбаевдин Ташкенге сапары натыйжалуу аяктайт. Анткени шайлоо астында тийиштүү даярдык болбосо, барбайт болчу. Газ жана башка кыргыз-өзбек маселелерин чечет деп ойлойм. Мүмкүн Алмазбек Атамбаевди Ислам Каримов деле кабыл алат. Менин оюмча, Кыргызстан менен Өзбекстан мамилеси оңолуп, нормалдуу абалга келет го.

Дагы бир саясат таануучу Токтогул Какчакеев кыргыз-өзбек мамилесине жана Атамбаевдин сапарына мындай баа берди:

- Эки тараптуу мамилебиз өтө ысык эмес, өтө суук эмес болуп келатат. Эми Атамбаев Өзбекстан мамлекети тарабынан кабыл алынат. Кыргыз-өзбек мамилесинде эки чоң маселе бар. Бул - газ жана суу маселеси. Ушул маселелерди чечүүгө барды жана аны чечип келет деп ойлойм.

13-сентябрда кечке жуук Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Ташкенде эки тараптуу сүйлөшүүлөр соңуна чыкканын "Азаттыкка" тастыктап, бирок анын жыйынтыгы боюнча маалымат бере албасын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG