Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Көгүлтүр от баасы көтөрүлүүдө


Өзбекстан Кыргызстанга бере турган газдын баасын жыл башынан бери 24 пайызга көтөрүп, азыр анын миң куб метри 278 долларга чыкты.

Расмий Ташкен бул кадамын газга дйнөлүк баанын өсүп жатканы менен түшүндүрүүдө. Бюджети тартыш Кыргыз өкмөтү өлкө ичинде газ баасын кескин көтөрбөөнүн амалдарын издөөгө аргасыз. Кыргызстан газ отуну жагынан толугу менен Өзбекстанга көз каранды. Серепчилер болсо газ маселесин Ташкендин Кыргызстанга карата саясый куралы катары баалайт.

Келишимдин кесепетиби?

Жыл башынан бери Өзбекстан Кыргызстанга бере турган газдын миң кубунун баасын 55 долларга көтөрдү. Маселен, январь айында Кыргызстан көгүлтүр оттун миң куб метрин 223 доллардан сатып алган болсо, азыр 278 доллардан алууга мажбур.

“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев баанын өсүшүнө байланыштуу кыргыз тарап кандайдыр бир чара көрө албасын, себеби 2009-жылкы эки өлкө ортосундагы газ боюнча келишим Европалык формулага, башкача айтканда газдын дүйнөлүк баасына байланып түзүлүп калганын айтат:

Тургунбек Кулмурзаев
- Бизгe бул формула ылайыктуу эмес. Буга карабастан Данияр Үсөнов кол койгон бул келишимге. Ошол бойдон калып калган. Мына Казакстан менен Өзбекстан, Орусия менен Өзбекстандын ортосунда мындай формула жок. Өзбек тарап буга таянат да, квартал сайын нефтинин баасын карап, ага жараша бааны кымбаттатат, же түшүрөт. Мына Ливияда чатактардан улам мунайга болгон баа көтөрүлдү. Ошондон улам квартал сайын өзбектер бааны көтөрүп жатат.

Учурда Кыргызстандын түндүгүндө кардарлар үчүн газдын бир кубунун баасы 14 сом 58 тыйын болуп жатат. Ал эми түштүк аймакта 14 сом 19 тыйынды түзүүдө. “Кыргызгаз” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин айтымында, бюджети тартыш кыргыз өкмөтү өлкө ичинде газ баасын кескин көтөрбөөнүн амалын издеп, кошумча 90 миллион сом бөлүп жатат:

- Бүгүнкү күндө Өзбек тараптын азыркы берип жаткан баасы менен көтөрсөк, өкмөт жардам бербесе, бүтүн чыгымдар менен газдын бир кубунун баасы 19 сом 50 тыйын болот. Бирок биз 14 сом 50 тыйындын тегерегинде сатып жатабыз.

Газ – Өзбекстандын колундагы саясий куралбы?

Кыргызстандын көгүлтүр от маселеси ар жылы кышка маал кескин көтөрүлүп, өкмөттүк деңгээлде Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү баштамай өнөкөт болуп калган. Жыл сайын газ боюнча Өзбекстан менен жаңы келишим түзүүгө туура келет. Кээ бир учурларда Өзбекстан тарап газды таптакыр эле өчүрүп койгон учурлар бар. Маселен, 2004-жылы 45 күн катары менен Өзбекстандан газ келбей калган.

Азамат Арапбаев
Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Азамат Арапбаевдин баамында, Кыргызстан газды башка аймактан алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, өзбек тараптын талаптарына көнүүгө аргасыз болуп келет.

- Газ Өзбекстандын колундагы Кыргызстанга таасир кыла турган бирден бир саясий рычаг болуп саналат. Кыргызстанда электр энергиясы бар. Бирок Кыргызстандын электр энергиясынын рубильниги Өзбекстандын колунда. Тилекке каршы Үсөновдун өкмөтү учурунда газдын баасын дүйнөлүк баага байлап коюшкан. Ошону үчүн да баа өзгөрүп турат.

Көгүлтүр оттун кошумча булактары керек

Акыркы он жылда Өзбекстандан келген газдын баасы көтөрүлбөсө, азайган эмес. Маселен “Кыргызгаз” ишканасынын маалыматына караганда, 2000-жылдары газдын миң кубунун баасы 42 доллар болсо, 2006-жылы 55 доллар, 2007-жылы 100 доллар, 2008-жылы 145 доллар, 2009-2010-жылы 240 долларга барабар болгон. Азыр болсо 278 долларга жетип жатат. Бул жагдай рынок баасы менен түшүндүрүлгөнү менен Кыргызстан Өзбекстандын эле көзүн карап отурбастан кошумча булактарды табышы керек дейт, БУУнун Өнүктүрүү программасынын энергетика боюнча талдоочусу Кубанычбек Жусупов:

- Келечекте Казакстан менен мамилени жакшыртуу керек. Анткени казак тарап бир чоң газ өткөргүчтөрүн куруп жатат. Каспий жактан Чымкент жакка газды алып келет. Мен ойлойм, ошол ишти Казакстан эки-үч жылдан кийин бүтүрөт. Ошондуктан ал тарапка үмүт артууга мүмкүн.

Кыргызстан жалаң бир өлкөнүн көзүн карап калбоо үчүн альтернативдик жолдорду издөөдө. 7-сентябрда кыргыз премьери Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда “Кыргызгаз” ишканасынын акцияларын орус инвесторлоруна берүү маселеси көтөрүлдү. Буга чейин “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын акциясынын 75 пайызы "Газпромго" сатылары, андан соң “Газпром” Кыргызстанды газ менен туруктуу камсыз кылып, газ, мунай чыгуучу жерлерде чалгындоо иштерин жүргүзөрү кабарланган.

XS
SM
MD
LG